Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Абийир жана жийиркеничтүүлүк тууралуу

Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?

Буга дейре коррупция менен күрөшүү боюнча тигинче-мынча мыйзам бар, коррупцияга каршы агенттик иштеп жатат натыйжалар бар таризинде: тиги гаишник, же бул ЖОЖдун мугалими 300-400 сомдук пара алганы үчүн кармалды деп коррупция менен күрөш жүргүзүп жаткандай кабак чытып келдик.

А бирок, коррупциянын өзөгүн түзгөн зор эшалон тууралуу эч ким кеп салбайт да, сөз кыла да албайт. Болгону иштеп аткан түр көрсөтүп, анын чаңындагыларды майда-чүйдөлөрүн гана мисалдатымыш болушат. Коррупционер, ичип-жегич деп жээрип ийебиз. Ошол эле учурда өзүбүз ошол коррупциянын гүлдөшүнө суу тамызып жатканыбызды туйбайбыз. Аныбызды сезели десек да сезе албайбыз, анткени ага өзүбүз белчебизден батып, ыңгайлашып көнүп да алганбыз. Азыр кайсы кыргыз кайсы кызматта болбосун акча алуунун жолун аңдып турат. Мейли кайсы тармакты албайлы а түгүл диний-руханий иштерибиз да коррупциялашкан. Ар бир молдо сөрөй Кудай сөзүн, а түгүл маркумду акыркы сапарга узатуу аземинен пайдаланып акча солоп калат. Кыскасы, адеп-ахлагыбыз да коррупциялашкан.
Казак профессору Нурбулат Масановдун пикири боюнча, коррупция Казакстан жана Орто азиялык өлкөлөрдүн мамлекеттик-саясий системасынын пайдубалы болуп калган. Ал айтат: "Балтика жээгиндеги үч республикадан башка, постсоветтик аймакта СССР кулагандан бери тоталдык коррупцияга негизделген мамлекеттердин жаңы түрү түзүлгөн".
Казакстан жана Орто Азияда акыркы он жылда коррупция баарын камтыган: ал экономиканы гана бөктөрбөстөн, социалдык мамилелер чөйрөсүнө да кирип барып, саясий системанын да жүзүн өзгөрткөн. Анын эң эле кооптуусу - коомдун адеп-ахлагына чейин олуттуу таасирин тийгизгенинде?
Ушундан улам, бардык негизги демократиялык принциптерин тутунууга ыктаган президенттик республикалар, ачык авторитаризмди көздөй оой баштаган. Өлкөнү тоталдык коррупцияга президенттин бийликти узурпациялап алышы гана эмес, саясий авторитаризмдин айыбын ачуучу, аны жок кылуучу демократиядан өзүн-өзү коргоо катары коррупция жараткан.
Көз карандысыз соттор жана басма сөз эркиндиги коррупция менен күрөшүүнүн реалдуу механизми дегенибиз менен, ортосунан айтканда демократиялык саясий система аркылуу бийликти бөлүштүрүү четте калган. Ошентип, мамлекетте демократиялык принциптерди жок кылуу - коррупциялык системада жашоонун бирден-бир жолу болуп калды.
Мындай аныктамага албетте, Кыргызстан да башкы "каармандарынын" бири.

Берсең бел ашасың
Коррупция- абстрактуу жөн эле бир кеп эместиги түшүнүктүү - бул бийлик системасындагы адамдардын арасындагы өзара мамилелердин механизми. Коомдук аң-сезим чөйрөсүндө өзүнүн идеологдору, өзүнүн таасирдүү инструменттери, өзүнүн кызыкчылыктары болгон, материалдык формасы менен бул түшүнүктү толтурган бүтүндөй конкреттүү адамдар бар. Бүгүн бул адамдардын кызыкчылыгы, талабы жана эрежелери өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясий жашоосун аныктайт. Айталы, сот - сот адилеттиги аткарган чиновниктердин ачык байышынын механизми. Укук коргоо органдары - жабыр тарткандардан да, кылмышкерлерден да акча сыгып алуунун инструментти. Министирликтер жана акимиаттар - жашоонун бардык кырдаалдарындагы акыр же чөнтөктү кампыйтуунун куралы. Жөнөкөй айтканда, коррупция, мамлекеттик алакалардын системасындагы кандай гана кызмат көрсөтүү болбосун тоталдык акысы болгон система. Мыйзамдарды аткаруу кызматтык көрсөтмө кыйшаюуусуз императив (буйрук) болуп эсептелбейт. Мыйзам коррумпиететтин эрежеси боюнча ойноодон баш таркандар үчүн гана колдонулат. Сот процессин утуп алууну, балдарыңызды армиядан алып калууну, жогорку билими тууралуу бир күндө дипломдуу болууну, мүмкүн болбогон жерде үй курууну каалайсызбы - мунун баары толук ишке ашаарлык нерсе. Болгону, бул үчүн керектүү адамдарга төлөш керек. Паракорлук, сыйлоо жана жагымпоздук чиновниктер менен биздин алакабыздын көнүмүш атрибутуна айланган. Эгер силер берсеңер жана алсаңар, бул системада өз киши болуп каласыңар, а эгер андай болбосо, өмүрүңдүн аягына чейин соттор жана чиновниктердин кабинетин кыдырып тобокел кылып жүрүп өтөсүңөр.

