Чак собол

Азимбек Бекназаров, БЭКтин штаб жетекчиси:
"Балакет падыша болсо да, элдин кусуру, каргышы дегенден коркуш керек"
- Азимбек Анаркулович, мындан төрт жыл мурун Сиз баш болгон БЭКтин (Бириккен элдик кыймыл) саясий мүчөлөрү Роза Отунбаева, Исмаил Исаков ж.б. Бакиевди бийликке апкелип, ушул кишиге үгүт жүргүздүңүздөр эле. Бүгүн баары тескери болуп, анын каршылашы Атамбаевди колдоп чыктыңыздар. Кайсы себептерден улам ушул кадам жаралып отурат?
- БЭКтин негизги максаты 18 жылдан бери калыптанып, барган сайын өнүгүп-өрчүп бараткан үй-бүлөлүк системаны сындыруу. Сиз атын атаган адамдар 2002-жылы эле биригип, "Акаевге отставка, элге реформа" деген кыймыл түзүп, 2005-жылга чейин тынбай күрөш жүргүзүп, Ош, Бишкекке чейин жүрүш жасадык. Элдин сөзүн укпай 2005-жылы үйрөнгөн ыплас шайлоосу менен парламентке "Алга Кыргызстанды" киргизебиз дегенде эл толкуп, бир үй-бүлө түптөгөн бийликти кулатышты. Бирок, эл Акаевди эле кууп чыгалы деп чыккан эмес, "үй-бүлөлүк" башкаруу болбосун деп чыгышкан. Бир адамдын аялы, балдары башкарбай, мамлекеттик мыйзамдарды так аткарган жетекчи башкарса, бизнесмендердин ишине кийлигишпесе, салыкты оюна келгендей көбөйтпөсө, элдин жашоосуна кеңири шарт түзүп берсе деп революция жасашкан. 24-мартта үй-бүлөлүк система сынды, эми жакшы заман орнойт дешип, Кыргызстандагы элдин баары тебетейлерин көккө ыргытып сүйүнүшкөн. Тилекке каршы ал үмүт акталган жок. Эртеси эле 25-март күнү Бакиевди Ала-Тоо аянтына алып келип сүйлөткөнбүз. Эл алдында Бакиев: "Үч айдын ичинде башка Кыргызстанда жашап каласыңар, жашооңор оңолот, башка жолго түшөбүз. Бир туугандарымдын бири да бийликке аралашпайт" деп убадасын берген. Тескерисинче үч айдын ичинде бир туугандары бийликтин майлуу жерлерине барышып, Акаевдердин үй-мүлкүн талашып киришти. Ошондо мен Башпрокурор катары мурункулар эмес, Бакиевдердин үй-бүлөсү менен чачташып калдым.
- Ошентип, "Элге реформа" урааны экинчи планга сүрүлдү?
- Ооба. Бакиев аны-муну айтып отуруп, президент болуп шайлангандан кийин Конституциялык реформаны жүргүзбөй, "Акаевдин Конституциясы сопсонун экен, ал иштебей гана турган турбайбы, биз иштетебиз" деп, үй-бүлөлүк системаны андан ары күчтөндүрүп кирди. Жогорку Кеңеш түзгөн Конституция-лык кеңешмени ыдыратыш үчүн мүчөсүн көбөйтө берип 100дөн ашырып тозутту. Анда том-том токтомдорго кол коюлуп, буйруктар чыгарылган. Бири да аткарылбай калды. Анан жумушчу топ түзүп, мени башчысы кылып дайындады. Болуптур деп башкаруунун үч формасына ылайык Конституцияларды жазып келип, колуна тапшырдык. Аны да элге алып чыкпай койду. Элдин аргасы кеткенде 2006-жылы ноябрь айында көчөгө чыгып, "реформа жаса же кет" деген талапты койгондо гана жаңы Конституцияга кол койду. Элдин талабы орундалып, үй-бүлөнүн бийлигин сындырганга жетишти. Анда министр-лер, акимдер, губернаторлор өз алдынча иштей турган мүмкүнчүлүк алышкан эле. Бирок, бир ай өтпөй аны "жайлап" салышты. Анан, 2007-жылы болсо "супер үй-бүлөлүк" Конституцияны кабыл алышты. Мурунку бийлик жетпей калган максатка булар жетип, парламентти "чөнтөк парламент" кылды. "Акжолду" Жогорку Кеңешке киргизип, Кыргызстанга толук үй-бүлөлүк башкарууну орнотту. Башкача айтканда Бакиев элге берген убадалырынын бирин да аткарбай, үй-бүлөлүк башкарууну Акаевден да ашырып гүлдөттү. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигин кыңк эткирбей баш ийдирип, ар кимиси бөлүп алды. Азыр сот системасын бири, кадр маселесин бири, күч органдарын бири, бизнести дагы бири башкарып отурат. Бул жаңылык эмес, элдин баары билет. Бирок, мунун жаман жери көнүмүшкө айланып баратат. Мурун Акаевдин ар бир айылда бештен "дүжүр чалы" болсо, азыр Бакиевде ондон болуп калды. Жанынан коркуп, тынч оокат кылалы дешип, ушуга барып жатышат. Аким, айыл өкмөт, токой чарбасынын башчысы же кайсы бир тармакка жетекчи болом деген киши Бакиевдин жакындарына же жакын туугандарына чыгып, кызматка келип жатышат, көпчүлүгү. Анан уялбай эле алар мени Жаныш койду, Максим бекитти, Ахмат апкелди деп айтып жүрүшөт. Курманбек Бакиев койду деген бирөө жок. Кыскасы, мыдай башкаруу өнөкөткө айланып калды. Ал эми биздин максат ушундай системаны сындырып, Кыргызстан элин мыйзамга гана баш ийип жашай турган маданияттуу мамлекетке айландыруу.
