Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Күн бүгүн

КЫРГЫЗСТАН АЛСЫЗ МАМЛЕКЕТКЕ АЙЛАНдыбы?
Бүгүнкү бийлик өзүнүн кол алдындагы маалымат булактары аркалуу Кыргызстан өз алдынча жетилген өлкөгө айланды, муну акыркы жылдардагы өнүгүп өсүүбүз тастыктап турат дегенде карапайым калктын жаны кашаят экен. Эгерде биздин жетишкендиктерибизди байкабагандар болсо, көз доктурга барып көрүнүп алышсын деп сунушташат алар.Чамасы кубаттуу мамлекеттик башкарууну аңдап-билүү үчүн өзүңөр иштеп көргүлө дегенсип кыйытышат го!
Оппозициянын өкүлдөрү жана аларга санаалаш саясатчылар менен калк бул "дүжүр чалдардын", бийлик башындагылардын айлана-тегерегиндегилердин, аппаратчылардын пикири гана деп эсептешет. Каршы тарап чындыгында кырдаал таптакыр башкача, бийликтегилер мамлекетти башкара албай калышты, мамлекеттик машина натыйжасыз иштеп жатат, бардыгы "май көл, сүт көл" дегендик бул алардын чыныгы абалды жаап-жашырышканы деп санашат. Оппозиция өкүлдөрү өлкө бир орундан жылбай туруп калды, бийлик иштеп аткансып түр көрсөтүүдө, ошондуктан алар дагы бир мөөнөткө калууга акылары жоктугун айтышат. Кимисиники туура? Кимисине ишенүүгө болот?
Социологиялык иликтөөлөрдүн натыйжалары элдин чыныгы ой-пикирин, демек өлкөдөгү кырдаалды таасын чагылдырат. Эл аралык республикалык институттун заказы боюнча Балтикадагы социологиялык компания жана СИАР жергиликтүү агенттиги тарабынан май айында жүргүзүлгөн иликтөөлөр коомчулуктун пикири таптакыр башкача экенин көрсөттү. Расмий уюмдарга жана коомдук институттарга элдин ишеними кандай деген суроого респонденттер бийликтин расмий өкүлдөрү эң төмөнкү рейтингге коюшуп тизменин аягына калтырышкан.Көрсө Кыргызстанда бийлик бутактары эмес массалык маалымат каражаттары, диний уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар чоң ишенимге ээ экен. Ал эми элдин укук коргоо органдары менен сотко ишеними өтө төмөн. Ошону менен бирге социологиялык иликтөөлөрдө суралгандардын 49дан 37 пайызга чейинкиси Кыргызстан туура эмес жолдо бара жатканын же жооп берүүгө даяр эмес экенин айтышкан.
Калк арасында социологиялык иликтөө жүргүзүүнүн натыйжалары чындыкка дал келеби? Буларды өлкөлөрдүн эл аралык индекси толуктайт. 2005-жылдан тартып бир катар негизги көрсөткүчтөр боюнча "жөндөмсүз" мамлекеттердин абалы иликтелүүдө. Бул иликтөөлөрдү Американын эки алдыңкы саясий институту ФП. журналы жана Америкалык Тынчтык Фонду коомдук уюму жүргүзүп жатат.
Жакында 2009-жылдагы бүткүл дүйнөдөгү алсыз мамлекеттердин рейтинги жарыяланды. Анда Кыргызстан жалпысынан 89,1 балл алып 177 өлкөнүн ичинен 42-орунду ээледи. Ал эми рейтингди түзүүчүлөрдүн пикири боюнча эң бир кудуретсиз мамлекет катары Сомали эсептелет.Жалпы баллы 114,7 же 1-орун. Эң бир жөндөмсүз беш өлкөнүн катарына адаттагыдай эле начар өлкөлөр: Зимбабве 114 балл, Судан 112,4 балл, Чад 112,2 жана Конго Демократиялык республикасы 108,7 балл менен кирет.Рейтинг тизменин аягында калган мамлекеттер жөндөмсүздүк боюнча дурус көрсөткүчтөргө жетишкенин чагылдырат.
Мурдакы Союздук республикалардын ичинен Кыргызстанга салыштырганда Өзбекстан 92,8 балл менен 31-орунда, Тажикстан 90,3 балл менен 37-орунда калып кеткен. Бул өлкөлөр кызыл же коркунучтуу зонаны ээлешти.