Бир ТУУГАН ЭГИЗДЕР
Коррупция менен күрөшөт деген укук коргоо органдары чынында коррумпиететти кайтарып, коргоп турат. Соттор менен күч органдары коррумпиететтин "түшүнүгү, эрежеси" менен жүргөндөрдүн тарабында - алар өз кишилер.
Бийликте тургандар жактырбагандыктан, басма сөз коррупция боюнча олуттуу журналисттик иликтөө мүмкүнчүлүгүнөн такыр эле ажыраган. Коррупцияны капарына албагандыгы үчүн, аны менен күрөшүүдө жетишсиз аракет жасалгандыгы үчүн, а түгүл айрым чиновниктер коррупционерлерге баш ийкей бергендиги үчүн бийлик сындоону тыйбайт. Бирок, кадрдын артында эң негизгиси калат: бийлик - бул коррупция, ал эми коррупция менен күрөшүү - бул баарынан мурда бийлик менен күрөшүү. Бүгүнкү көргөн күнүбүз көптөгөн айкын болгондой, бийликтен сырткары коррупция жок, ошол сыяктуу эле бүгүн коррупциядан тышкары бийлик жок.
Басма сөз бийлик тарабынан көзөмөлдөнгөн массаны дезинформациялоо тапшырмасын аткара алганын моюнга алуу керек. Эгер бийлик кааласа, анда коррупцияны жеңе алат, аны менен күрөшүүгө аракеттенүүдө, бирок анын жөндөмсүз чөйрөсү аны акырына чыгарууга тоскоол болууда деп көпчүлүк ишенип келишет. Чынында айрым коррупционерлерди жазалоо мисалдары көрсөткөндөй, чындап алганда, мунун коррупцияга каршы күрөшүү иши менен эч кандай байланышы жок. Себеби, бул куру саясат же конкуренттердин талаш-тартышуусу жана кландык карама-каршы туруучулук. Кеңири караганда, бийликтин "коррупция менен күрөшүү" дегени, чынында коррумпиететтин өкүм сүрүүсүнө эмне коркунуч туудурса, ошол нерседен арылуунун өзгөчө бир механизми болуп эсептелет.

ТЕНДЕНЦИЯ, БИРОК!
Коррупциянын уругун себүүчү бул - бийлик өзү болуп эсептелет дегенибиз коомчулук бул оорууну таркатуучу нерседен оолак дегендикти билдирбейт. Коррумпиететтин системасы өзүнүн күчтөнүшү жана өсүшүнө жараша коомдук турмуштун бардык чөйрөсүнө активдүү кирип келет. Ал адамдардын баалуу эрежелерин жана адеп-ахлактык критерийлерин өзгөртүп, рак шишигиндей, коомдун организиминин бардык клеткаларын жаралайт. Паракорлук бергени (граждандар), алганы (чиновниктер) болуп, алмашуу актындай эки жактуу болот. Албетте, моралдык жагынан караганда тигиниси, мунусу экөө тең кылмыш жасаган болуп, бирдей "булганат". Экөө тең паракор. Ушундайча коррупция өкүм сүргөн өлкөдө иш жүзүндө эч бир атуул паракорлукту айланып өтө албайт. Болбосо, башкача жол менен эч качан жашай албайсың. Бир сөз менен айтканда, коррупциядан тышкары - бербей же албай коюуу дегеле мүмкүн эмес, өтө оор.
Ошондуктан, кандай айтсак да биз баарыбыз тең эбак эле коррупциялашканбыз. Кимдир бирөө өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып "алат", дагы бирөө өзүнүн проблемасын чечүү үчүн "берет", ошентип, баарыбыз муну эчактан бери кадимки көрүнүш катары кабыл алып калганбыз. А түгүл буга каршы турууну ойлоп да койбойбуз. Биз өзүбүз паракор болуп калганыбыз менен келишип, бул тууралуу уялбай унчукпай отурабыз. Бул биздин адеп-ахлактык трансформаторубуздун бир аспектиси. Башка аспектиси - мунун көбү бизди канааттандырат. Биз өзүбүздүн проблемаларды коррумпиететтин эрежеси боюнча чечүүгө көнүп калганбыз жана буга жыт алышуудабыз. Ошентип, көпчүлүк адамдар коррупциялык мамилелер мыйзамдын катуу талаптарына караганда анча деле жаман эмес деп эсептейт. Мына ушундай тенденция.

