Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Түштүк, түштүк тарапта

Хасан Сулеймановду 40 миң
доллар алып ким бошоткон?
20-июнда ИИМдин "Шер" деп аталган атайын отряды Кыргызстандын аймагына Ооганстан тараптан террористтердин кирүү коркунучунун алдын алуу үчүн Баткенге жиберилди. ИИМдин "Шер" деп аталган атайын отрядынын курамында тиешелүү даярдыктан өткөн 60 аскер бар.
Ошондой эле ИИМдин "Бөрү" деп аталган отряды да Баткендеги кыргыз-тажик чегарасына чек араны бекемдөө жана коопсуздукту күчөтүү максатында жөнөтүлгөн.
23-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда антитеррордук операция соңуна чыгып, куралдуу каршылык көрсөткөн беш адам өлтүрүлдү. Алардын баары Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү катары аталып, окуяга байланыштуу терроризм, мыйзамсыз куралдуу топторду уюштуруу беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Антитеррордук операция жүргүзүлгөн үйдөн беш автомат, "Муха" аттуу гранатомет, граната, тапанчалар, ок дарылар, жардыруучу заттар жана жардыруу ыкмалары жазылган инструкциялар, 10 кара түстөгү бет чүмбөт табылган. Операция учурунда УКМКнын бир жоокери набыт болуп, бирөөсү жарадар болду.
28-июнда Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында болгон ок атышуу учурунда үч жоочу өлтүрүлдү. Ок атышуу кечки саат жетилер чамасында башталып, таңга жуук аяктады. Куралчан топ жашынган үйдөн төрт граната, эки "Макаров" маркасындагы тапанча, ок-дарылар жана ондон ашуун уюлдук телефондор табылган.
29-июнда Ала-Бука районундагы 1-Май чек ара бекетинин жоокери Бекбай уулу Дөөлөткө ок тийип, Ала-Бука аймактык ооруканасында каза болду. 29-июнга караган түнү ал күзөттө турган. Түнкү саат 12ден 15 мүнөт өткөндө белгисиз тараптан атылган ок анын оң бутуна тийип, жоокер райондук ооруканага жеткирилген. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан октун кайдан атылганы изилденүүдө. Ала-бука райондук бийликтери менен аймактык оорукана эч кандай маалымат берише элек.
29-июнь күнү Өзгөндө дагы бир жоочу атып өлтүрүлдү. Белгисиз куралчан адамды атайын даярдыктагы жоокерлер эки күн издеп, ушул күнү Кош-Коргон айылынын четиндеги токойдон табышкан. Белгисиз куралчан милицияга каршылык көрсөтүп, граната жардырууга үлгүргөн. Натыйжада жоокерлердин бирөө жаракат алды. Өзбекстандагы ислам кыймылынын мүчөлөрү деп шектелгендерден ушуну менен Кош-коргон айылында төртүнчү жоочу өлтүрүлүп, экөө колго түштү.

Хасан Сулейманов 40 миң доллар менен бошогон
Өзгөндөгү атышууда атайын даярдыктагы жоокерлердин куралынан каза табышкан Оштун тургуну Сулейманов Хасан Абдукаримович 1977-жылы туулган. Ал Пакистандагы эл аралык террорчулар борборунан машыгуудан өткөн. Өзбекстандын атуулу, 1977-жылы туулган Сатвалдиев Ботир болсо Ханабад шаарынын тургуну. Дагы бир 40-50 жаштагы адамдын аты-жөнү такталууда. Куралчан топтун башчысы Хасан Сулеймановдун 2006-жылкы Кадамжайдагы атышуудан кийин коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок 40 миң доллардын аркасы менен боштондукка чыгып кетишин парламент депутаты А.Сулайманов жарыя кылды.

Жоочулар
Өзбекстандан келди
Өзгөндө жок кылынган жоочулар Өзбекстандан келишкенин Кош-Коргон жергесинде жок кылынган жоочунун аялы билдирди. Анын айтымында, алар Ханабад шаарынан чыгышкан жана Баш-Дөбө айылында квартира алып турууну көздөшкөн.