- Кечээки санаалаштар бүгүн таптакыр эки жээкте калганына чындап эле өкүнбөйсүзбү?
- Революция жасап, бүгүн БЭКтин курамында жүргөн менин, Р.Отунбаеванын, И.Исаковдун жана башкалардын Бакиевдин алдында карызыбыз жок. Колубуздан келишинче айттык. Жеп ичкендерин элге кайтарыңыз, анын Акаевдин тагдыры кайталанбасын дедик. Антип жаман көрүнбөгөндөр бүгүн кызматта жүрүшөт.
- Бирок, өйдөкүлөр Сиздерди кызматтан кетиргенде кыйкырып чыгышты деп жүрүшпөйбү?
- Кеп кызматтан эмне үчүн алды дегенде жатат. Эмнеге Акаевдин эң начар кадрларын чогултуп алды? Түлеев, Балкыбеков, Турдумамбетов, Аламанов дегендерди санай берсең толтура. Бирөөсүнүн жасаганын эле айтайын, Аламанов дегени Үзөңгү-Куушту Кытайга, Каркыраны казактарга, Чек, Самаркандекти өзбектерге кармата берген. Ал адамды эмнеге кармап отурат? Булар эмне үчүн кетпейт? Себеби булар үй-бүлөгө жата калып кызмат өтөй турган адамдар. Эл, жер, улут деген нерсе жок буларда. Кызмат болсо болду. А, Исаков, Отунбаева сыяктуулар андайлардан эмес. Элдин кусуру, каргышы дегенден корккон, бирөө үчүн эмес, эл үчүн, жер үчүн кызмат кылалы деген адамдардан. Ошондуктан булар үй-бүлөнүн тапшырмасын аткарбады. Үй-бүлөнүн тилин албай, мыйзамга таянып иш алпаргандыгы үчүн кызматтан кетиришти. Кызматтан кеткенде кыйкырып чыккандар да бар. Бирок, андайларга кызмат берсе эле кетип калып жатпайбы? Мисалы мага Жогорку Соттун төрагасы болгун деп канчасы келди. Болгон жокмун. Кызматтан кеткенде элди көтөрбөдүм, кайра тыйдым. Текебаев спикерликтен кеткенде элди көтөрдүбү? Жок. Исаков, Отунбаева, Атамбаев кызматтан кеткенде элди көтөрдүбү? Жо-ок. Ал эми кызматтан кетип 2007-жылы апрелде элди көтөргөндөр азыр кайда отурат? Өкүнүчтүүсү, эл 24-марттагы ишенимин уурдатып жиберди. Миңдеген оштук, жалалабаттык, баткендик туугандарым алданып калды. Алар Бакиевдердин тобун эле бийликке апкелгендей болуп калды. Жердештерим башын байлаган жеңиш Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн эле жемиши болуп калды. Ошого арданып, Арашанда өткөн курултайда Бакиев төрт жылда аткарбаган убадаларды, революциянын ишке ашпай калган максаттарын аткарабыз же революциянын экинчи этабын жасайбыз деген ураан алдында Алмаз Атамбаевди алдыга салып, сүрөп чыгышты.
- Айрым саясий серепчилер экинчи революциянын кереги жок, эволюциялык жол менен эле өнүгөлү деп жатпайбы?
- Революция деген азыркы коомду бузуп, башка жол менен кетүү. Аны бузбай, эволюциялык өнүгүү менен кетсек, үйбүлөлүк сис-теманы мындан ары карай өркүндөтүшүбүз керек. Ушундай жол менен кете берсек бир үй-бүлөнүн кулу болобуз. Кыргызстанга хандыкты орнотобуз. Ошондуктан биз революция жасап, бийлик бутактарын эл шайлаган чыныгы элдик бийликти орнотолу деген максаттабыз. Бакиевдин үкаларына же балдарына эмес, мыйзамга баш ийген укуктук коом куралы деп жатабыз.
- Бирок, Сиз айткан нерселерден элдин үмүтү үзүлүп, эптеп тынч оокатын өткөрүүнүн камын ойлоп калгандай жагдай жаралып калбадыбы?
- Үмүтү үзүлгөндөргө дем берели деп жатабыз. А, элдин үмүтү бизде калганын жер-жерлерди кыдырып, Түндүгүнөн да, Түштүгүнөн да угуп жатам. "Силер бар биздин үмтүбүз үзүлбөй турат. Силер болбосоңор бир адамдын этегине намаз окуп, маңкурт болчудайбыз. Кудай силерге өмүр берсин" деп айтып жатышат. Кыргызстандын жаркын келечегинен үмүт үзгөндөр күнкорлор, кой болбой калды деп акчага же бийликке сатылгандар деп билем. Негизги карапайым калктын үмүтү эч качан үзүлбөйт. Азыр да эл алдында тандоо турат. Үй-бүлөлүк кланды же эркин келечекти танда деген маселе коюлуп калды. Ушунтип жашай берели, Бакиевдин үй-бүлөсүнө чөгөлөп, баш көтөрбөй жүрө берели дешсе, аны колдосун. Жок, мыйзам менен жашайлы, балдарым тентип ар кайда жүрбөй, өз жөндөмүнө жараша өссүн дегендер болсо, БЭКтин лидерин тандасын. Ооба, "булар күчтөнүп алды, атып салат, өрттөп жиберет, колуңду сындырат, тепкилеп кетет" дегендер да бар. Бирок, кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын өрчүгөн эл. Кыргызды минтип коркутуп, башкара албайт. Кыргыздын каны жүгүрүп, тамырында согуп турганда эч ким баш ийдире албайт. Чегине жеткенде кыргыз бир жарылат да, 24-марттагыдай кууп чыгат. Ал учурга аз калды. Өкүнүчтүүсү, ушуну бийлик сезбей жатат. Бакиевдин түбүнө айланасындагылар жетет.