Рейтингди түзүүдө мамлекеттин жашоого жөндөмсүздүгүнүн индикатору анализге алынат. Ар бир өлкө социалдык, экономикалык жана саясий 12 көрсөткүчтү камтыган мүнөздөмө аркалуу иликтелет. Эксперттер мамлекеттик институттун беш негизги мүмкүндүктөрүн иликтешет. Алар: саясий башкаруу, армия, полиция, сот системасы жана мамлекеттик кызмат, өлкөнүн жана анын атуулдарынын коопсуздугун камсыздоо.
Атайын компьютердик программа менен камсыздоону колдонуу менен ачык булактардагы он миңдеген макалалар көчүрүлүп, 12 индикатор боюнча оң жана терс баалар эсептелет.Андан соң ар бир өлкөнүн маалыматы иргелип шкала боюнча жыйынтыктоочу баалар 0 туруктуулуктун жогорку деңгээли жана 10 төмөнкү - жогорку тобокелчилик менен коркунуч катары коюлат. Ошентип эң бир алсыз жана туруксуз өлкө теориялык түрдө 120 балл алышы мүмкүн. Чындыгында эң начар деп эсептелген Сомали 114,7 балл алды.
2009-жылдагы жөндөмсүз мамлекеттердин арасынан Кыргызстан коркунучтуу индикатору бар өлккө катары 7 баллдык көрсөткүчкө ээ болду. Маселен, социалдык көрсөткүчтөр боюнча 1, демографиялык кысым жагынан 8,0, нараазы болгон жана кек сактоочулар тобу боюнча 7,2, адамдардын туруктуу жана үзгүлтүксүз миграциясы 7,5, Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн индикаторлору: экономиканын бир кылка өнүкпөй жатышы 8,3, экономикалык абалдын кескин начарлап кетиши 7.6.
Кыргызстандын саясий көрсөткүчтөрү боюнча, мыйзамсыздык жана мамлекеттин кылмышка аралашып кетүүсү 8,3, адам укугунун бузулушу 7,6, коопсуздуктун аппараты "мамлекеттин ичиндеги мамлекет" катары аракеттенет 7,7, "ак сөөктөр" кландары менен топторунун күч алышы 7,3, башка өлкөлөрдүн кийлигиши же сырткы саясий субьекттердин таасири 7,8.
2005-жылдан тартып 2009-жылга чейин Кыргызстан төмөнкү индикаторлор боюнча төмөндөөчү тенденцияга ээ болду: нараазы жана кек сактоочу адамдардын тобу 2005-жылдагы 5,4төн 2009-жылда 7,2ге өстү.адамдардын туруктуу жана үзгүлтүксүз миграциясы 4,3төн 7,5ке, экономиканын абалынын кескин төмөндөп кетиши 5,8ден 7,6га, коопсуздук аппараты же "мамлекеттин ичиндеги мамлекет" 5 тен 7,7ге, башка өлкөлөрдүн же сырткы саясий субьекттердин кийлигишүүсү 2005-жылдагы 5,7ден 2009-жылы 7,8ге өстү. Ошондуктан Кыргызстандын жалпы баллы 2005-жылдагы 80,4төн 2009-жылы 89,1ге жетти.
Алсыз мамлекеттердин индекси Кыргызстанда алга жылыш барбы же жокпу деген талаш-тартышка чекит коет. Мындан ким калыс экенин, мамлекеттин эң бир көйгөйлүү тармактары кайсы экенин билип алабыз. Мындай иликтөөлөрдүн зарылдыгы өлкөнүн жалпы мамлекеттердин арасындагы ордун аныктоодо турат. Экинчи жагынан мамлекеттин артта калуусуна же өнүгүп өсүүсүнө таасир этчү факторлорду көрүүгө мүмкүндүк болот. Ага байкоо салуу менен жыйынтык чыгара алабыз.
Эксперттик биримдик менен саясий институттарга чыныгы абалды көрүү менен мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга иликтөө жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Ал эми бийлик структураларына мамлекеттик башкаруу менен өлкөнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга карата чечимдерди кабыл алуусуна өбөлгө түзүлөт.
Бирок башкаруу институттары туура чечимдерди өз убагында кабыл алышабы жана аларды аягына дейре жеткиришеби деген мыйзамдуу суроо пайда болдууда.

