Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Учур собол

Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"
- Сизди кайрадан операция болуп чыкты деп уктук. Ден-соолугуңуз кандай?
- Буюрса, дурус...
- Болот мырза, апрель окуясы жеке сиздин көз крашыңызга кандай таасир этти?
- 2010 - жылдын 7-апрели Кыргызстандын соңку тарыхындагы зор мааниси бар эндүү күн болуп калды.
Элибиздин тилеги орундалды. Мамлекеттик башкарууда туруктуу, салмактуу, багыттуу ички жана тышкы саясаты жок, элдин социалдык турмушун жакырчылыкка такап, демократиялык өсүүнү четке каккан Бакиевдин бийлиги кулады.
Курал менен, зордук-зомбулук кылып адамды убактылуу баш ийдирсең болот, бирок эч качан элди багынта албайсын, аброй күтө албайсың. Муну ушул күн толук далилдеди.
7-апрель күнү бийликтин запкысынан кутулуш үчүн мекенибиздин жалпы калайык-калкы көтөрүлүп чыкты. Себеби, тынч курултай өткөрүп, бийликке жашоо турмуштун каатчылыгын, адамдардын укугу тебеленип, мыйзамсыз чоң муштумдун астында калган азабын айтууга келген элди бийлик курал менен тосуп алды. Бул күндү анык элдик революция күнү болду десек туура болот.
Аттиң, бирок, элибиздин бул улуу жеңиши өтө кымбатка турду. Өзүнүн жеке бийлигин кандай жол менен болсо да сактап калууга далбас ургандардын колунан 86 жигиттин чырактай өмүрү кыйылды, 1500дөн ашык киши октон жаракат алды.
Элибиздин, өлкөбүздүн келечеги үчун жанын берген баатырлардын арбагына сыйынып, "жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун" - деп айтам.
Ушундай чыгаан жигиттерди өстүрүп, тарбиялаган ата-энелерине таазим этишибиз керек.
- Өлкөдөгү азыркы кырдаал боюнча, убактылуу өкмөттүн иши тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Буга не дейсиз?
- Биздин элибиз билимдүү, илимдүү, саясатты да чемичкедей чагат, талдап баа бере алат. Кырдаалга карата өз пикирин айтуу ар-бир адамдын укугу, мыйзамдуу туура корүнүш. Ар-бирибиздин жеке амбициябыз да оңой эмес, опол тоодой.
Бирок, бүгүнкү өтө курч, өтө опурталдуу кырдаалда өзүнүн жеке кызыкчылыгын четтетип, элибиздин, Кыргыз мамлекетинин келечегин көздөп, патриоттук сезим менен жашоо ар-бирибиздин мойнубуздагы атуулдук парзыбыз. Кыргыз мамлекетинин өсүшү, анын келечеги - бул биздин улуттук ар- намысыбыз. Бирде өнүгүп, бирде чачылып, бирде биригип өлкөбүз 2200-жылдык тарых жолунда далай кыйынчылыктарды, татаал шарттарды башынан өткөрүп женип келген. Бүгүнкү күнү да ошондой эле маселе турат ар-бирибиздин алдыбызда.
Ошондуктан түзүлүп, ишин жаңы эле баштаган "убактылуу өкмөттү" колдоп, ага өлкөдө баш-аламандыкты жоюуга, тынчтыкты, тартипти орнотууга, алдыдагы мамлекеттүүлүктүн мыйзамдуу өзөгүн туура түзүүгө колдон келген жардамды берүү биздин жарандык милдетибиз.
- Улуттар арасында да чыңалуулар байкалып жатат?
- Өлкөбүздө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Кыргыздар эзелтеден ар улуттун маданиятын, руханий дүйнөсүн сыйлап келген, достук, боордоштук мамиле жасаган. Калкыбыздын мындай касиети Манас эпосунда да ачык-айкын белгиленет эмеспи. Жүздөгөн жылдар бою кыргыз, орус, казак, өзбек, дунган, тажик ж. б. жергебиздеги улуттар ынтымакта жашап келишкен.
Улуттар арасына чагым салып, бирин-бирине түкүрүп ынтымакты бузгандарды көрүп жатабыз. Алар элибизге жакшылык кылбайт. Бакиевдин бийлигиндеги бир чиновник: Кыргызстан - кыргыздардыкы, калгандары - квартиранттар, - деп айтканы эсибизде.
Улуттук аң-сезим менен улутчулдуктун айырмасы чоң. Аярлап, кылдаттык менен, саясий салмактуулук менен карабасак коомдогу туруктуу түзүлүштү бузуп алабыз. Бул, өлкөнүн өсүү тамырына балта чапкан менен барабар.
Бүгүнкү өлкөдөгү опурталдуу кезде "улуттук картаны" колдонуп, "канчалык жаман болсо, бизге ошончолук жакшы", - дегендерди элибиз колдобойт. Улуттар арасында тирешүүгө жол бербейт.
- Азыркы кырдаал канчалык деңгээлде бекем?.
- Менин оюмча саясий кырдаал биртоп эле туруктуу болуп калды. Ызы-чуулар токтоп, экономиканын негизги тармактары, турмуш-тиричилик, өзгөчө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Бул жагдай "убактылуу өкмөттүн" ишине элибиздин ишеними күчөп бараткандыгын көрсөтүп турат. Бирок, баары жакшы десем жаңылыштык болот. Алдыда чечиле элек маанилүү, талылуу маселелер көп. Адистерди, кадрларды туура тандоо, жөндөмүнө, денгелине жараша туура жайгаштыруу эң орчундуу иштердин бири. Өлкөбүздө ишмердик деңгели, жоопкерчилиги жогору, тажрыбайлуу кадрлар да, билимдүү курч аң сезими күчтүү жаштарыбыз да жетиштүү. Мурдагы тикенекти дагы кайра басып албасак экен, жердешчиликтин, тууганчылыктын, кеткен-келген бийликтин кызматкерлери, - деп бөлүп - жаруунун эски оорусуна чалдыкбасак экен деп ойлойм.
Элибиздин турмушунун оңолушу, өлкөбүздүн өсүшү "качан гана бийлик эл үчүн кызмат өтөп, элди сыйлаганда, эл бийликке ишенип, ишин колдогондо "камсыз болот.
Суроо салган
Алтынай Бакирова




