Өзөктү өрттөп барат бир сезим, урпактардын келечеги көрүнбөй
Үмүт өчөт, кайра жанат...
Аликбек Жекшенкулов. Өлкөнүн экс-тышкы иштер министри. Анын минтип абакта камалып жатышынын негизги "күнөөсү" эмнеде? Балким, Куловдун "фронтунан" кийин эл ишеними өчүп, туш тарапка чачырап кеткен оппозициянын башын бириктирип, "Акыйкат үчүн" кыймылынын, Коомдук парламент деген сыяктуу саясий кыймылдарды түзүп, өлкөдө кайрадан оппозициялык күчтөрдү бир күчкө бириктиргени үчүн күнөөлөнүп жаткан жокпу? Анан калса анын стратегиялык ой-жүгүртүүсү, уюштуруучулук жөндөмү оппозициянын кайрадан жандануусуна, биригүүсүнө шарт түзө алган. Мисалы, азыр анын кылмышынын бир күнөөсү болуп - министрликтин имаратын оңдоодо ашыкча чыгым жасалган деп жатат.
А убагында, мамлекетибиздеги эл аралык деңгээлдеги өтүүчү ШОС саммитине даярдык көрүүдө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дал ошол иши менен президентибизден алкоо алган. Керек болсо, ошондо ажо ТИМге келип, маңдайы жарыла сүйүнүп, "бардык министрлер Аликбектей иштесе" деп чын жүрөгүнөн айткан жайы бар. Не дейбиз, "Ак ийилет, бирок, сынбайт" деген экен, бабалар. Күндөрдүн бир күнүндө сиздин көчөдө да майрам болоор, Аликбек мырза.
...Бүгүн, 26-июнда саат 14.00дө Биринчи Май райондук соту А.Жекшенкуловдун үстүнөн сот процессин улантат.