Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жок, жок, жок...

Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
Өткөндө Москвада өткөн "Евровидение" ыр сынагында тээ 80-жылдары далайлардын кумирине айланган "Чингизхан" группасы өзүнүн ошол кездеги репертуарындагы "Чингизхан", "Москва" аттуу ырларын конок катары ырдап чыгышты. Ал кездердеги миллиондогон музыка сүйүүчүлөрүнө ырахат тартуулаган "Чингизхандын" андагы таптатынакай ырчы кыз-жигиттери бүгүн чачтарын бубак басып, жаштары улгайса да, Москва "Евровидениесиндеги" алар аткарган жогорку эки ыр күнү бүгүнкүдөй жаш, тунук, уккулуктуу болуп, дүркүрөгөн кол чабууларга арзып турду. Демек, чыныгы обон, чыныгы ыр канча мезгил өтсө да арчадай жашыл болуп, ошол бойдон кала берет белем.
А бүгүн биздечи? Арабызда кечээ эле ырдап чыккан ырчы эртең "жылдыз" болуп чыга келүүдө. Айрымдарынын ырлары отуз жыл эмес, отуз күндөн кийин унутулуп калат. Далай "жылдыздардын" ырларды тандоо дарамети дээрлик жокко эсе. Мисалы, бир тобунуку "жегениң шоколад, сүйгөнүң мармалад" дегендей саптар. Же үч мүнөттүк ыр болсо, ошонун эки мүнөтүн жалаң "Жок, жок, жок..." деп кайталай берген жок ырлар. Кыскасы, бүгүн кыргыз эстрадасы "кой, ай" деген кожо жок доордо жашап жаткандай. Өкүнүчтүү.
1970-жылдар. Оо, ал кез кыргыз музыкасынын кайталангыс бир доору болгон окшойт. Үркөрлөр жылдызындай топтолушуп бир келген белем, кайран таланттар ошол кезде.
Атам айтып калат. Анда биз Рыспай абавызга окшогондордун караанын бир көрсөк дегенге эки көзүбүз төрт эле деп. Буларды жазганым, сөзүмдүн башында айткан, ошол мезгилдерде жаралып, бүгүн кайра ошол күндөгүдөй көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк таап жаткан "Чингизхандын", "Чингизхан" деген же Николай Гнятюктун "Бүт өмүр алдыда" деген ырларынан ашса ашып, бирок алардан кем эмес Рыспай Абдыкадыровдун, Жолдубай Кайыповдун, Мукан Рыскулбековдун, Калыйбек Тагаевдин, Эсенбек Мааданбековдун, Аксуубай Атабаевдин, Асанкалый Керимбаевдин, Түгөлбай Казаковдун, Токон Эшпаевдин, Бабарабшан Тургунбаевдин, Туйгунаалы Нурматовдун дагы далай обончуларыбыздын не деген гана обондору бар. Ошолорду эстраданын азыркы аранжировкасына салып, жанагы биздеги "сансыз жылдыздарга" ырдатып чыкса карысы да, жашы да ырахатка батат белең, ов!
Өткөндө кайсы бир концерттен тартылган кадрды көрүп калдым. "Он сегиз жаш", "Тумарым", "Ак чардак" деген ырлар эстрадалык ыргак менен ырдалып жатканда көрүүчүлөрдүн толкунданганын айтпа. Айрымдарынын ал тургай ыйлап жатканын көрдүм. Мына, өлбөс ыр деген ушул. Кагылайын кыргызымдын чынында эле туюму күчтүү, акылга тунук, табият сыйын туя билген, сөз кадырын баалаган артыкчылыгы бар. Эми ошондой мүмкүнчүлүктү андан ары арттырууга кантип болбосун. Султан Раев өзүңүз деле чыгармачыл адамсыз го, неге ушуну сезбейсиз. Же сиз дагы капкачан эле кургап, күнүмдүк бийликтин кулу болуп, талант менен талантсыздын, өлбөс ыр менен "суу" ырдын айырмасын ажырата албай калгансызбы? Болбосо, жогорку айтылган обончулардын көр болуп тоңуп калган көөдөндү да эритчүдөй не деген гана керемет обондору бар. Ошолорду алып чыкпайсыңбы, анда.