30-июнь күнү Өзгөндө өлтүрүлгөн жоочулардын өнөктөштөрү кармалды. Кармалгандардын бирөө Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык. Анын жанынан экстремисттик мүнөздөгү аудиоматериалдар жана граната табылган. Пакистандагы террористтик борборлордон машыгуудан өткөнү да маалым болду. Дагы экөөсү кыргызстандык жарандар экени аныкталды. Бирөө чет жердеги жоочулар менен байланыш түзүп турган, экинчиси мыйзамсыз паспортторду жасоо менен алектенген.

1-июлда Кыргызстанда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюмунун эки активисти кармалды. Анын бири тыюу салынган адабияттарды таратып, экинчиси уюмдун Бишкектеги жашыруун бөлүмдөрүн каржылоого көмөктөшкөн. Экөө тең азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагына салынды.

Кыргызстандын аймагында жоочулар көп
Өлкө аймагына өтүп келген жоочулар көп болуусу ыктымал экендигин "Таза дин" кыймылынын башчыларынын бири Дилмурат ажы Орозов таркатты. Облустун мурдагы казысынын билдиришинче, Кыргызстанга өткөн куралдуу кишилер Жалал-Абад шаары менен Өзгөн районунда жок кылынган жоочулардын санынан көп болуусу мүмкүн. Алардын келүүсү жөнүндө маалыматты тиешелүү уюмдар бир жарым ай мурда маалымдаган. Ошентип жыйынтыгында террорчулукка каршы Жалал-Абад менен Өзгөндө жүргүзүлгөн атайын операцияда ИДУ жана "Ислам жихады" деген уюмдардын мүчөлөрү деп шектелген куралдуу 9 адам жок кылынган.

Жогоруда болгон окуялар бүгүн эле чыга калган жок. Көрүп турганыңыздай аталган окуялар өлкөнүн кандай ахвалда турганын айтып турат. Кылмышкерлер эле эмес, четтен кирген душмандар дагы акча менен баарын чечип, өлкөдө тайраңдап жүргөнүн көргөзүп турат. Эми эле биле коюшкансып, издөөгө киришкенсийт. Кадырыңыз жан болсун, бул окуялар эртең эле "жым-жым" болот. Ооз басырык менен баары бүтөт. Дегеним, азыркы бийликте отургандардан эч ким жазага тартылбайт. Баары бири бирине тууган, дос, тааныш. Карапайым, бийликкте таанышы жоктор гана соттолуп, камалып, куулуп, өлтүрүлүшү мүмкүн. Мунун баары мамлекетте тийиштүү идеологиянын жоктугунан болуп жатканы айтпаса түшүнүктүү. Анткени, бизде бир гана "идеология" бар, "тууганыңды кызматка кой, же, ич". Ушунун кесепетинен жакырчылыкка баткан карапайым эл дин идеясына сугарылып, андан ары Халифат орнотобуз деген адамдардын жетегине кирип кетүүдө. Эгер мамлекет өз жарандарына улуттук духтагы тарбияны берип, балабакчадан баштап бирдиктүү идеяга сугарса мындай болмок эмес, болбойт дагы. Азыр Түштүктө эле эмес, өлкөнүн Түндүк аймагында дагы Исламчылар өз идеясы менен калкты терең сугарууда деген коңгуроо кагылууда. Эл деген эрендердин омурткасын омкоргон авторитардык, кландык-үйбүлөлүк система жогоркудай бейпил турмушубузга бүлүк салгандардын сары изине чөп салса кана?...

Памир МАНАС






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Чартчакырык
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"

3-бет
Жекмежек
4-бет
АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
5-бет
Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"

6-бет
Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…
7-бет
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"

8-9-бет
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда

10-бет
Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
11-бет
Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
12-бет
КУЛАКТАНДЫРУУ
13-бет
Күн бүгүн
14-бет
Түштүк, түштүк тарапта





а ­е¦Є.НҐй«