Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Ана, Кабылан

Алмаздын ачуусу
Жума этегинде Бишкектин борборунда отузга чукул адам мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштоого аргасыз болду.
Себеби, 7-апрелден бери бир топ убакыт өтсө да, кандуу окуяга тиешелүү адамдардын кармалбай жатканына кабатыр. Убактылуу өкмөт ошол эле 7-апрель күнү Д.Үсөновду каратып туруп "жоготуп" ийди. Ал эми ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиев 25-апрель күнү Оруссиянын ФСБсы тарабынан Москвадан кармалып олтурат. Ушунун өзүнөн эле суроо туулат, Конгантиев Бишкекте дарыланып жаткан жеринен алгач Жалал-Абадга, андан соң Москвага кантип өтө качты? Ошончо жердин баарын эркин аралатып койгон күч структуралары кай жакты карап олтурат?
Ушул өңүттөн улам ачуусу келген Алмаз Атамбаев убактылуу өкмөттүн жыйынында маселе көтөрүп, мындан ары күч органдарына өзү көзөмөл жүргүзмөк болду.





  Мыйзам талаа

Кубатбек Байболов:
"Конституциянын долбоорун окуп, катуу иренжидим"
- Паламентардык системага өтөбүз деп Убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрү айтып чыкканда чоң өзгөрүүлөрдү күтүп ыраазы болуп жүргөн элем, бүгүн Конституциянын долбоорун окуп, кату иренжидим.
Сунуш кылынган дол-боор жаңы конституция эмес эле муруңку толуктоо жана түзөтүү экен. Анысын мейли дейли бирок, система өзгөрбөптүр, Президенттин ыйгарым укуктары өкмөттү дайындоодо жана башка айрым жерлерде кыскартылганы менен күчү кадимкидей, бир аз өтпөй ар алакетке салып жатып укуктарын көбөйтүүгө далалат кылаары шексиз. Кандай болгон күндө да жалпы эл тарабынан шайланган парламент жана ошондой эле эл тарабынан шайланган Президенттин ортосундагы бийлик кайрадан "көк бөрүгө" айланып, запкысын эл тартаарына бөркүңөрдөй ишенип койгула.20 жылдан бери жабыр тартып келе жатып, "эки кочкордун башы бир казанга кайнабай" тургандыгын билсек да билмексенге салабыз.
Бир беткей же парламенттик же президенттик система болмоюнча, биздикиндей "аралаш курут кошкон май-ботко" ичти алып, беймаза кылаарына алигүнчө көзүбүз жетпегендиги өкүнүчтүү...
("Алиби" гезитине берген маегинен)




  Дипломаттар нааразы

Р.Отунбаевага бир собол
Туура, тышкы саясат Алайкуунун же Алайдын колотун башкаруу эмес. Миң түрлүү ийкемдик керек. Ушундай оор учурда айрым соратниктериңиздин (мисалы, токойчулардын арасында же конституциянын долбоорун жазып жаткандагы катачылыктар) туура эмес кадамдарынын айынан бир Россияга, бир АКШга ийилүүгө мажбур болуп, тышкы саясаттагы оор жүктү өзүңүз көтөрүп жатканыңызды эл көрүп турат. Бирок, акыркы учурдагы кадрдык жүрүшүңүз Калымбекова Бактыгүл аттуу айымды убактылуу өкмөттүн тышкы иштери боюнча бөлүм башчылыкка алып келгениңизге дипломаттар түшүнө албай туру. Б.Калымбекова Бакиев бийлигинин тушунда ТИМдин орун басарлыгына чейин жеткен. Кезинде Ж.Бакиевдин "шыпыргысын" ойдо эле шыпырган, трайбалисттик мүнөзгө жакын делген бул айымды кайсы себептер менен кызматка алдыңыз?
Учурда Б.Калымбекова кудум эле Бакиев мезгилиндегидей "өзүм билемдигин" салып, ТИМди "башкарып" алыптыр дейт.Мындай көрүнүштөн улам министрликтин ичинде нааразычылык күчө ала баштаганы айтылууда. Сиз не дейсиз, Роза Исаковна?




  От менен ойногондор

Ошто Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын түптөөгө чакырык жүрүүдө
Ош облусунда белгисиз адамдар тарабынан Кыргызстанды экиге бөлүү боюнча чакырыктар жазылган компакт-дисктер, баракчалар таркатылууда. Дисктерде экс-президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусу жазылган, анда азыр убактылуу өкмөт башында тургандардын бири Алмаз Атамбаев убагында премьер-министрлик кызматка келерде мурунку өлкө башчысы менен кантип соодалашканы тууралуу баяндалат. Кайрылууда 7-апрелдеги кагылыштарда кан төгүү Ак үйдүн буйругу боюнча эмес, оппозициянын чагымы менен уюштурулганы, буга утурумдук өкмөт жоопкер экени айтылат. Мындай мазмундагы беш миңге чукул компакт-диск Ош, Кара-Суу шаарларында жана Алайда байма-бай таратылууда.
"Үйлөрдүн дарбазалары алдына, базарларда түнкүсүн ташталып жаткан "бул дисктер жергиликтүү элде убактылуу өкмөткө карата ирээнжүүнү пайда кылып атат", - дейт Ош шаарынын тургуну Төлөгөн Келдибеков. Дисктер менен катар эле жергиликтүү тургундарга өлкөнүн түштүк аймагын өзүнчө бөлүнүп кетүүгө үндөгөн "Түштүк Кыргызстан демократиялык республикасын" түптөө чакырыктары бар баракчалар да таркатылууда.
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Кеңешбек Дүйшебаев бул иштердин артында Бакиевдер тургандыгын айтып, учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди.
"Азаттык"





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев Мадлен Олбрайт менен
макулдашып алып келген
конституциясын кыянатчылык менен өткөзгөнгө аракет жасап жатабы?

2-бет
Алмаздын ачуусу
3-бет
Жаштар министрлиги түзүлөт?
4-бет
Т.Исмаилова БШК төрагалыгынан неге баш тартты?
5-бет
"Святой"
6-бет
"ЭМИ БИЗДЕ ЭЧ КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ"
7-бет
Темир Сариев, убактылуу өкмөттүн өкүлү:
"Бакиевдердин жалгыз максаты - өлкөдөгү тынчтыкты бузуу"

8-бет
Кайдасыңар, мыктылар?!
9-бет
Улуу сапар алдында
10-бет
Кечиккен чындык, же ар дайым суудан кургак чыккан Акылбек не дейт?
11-бет
Курманбек Бакиев:
"Мени өлүм гана токтотот"

12-бет
ЭРКИНДИКТЕН ЗААЛИМДИККЕ ЖАНА ИШЕНИМГЕ КЕТКЕН ЖОЛ
13-бет
Повторяющиеся революции в Кыргызстане - это, прежде всего, кризис руководства
14-бет
"Кыргыз Эл Биримдигинин" чукул чакырылган III курултайынын ЧЕЧИМИ
16-бет
Кол тобунун Королу





а ­е¦Є.НҐй«