Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Жекмежек

Бириккен оппозиция
Бакиевди Атамбаев
менен телетаймашка чакырат
БЭКтин уюштуруу штабы кечээ журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, анда Бириккен элдик кыймыл К.Бакиевди Атамбаев менен телетаймашка чыгуусун сунуштаган сунушун Борбордук шайлоо коммисиясына жөнөткөнүн кабарлады. Анда азыркы президент менен анын негизги талапкерлеринин бири Алмазбек Атамбаевдин УТРК аркылуу телетаймашка чыкканы жалпы шайлоочулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болмок дешет.
Баса айтмакчы, буга чейин БШК чүчү кулак кармоонун негизинде телетаймашка чыга турган талапкерлерди аныктаган. Ага ылайык Алмазбек Атамбаев Темир Сариев менен, Курманбек Бакиев Токтайым Үмөталиева менен телетаймашка чыгышмак. Ал эми талапкер Жеңишбек Назаралиев болсо Нурлан Мотуев менен телетаймашка чыгуудан баш тартты. Анысын доктор нарколог Назаралиев "Мотуевге бере турган суроом жок" деп билдирген.


"Демократия аралчасы" авторитардык өлкөгө айланабы?
Жакында "Фридом Хаус" уюму дүйнө өлкөлөрүнүн ички, тышкы саясатына баа берүү жана түзүлгөн кырдаалга карата 8 мамлекетти авторитардык бийлик орногон мамлекет катары тааныды, анын ичинде бир кездеги "демократия аралчасы" деп Европа, ары жагы Америка тамшанган биздин Кыргызстан дагы кирди.

Ошто жер силкинди
Мурда күнү таңкы саат алты жарымда Ош облусунун аймагында күчү 5-6 баллга жеткен жер титирөө болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын Алай районундагы былтыр жер тирирөө болгон Нура айылынан 30 чакырым, Сопу-Коргон айылынан 80 чакырым алыс жерде болуп, Нурада 5 баллга жетти. Азырынча жер силкинүүсүнөн жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон жок деп кабарлап жатышат.




  Шайлоого 20 күн калды

Бириккен Элдик Кыймыл билдирет:
Шайлоо өнөктүгү мыйзам бузуулар менен коштолууда
Кечээ БЭКтин саясий бюро мүчөлөрү өткөргөн маалымат жыйынында шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуулар болуп жатканын белгилешти. Кыймылдын мүчөсү А.Бекназаровдун билдиргени боюнча Ош, Бишкек шаарларынын шайлоо комиссиялары мөөнөтү бүтүп баратканына карабастан, кайра түзүлгөн эмес. Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттары бир гана талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштеп, муну менен шайлоо кодексин өтө одоно бузуп атышат, дейт.
Ошондой эле талапкерлердин Улуттук телеканал аркылуу бири-бири менен чыккан дебаттарын да БШК элге түз алып эмес, жазып алуу түрүндө көрсөтө турганына макул эместигин билдиришти. Андай боло турган болсо, шайлоочуларга бурмаланган, монтаждалган маалыматтар көрсөтүлүп калышы мүмкүн деп чочулашууда.

Шайлоонун жүрүшү боюнча дагы бир маселе БЭК көз карандысыз байкоочулардын жүргүзгөн мониторингине таянуу менен төмөндөгүлөрдү билдирди. Мисалы, Улуттук телеканал бийлик талапкерин тынымсыз көрсөтүп, оппозициядан чыккан талапкерди дээрлик көрсөтпөй жатат дешет. Анысын ушул убакка чейин бийлик талапкерин 100 пайыз, оппозициянын бирдиктүү талапкерин болгону 0,02 пайыз гана көрсөттү дешүүдө. Ошол эле учурда баардык мамлекеттик телеканалдардан Бакиевди ашыкча мактап, Атамбаевди тескерисинче ыпластык менен каралаган маалыматтарды таратууда деп билдиришет, БЭКтин мүчөлөрү.
Ошондой эле бирдиктүү оппозиция бийлик өкүлдөрүн от менен ойнобой, элдин кыжырынан алыс болуусун суранат.




  Тараза

Динара Ошурахунова,"Менин тандоомдун мезгили" бирикмесинин жетекчиси:
"Талапкерлерге бирдей мамиле жасалбай жатат"
- Динара айым, үгүт өнөктүгүндөгү негизги оош-кыйыштар эмнеде болуп жатат?
- Эң биринчиден, талапкерлерге бирдей мамиле жасалбай жатат. Маселен, президент Курманбек Бакиев жер-жерлерге барган учурда жергиликтүү бийлик тосуп, элди чогултуп берип атат. Башка талапкерлерге, анын ичинде оппозициянын талапкерлерине бут тосуу, жолугушууга келген элдерди кайра таратуу сыяктуу фактылар болуп жатканын угуп жатабыз.

- Оппозиция телекөрсөтүүдө, башка маалымат каражаттарында теңдиктин болбой жатышына да арызданып жатты эле...
- Туура, биз азыр көрүп атабыз, Бишкек мэриясынын алдында "Үгүт компания" деген уюм ачылыптыр, алар башында жарнамалар жөнүндө эрежесин чыгарган. Бирок биз азыр бардык жерде Курманбек Бакиевдин үгүт-жарнамалары илинип турганын көрүп атабыз, башка талапкерлердики жок. Биз азыр эмне себептен ошондой болуп атканын сураштырып жатабыз. Эми телекөрсөтүүлөр тууралуу айтсак, УТРКнын "Ала-Тоо" программасы жаңылыктарда көбүнчөсү Курманбек Бакиевдин жолугушууларынан 3-5 мүнөткө чейин репортаж берип, ошол эле учурда башка талапкерлердики бир мүнөткө жетпей жатат.

- БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев бийлик тарап кара пиар колдонууда деп айыптады. Сиздин пикир?
- Чынында эле таза эмес ыкмалар колдонула башталды. Булардын баарын көрүп эле турабыз.

- Шайлоочулар тизмесинин түзүлүшүнө да дайыма сын тагылып келген. Бул ирет абал кандай болуп жатат?
- Туура айтасыз. Биз да азыр ошол боюнча айтып атабыз, бул шайлоо пландалган жок. БШКнын өзүнүн да башы айланып атат азыр, көп жерде тизмелерди түзгөндө туура эмес түзүп, же кайра алмаштырып кетип атат. Ошонун ичинде шайлоочулардын тизмеси боюнча эрежелер жакшы такталган жок. Ошондуктан ички мигранттар, андан тышкары башка өлкөлөрдө жүргөн мигранттар шайлоочулардын тизмесине кандай эрежелер менен киргизилирээрин биз билбейбиз. Биз шайлоочулардын санын жөн гана көбөйтүп атканын байкап жатабыз. Бирок кайсы эрежелер менен киргизилип, каттап атканын биз да түшүнбөй атабыз. Анткени андай эрежелер сакталган жок.





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Чартчакырык
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"

3-бет
Жекмежек
4-бет
АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
5-бет
Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"

6-бет
Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…
7-бет
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"

8-9-бет
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда

10-бет
Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
11-бет
Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
12-бет
КУЛАКТАНДЫРУУ
13-бет
Күн бүгүн
14-бет
Түштүк, түштүк тарапта










??.??