Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кыргызымдын жигиттери

Кол тобунун Королу
Таланттын эң таланттуу оюндарын көпчүлүк кыргыз көрбөй калды. Көрбөгөн соң, чыныгы таланттын баркын биле бербейбиз.
Антпесе, дүйнөнү дүңгүрөтүп, Кол тобунун Королу атыккан Талантыбыз биздин эле арабызда - Бишкекте 1968-жылы төрөлгөн. "Аламүдүн-1" кичи районунда бой жетип, 38-мектепте 7-класска чейин окуган. Алгачкы насаатчысы А.Л.Гоголев болгон.
Белгилүү машыктыруучу В.Н.Захарчукка жолуккандан тарта Таланттын таланты ар тараптуу ачылат. Бир жыл өтпөй Бишкектин, анан республиканын чемпиону атанат. Бүткүл союздук мелдештерде Кыргызстан адеп 14-орунду, жыл айланбай 4-орунду ээлеп, экөөндө тең Дүйшөбаев турнирдин эң мыкты оюнчусу деп таанылат.
Таланттын чеберчилигин кыргыз күйөрманы бааласа, Бишкекте, ал кездеги Фрунзеде өтүп жүргөн турнирде баалай алмак. Анткени, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымындагы мелдеште кыргыз өспүрүмдөрү намысты колдон чыгарчу эмес.
Ошондогу боз балдардын ичинен алгач ирет ЦСКАга алынып, жогорку лигада ойногон аксуулук В.Мануйленко болду. Москванын "Кунцево" командасы Талантка "куда түшкөндө" биздикилер кыйылып жатып араң жиберишкен. Андан аскерге чакырылып, жыл айланбай ЦСКАнын капитаны аталды. СССРдин чемпиону болуп, Советтер Союзунун курама командасына кошулду.
Бул эмне, кокустукпу? Же жаш уланды Кыдыр атабыз жылоолоду бекен?
Адистер баарыдан мурда Таланттын эмгекчилдигин, табияттан бүткөн талантын жогору баалашат. Туюм-сезиминин курчтугуна, чеберчилигине тамшанышат. Машыгуудан тажабас дулдул дешет. Төрт-беш коргоочуну буйтап өтүп, дарбазачынын далысынан же алаасынан топ киргизүү Талант үчүн кыйындыкка турбайт. Курч дагы, кубаттуу дагы.
1992-жылы Т.Дүйшөбаев Шериктеш өлкөлөрдүн (КМШ) команда капитаны катары Испанияда өткөн Олимпиадалык оюндарга катышты. Кыргыз уулу баштаган шериктештер бардык атаандаштарын жапырт утуп, Олимпиаданын алтын медалын тагынышты. Кийинки жылы дүйнөнүн чемпиону болушту. Бали!
Таланты ар тараптан ачылган Талантка дал ошол өзү багынткан Испанияда өнөр көрсөтүү буйруган экен. Азыноолак убакытка Германиянын атактуу клубдарына да чакырылып, кайрадан Барселонага келди. "Тека" клубунда Испаниянын чемпионатын эки жолу утуп алды. "Сьюдад-Реал" клубунда өз шериктери О.Гребнев, С.Погорелов менен бирге жалаң гана жеңиш үстүндө жүрүп, Чемпиондор лигасынын финалына жетти. Ал арада "кыргызчыл" испандар үч ирет Европа чемпионатынын байге ээлери болушту.
Кыргыз уулу Талант Дүйшөбаев 1994 жана 1996-жылдарда эки ирет дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу деп таанылды. СССР спортуна эмгек сиңирген чебер.
1992-жылдагы Олимпиада чемпиону Т.Дүйшөбаев испан курама командасынын катарында дагы үч Олимпиада оюндарына катышып, Атланта менен Сиднейде эки коло медалды канжыгага бөктөргөн.
2005-жылдын июнь айында "Дон Кихот" спорт сарайында дүйнөнү дүңгүрөткөн оюнчу Дүйшөбаевди узатуу салтанатына арналган матч уюштурулду. Спорттогу Олимпти багынткан кыргыз уулу гандбол менен коштошпой, мындан ары машыктыруучулук кесипке өткөнүн билдирди.
"Сьюдад-Реалдын" жаңы насаатчысы ээрге минген эң алгачкы жылы эле өз командасы менен Чемпиондор лигасында жеңип чыкты. Ушундай. Т.Дүйшөбаев устат катары дагы Европаны экинчи ирет таңыркатты. Бирок, негизги чабуулчусу У.Зорман жаракат алып калган 2006-жылы устатка кайрадан спорт аянтчасына чыгууга туура келди. 38 жашар улуу талант өз күйөрмандарын мында да жер каратпай, Суберкубокту бөктөрүп кетти.
Кол тобунун Королунун эрдиктерин санап отурса, өзүнчө узун тизме. Атайын китеп жазса да артыкчылык кылбайт.
Кыргыз гандбол мектебинин түлөгү, Олимпиаданын жана дүйнөнүн чемпиону, биздин Талант Дүйшөбаев - 1995-жылдан тарта Испаниянын атуулу. Анткени, эсил кайран СССР урап жаткан кезде Талантка орус паспортун ыраа көрүшпөгөн өңдөнөт. Ал эми кыргыз атуулу катары чоң ааламга чыгып, мыкты клубдарда ойноо кыйынчылыкка турганы түшүнүктүү.
Спорттук журналист К.Аламанов Афины Олимпиадасында Кол тобунун Королуна жолугуп, мазмундуу макала жазган. Анда Т.Дүйшөбаев кыргыз жергесин сагынарын, жубайы Ольга жана эки уулу менен бирге Ала-Тоого келип турарын билдирген. Улуттук спорттун ийгиликтерине да чын пейилден кубанарын айткан.
Журналисттин "биздин балдарды машыктырсаңыз болобу?" деген суроосуна адегенде жылмайып, анан минтип жооп берген экен: "Кыргыз балдары өтө таланттуу. Биз спорттун жеке түрлөрүн өнүктүрүүгө тийишпиз. Командалык оюндарда ийгилике жетүү Кыргызстан үчүн азыр өтө кыйын".
Жагалданбай, жакшы жооп берген экен.
Биздин мактообузга Талант, албетте, муктаж эмес. Бирок биз бүткүл дүйнөгө кыргыздын атын тааныткан Талант Дүйшөбаев - Кол тобунун Королу менен мактанууга акылуубуз.
Бирок, Бишкекте азыр гандбол оюну унутулуп, атургай, кол тобунун өзү табылбай барат. Талантыбыздын жолун улоочу таланттар качан чыгар экен? Чыгабы деги?

