Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Устуканбы "упчубу"?

Жаштар министрлиги түзүлөт?
Революцияны фанаттар жасайт, ал эми пайдасын такыр башка бирөөлөр көрөөрү тээ илгертен эле айтылып, ал тургай афоризимге айланып калган.
Бизде да ошондой болду.Бакиев бийлигин жаштар жылаңач колдору менен алып жыгышты. 7-апрелде аянтка бүгүн чоңсүйлөп жаткандардын бирөө да басып келген жок, камактан да аларды ошол УККнын имаратына барып, жаштар бошоткон. Кантсе да спорт интернаттын сабагын алганбы, Темир Сариев гана борбордогу трибунада бир азга кармалды. Кечкурун Текебаев келатып, тарых музейинин жанына келгенде тарс эткен атоматтын үнүн угуп, котологон сакчыларынын далдаасына корголоп, машинесине түшүп зуу койгон эле. Ошол бойдон "бункерде". Эртеси элдин алдына чыкканга да жарабады, анда санда КТРдан жылт этип калганы болбосо, учурда эшикте эркин баса албай жүрөт. Кимден коркот, түшүнбөдүк. Ал го ал. Күнү бүгүнкүгө чейин нааразы болгон жаштар улам бир топторду түзө берип "убактылуулар " да чочуштубу, жаштар министрлиги дегенди ойлоп табышты.Бирок, министирди убактылуу өкмөт өзү дайындайт экен, калган зам-памдарын өзүңөр билгиле деп жаштарга сунуштады эле, алар анчейин ынанышпай туру. Баса, айтмакчы Т. Сариев мындай министирликтин ачылышына анчейин макул боло албай турат. Себеби, бюджетте тартыштык ансыз деле оор экенин айтат. Азыркы шартта 2 миллиард сом жеишпесе, бул көрсөткүч жыл аягына чейин эки эседен ашып кетиши мүмкүн экенин белгиледи.





  Ау-у, убактылуу өкмөт

Улуттук университет тоңуп турат
Кыргызстандын эң башкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Улуттук Университете бүгүн абал оор. Окуу процесстери чар жайыт. Апрель төңкөрүшүнөн кийин окуу жайдын башына тарых илимдеринин доктору, политолог К.Акунов дайындалган. Кайсы ректор келсе да "тытышып" келген Бекбалаев менен Исамидинов дегендер тополоң салып, үч күн өтпөй кызматын өткөрүп берип баса берди.
Азыр ректордун кабинетинин эшигине мөөр басылып, Улуттук университет башсыз турган кези. Баарысын койсок да, азыркы башчыларыбыз билимге билимдүү көңүл буруп, кур дегенде ушул жайларга өң - ташып, курсташ - мурсташ эмес, чыныгы адисти алып келсе гана, атаганат.


  Даярдык

Равшан жаштарды "Урмат-Ордого" чогултту
Ата-Мекенден алыс жүргөндөрдүн арасынан Ала-Тоого алгачкылардан болуп кирип келген Равшан Жээнбеков убактылуу өкмөттөн портфель тийбей калгандан кийин, четте калгандай болгон. Кечээ жакында жаш, жигердүү саясатчы, борбордогу Жогорку окуу жайларынын лидер сындуу студенттерин "Урмат-Ордо" ресторанына сый тамакка чакырып, жаштардын келечеги жөнүндө кенен сөз козгоду.
Сый тамактын соңунда Равшан студенттерден ар кимиси өз окуу жайларында "Ата-Мекен" партиясынын ячейкаларын түзүүсүн суранып, анан да Атамбаевди президент кылып шайлайлы дептир. Кызыгы, Атамбаев азыркы Баш мыйзамдын долбоору өтүп кетсе президент болгусу келет бекен? Же Равшан бир нерсенин жытын сезгенби? Ушул көрүнүштөрдөн улам Америкадан кайтып келген Р. Жээнбеков алдыдагы шайлоого "Ата-Мекендин" туусу астында аракет кылаары айгине болуп калды окшойт.

