Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Саясаттагы саясат

Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"
- Роза Исаковна, Сизди коомчулук эл аралык дипломатия боюнча тажрыйбалуу адис катары тааныйт. Ушундан улам, алгачкы соболду да ушул маселеден баштасак. Дегенибиз, буга дейре Кыргызстандагы АКШнын аба базасы өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү жөнүндөгү президенттин билдирүүсү чоң резонанс жаратып келген. Эми болсо бир аз дипломатиялык "боёк" сүртүү менен ордунда калды. Муну кандай түшүнсөк болот?
- Бишкекте кол коюлган келишимдер "Нью-Йорк Таймстан" француз гезити "Ле Мондго" чейин, Лондондун "Таймсы" баш болуп, Орусиянын толуп жаткан прессасын каптады. Биздин өлкө геосаясаттын кагылышынын чордонуна айланды да калды. Америка менен Орусиянын Президенттеринин жолугушуусунун алдында биздин "Манас" аэропортунда жайгашкан АКШнын аскер базасынын тагдыры 2014-жылга чейин чечилди. Эң кызыктуусу "Манас" авиабаза бул эки үлкөн өлкөнүн дүйнөлүк жана улуттук кызыкчылыктарын жакындатуу жана чечүүсүнө чоң өбөлгө түзүп берди. Жыйынтыгы биз баарыбыз билген Орусия менен коңушулаш Чехия жана Польшада ракеталарга каршы коргонуу системасын жайгаштырабыз деген Батыштын пландары эми жумшарып, акырындап жокко чыгарылат окшойт. Башка сөз менен айтканда дүйнөлүк державалардын миллиарддаган суммада эсептелген таймашы биз аркылуу жазылып, чечилип жатат. Албетте, жакында Жогорку Кеңештен өткөн "база калсын" деген мыйзам Орусиянын макулдугу менен болду десек да болот. Манас аба база маселеси 2005-жылы Астанада өткөн ШОСтун саммитинде биринчи ачыкка көтөрүлүп, 2009-жылы Екатеринбургда кошуна президенттер менен сөзсүз түрдө макулдашылды. Демек, Кытай да каршы эмес. Ооба, финансы-материалдык жактан бир чети биз азыр уткандай болуп жатабыз. Бул келишим үчүн биз жалпысынан 170 млн. долларга чейин киреше көрөт экенбиз. Бирок, ошол эле убакта эмне себептен "Манас" аэропорту аркылуу өтүп жаткан канча миллиондогон салык, күйүүчү майдын реэкспортунун акысы ачык-айкын болбойт, элге угузулбайт? Кеп миң-миң деген учактардын жүрүшүндө болуп жатпайбы. Бир эле 2008-жылы Манас аркылуу 89 миң аскер ташылган. Келечекте 150 миңге чейин жете турган НАТО аскерлери, сансыз материалдык товарлар биздин жаңы логисттик борбор аркылуу өтөт. Бул канча тонна керосинди талап кылат?! Өткөн заманда Акаевдин уулу, азыр Бакиевдин үй-бүлөсү аскер базанын күйүүчү май бизнесине тике тиешелүү экенин эч ким тана албайт. Кайсы көлөмдө, канча салык бюджетке түшөт- бул кыргыз элин, жалаң эле бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын баккан булак эмес да.

- Бул келишим бир чоң математикалык пасьянстын жыйынтыгына окшогонсуйт. Жарым жылга жетпеген мөөнөттө Кыргызстан Орусиядан да, Америкадан да пайда көргөнгө аракет кылды. Дегеле тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктар жалаң эле материалдык эсеп менен ченелеби же баалаша турган башка да баалуулуктар барбы?
- Сурооңуз мага бир фактыны эске салып жатат. Ушул күндөргө чейин Африка өлкөлөрү АКШдан жардам алганды милдеттүү түрдө көрүшөт. Өткөн кылымдарда Түндүк Америка кулдукка жүз миңдеген элдерди тартып, Африка континетинин кен байлыктарына аябай кол салган. АКШ менен Кыргызстандын ортосунда эч тарыхый байланыш, катнаштар жок болучу. Ошого карабай акыркы 16 жылдын ичинде Америка Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашык суммада акысыз жардам берүүдө. 1991-2000- жылдары акысыз азык-түлүк жардамы 747200 метрикалык тонна, же болбосо 31 кг буудай бир адамга деп ченелет. Мен Вашингтондо элчи болуп турганда бир гана 1993-жылы Кыргызстанга эң чоң көлөмдө 156миң тонна буудай жиберилген. Өзүнүн таасирин күчөтөм деп, кайрадан мурдагыдай башкарууга ээ болом деп, быйыл Орусия 150 млн. доллар грант акчаны биздин өкмөткө которуп берди. (АКШ бир жылда бизге берген жардам жана аэропорттун пайдалануу акысынан түшкөн суммага барабар) Орусия убада кылган 2 миллиарддын 300 миллиону келип түштү. Бул сумма жалпысынан Америка бизге берип жаткан жардамдын көлөмүн түзөт.
Бул финансылык жарыштын очогу геостратегиялык күндөштүк АКШ аскер базанын бизде жайгашканы же жоголушу. Ооганстан жаңжалынан биз жалаң эле нак-талай киреше утканга умтулбай, азыркы учурда ага далыбызды салбай, өз салымыбызды да кошушубуз абзел. Ооганстандагы абал тынчып, террористтердин очогу жоюлса, жалпы Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан да сөзсүз утат. Азыр Американын, НАТО өлкөлөрүнүн жаш жигиттери, солдаттары ал согушта өздөрүнүн өмүрүн коркунучка такап, биздин да коопсуздугубузду коргоп жатышат. СДПК фракциясы бийликтин жалаң материалдык, эгоисттик, кыска көз карашын февралда толук көрүп, андан түңүлүп, ЖКнын чечиминен баш тарткан. Азыркы тышкы саясат өткүл, иретсиз, туруксуз, алысты көралбаган саясаттын үлгүсү.

