Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

 "Кеттен" кел

АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
Жыл башында Курманбек Бакиев Манастагы АКШнын аскердик аба базасын өлкөдөн чыгаруу чечимин Россия президенти Медведевдин "колтугунан" ачыкка чыгарган болчу. Аталган чечим айтылаары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерге-сууга тийгизбей мактап, ооз көптүрүп жатып калышкан. Өтө гениялдуу чечим болду дешип. Ага улай өкмөт өз токтомун токуп, парламент бир жактуу чечим менен "Гансини" "көчүккө" тепкен. Жергиликтүү оппозиционерлер, айрыкча ажону жакындан билген соратниктери "АКШнын базасы кетпейт, Бакиев Москвада макул деп, кийин кайра жок" деп коё берет дешкен. Айткандай эле, АКШнын Манаста жайгашкан аскер базасы эми дагы бир жылга калмай болду. Аты гана Ганси эмес, транзиттик борбор болуп өзгөрбөсө, америкалык аскерлердин статусу, кол тийбестиги ошол бойдон калды. Анан да мурункудай аскердик жүктөр ташылат. Болгону төлөнө турган акчасы көбөйдү. Муну кыргыз аткаминерлери айтып бүталбай жаткан чагы. Бирок, маселе канча акча түшөөрүндө эмес, кайда, кимдин чөнтөгүнө түшөт дегенде болуп жатпайбы? Дегеним, ушул убакка чейинки Каржы министрлери АКШ базасынан канча каражат түшөөрүн, алар кайда жумшалаарын айталбай келе жатышы эмнени каңкулайт.
Экинчиден, АКШ базасы чыгарылаарын ажо жар салган учурда, ага жүйөлөп бир топ маселелер айтылган болчу. Алар эмне үчүн азыр айтылган жок. АКШ аскерлери жасаган жоруктар көмүскөдө калбадыбы. Маселен, 2006-жылы америкалык учак менен Кыргызстандын жарандык учагы кагылышкан. Кыргызстандын кыйраган учагы 600 миң долларга зыян тартып, АКШ 250 миңин гана төлөптүр. 2002-жылы март айында америкалык аскерлер эки кыргыз кызын коюп кетишип, жыйынтыгында экөөсү тең майып болгон. Алардын бирөөсүнө 300, экинчисине 700 доллар компенсация төлөтүшүптүр. Кийин кыргызстандын жараны А.Ивановду атып өлтүрүшкөн. К.Бакиев Москвада АКШ базасын чыгаарууну жарыя кылганда так ушул Ивановдун өлүмү жана айдоо аянттарына төгүлгөн керосинден дыйкандар жапа чеккени үчүн жогорудагыдай чечим чыгарылып жатканын баса белгилеген да. Келишим түзүлүп жатканда булар эмне үчүн айтылган жок? Мындан сырткары бийлик жетекчиси Ооганстанда абал турукташканын жана аны күч менен согуш аркылуу чечүүгө болбой турганын негиздеген акылман сөздөрдү айтып келген. Бирок, акча маселесине келгенде алардын баары жок болду. Өлүм, инцидент, керосин дегендердин баары унутулду.
Кечээ эле АКШны "кет" деп жаткан кыргыз бийлиги жаңы келишим түзүүгө Ооганстан жана Пакистандагы кырдаал түрткү болуптур. Алардын логикасына таянсак, күч менен чечүүгө болбойт деген ойлорунан кайтышып, азыр аталган өлкөлөрдөгү кырчылдаган согушка көмөк көрсөтүшмөк болуптур. Анан ошол согушка жардам беребиз дешет да, аскердик жүктөр ташылбайт деп, элди жана эл аралык коомчулукту алдагылары келет. Америкалыктар согуш болуп жаткан жерге аскер, курал-жарак ташыбаганда помидор менен картөшкө алып бармак беле? Логика деген кайда? Ал эми жаңы келишим боюнча кандай жүктөр ташылаарын Кыргызстандын Тышкы иштер министри К.Сарбаев айталбай, журналисттерден качып жүрдү. Анын ордуна депутат Р.Тагаев: "Аскердик жүктөр болбойт. Ташылып өтчү жүктөр үчүн аянтча болот. Аны куруш үчүн америкалык тарап 36 миллиондон ашуун доллар жумшайт. Ал биздин жерде болот. Ал жерде жарандык учактар турушат. Алар абамайдандан башка жакка курулат. Ошол курулган жерде борбордо иштегендер турушат. Бул кишилер аскердик эмес жүктөрдү ташуу менен алек болушат" десе, "Акжол" партиясынын дагы бир өкүлү К.Карабеков: "Манастагы аскерий базаны чыгаруу боюнча Кыргызстандын чечими аткарылат. Ал эми Транзиттик борбор түзүүдө Кыргызстан ЖККУ жана ШКУ уюмдарына каршы келген жок. Анткени Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан да транзиттик жүк ташууга уруксат берген" деп билдирген. Булардын айтканы карандай калп экендигин АКШнын тышкы иштер ведомствосунун пресс-катчысы Иан Келли Вашингтондо сүйлөгөн сөзүн ачыкка чыгарып отурат. Ал: "Манас" аба базасындагы транзиттик борбордон жалаң Ооганстанга тартылуучу аскерлер менен аскердик жүктөр ташылат" деп билдирди. (В центре транзитных перевозок в аэропорту "Манас" будут находится только транзитный военный персонал и сотрудники, обеспечивающие транспортировку грузов в Афганистан".
Памир МАНАС




Оо, анда көктөм эле
Кайран сөздөр ай
АКШ базасы чыгарылат дегенде тилинен чаң чыккандар эмнегедир бүгүн үн катпайт. Уялып калыштыбы?
Чолпон Баекова,
"Акжол" фракциясынын депутаты,
ЖК төрагасынын орун басары:

- Ыза болом, биздин Ата Мекенибизде өзүбүздүн жараныбыздын укуктарын толук кандуу жактай албай жатканыбызга. Анан дагы сөз чыгарып атышат, баланча жерге сатып атат, түкүнчө акча берсе калып калат, деп... Булардын эмне кереги бар?