УУРДОО - КАДИМКИ КӨРҮНҮШ, УУРДАБОО - КЕҢКЕЛЕСТИК
Акыркы жылдары адамдардын бүтүндөй бир катмары коррупциянын аркасынан бир топ байлык жыйнап алышкан. Көчөлөрдө асман чапчыган баарлардагы кымбат машиналардын санын карагылачы! Алардын баасы 30-40 миң доллардан өйдө - айлык же майда соода менен андай бааны чапчуу мүмкүн эмес. Жаандан кийинки козу карындай өсүп чыккан хан сарайларды, элиталык квартираларды карагылачы! Бизде баалар европалык денгээлде, банктык эсептер милиондоп саналат. Эми карагылачы бул лимузиндердин рулунда отургандар кимдер жана ачык галереяда (хансарай) жашагандарчы. Көбүнчө чиновниктер анын балдары же туугандары. Бул алардын айлыгына келгенби?. Дегеле акча кайдан келген? Биздин чиновниктерге акча кайдан келгенин эл эң жакшы билишет. Бул эбак эле элге белгилүү болгон сыр жана эч кандай проблемасыз эле кадимки көрүнүш. 4-5 миң долларлык машиналарда жүрүп, кадимки квартирада жашаган соттордун балдары, неберелери жокко эсе. Өздөрүнүн туугандарына жылуу жайда үй куруп бербеген жана бирөөнүн бизнесине проблемасын (жолу менен) чечип бербеген акимиаттын ачендиги да жокко эсе. Өзүнүн "бийлигинде" өзүнө (же туугандарына, жакындарына, досторуна) "кыйчалыш кезге" бизнес түптөп албаган министр, акимдер да жокко эсе. Бул дагы кадимки көрүнүш. Кичине ылдыйыраак катмар - шаан-шөөкөткө бөлөнбөгөн ортоңку чиновниктердин алкагы, бирок баары бир коррумпиететтин чоң столунан бир деме илип калган, анткени алар өзүнүкүн жулуп калууну кое бербейт. Поездин вагонун кароочу адам билети жоктордон алган акчаны чөнтөккө солоосу дагы коррупция. МАИнин инспектору же тергөөчү акча үчүн мыйзамдын бузулушуна көз жумуп коюусу - бул дагы коррупция. Жөнөкөй эле кагаз-тилкатты тезирээк алыш үчүн акча сураса, болбосо "бир жумадан кийин келиңиз" деген көнгөн адат - бул дагы коррупция. Бул бардык баскычтарда абсолюттук түрдө: "уруксат берүү же бербөө" кимдин колунда болбосун, ар бири "бир деме" алып калуунун жолун издешет. Чиновниктер өзүнүн кардарларынан акча кагып алуунун механизмин ойлоп таппаган бир дагы тармакты: министрлик, мекемелерди аташ оор.
Бул жөнүндө баары билет: Прокуротура, ИИМ, УКК, Сот, Парламент жана Президент. Билишет, бирок унчукпайт. Тагыраак айтканда, бул нормадан чыгуучулук, бул норма эмес, негизи бизде чиновниктер тыкан, таза эле, кез-кезде өз чөнтөгүн мамлекеттики менен алмаштырып алгандары эле болбосо деген сүр көрсөтүшөт. Бул бүтүндөй сандырактык. Биз өзүбүздүн кемчиликти, ач көздүктү жана адеп-ахлактык бузулганыбызды жашыруу үчүн өзүбүздү өзүбүз алдайбыз. Норма баары берип же алганы, ал эми нормадан чыгуу кимдир бирөөнүн бир айлык менен жашоосу. Коррупция бар өлкөдө бир дагы таза чиновник табылбайт, эгер табылса ага эстелик тургузса жарашат.

(уландысы бар)
Асылбек Бектенов




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Жаныш Тажикстандабы?
2-бет
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

3-бет
Муздак жымжырттык
4-бет
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
5-бет
Ыңкылап ырларынан
6-бет
Экинчи раунд
7-бет
Бермет Акаева:
"Если они ничего не предложат, если они ничего не сделают для людей, то они будут сметены"

8-бет
Карга карганы аяп...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

10-бет
Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"

11-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү:
"Бизге улуттук лидер керек"

12-бет
Сөз бергиле!
13-бет
Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?
14-бет
Кат куржундан
15-бет
Ироникалык ойлор
16-бет
Байлык ичиндеги байлык





а ­е¦Є.НҐй«