- Жаныбыздагы кошуна өлкөлөр да өзүнүн кызыкчылыктарын колунан чыгарбай, Афган операциясына кызуу катышууда. "Манас" транзит борбору боюнча келишим аргасыздыктын белгисиби же болбосо биз акыл калчап, терең түшүнүк менен барып жатабызбы?
- Бул жерде эки жагы тең бар. Быйыл февралда Бакиев өзүм билемдик манерада келишимди Жогорку Кеңеште денонсация кылып, кошуна жана ири өлкө башчыларына "биз баарына тең ата мамиледебиз" деп, элге кайра-кайра кайталап, бой көтөрүп жүрдү. Анан Тажикстан, Орусия өз жеринен Ооганстанга жүк жөнөткөнгө толук мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө макулдук берип жиберишти. Навои аэропорту Манаска альтернатива болуп тандалды. Азербайжан менен Түркия да абдан тез арада өздөрүнүн аба майдандарын сунушташты. Казакстан өзүнүн территориясынан учактарга өтүүгө уруксат берип, аскер эмес жүк ташуучуларды өткөзүп, өздөрүнүн жоокерлерин Ирактан Ооганстанга жиберүүгө даяр экенин кабарлады. Батыш өлкөлөрү биздин өкмөттүн "чайкоочулук" позициясын көрүп, суук мамилеге өтүштү. Дүйнөлүк Банк, Валюта Фонду, Европа жана Азия өнүгүү банктарына таасири бар АКШ жана анын шериктеш өлкөлөрү бизге карата башка саясат колдонууга өтүштү. Мунун баары биздин бийликтин бетине суу сепкендей болду. Мындайларды көрөөрү менен биздикилер кур калбай аты башка, мазмуну баягы эле эски келишимди АКШнын өкүлдөрү менен токуганга өттү.

- Учурга көз чаптырсаңыз дүйнөлүк экономика кризиси, жумушсуздук, жакырчылык, диндеги экстремисттик көрүнүштөр, эми болсо террористтердин элдин арасында аралап жүргөнү, жалпы коомдун коопсуздугуна коркунучтарды алып келүүдө. Сиз кандай деп ойлойсуз, биздин өкмөт буларга туруштук бере алабы?
- Бул аябай катаал комплекстүү абал, биз чынында эле башкалар көрбөгөн дүйнөлүк кризис заманында жашап жатабыз. Кыйла өнүккөн өлкөлөр да бизден кыйын учурдан өтүүдө. Кеп сабаттуу, билим-илимдин негизинде коомду башкарууга болгон кадр потенциалын иштетүүдө экен. Кыргызстандан болсо жаштар, билимдүүлөр массалык түрдө четке кетип жатышат. Келечегин башка өлкө, башка эл менен байлап жатышат. Өкмөт коррупциядан чыгалбай, алсыз отурат.
Диний кырдаалды К.Осмоналиев Ливан өлкөсүндөгү сценарий менен кетиши ыктымал деп курч баа берди. Исламдык радикализм, экстремизм өсүүдө. Ал эми мамлекетте жооптуу адамдарыбыз өзүн байытуу менен алек. Маселен көчөдөгү таксисттер министрлерден көбүрөөк табат, бирок алардын мүлкүн салыштырса асман менен жердей. Анализ, программа дегендер кана? Президент кадрларды иш сапаттарынын негизинде эмес, жердешчилик, тууганчылыктын негизинде тандаганы күнүмдүк көрүнүш болуп калды. Андай болбосо Дос-бол сыяктуу "доссекретардан" өкмөткө не пайда? Бары - жогу, иши билинбесе, идеологиялык чөйрөдө татаал маселелер турса мунун эч таасири жок. Азыркы президенттин кадр саясатына мүнөздүү. 21- кылымда Кыргызстанды мындай "акалар" башкарса, келечек жок бул өлкөдө! Ушундай деңгээлде башкаруу болсо кыргыз мамлекетинин конституциясы светтик болуп кала берерине ким кандай кепилдик бере алат?

