Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кат куржундан

Ата-Бейит

Бул жөнүндө жазууну мурда эле ойлонуштуруп жүргөм. А түгүл бир баракка "Ата-Бейитте Ата-Журтка кайрылуу" деп тема катары жазып да койгом.

Ал убакта али апрель окуялары боло элек, бейкүнөө элдер атылып, өлкө тагдыры кыл учурда кылкылдап, эмне болуп кетээр экен деп, ар бир таңды кыйынчылык менен тоскон күндөр келе элек. Биз, Ата-Бейитте Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерип, аларга куран окутуп жатканбыз.
Ошондо Сталиндик репрессиянын курмандыктары алгачкы кыргыз интелигенциясынын уюткусу болгон инсандарды эскерип, алардын бейкүнөө атылып кеткенине кабыргабыз кайышып турган. Анда ушулардын жанына бийликтин огунан каза тапкан токсондой кишинин кошулаары оюбузга да келген эмес. Келечекти билүүчү жалгыз Кудай Таала эмеспи.
Биз ошондо, ошол улуу адамдарыбыз түптөп, алгачкы пайдубалын түзүп кеткен кыргыз мамлекетинин азыркы абалына, жаныбызда турушуп орусча сүйлөшүп аткан жаш балдарга кейип атканбыз.
Мен Ата-Бейитке көп эле келгем. Кийинки жолу улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө Куран окутканы келгенбиз. Бизге Айтматов клубунун мүчөлүк билети менен төш белгисин тапшырышкан.Анда да Ата-Бейит башкача эле.Репрессиянын курмандыктарынын жанында улуу Чыңгыз агайдын мүрзөсү.
Ошондон бери бара элекмин Ата-Бейитке.Баса, ошол кездерде окуялар мындай деңгээлге жете элек. Бирок элдин кыжырдануусу күндөн күнгө күчөп аткан. "Өлкө сатылып баратат, Эл көтөрүлө алабы,албайбы"-деп талкуулаганбыз досум экөөбүз."Эми кандай болоор экен, бийлик өтө катаал, бардык күч органдары бирөөнүн карамагында, жадагалса корооз кыйкыра албайт"- дегенбиз, алсыздыгыбызга катуу өкүнгөнбүз.
Эң жаман нерсе эмеспи, сүзүп бараткан кемебиз көз алдыңда чөгүп баратса, сен убактылуу гана чабалактап, чөгүп баратканын аргасыз карап турсаң.
Ошондо, эл жалпы көтөрүлсө бул иш, ишке ашат дегенбиз.Бирок бул өлкөнү оор абалга алып келиши мүмкүн дегенбиз.
Кийин апрель окуялары болду. Болушу керек болгон нерселер да, болбошу керек болгон нерселер да болуп кетти.
Эмнеси болсо да, өлкө аман сакталып калсын, бөлүнүп чачылбасын дедик. Тарыхта кыргыздын эркиндикти сүйгөн, кандай гана бийлик болбосун зордук-зомбулукка чыдай албаган эл экенин көрдүк.
Биздин заманга чейин биринчи кыргыздардын көз карандысыздык үчүн күрөшү. Убактылуу болсо да өз падышачылыгын түзүшү.
1218-жылы моңгол үстөмдүгүнө каршы кыргыз көтөрүлүшү.
1842-жылы Ысык-Көлдүк кыргыздардын кокондуктарга каршы көтөрүлүшү.
1873-76 жж Полот хандын жетекчилигиндеги Түштүк Кыргызстандагы көтөрүлүш.
1898-жылы - Анжиян көтөрүлүшү.
1916-жылы орус падышачылыгына каршы улуттук-боштондук көтөрүлүшү.
Бул тизмеге Түрк каганаты доорундагы, Кокон доорундагы ж.б көптөгөн көтөрүлүштөрдүкошкон жокпуз.
Балким, тарыхтан алган бул салыштыруубуз калпыс, орунсуздай көрүнгөндүр. Билбейм. Бирок, тарых деген бул тарых. Андан кандай сабак алаарыбыз ар кимдин өз даретине жараша эмеспи.
Коркконум, биз ушундай эркиндикти сүйгөн эл экенбиз деп эле, өлкөнү астын-үстүн кыла берүү, өзүнүн же бир аймактын кызыкчылыгына жалпы өлкөнүн кызыкчылыгын садага чаба берүү өнөкөткө айланбаса.
Азыркы дүйнөдө өлкө биздин эгемендигин сактап калуудан бийик асыл нерсе жок экендигин, биздин бир эле элибиз, бир эле мекенибиз бар экендигин унутпасак.
Болоор иш болду, эми алга ишенимдүү кадам таштап,бир кечкен суну миң кечпесек.
Алимжан Кожокматов, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Жаныш Тажикстандабы?
2-бет
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

3-бет
Муздак жымжырттык
4-бет
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
5-бет
Ыңкылап ырларынан
6-бет
Экинчи раунд
7-бет
Бермет Акаева:
"Если они ничего не предложат, если они ничего не сделают для людей, то они будут сметены"

8-бет
Карга карганы аяп...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

10-бет
Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"

11-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү:
"Бизге улуттук лидер керек"

12-бет
Сөз бергиле!
13-бет
Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?
14-бет
Кат куржундан
15-бет
Ироникалык ойлор
16-бет
Байлык ичиндеги байлык










??.??