Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Феликс Кулов:

"ЭМИ БИЗДЕ ЭЧ КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ"
- Өлкөңүз парламенттик башкарууга ык койду. Сурообузду ушундан баштасак?
- Биздин партия утурумдук өкмөт сыяктуу парламенттик республика түзүүнү жактайт. Акаев менен Бакиевдин кайгылуу тажрыйбасы башкаруунун коллегиалдуу жолуна өтүү зарылчылыгын көрсөттү. Мындай кеп бар: демократиянын башкы душманы -бул ак көңүл падыша. Жумшак көңүл падышаны күтүү оор, ошондуктан, парламентаризмге өтүү керек.
Мындан ары, жалпы саясый маданияттын өсүшүндө, президенттик формага кайтуу тууралуу кеп болушу мүмкүн.
Бирок, Кыргызстан парламентаризмге өтүүдө башка өлкөнү так ошондой туурабаш керек. Бизде өзүбүзгө таандык өзгөчөлүк бар.
- Президенттик пост үчүн Роза Отунбаева күрөшкө чыгабы?
- Бизде президенттик республика болбойт, президент абдан аз укуктарга ээ болот, ошондуктан андай орунга ар ким эле бара бербейт. Мен ойлойм, Роза Отунбаева премьер-министр болбойт, анткени, билими боюнча дипломат. Менин оюмча, Алмазбек Атамбаев министрлер кабинетин башчылык постун ээлеши мүмкүн.
- Утурумдук өкмөт менен сиздин мамилеңиз кандай болууда?
- Менде алар менен анчалык деле өзгөчө алака жок. Бирок, айрым өкмөт мүчөлөрү менен таанышмын. Аларды азыр сынга алуу оңой. Аларга ансыз деле оор жүк жүктөлүүдө, биз кайсы жерде мүмкүнчүлүк болсо, ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү каалайбыз.
- Бакиевдин бандиттер менен байланышы болгону тууралуу айтышат. Сиз мурунку ИИМдин жана коопсуздук кызматынын жетекчиси катары ушундай болжол кыла тургандай негативдүү фактылар байкалды беле?
- Мен коопсуздук кызматынын жана ички иштер министри болуп иштеп турганда, Бакиев заводдун директору болчу. Ал жөнүндө эч кандай маалыматтар бизде болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес болчу. Ал жакта кайдагы бандиттер? Чакан шаарча жана завод болсо.
- Эгер элге кайтадан бир нерселер жакпай калса, кайра аянтка чыгуу азгырыгы болбойбу?
- Эгер ойдогудай өкмөт болсо, анда эл чыкпайт. Кыргыздар келесоо эмес, аларга болбогон бир нерсе жакпай калса каршылык көрсөтө бергидей. Кыргыздар бийликти сыйлайт. Бирок бийлик элди тепсей берсе, унчукпай отура бербейт.
- 7-апрелде элди ким көчөгө алып чыкты. Оппозиция? Же алар өздөрү чыгыштыбы? чет өлкөлүктөр акча бериши мүмкүнбү? Же болду-болбоду стихиялык көтөрүлүшпү?
- Менин көз карашымда, бул стихиялык түрдө болгон. Эгер күч органдары жана бийлик кичине эле акыл менен аракетенгенде, бул төңкөрүш болбойт болчу деп эсептеймин.
Өзүңөр билгендей, алдыңкы түнү Бириккен Элдик кыймылдын жетекчилерин камашкан, ошентип алар жетекчисиз калышкан. Адамдар бир оппозициялык партиянын кеңсесине чогулган. Бийлик аларды кубалап таркатууну аракеттерин көрүшкөн. Бул жерде элди таркатууга буйрук бергендер жана милиция тактикалык жактан туура эмес аракеттер болгон.
Аянтка качан 2-3миң адамдай чогулганда, асманды карай ок атышкан. Адамдар башында качышкан, анан ок атылууларды угуп, ошол жерге башкалар тартыла баштаган. Өзүңөр билесиңер, автомат, дубинка менен куралданган 150 солдат бир канча миңдеген адамга каршы эмне кыла алат. Аларды тез эле куралсызданырып коюшту. Качан курал колдонулганда, эл менен ойноо коркунучтуу. Натыйжада, элге каршы курал колдонууга аракеттенгендердин баарын жууп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, снайперлер ата баштаганда каза болгондорду четке алып чыгып кайрадан алдыга чыгышкан.