Нурдин Асанов
- 18 жашты кимдер гана сагынбайт. 16 жашымда филармонияга ырчы болуп келгем. Алгач "Элмира", "Күн чыгышым" деген ырларды аткарчумун. 17 жашымда "18 жашты" ырдап чыккам. Эми ал учур жомоктой кез эле да. 18 жашымда "18 жаш" менен атагым чыгып, "дүң" дей түшкөм. Бирок, балалык баео сезим менен атак-даңк эмне экенин, өзүмдүн атактуу болгонумду деле этибар албаптырмын. Жөнөкөй кийинип, жөнөкөй жүрчүмүн. Ошол мезгилдерде мен үчүн эл алдына чыгып ырдоодон өткөн бакыт жок эле. Татынакай кийинип алып, сахнага чыгып, бүт дитиң менен берилип ырдасаң, концертке келген эл дүркүрөтө кол чаап, кайра-кайра суранып ырдатса, тимеле жүрөгүм алып-учуп, кадимки канат бүткөндөй туюлчу. Анан ансайын ырдагым келип, эргип чыкчумун. Ошондогу менин булактай атылган учурумдун элестери "18 жаш" деген ырда калды. Ал ырды уккан сайын, ырдаган сайын ошондогу кайрылгыс, кайталангыс кездерим көз алдыма тартыла түшөт. Репертуарымдагы 50дөн ашык ырларымдын ичинен жүрөккө эң жакыны ушу "18 жаш".

- Эл үчүн жашап, эл үчүн ырдачубуз. Бизди эч ким чалчактатып эркелетчү эмес. Жылдыз оорусу менен ооруган жокпуз.

- Азыр сахнага чыксам өзүм да ыйлап жибергим келет. Жүрөгүм титиреп кетет. Алыста калган делбирим кездерим көзүмдөн учуп, эмнегедир ошол күндөргө кайрылып баргым келет. Эл батпай, тимеле бирине- бири тирешип туруп алышып, ырларыбызды уккан мезгилдерди сагынам.

(КРнын эмгек сиңирген артисти
Зейнеп Шайкееванын "Айгай"
гезитине берген маегинен)




РАЕВ МЫРЗА, ТИЗГИНИҢ КОЛУҢДАБЫ?
Экранда "Исаевфильм"