Нурдин Асанов




  Ыңкылап саптарынан

Азимбек Бекназаров
Мурун генпрокурор болгондо, Аксынын ишин ана бүтүрөм деп жатканымда алып салды деп актанып чыккан эле.
Бирок, эл оозунда Акаевдин мүлкүн санап, Р. Акматбаев, Пак - сактардын башкоргоо чарасын өзгөртүп, өз чөнтөгүнө иштептир деген жаманатты сөз айтылып калган.
Эми да Азикең сот менен прокуратуранын башына келди. Эл оозунда болсо баягы күбүр - шыбыр.
Мисалы, жалаң өң тааныш жердеш, курсташ дегендерин прокуратуранын майлуу жерлерине алып барганы айтылууда. Баарыдан дагы Жаныштын айтканын айткандай аткарып жүргөн ал кездеги шаар прокурору Айбек Турганбаевди аскер прокурору, башкы прокуратуранын орун басары кылып дайындаганына таң калгандар Таластан Баткенге чейин ооздору ачылып туру.
Өткөндө КТРдан "мени убагында унуткандар ошо бойдон унутуп койгула" маанисинде аксынып сүйлөп, иш жүзүндө минтип мурдагы чиновниктерди кызматка алып келип жатканын кандай түшүнсөк болот. 7-апрелдин эртеси эле "Асаба" партиясын "басып" алыптыр деп да уктук эле. Азыр аталган партияны баштап барууга ишене албай туру дейт. Акыркы учурда СДП аркылуу мандат талашка аттанат имиш....


Кап, жоготуп ийдик...
Төңкөрүш болду.Бирок, элдин көксөөсү орундалбай турат. Себеби, андан бери 20 күндөн ашык убакыт өтсө да бакиевчилер кармала элек. Үстүнкүлөрүбүз болсо портфель талаш менен алек. Далай орундарга "дайны жок"
адамдардын келип жатканы көпчүлүктүн кыжырдануусун гана жаратууда. Бул борбордогу эле көрүнүш. Ал эми облус райондордо кимдер отуруп жатканын бир кудай билет. Мамлекетти башкаруу деген Алайдын же Алайкуунун колоту эмес да. Андай боло турган болсо баарыбыз башты оорутпай эле, Акунду же Мотуевди башкартып койбойт белек, эбакта эле.

Кадырбеков Өмүрбектин жанында
Бакиев доорунда "жеп ичти" деп 6 жылга үй түрмөгө кесилген Ишенбай Кадырбеков азыр Өмүрбек Текебаев менен биргеликте шайлоо маселесин тейлеп жатат.

Кадрлык жарышта СДП алдыда
Учурда кадрлык жаңы дайындоолор боюнча кайсы бир деңгээлде Социал-демократтар үстөмдүк кылышууда. Алар Баткен, Ош, Ыссык-Көл, Чүй жана Бишкекти жетектөөгө өз кишилерин коюушту. Убактылуу өкмөттө да саны боюнча алар алдыңкы орунда.

"Бригада" бириге баштады
Акыркы мезгилдерде бригадачылар түзгөн "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков, Марат Султанов, Арзыбек Бурканов дегендер тымызын тез-тез жолугушуп, алдыдагы парламенттик шайлоого катуу даярдыкты баштаган кези.
Ушундай эле даярдыкты Мирослав Ниязов + Адахан Мадумаров = тандем болушуп, башка саясатчыларды өзүнө тартууга алектенишүүдө.Кыскасы, кырчылдаш алдыда.

Эльнура Дүйшеева




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев Мадлен Олбрайт менен
макулдашып алып келген
конституциясын кыянатчылык менен өткөзгөнгө аракет жасап жатабы?

2-бет
Алмаздын ачуусу
3-бет
Жаштар министрлиги түзүлөт?
4-бет
Т.Исмаилова БШК төрагалыгынан неге баш тартты?
5-бет
"Святой"
6-бет
"ЭМИ БИЗДЕ ЭЧ КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ"
7-бет
Темир Сариев, убактылуу өкмөттүн өкүлү:
"Бакиевдердин жалгыз максаты - өлкөдөгү тынчтыкты бузуу"

8-бет
Кайдасыңар, мыктылар?!
9-бет
Улуу сапар алдында
10-бет
Кечиккен чындык, же ар дайым суудан кургак чыккан Акылбек не дейт?
11-бет
Курманбек Бакиев:
"Мени өлүм гана токтотот"

12-бет
ЭРКИНДИКТЕН ЗААЛИМДИККЕ ЖАНА ИШЕНИМГЕ КЕТКЕН ЖОЛ
13-бет
Повторяющиеся революции в Кыргызстане - это, прежде всего, кризис руководства
14-бет
"Кыргыз Эл Биримдигинин" чукул чакырылган III курултайынын ЧЕЧИМИ
16-бет
Кол тобунун Королу










??.??