Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Кайрылуу

Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"
Урматтуу мекендештер!
Мага каршы даярдалган балит, ыплас маалыматтык провокациялардан улам ушул кайрылууну жасаганга мажбур болуп отурам. Сөз Жалал-Абаддын бир жериндеги менин шайлоочуларым менен болгон жолугушуум учурундагы так эмес фото-видео материалдар тууралуу жүрүп жатат. Белгисиз себептерден менин капыстан ооруп, өзүмдү жоготконумду "талапкер шайлоочулар менен мас абалында жолукту" деп маалымат таратышты. Карандай калп. Динге жакын бул аймакта акыл-эси ордунда болгон адам мындай ишке барбайт. Бул акция провокациялык, кала берсе алдын ала пландалган сыяктуу түр калтырды. Анткени, менин жолугушууга чыгып келаткан учурумду алдын ала эле камера менен тартып күтүп турушкан.
Бул ыплас материал Максим Бакиев менен Борис Березовскийдин досторунун гезиттери, телеканалдары аркылуу таратылганы дагы бир кыйла маанилүү.
Эмне үчүн мен буга чейин бул материалдарга эч кандай реакция жасаган жокмун. Узак убакытка үгүт сапарында жүрүп, бул материалдарды көрбөй, мен буга көңүл бурбаганымдан. Алгач, керек болсо, маалымат кызматыма кандайдыр бир реакция жасоого тыюу салып келдим.
Мен адеп-ахлактык нормалар менен жашоого жана алардын негизинде күрөшүүгө көнгөн адаммын. Бийликке жагалдангандар ушундай деңгээлге түшүп кеткенин чындыгында күткөн эмес элем. Бул провокацияга чейин көз карашта канчалык келишпестик болсо дагы, оппозиция Курманбек Бакиевдин Германиядагы эң кымбат клиникалардын биринде эки ай дарылануусуна, өзү менен бирге аны кайтаргандарга, кызматчыларга, коштоп жүргөн чиновниктерге кыргыз эли канчалаган миллиондорду төлөгөнү тууралуу суроону берген эмес… Улуттук телеканал аркылуу кайрылуу жасап аткан учурда, элде президенттин ден соолугуна байланыштуу көптөгөн суроолор пайда болсо дагы, биз ага түшүнүү менен мамиле жасаганбыз.
Эл арасында үй-бүлөлүк башкаруу режиминен бошонуу идеясы күч алууда. Бул кээ бир адамдарды тынч уктатпай атат. Оппозициянын бирдиктүү талапкеринин беделин кетирүү үчүн ыплас чараларды колдонуп жатышат. Ал тургай мени экинчи аялы бар дегенге чейинки калп маалыматтарды таратышууда. Алардын кээ бир "кумирлеринен" айырмаланып, менин жалгыз гана жубайым бар, экөөбүз чогуу өмүр сүрүп келатканыбызга 20 жылдан ашты. Биз бири-бирибизди сыйлап, сүйүп жашап келебиз. Мага никесиз баласы бар деген жарлыкты таңуулоо - абсурддук көрүнүш. Мен Кудайга ишенген адаммын, өз баласынан качкандарды эч качан сыйлабайм. Ак эмгек менен тапкан акчама жакшы көрүп, сыймыктанган балдарымды гана багууга эмес, бейтааныш балдарга, адамдарга да жардам берүүгө дагы Жараткан мага мүмкүнчүлүк берди.
Акүйдүн провокаторлор менен жалаа жабуучулары мага карата жаңы калпты даярдап атканынан дагы кабардармын. Алардын аттары дагы белгилүү, бирок мен 16 жылдан бери саясатта жүрүп "андайлар" менен бир дагы жолу соттошкон эмесмин. Мурда алар Акаевдердин үй-бүлөсүнүн колуна суу куюп жүргөн болсо, эми башка акырга баш салып атышат. Аларды Кудай таразаласын.

Булардын баары азыркы режимдин иши оңунан чыкпай калганын дагы бир жолу далилдеп турат. Биз алардан коркпойбуз. Алар оппозиция биринчи жолу бирдиктүү жалгыз талапкерин алып чыкканынан коркуп жатат. Бийликти тазалоо жана дагы күчтүү Кыргызстанды куруу боюнча так, ойлонулган, реалдуу программабыз дагы аларды бүлүккө салып жатат. Алар менин шайлоочулар менен болгон жолугушуумду үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашууда. Алар чындыктан коркот. Алар бизден коркот. Ошондуктан, алардын заманы бүттү. Мамлекет менен чиновниктер президентке эмес, карапайым калкка кызмат кылышы керек. Биз муну камсыз кыла алабыз, бул үчүн үй-бүлөлүк башкарууну уратышыбыз керек. Бириксек - колдон келет!

Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын
президенттигине талапкер
Алмазбек Атамбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Чартчакырык
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"

3-бет
Жекмежек
4-бет
АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
5-бет
Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"

6-бет
Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…
7-бет
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"

8-9-бет
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда

10-бет
Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
11-бет
Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
12-бет
КУЛАКТАНДЫРУУ
13-бет
Күн бүгүн
14-бет
Түштүк, түштүк тарапта





а ­е¦Є.НҐй«