Уландысы
10-бетте




  Шайлоонун шайтан оюндарынан

БАТКЕНДЕ АТАМБАЕВДИН АТЫН АТАБАШ КЕРЕКПИ?!
Жергиликтүү тургундардын айтымында Баткенде ушул күнгө чейин алдыда боло турган шайлоого карата бийликте чоңбу же кичинеби бир кызматты ээлеп турган ага-эжелерибиз эл арасында "Атамбаев", "СДПК", "БЭК" деп ой-пикирин ачык айткандарга карата коркутуу, үркүтүү аракеттерин жүргүзүп келүүдө. Гезит окуса, гезитин колдон тартып алышат, баскан-турганын аңдышат (айткандарына караганда, айыл өкмөттөрүнүн адистери, улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) Мындай аракеттери анча жыйынтык бербеди окшойт (эсиңиздерде болсо, Атамбаевди колдоп, кол тамга топтоо алардын тилегине каршы жакшы жүрүп, Баткен алгачкылардан болуп, кол тамгаларды топтоп тапшырган), эми кичинекей акимдеринен тартып, парламентте олтурганы да Президенттикке талапкер А. Атамбаевдин шайлоо өткөрүү штабдарынын өкүлдөрүнө карата "вербовка" иштерин кызуу жүргүзүп жаткан чак. "Райондун акими менен 1 саат соодалашыптыр", "бирисине чоң суммадагы акча сунушталыптыр", "Спикер келип кетиптир" деген эле имиш-имиш кептер...

КОШОМАТЧЫЛАР КИМГЕ ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮДӨ?
Кара-Кулжа районунун аймагындагы "Кулун-Ата" коругунун "аткаминери" Жусупов Закиркул, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарындагы Алмаз Атамбаевге добуш беребиз деген үй-бүлөлөрдү тактап, тизмесин түзүп, даректери боюнча барып коркутуп, "Силер менен милиция, СНБ иш жүргүзөт" деп эскертип жүргөн кези. Ушул кишиге окшогон "кошоматка кой сойгон" азаматтар Акаев заманында дагы ушундай жоруктарды жасашкан. Мыйзамды түшүнбөгөн, сыйлабаган Жусупов Закиркулга окшогондор элдин кыжырына гана тийбестен, кошомат кылам деп, тескерисинче, азыркы Президенттин беделин түшүрүп жаткан жокпу?

Кыргыз Сочисинде
Учурда Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү прокуратура "пачкелеген" санкцияларды көтөрүп алып, ким БЭКтин талапкерине иштесе, андайлардын жолун табабыз маанисинде коркутуп-үркүтүп жүргөн кези дейт. Бирок, мышыкты деле бурчка такай берсе, арстан болуп чыгаарын эстен чыгарган андайлар ажонун убалына так ошолор калбаса болду. Себеби, мындай көрүнүштөргө элдин кыжырдануусу улам күчөп барат.

КОРККОНГО КОШ КӨРҮНӨТ
Ушул убакытка чейин бийлик өкүлдөрү тарабынан КСДПнын мүчөлөрүнө, штабдын активисттерине бут тосуулар болуп келсе, жакынкы күндөрдөн бери саясатка кызыкпаган, партияга эч кандай тиешеси жок карапайым атуулдарга да кысым көрсөтүүлөр башталды.

(Уландысы 15-бетте)