Баары баса белгилегендей, октон жана аткандардан эч ким корккон эмес. Ошондуктан, психотроптук препараттар колдонулган, адамдар өзүндө эмес болчу деп айтууга болбойт. Чынында, бул балдар эмнеге бара жатышкандарын билишкен. Бул ичте буккан кыжырдануу болгон. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери көп болгон. Кол телефондор менен сүйлөшүп жаткан балдарды аткылаган. Булар уюштуруучулар экендигин снайперлер ишенишкен. Ошондуктан, бул балдарды башка атышкан. Тагыраак айтканда, бул нака ойлонуштурулган киши өлтүрүү. Башка аныктама менде жок.
Болуп жаткан окуя тууралуу кечирээк, түш маалда билдим. Дароо эле президент Бакиевге телефон чалдым, бирок мени аны менен байланыштырышкан жок. Мамлекеттик коргоонун жетекчтси Жаныш Бакиевди табууга аракеттендим, эч бир байланыш болбоду. Акыры "Эхо Москвага" чыгып, ММК аркылуу Бириккен Элдик Кыймылынын жетекчилерин тез бошотуу зарылчылыгы тууралуу пикиримди айтууга аракеттендим. Бирок, окуя башкарууга мүмкүн болбогондой мүнөздө болду, анткени кан төгүлүп кетти, өзүңөр түшүнөсүңөр…
- Утурумдук өкмөт легитимдүүбү?
- Менимче, жооп баары үчүн айкын. Мындай кырдаалда учурлук президент, өкмөт жана парламент, турганда, албетте утурумдук бийликти легитимдүү деп айтышта көп проблема бар.
Кандайдыр революциялык комитеттин ушул этапта Убактылуу өкмөттү түзүү идеясы беш жыл мурун 2005-жылы март революциясы болгондо эле айланып жүргөн. Ошондо буга кандайдыр бир логиканы алып келүү мүмкүн болчу.
Логика эмнеде болгон? Милдетин таштап президент Акаев өлкөдөн качып кетти, өкмөт дагы тарап кетти. Парламент бир мандаттуу округ боюнча шайланган, чынында революция ушундан башталган. Көптөгөн округдарда президент парламентке өзүнүн кишилерин алып келүүгө жасалган аракеттеринен улам нааразычылыктар чыккан. Бул нааразычылыктар республикалык масштабда жайылган. Бул парламент эл тарабынан таанылган эмес. Мындай кырдаалда убактылуу өкмөт түзүү акталбай койбойт.
Азыркы төңкөрүштө мурункуну эске алышып ушул жол менен барууну чечишти. Мен ойлойм, бул чоң жаңылыштык, мен дароо 7-апрелде кишилерди ата баштаганда тез арада парламенттин отуруму өткөрүлүп, импичмент процедурасын өткөрүп, президентти кызматынан четтетүү сунушу менен чыккам.
Бул парламенттин 70 пайызы Бакиевдин адамдары жана табыйгий түрдө алар аны колдошу мүмкүн деген пикир бар. Бирок, мен бул мүмкүн эмес экендигин ынандырууга аракет жасадым. Бакиевдин кандай гана жактоочусу болбосун, тигил же бул депутат эсептелбесин, качан ондогон адамдарды аттырып жатса, көчөдө миңдеген адамдар турса, эч кимиси президентти жактамак эмес. Импичменттен кийин Бакиев катардагы эле жаран болуп, өлкөнүн кадимки эле жашоочусу болуп калмак. Тилекке каршы андай болбоду.
- Максим Бакиевдин фактору көбүртүлүп-жабыртылдыбы же элди козуткан шылтоолордун бири болуп өлкөдөгү "максимизация" болдубу?
