Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бириксек колдон келет

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда
- Бүгүнкү Бириккен оппозициянын күчү менен шайлоодо жеңип чыгаарыңызга ишенесизби?
- Оппозициянын ичинен кимиси чыкпасын шайлоодо жеңмек. Ошондуктан мен дагы жеңээриме ишенем. Кеп берилген добуштарды сактоодо. Анткени, Кыргызстандыктар шайлоонун таза өтөөрүнө БШКнын жетекчиси качып кеткенден кийин ого бетер ишенбей калган. Мен бул жолку шайлоодо эл добушун коргоп калганга күчү жетээрине толук ишенем.

- Бийликке келип калсаңыз, оппозиция койгон талаптарды аткарууга кепилдик бере аласызбы?
- Мен Кудай деген адаммын. Мага кызматтын кереги жок. Эгер кызмат керек болсо, өткөн жылы болобу, азыр болобу бу бийликтен кызмат ала алмакмын. Мага кызмат эмес, Кыргызстандын келечеги керек. Азыр биз келечекти тандап жатабыз. Ушул шайлоо менен биз алдыга жылабыз же артка, Кокон хандыгына кетебиз. Мен балдарымдын Кокон хандыгында жашашын каалабайм.

- Учурдагы саясаттын эмнеси жакпайт? Алдыдагы келечекти кандай көрөсүз?
- Биринчиден, чындыкты жазган журналисттердин жок дегенде колун сындырбашын, саясий оппоненттерди өлтүрбөшүн жана күйгүзбөшүн, ар кандай шылтоолор менен түрмөгө киргизбешин каалайм. Мен демократиялуу өлкөдө жашагым келет. Менин балдарым дагы демократиялуу өлкөдө жашашын каалайм. Ал эми экономиканын өспөй жатышына бийликтегилер дүйнөлүк кризис жана башкаларды шылтоолошууда. Мен сегиз ай премьер-министр болуп иштеген адам катары айтарым; кризис бийликтин өзүндөгүдөй таасир этпейт. Кептин баары бийликтин өзүндө. Бизде коррупция, уурулук абдан көп. Кыргызстандын "биринчи" адамынын жакындары, тегерегиндегилер азыраак уурдаса, эч кандай иш деле талап кылынмак эмес. Өкмөттүн өзүндө эң жакшы программа бар. Тилекке каршы, аны эч ким аткарбайт. Анткени, алардын баары "чөнтөк" үчүн гана иштешүүдө. Мен өлкөгө кандай тартип орнотууну, мамлекеттин экономикасын кантип өстүрүүнү билем.

- Административдик ресурс, мамлекеттик машине деген бар. Аларга каршы тура аласызбы?

- Туура. Азыркы кадамым менен өзүмдү эң чоң күчкө каршы коюп жатам. Өзүмдүн өмүрүмдөн коркпоймун, бирок, жакындарымды, үй-бүлөмдү каршы коюу өтө кыйынга турду. Баарын ойлонуп, тандагандан кийин аткарууга тийшмин. Кыргыздар: "Иттин кожоюну болсо, кабыландын Кудайы бар" дейт. Биздин Кудайыбыз бар.

- Кандай мамлекет куруу тууралуу оюңуз бар?
- Биз былтыр меморандумга кол койгонбуз. Ошону карап көрсөңүз болот. Бийлик эл үчүн иштегендей, элге "отчет" бере тургандай система курабыз. Албетте, бир үй-бүлө башкара албай тургандай кылабыз. Өлкө бир үй-бүлөгө эмес, элине иштей тургандай болот.

- Жеңилип калсаңыздарчы?
- Мындай "вариантты" караган жокпуз. Биз жеңилсек эл жеңилет. Ал эми эл эч качан жеңилбейт.

Суроо салган:
Зулпукаар САПАНОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Чартчакырык
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"

3-бет
Жекмежек
4-бет
АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
5-бет
Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"

6-бет
Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…
7-бет
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"

8-9-бет
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда

10-бет
Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
11-бет
Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
12-бет
КУЛАКТАНДЫРУУ
13-бет
Күн бүгүн
14-бет
Түштүк, түштүк тарапта










??.??