- Биздин укук коргоочулар Манас авиабазасы боюнча талкуу жүрүп жатканда Вашингтон биздин Акүйгө көз каранды экендигин билдирип, көп учурда көздү сайган, оркойгон укук бузууларга көз жумуп, добушун чыгарбайт деп күнөөлөштү. Эми азыр база же транзит борбору отурукташкандан кийин бул кырдаал андан да ашкан ашачапкандык болуп калбайбы?
- Мен бул соболго мындайча жооп берейин. 2010-жылы Казакстан ОБСЕ уюмунда башчылыкты алат. Бул фактыны позитивдүү түрдө баалайм. Астана 2010-жылы негизги максаттарыбыз деп Орто Азия регионунда стабилдүүлүктү бекемдөө жана Ооганстанды реконструкциялоо деп атады. Стабилдүүлүктү мен башкача түшүнөм. Орусиянын бир саясатчысы: "Көрүстөндө гана баары тынч, баары бири-биринен айырмаланбайт" дегениндей, Казакстан биздин регионго европалык укук стандарттарды турукташтырганга күч-кубат, саясий колдоо берээрине толук ишенем. Негизи өлкөбүздө өзүбүз тынымсыз иштеп, бул нормаларды аткарганга аракет жасашыбыз керек. Ооганстанга шылтап, терроризмге каршы күрөшүп жатабыз деп азыркы авторитардык башкаруу күндөн-күнгө күчөй берсе, Бишкектен баштап, алыскы айылдарга чейин туруштук беребиз. АКШнын Мамлекеттик департаменти көз жумса күчтүү атуулдук коомдор менен бейөкмөт уюмдарды чакырабыз. Конгресмен, сенатор досторубузга кайрылабыз. Бейбаштыкка жол бербейбиз. Аскер база үчүн биздин демократиябызды туткунда калтырбайбыз, чара көрөбүз. Түптө июнда болгон окуялардын аягына сөзсүз жетебиз. Маанисиз, ИИМ өкүлү биздин фракциянын жыйынында Ысык-Көл зонасына милициянын толуп, орой-кескин түрдө курултайдын катышуучуларына каршы иштегенин логикага жатпаган шылтоолорду айтып, анти-террористтик операция иш-чара көрүп жаттык деп шыпшынды. Авторитаризм, тираниянын логикасы жок. Мындайды орустар "сила есть, ума не надо"- деп коет.

- Алдыда Президенттик шайлоо. Өлкөнүн андан аркы келечегин аныктай турган күн. Дасыккан саясатчы катары Сизден сурагыбыз келет, алдыда Кыргызстанды кандай бурулуштар күтүп жатат?
- Биринчиден шайлоону өткөрөлү. Эл биздин талапкер Алмаз Атамбаевге берген добуштарын коргойлу. Азыр каякка барбайлы, ким менен сүйлөшпөйлү, элдин баары эле "биз го добушубузду беребиз, аны кантип коргоп алабыз" деп жатышат. Бизге көп нерсе жардам берип жатат. Мисалы, Сокулуктун борборунда 200 м. радиус жеринде 5 щитте Бакиевдин сүрөттөрү илинип, Чүй өрөөнү боюнча 200 км., аралыкта билборддорду акимдер 500 метр сайын илип салышыптыр. Элдин кыжыры келгенин айтпа. Орусиянын сайттары муну шылдыңдап чыгарышыптыр. Ошентип бизге жардам Бакиевдин штабынан келип жатат.
Кыргызстан келерки 1,2 - 2 жылда КМШ чөлкөмүндө болуп жаткан чоң экономикалык кыйынчылыктарга жолугат. Дүйнөлүк Банктын президенти Роберт Зеллик Орусиянын келечегин пессимисттик мааниде сүрөттөдү. Дүйнө жүзү боюнча жалпы дүң продукциясы 2,5% төмөндөсө, Орусияда - 7,5%га барабар экен. Бул сөзсүз биздин мигранттардын жумушсуздугун күчөтөт, үйгө салган акчасын кыскартат. Кыргызстан бул агымдын суутулганын катуу сезет. Келээрки кыш менен жаз оор эле болот окшойт. Бакиев 2005- жылы биздин баарыбыздын авторитетибизди жумшап, жылуу-жумшак, элдин ысык дем-үмүтү менен шайланган. Азыр андай болбойт. Кечээ эле санаалаш жүргөн партиянын бир функционери кайсы бир сайтка: "Мурдагы оппозиция жоголот, жаңы тилалчаак, бийликтин партиясынан кийин экинчи чоң топ катары саясатта орун ээлейт" дептир. Мен ошол уланга терең жаңылышасыз дээр элем. Себеби, биздин оппозициялык күч күчүндө. Тарыхый ролубуз, милдетибиз - авторитаризмди жоюу. Бул күчтүү, өзүнө жана элге ишенген топтордун ой-тилеги. Биз бул максаттарга жетээрибизге ишенебиз.

Суроо салган
Мээрим Газинур кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Чартчакырык
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"

3-бет
Жекмежек
4-бет
АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
5-бет
Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"

6-бет
Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…
7-бет
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"

8-9-бет
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда

10-бет
Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
11-бет
Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
12-бет
КУЛАКТАНДЫРУУ
13-бет
Күн бүгүн
14-бет
Түштүк, түштүк тарапта





а ­е¦Є.НҐй«