- Бул Бакиевдердин үй-бүлөсүнө каршы элдин маанайы Жана коомчулуктун пикиринин жарылуусуна алып келген детонаторлордун бири болду. Өлкөнүн өнүгүшү менен алек болуучу структуранын идеясын түзүүнүн өзү жаман эмес. Бирок, маселе Ким аны башкарат жана эмне үчүн ал президенттин алдында болушу керектигинде. Бизде мамлекеттик бюджет эки бөлүккө бөлүнүп калган. Бул - учурлук чыгым жана белгилүү бир бөлүгү өнүгүүгө: ипотеканы, кичи, орто бизнести, фермерлерди ж. б. колдоо. Бюджеттин бир бөлүгү социалдык чөйрөгө багытталган. Мен дагы бир дүжол баса белгилеймин: идея жаман эмес, бирок анны реализациялоо механизми элдин кыжырын келтирген.
Ошол эле учурда "MGN group" өнүгүү фондусу түзүлгөн. Айрымдар бул аббревиатураны мындай чечмелеген: "МАКСИМ, ГУРЕВИЧ, НАДЕЛЬ" Гуревич - бул бир финансылык группанын жетекчиси, АКШнын жараны. Надель - Россиянын жараны, ири финансылык коммерциялык банктын жетекчиси. Албетте, качан өлкөнүн активтерин чет элдиктер, башка өлкөнүн жарандары башкарып жатса, нааразычылык жаралат да.
- Түштүк жана түндүк тирешүү фактору канчалык олуттуу?
- Проблема бар, бирок ал анчалык деле курч эмес. Беш жыл мурунку президент шайлоодо тууралуу маселе болгондо, Бакиев экообүз бул теманы; мындай кырдаал түзүлгондүгү боюнча сүйлошконбүз.
Коомчулуктун белгилүү бир бөлүгүндө 14 жыл бою мамлекеттик башкаруу структурасында түштүктүн өкүлдөрү аз деген нааразычылык болгон. Бул абалды курчутуп, калкка таасирин тийгизген. Күнүмдүк майда-чүйдө деңгээлден саясий денгээлге чейин көтөрүлгөн.
Бул кыймыл абдан күчтүү болгон. Качан мен талапкерликке аракеттенгенде мага азыркы генералдык прокурордун милдетин аткаруучу Бекназаров кирип, жаманда болсо, түштүктүктөр өздөрүнүкүнө добуш берерин айткан.
Кийинчерээк "биздин түштүктүккө" берилген добуш анчалык күчтүү жарандык тирешүүгө жеткендей олуттуу болбогон.
Бирок, мен аны белгилебей кое тургандай фактор бар, ал - жарандык согуш чыгып кетпесине кабатыр болгон тилектеш Казакстан, Россия жана АКШнын жетекчилеринин кам көргөнү. Саясатчы дайыма жаман жагына алып баруучу варианты да эсепке алыш керек. Мен баса белгилеймин, Бакиев түштүктө жүргөндө да жарандык кагылышуу чыкпасын айткам.
- Россия, Америка жана башка кайсы бир өлкө тарабынан регион үчүн күрөш фактору канчалык күчтүү?
- Чындык мындай, Кыргызстанда эки: россиялык жана америкалык аскердик база бар. Россиялык база аба коргонуусунун белгилүү элементин аткарат. Бул биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына каршы келбейт.
Ал эми америкалык база болсо, Ооганстан боюнча иштеп, транспорттук колдоо функциясын аткарат. Ал жерде аскердик эмес, бир гана транспорттук учактар бар. Албетте, америкалыктардын Кыргызстанда базасы болгону үчүн кызыкчылыгы бар.
Мен ачык айтамын, анчалык деле Россия менен АКШнын бул региондо кызыкчылыктары келишпегендей антагонизмди корбой элемин. Бирок, проблемага көңүл бөлүнөт. База тургандан кийин кырдалга көз салынбай койбойт.
- Кыргызстан эгемендүүлүгүн сактай алабы?
- Кыргызстанда адамдар саясий жактан жетилген. Бирок, абдан жакыр. Премьер-министр Данияр Үсөновдун үйүн талоонго алганда, трусысынан бери алып кеткен. Көрсө, айрымдардын ич кийими да жок экен. Бул жөнөкөй жарандардын жакырлыгын көрсөтөт. Кыргыздардын бир тобу Россия, Казакстанга жумуш издеп кетишкени жашыруун эмес. Демек, өлкөнүн жетекчилиги өз жарандарына колдоо көрсөтө алган жок. Маселенеин баары ушунда. Бирок, ошентсе да мен баса белгилеп кетким келет, биз кыска аралыкта тез өнүгүп кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин айткым келет.