Асылбек БОЛОТБАЕВ




ЗАЯВЛЕНИЕ

НАЦИОНАЛ-ДЕМОКРАТИЧЕСКОЙ ПАРТИИ "УЛУУ БИРИМДИК", ПОЛИТИЧЕСКОЙ ПАРТИИ ПЕНСИОНЕРОВ КЫРГЫЗСТАНА,
ПРАВОЗАЩИТНОГО ОБЩЕСТВЕННОГО
ОБЪЕДИНЕНИЯ "ЭР АЙДООЧУ"
КЫРГЫЗСТАНА, СОЦИАЛИСТИЧЕСКОЙ
ПАРТИИ "АТА МЕКЕН" ОТНОСИТЕЛЬНО ДЕЙСТВИЙ ЦЕНТРАЛЬНОЙ КОМИССИИ ПО
ВЫБОРАМ И ПРОВЕДЕНИЮ РЕФЕРЕНДУМОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ, КАСАЮЩИХСЯ ФОРМИРОВАНИЯ ОБЛАСТНЫХ, РАЙОННЫХ И УЧАСТКОВЫХ ИЗБИРАТЕЛЬНЫХ КОМИССИЙ

Считает, что действия Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики, касающиеся формирования областных, районных и участковых избирательных комиссией не соответствуют действующему избирательному законодательству.

ЦИК Кыргызской Республики вышла за пределы своих полномочий и в нарушение норм кодекса "О выборах в Кыргызской Республике", закона "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики", не принимает мер по формированию новых составов всех областных, Бишкекской и Ошской городских избирательных комиссий, срок полномочий которых истекает 9 июля 2009 года, а своим постановлением продлила срок их полномочий, на что не имела права. Деятельность этих избирательных комиссий после 9 июля 2009 года будет нелегитимной.

Кроме того, при формировании участковых избирательных комиссий по всей республике, ЦИК КР также обязана была решать вопросы формирования самостоятельно, поскольку при выборах Президента Кыргызской Республики функции окружной избирательной комиссии, имеющей право формирования участковых комиссий лежат на ней (ЦИК Кыргызской Республики) и поручать их формирование областным и городским избирательным комиссиям - незаконно.

Подобными действиями ЦИК КР нарушает избирательные права граждан, поскольку избирательные комиссии всех уровней не были сформированы в строгом соответствии с действующим законодательством Кыргызской Республики.

В своем ответе ЦИК признает незаконность формирования всех вышеуказанных комиссий, при этом оперирует незначительными и второстепенными правовыми деталями действующего законодательства.

Мы заявляем о нелигитимности действующих избирательных комиссий Кыргызской Республики всех уровней и требует законного их формирования.

Председатель Национал-Демократической партии "Улуу Биримдик"
Каптагаев Э.С.

Заместитель Председателя ППП КР:
Уметалиев Омурбек
Нургазиев Чолпонбай

Президент Правозащитного общественного объединения
Булатов Качкынбек

Председатель Социалистической партии "Ата Мекен"
Омурбек Текебаев




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Чартчакырык
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"

3-бет
Жекмежек
4-бет
АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
5-бет
Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"

6-бет
Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…
7-бет
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"

8-9-бет
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда

10-бет
Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
11-бет
Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
12-бет
КУЛАКТАНДЫРУУ
13-бет
Күн бүгүн
14-бет
Түштүк, түштүк тарапта










??.??