Кубанычбек Исабеков,
Жогорку Кеңештин төрага орун басары, "Акжол" фракциясынын мүчөсү:

- Бул аба базасы келип атканда, ошол учурда керектүү болчу. Ошол убакта Орусиянын бийлиги менен да макулдашылган нерсе болчу. Мыйзам катары муну мурунку парламент да бекиткен. Азыр абал башка да. Президентибиз туура айтып атат. Мисалы, биздин Иванов аттуу жараныбызды атып өлтүргөн америкалык аскер эмдигиче жоопко тартылган жок. Эмне себептен бул база кирип атканда АКШнын катардагы аскерлери да дипломатиялык кол тийбестикке ээ болуп калышкан. Ошого кол койгон мурунку бийликтин өкүлдөрүн да жоопко тартыш керек деп ойлойм.

Адахан Мадумаров,
Коопсуздук кеңешинин катчысы:

- Мындай чечим мен үчүн Гордость. (Москва) Алар башында бир жылга деп келишим түзүп келишкен. Бир жыл эмес азыр сегиз жыл болду. Сегиз жылдын ичинде абал кескин түрдө өзгөрүп кеткен жок. Ошондуктан Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары өзүнүн чечимин кабыл алды.

Марат Кайыпов,
экс-министр:

- Саясий жактан кыргыз мамлекети ойлонуш керек. Азыркы учурда АКШ менен Россия федерациясынын карама-каршылыгы күчөп атат. Каршылашкан эки мамлекеттин аскер базасын бир кичинекей Кыргызстан деген өлкөнүн ичинде калтырып коюу - кыргыз өлкөсүн келечекте аскердик полигон катары жасап коюуга тете деп эсептээр элем. Эч убакта каршылашкан мамлекеттердин аскерий базасын биз өлкөбүзгө калтырышыбыз керек эмес, сөзсүз бирөөнү тандап алышыбыз керек.

Жолборс Жоробеков,
саясий илимдердин доктору, профессор:

- Президент бул базаны чыгаралы десе, тиги АКШдан туруп алып бир азаматыбыз айтып атат "Кыргызстан чектелип калат" деп. Дагы башка азаматтарыбыз "Орусиянын кулчулугуна айланабыз", "Эгемендүүлүгүбүз жоголот" деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Эми булар болбогон, түккө турбаган сөздөр да. Мына, Өзбекстан деле АКШ базасын чыгарып жиберген, эмне алардын мамилеси начарлап кеттиби? Жок. Ошондой эле. Эч кандай таасир эткен жок.

Табылды Орозалиев,
"Акжол" фракциясынын депутаты:

- 2001-жылдан бери аскерий базасы биздин аймакта туруп, Ооганстанда согуш жүрүп келе жатат, аягы эмне менен бүтүп жатканын угуп жатпайбызбы. Бул деле мурдагылардай иш болот. Ошондуктан ооган проблемасы согуш жолу менен эч качан чечилбейт. Экинчиден, АКШнын аскерий аба базасы эки-үч жылга эле келген база болчу. Мына сегиз жылдан өтүп баратат. Ошондуктан мен ойлойм, ар бир нерсенин башталышы дагы болот, аягы дагы болот дегендей, бул маселе өзүнөн өзү бышып жетилген маселе. Эгерде парламент кабыл алса, кабыл алынган денонсация боюнча мыйзамга президент кол койсо, анда бул маселеге чекит коюлат.

Айбек Султангазиев,
Премьер-министрдин басма сөз катчысы:

- Кыргыз өкмөтү өзүнүн чечимин кабыл алды. Американын аба базасы боюнча келишимди денонсациялоого макулдук берди. Кайра баш тартат деген сөздөргө түшүнбөймүн.


Кадырбек Сарбаев,
Тышкы иштер министри:

- "Манас" аба базасы Кыргызстандын аймагына киргенден тартып асмандан Чүй облусунун аймагына 20дан 40 тоннага чейин күйүүчү май төккөн. 8 жыл ичинде "Манас" аба базасы Чүй өрөөнүнө 12-13 жолу май төккөн жана ушул убакка чейин анын экологиялык зыяндары жана кесепеттери толук эсептелген эмес.

Фракциянын лидери Улукбек Ормонов мындай учур Ош облусунда да кездешкенин, бирок бул айтылбай эле калганын белгилесе, "Акжол" фракциясынын дагы бир мүчөсү З.Жамалдинов бийликтин базаны чыгаруу чечимин шайлоочулары колдоп жатканын билдирген.

(Үстүбүздөгү жылдын февраль айында сүйлөнгөн сөздөрдөн)








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Чартчакырык
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"

3-бет
Жекмежек
4-бет
АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
5-бет
Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"

6-бет
Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…
7-бет
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"

8-9-бет
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда

10-бет
Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
11-бет
Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
12-бет
КУЛАКТАНДЫРУУ
13-бет
Күн бүгүн
14-бет
Түштүк, түштүк тарапта





а ­е¦Є.НҐй«