Акбар Рыскул




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
29-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Текебаев Мадлен Олбрайт менен
макулдашып алып келген
конституциясын кыянатчылык менен өткөзгөнгө аракет жасап жатабы?

2-бет
Алмаздын ачуусу
3-бет
Жаштар министрлиги түзүлөт?
4-бет
Т.Исмаилова БШК төрагалыгынан неге баш тартты?
5-бет
"Святой"
6-бет
"ЭМИ БИЗДЕ ЭЧ КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛБЕЙТ"
7-бет
Темир Сариев, убактылуу өкмөттүн өкүлү:
"Бакиевдердин жалгыз максаты - өлкөдөгү тынчтыкты бузуу"

8-бет
Кайдасыңар, мыктылар?!
9-бет
Улуу сапар алдында
10-бет
Кечиккен чындык, же ар дайым суудан кургак чыккан Акылбек не дейт?
11-бет
Курманбек Бакиев:
"Мени өлүм гана токтотот"

12-бет
ЭРКИНДИКТЕН ЗААЛИМДИККЕ ЖАНА ИШЕНИМГЕ КЕТКЕН ЖОЛ
13-бет
Повторяющиеся революции в Кыргызстане - это, прежде всего, кризис руководства
14-бет
"Кыргыз Эл Биримдигинин" чукул чакырылган III курултайынын ЧЕЧИМИ
16-бет
Кол тобунун Королу










??.??