"Общественная позиция"
гезитинен кыскартылып которулду.




"Хоп, майли" менен "жок, майлинин" ортосу бир кадамбы?
Турсунбек Акун:

"Кулов ийнине кирген суурдай болуп жаткан"
- Убактылуу өкмөт жеке менчикти тоноого аракет кылгандарга ок атуу боюнча чечим кабыл алды. Буга кандай карайсыз?
- Мен муну Феликс Куловдун чоң катачылыгы деп эсептейм. Ал киши буга чейин унчукпай жүрүп, Бакиевдин мыйзамсыз иштерге барышына чоң көмөк көрсөткөндөрдүн бири. Акыркы жылдарда кошомат кылгандардын бири да Кулов болгон.
Ноокат окуясы, Балыкчы, Петровка окуялары болду, Жекшенкулов, Исаков камалды, Кулов бир унчугуп койду беле? Кулов "ийнине кирген суурдай" болуп жаткан. Азыр эми кызматка илинип каламбы деп, жаңы өкмөт мүчөлөрү менен мамиле түзгөнгө аракет кылып, акылдуусунуп чыгып атканын чагым деп эсептейм. Анткени, жаңы өкмөт мүчөлөрү ок чыгырбай эле көп маселени чечип атат.
Мен ойлойм, өкмөттүн мүчөлөрү бара-бара бутка тургандан кийин ушундай чечим кабыл алса анда биз туура түшүнсөк болот. Анан бул жерде Куловдун демилгесинин негизинде кабыл алса бул өтө одоно иш болот, жакшылыкка алып келбейт.
- Сиз убагында "өмүр бою Бакиевге ыраазымын" деген, сиз жакшы көргөн Бакиев экс-президент Минскиде "мен кызматымда калам" деп билдирүү таратып атат?
- Биринчиден, ал кишинин арызынын оригиналы бар. Аны өкмөттүн мүчөлөрү, төрайымдын жардамчысы Эдил Байсалов бүт ММКларга көрсөткөн, оригиналы далилденген, ал кишинин өз колун тааныйм, дайыма резолюция коюп жүрөт бизге. Өзүнүн колу менен жазылганы анык.
Анан туугандары барып "байлыктарыбыздан айрылып калабыз, кайра баш тартыңыз" дешсе керек. Билбейм, муну Орусиянын президенти туура көрбөй, дүйнөлүк коомчулук кабыл албай атат. Кытай да убактылуу өкмөттү таанып атат. Анан жалгыз эле Лукашенкого жагып, барган жери Минск болсо, тунган экенбиз да жеткен жерге. Жок дегенде Түркияга, Москвага кетпейби. Бүт дүйнөлүк коомчулук жаман көргөн Минскиге барбай.





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев Мадлен Олбрайт менен
макулдашып алып келген
конституциясын кыянатчылык менен өткөзгөнгө аракет жасап жатабы?

2-бет
Алмаздын ачуусу
3-бет
Жаштар министрлиги түзүлөт?
4-бет
Т.Исмаилова БШК төрагалыгынан неге баш тартты?
5-бет
"Святой"
6-бет
"ЭМИ БИЗДЕ ЭЧ КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ"
7-бет
Темир Сариев, убактылуу өкмөттүн өкүлү:
"Бакиевдердин жалгыз максаты - өлкөдөгү тынчтыкты бузуу"

8-бет
Кайдасыңар, мыктылар?!
9-бет
Улуу сапар алдында
10-бет
Кечиккен чындык, же ар дайым суудан кургак чыккан Акылбек не дейт?
11-бет
Курманбек Бакиев:
"Мени өлүм гана токтотот"

12-бет
ЭРКИНДИКТЕН ЗААЛИМДИККЕ ЖАНА ИШЕНИМГЕ КЕТКЕН ЖОЛ
13-бет
Повторяющиеся революции в Кыргызстане - это, прежде всего, кризис руководства
14-бет
"Кыргыз Эл Биримдигинин" чукул чакырылган III курултайынын ЧЕЧИМИ
16-бет
Кол тобунун Королу





а ­е¦Є.НҐй«