  Ой, тобоо

"Приказ №1"
8-апрель, Аза күтүү күнүндө "Аксакалдар кеңеши" деп аталган (уставы, мөөрү да жок дейт) уюмдун төрагасы учурунда 12 жыл мамлекеттик резидентциясынын деректири болгон Д.Шадыбеков деген аксакал бир барак кагазга буйрук чыгарып, Сабуров Күмүшбекти президенттик иш башкармалыгынын биринчи орун басары кылып дайындап таштайт. Аны менен бирге №1 мамлекеттик резидентцияга Мелис Алыпсатаровду, курулуш башкармалыгына Ильхам Абдуллинди, "Ысык-Көл" мейманканасына Авазбек Жанышпаев деген эски тааныштарын дайындайт.
Кызыгы, ошол 8-апрель күнү убактылуу өкмөт №1 декрети менен президенттик иш башкармалыгын жоюп жиберген эле. Кечээ жакында убактылуу өкмөт аны кайра түзүп, башына Т.Коеналиевди дайындашты.
Ал эми, 10-апрелде Д.Шадыбековдун буйругу боюнча "орун басар" болгон К.Сабуров Д.Шадыбековдун баласын жанына ээрчитип алып, "Элита" көмөкчү чарбасына барып, деректири Жусупов Ашырбайды кызматынан кетүүсүн талап кылат.Андан ары "Ала-Арча" мамлекеттик паркына жөнөп,ал жерге да жаңы деректир келээрин маалымдайт.Андан соң курулуш башкы башкармалыгына кирип, ал жакка да жаңы башчы келээрин жар салат. Мындай "рейдерчиликке" ыза болгон эски жетекчилер Э.Каптагаевке даттанып келишип, талаш-тартыштан соң, эскилер ордуларында калат.Чалмакейди чалган К.Сабуров Бакиев тушундагы президенттик иш башкармалыгынын орун басары Балбак Төлөбаевге буйрук чыгарта коюп, "Ысык-Көл" мейманканасына барып бакыйып олтуруп калат.
Айталы дегенибиз, качан эле мамлекеттик маанилүү объектерди "аксакалдар кеңеши" чечип калган. Дагы жакшы, Э.Каптагаевдин калыс пикири болбосо "аксакалский рейдерлик" канчага созулмак.
Адыл Суранчиев






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Жаныш Тажикстандабы?
2-бет
РЕВОЛЮЦИЯ - 1 би?
МАНКУРТИЗАЦИЯ - 2 би?

3-бет
Муздак жымжырттык
4-бет
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
5-бет
Ыңкылап ырларынан
6-бет
Экинчи раунд
7-бет
Бермет Акаева:
"Если они ничего не предложат, если они ничего не сделают для людей, то они будут сметены"

8-бет
Карга карганы аяп...
9-бет
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат республикалык партиясынын" жетекчиси:
"Баарыбир акыйкат жеңет"

10-бет
Болот Жанузаков, Кут партиясынын лидери:
"Элди зордук - зомбулук менен эч качан багынта албайсың"

11-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү:
"Бизге улуттук лидер керек"

12-бет
Сөз бергиле!
13-бет
Коррупция - сен, мен, ал, бул, баарыбы?
14-бет
Кат куржундан
15-бет
Ироникалык ойлор
16-бет
Байлык ичиндеги байлык





а ­е¦Є.НҐй«