Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




  Азыркы Кыргызстан:

РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
жэ
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

Айтор, баш айланат. Борбордун көчөлөрүн араласаң бири-бирине кызыраңдаган, бирин-бири шектүү караган эл.Тукулжураган экономика. Баягы эле КТР. Бир кадр экинчи кадр менен алмашкандай. Жаңы демагогдор эски демагогдордун ордун баскандай. Ак үй болсо муздак, күмбөзгө окшоп күңгүрт. Бери жагында 86 баланы жоктоп көпчүлүк ыйлап турат.

Баарынан да кызыгы, баягы эле болтовня. Баягы эле куру убадалар. Кыйратабыз, эч кимди жолотпойбуз, коррупцияны жоебуз, обу жоктордун оозун Ошту каратабыз дегендер. Башкача айтканда, кудум эле 2005-жылдын дал ушул маалы. Накта "ксерокопиясы". Ошондо да кудум ушундай сөздөр айтылган. Баарын ордуна келтиребиз, аз гана убакыт берсеңер, баарыңарды жыргатабыз дешкен. Атайын план менен иштеген сыяктуу, Бакиев тобу мурунку замандын жалаң жаман жагын узартып, жакшы жагын унутуп, жаманын андан ары күчөтүп, үй-бүлө бийлиги мындай турсун, нака Кокон хандыгын орнотушкан.
"Чү" дегенде эле ээрге отура албаганы билинген. Ошо Бакиев асмандан жаңы эле топ этип түшө калгансып, мурунку шефин тилинин жетишинче жамандап, губернатор болуп үч жолу, премьер болуп бир жолу, депутат болуп эки жолу Акаев заманында жалаң манты менен бешмармактан башы чыкпай доорон сүргөнүн тарс унуткан. Мурунку заманда анын тилин бирөө бууп, башына манкурттун ширисин кийгизип койгонсуп, баарын шыпырта боктоп чыккан. Баштагылар ок атмак турсун, Ала-Тоо кинотеатрынан эл баш бакканда эле кызмат орундарын бошотуп чыгып кетишсе, булар снайперлер менен, келген элди бирден бутага алып, кызылдай кыргын жасады.
Ошол, Революция №2 болуп өткөнүнө туура бир ай болду. Азыр кайдабыз, эмне заманга туш болдук? Талуун маселелерди дагы унутуп бараткан жокпузбу? Мисалы, Бакиевдин маселеси эмне болду? Себеби, элдин көксөөсү ушул маселеде. Ушинтип, билинбей отуруп эле качып жоголушабы? "Булар кылмышкерлер, орду түрмөдө" деп кыйкырып жатпадык беле, бийликке келгенге чейин. Башкы "командачы" Бакиевди болсо казак вертолету менен аттап-тондоп "узатып" койдук.(Уйкулук таштап кетпей өлүппү, ошончо урмат көрсөтүп жатышса…). Калгандары кайда? Биздин каарман аскер башчыларыбыз менен куралчан жоокерлерибиз, толгон-токой генералдарыбыз, "секретный службаларыбыз", жер тыңшаар маамыттарабыз каратып туруп эле жок издеп калганы кандай? 8 жылга "жебеген самсы үчүн" кесилип жатканда, жабалактап "генерал эле, генерал деп кыйкырып жаткан Исаковубуз кайда? Ушундай да көргөзбөйбү генералдыгын. "Тени исчезают в полдень" деген мираж ушул белем? Капырай, Бакиевчилерди тегеректеп жүрүп эле "жоготуп ийгенибиз" кандай? "Уурдатып" ийгенибиз кандай? Чын эле же алардын баары эле ибилис болуп ийрилип, шайтан болуп азгырып, жомоктогу желмогуз кемпирдей кубулуп кетиштиби?
Начальниги айтса жасабаса айласы жок, СНБ га өзү келип берген администрация жетекчиси К.Жороевди жоктон тапкансып камай койгондун, үйүндө отурган О. Малеванаяны кармап келгени кайсы жери "эрдик" болду? А калп менен чыны аралаш, коррупциялаш, өз чөнтөгү менен мамлекеттин чөнтөгүн айырмалай албай калган деп айтчу "даңкы" далайга ыргыган Данчик кайда бул күндө? "Ак үйдөн дыңкылдаган бойдон эле чыгып кетиптир , ошол жетиси кечинде" деп эл итиркейи келип туру. Митинг көрсө аласындагысын ала чуркап кезенген Мурат Суталинов кайда "эс алып" жүрөт? Бир туугандар, уулдар, Жаныштар, Максимдер, Мараттар, Адылдар…
Ошол негизги маселени бир жаңсыл кылгандын ордуна убактылуу өкмөт элди тынчтандыра турган негизги иш-чараларды колго албай убара, Бакиевдер десе "аллергиясы" кармаган кечээки журт башы болчу Текебаев бүгүн ЖКнын төркү бөлмөсүнө "бекинип" алып, Баш мыйзам жазып кирди. Ал доолборун деле окудук. Спикер менен премьер министрди "шөкөттөп" койгону болбосо, тамшанчу жерин таба албай атабыз. Эмне, ушундай конституция үчүн революция болдубу? Кырчындай 86 жигиттин өмүрүнө татычу ишпи, ушул? Же бийлик үчүн жанталашуубу?..
А мындайда жыйынтык кандай болмок эле, нааразылык эмитен көп. Удургуган сөздөр, бирин-бири жөөлөгөн коллективдер, локалдык "төңкөрүштөр", стресстер, кыйраган нервдер, нааразыланган, кекенген жетекчилер, Бакиевдин доорунда иштеп калганы үчүн күнөөлүү болуп калган "күнөөлүүлөр" (сырттан экспорттолуп келген кишилер дейсиңби, биздин эле азаматтар)… Жөн жерден душман ашырган Убактылуу өкмөт…
Айла жок ойлоносуң: азыр эмне болуп жатат бүгүн Кыргызстанда?
Ошондой болсо да бир акыйкат чындык бүгүн баарыбыз үчүн ачык болуп калды окшойт: Кыргызстанды талкалаш үчүн эч бир тышкы душмандын, эч бир кереги жок экен. Өзүбүз эле кенен жеткидейбиз. Өзүбүз эле баарын ишпалдасын чыгарып. Байлык десе баарын унутуп, бийлик десе бирин-бири жеп, бири-бирин саткан жолдон чыгабызбызбы, деги? Неси болсо дагы, манкурттуктан сактай гөр...

Кенжебек Арыкбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Жаныш Тажикстандабы?
2-бет
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

3-бет
Муздак жымжырттык
4-бет
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
5-бет
Ыңкылап ырларынан
6-бет
Экинчи раунд
7-бет
Бермет Акаева:
"Если они ничего не предложат, если они ничего не сделают для людей, то они будут сметены"

8-бет
Карга карганы аяп...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

10-бет
Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"

11-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү:
"Бизге улуттук лидер керек"

12-бет
Сөз бергиле!
13-бет
Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?
14-бет
Кат куржундан
15-бет
Ироникалык ойлор
16-бет
Байлык ичиндеги байлык





Яндекс.Метрика