Кийин кудай урган заман келгенин баарыбыз билип бүттүк. Законду чогуу-чаран жазып алып, анан аны бузуп жашаган коом орноду, биздин тырнактай мамлекетте. Атаңдын көрү дүнүйө, эпадам мамлекет башында турган же тургандар закон кууп жашаганда… "…чылыктар" калбайт беле… ушинтип шыпшынып калчу да болдук. Эми бу баналдык чындыкты саймедирей бергенден пайда-бата жок, ушуга байланыштуу миң сан мисалдын бирин айтып тынайын…
Ысык-Көл телерадиокомпаниянын төрагасы болуп Турганбек Жунушалиев шайланганда, бу жагдайды жакшы түшүнгөндөр аябай кубанышкан. Анткени, бу жигит өмүрүн таза өтөп келаткан, жулунбаган, токтоо, кебинен кемтик кетирбеген акылы тунук, окусаң кайра окутуп койчу ырлары бар акын, өлүм кандай болорун өз көзү менен көрүп, ага каршы туруп келген афганчы жигит.
Ал өзүнөн мурунку төрагалардай болбоду, алардын бири жакшы жеди, Нарын тарабына камера баш болгон биртоп аппаратты ала кетти дешти, анан бирөө күнү-түнү ичип жүрүп а кетти, дагы бири бир жаш кыздын төшүн чапчып жиберип бу кетти кызматтан, кийинкиси бухгалтери менен өтө-ө жакын болуп алып чогуу жешип, а кетип тынды кызматтан. Турганбек антпейт эле. Эми минтип кызматтан кетип отурат. Губернатор Исаевге жакпай калган имиш.
Губернатор Исаев демекчи, бу мырза Көлдүн телесинен бир күн да түшпөйт, кеминде эки сюжетте бар. Бир ирет Турганбекке айттым эле: "Түкө, жанагы "Мосфильм", "Ленфильм", "Кыргызфильм" дегендер бар го, анын сыңары сен телекөрсөтүүңдү "Исаевфильм" кылып албайсыңбы" деп. Теледен көрүнүү боюнча Исаев мырзага тең келген бир дагы адам жок деп айтсак эч жаңылбайбыз. "Эл артист" дегендерден көбүрөөк көрүнөт, андыктан ошол наамды берип койсо ашык деле болбойт… Арыдан бери болуш керек го акыры…
Ошентип, Жунушалиевди министрликке чакырып алып, зордоп туруп, арыз жаздырып алышкан. Бир юрист айткан тура "министрликти сотко берсең кызматыңды оңой эле аласың" деп. Бирок, Турганбек ал жолго эч качан барбайт, анткени. ал накта жигит аты бар, намыстуу өскөн инсан.
Маданият минстри Султан Раев бу төраганы түшүрүү процессине катышпаптыр деле. Баарын кылган анын орун басары Бектеналиев деген мырза экен. Көрсө, ошол Бектеналиев жана министрликтин бөлүм башчысы Айдаркулов экөө Тайтекеевге орун издеп жатышкан тура, таластык инибиз дешип.
Жеке мен Тайтекеевдин төрага болушуна каршылыгым жок. Анткени, аны тээ илгертен билем, дурус жигит, көп жыл радиодо иштеди, иш билги журналист. Анан бир күнү ал жактан кетип "Бакиев кет эле кет" дегендердин катарында жүрдү, оппозициянын штабына байыр алды. Анда ал кездеги "Агымдан" чыкпай калган, Бакиевди боктоп-сактап. 2006-жылдагы Бакиев бийлигине каршы митингде "Бакиев кет!" деп тамагы айрылганча кыйкыргандардын бири. Анан эле кайра Бакиев бийлигине жан тартып калганына аздап таң калдым. Же Раевдин министрлиги президентине каршы тургандарды сүймөнчүк тутушабы?! А балким минстрликтин "эки тизгин, бир чылбыры" Бектеналиевдердин колундабы? Андай болсо айла жок дечи…
Т. Жунушалиев Көл телесине төрага болуп келгенден кийин көрсөтүүлөрдүн сапаты артты, тың журналисттер ишке алынды. Оргочордо турган передатчиги сынды эле Алматыга чейин өз акчасын сарптап, самсаалап жүрүп аны алып келди. Турганбектен башка төрага болсо, Көл телеси азыр иштейт беле же жокпу арсар болчу
Эми болору болду окшоду. Турганбек кызматынан алынганы менен, бир жакшылыктын түбөлүк ээси болду - Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө алынып, денесине батпай кубанып турган учуру. Бу наам "колдун кири эмес"!

Баратбай АРАКЕЕВ
P.S. Азыркы Тайтекеев жана мурунку төрагалар жөнүндө сөз кийинкиде болсун.





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
email • архив • редакция 
3-июль, 2009-ж.:
1-бет
Чартчакырык
2-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Адеп-ахлактык эрежелердин негизинде күрөшүп көнгөнмүн, калганы Кудайдан"

3-бет
Жекмежек
4-бет
АКШ базасы калды же Ивановдун куну менен солярка төгүлгөн жерлердин компенсациясын ким төлөйт?
5-бет
Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Биздин негизги максат- авторитаризмди жоюу"

6-бет
Шайлоо деген ар кандай, Шайтангүлдү алгандай…
7-бет
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Биздикилер жеке менчиктин, жеке кызыкчылыктын сыйкырдуу күчүнө ишенип отурушат"

8-9-бет
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Алмаз Атамбаев: Миң уккандан бир көргөн
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
КР Президенттигине талапкер А. Атамбаев түштүктө эл менен жолугушууда

10-бет
Мажит светти өчүр же энергетиканы эңшерген кимдер?
11-бет
Кайдасың кыргыз музыкасы, адашып айлыңды мен издеп келем
12-бет
КУЛАКТАНДЫРУУ
13-бет
Күн бүгүн
14-бет
Түштүк, түштүк тарапта










??.??