испандык "Барселона"!

Каталондук кайрат

Ошентип, "Олимпик" стадионунда "Манчестер" менен "Барса". Англия менен Испаниянын жаңы чемпиондору.
Номиналдуу түрдө "Барселона" Римдеги жашыл талаанын кожоюну деп эсептелгенден улам өзүнө таандык анардай кызгылт-көгүш түстө чыкты. Аппак түстөгү "Манчестердин" кошууну өзүнүн "кызыл шумпайлар" делинген каймана атына коошпой калгансыйт.
Өткөн жылы бул экөө Чемпиондор лигасынын жарым финалында бет келишкен. Эки оюндун жыйынтыгында "МЮ" кичинекей артыкчылык менен жеңишти илип кеткен.
Өткөн жумада экөө тең өз өлкөсүндө чемпион атанып, жаңы наамдарын майлап-сүттөп, ырымдап койууга жетишти. Акыркы турда экөө тең резервдик курамын чыгарып, "МЮ" "Халл Ситиге", "Барса" "Осасунага" 1:0 эсебинде жеңилип берүүгө кайыл болушту. Бардык күч - бүгүнкү таймашка, сезондогу эң кадырлуу кармашка!
Бүгүн тек гана спорттук эки команда эмес, англис жана испан маданияты, газеталар жазгандай, "от менен суу" бет келишип отурат.
Көрүүчүлөр оюнчулардын курамы менен толук таанышып үлгүргүчө, эки тараптан тең алгачкы чабуулдар жасалды. Албетте, машыктыруучулар жооптуу матчка эң мыкты шакирттерин чыгарганы ырас. Күйөрмандардын алгачкы "ох-ах" деген күрсүнүүлөрү Роналду менен байланышты. Бирок, "Алтын топтун" ээси алгачкы үч жагдайды тең текке кетирип койду, аттигиң!
10-мүнөттө сүлүктөй сүлкүлдөгөн африкалык чабуулчу Это О күтүүсүз финт жасады. А.Иньеста узаткан топту - алгачкы мүмкүнчүлүктү чебер пайдаланды. Коргоочу Н.Видичтин оң ыптасынан өтчүдөй жалган тап берип, солго ыкчам бурулду да, топту жакынкы бурчка багыштады. Ойт бергениң курусун, Это!
Мындай чукул буйтап өтүүнү эч ким күтпөгөн шекилди. Дарбазачы Ван дер Саар дагы секирүүгө үлгүрбөй, арабөк калды. Оюндун башында кирген топ жалпы сценарийди аныктады. Тажрыйбалуу дарбазачы толкунданып, ашкере тынчы кеткени жалпы "Манчестердин" маанайына таасирин тийгизди.
Ойдо жок жерден коргоочулар, алтурсун чабуулдагы Роналду, Руни, Гиггздер жаңыла баштады. Сыртынан даана байкалбаганы менен ички чыңалуу апогейине жетти көрүнөт.
Каталондуктардын техникасы, топту алып жүрүү чеберчилиги дагы сэр Фергюсондун жигиттерин чычалатпай койбоду. Биринчи бөлүк аяктаар маалда Месси сол канаттан берген топту Ван дер Саар колунан чыгарып жиберип, коргоочулар чочулап, үрпөйө калганы жалпы командага мүнөздүү көрүнүш болду.
Биринчи бөлүктө топту көзөмөлдөй билүү көрсөткүчү 54-46 пайызга жетип, кызгылт-көгүштөрдүн артыкчылыгын ырастап турду.
Тыныгуудан кийин Андерсондун ордуна оюнга Карлос Тевес кошулду. Муну менен сэр Фергюсон беттешүүнүн мүнөзүн өзгөртүүнү көздөп, чабуулга улам жаңы оюнчуларын: Д.Бербатов менен П.Скоулсту чыгарып отурду. Бирок, бул кечте бакыт кушу рыцардык наамдын ээсине жакындай учпады.
Тескерисинче, жаш насаатчы Гвардиоланын шакирттери ары жеңил, ары кооз ойношту. Экинчи бөлүктүн башталышында эле каталондуктарга эң ыңгайлуу жагдайлар түзүлүп, Т.Анри, Это О, Х.Эрнандес, Л.Месси жана башкалар эсепти көбөйтүшү толук мүмкүн эле.
Жалпы оюндун үчтөн бири калган учурларда гана англистер демилгени колго алып, эс жыйгандай болушту. Алар тарабынан топту көзөмөлдөө көрсөткүчү араң 48 пайызга көтөрүлдү. "Учкундан жалын тутанаар бекен?" деген кезде аргентиналык Лионель Месси "Манчестердин" үмүтүн суу сепкендей жалп өчүрдү.
Бул оюндун 70-мүнөтү эле. Хави айып аянтчасына кайкыта чыгарган топко Месси таштай түйүлүп жетип, башы менен таамай сүзсө болобу. Кызык, сокудай болгон коргоочулар кайда? Ошентип, бекене бойлуу (169 см.) чабуулчу чемпиондор арасындагы 11 матчта өзүнүн 9-голун киргизди. Болгондо да баш менен!
"Кызыл шумпайлар" чабуулга өтпөй койгон жок. Өттү, бирок өкүттө калып жатышты. Ушуга чычалаган К.Роналду менен П.Скоулс өз арманын орой ыкмалар менен билдиргени дурус болбоду.
Чечүүчү таймашка Эрик Абидаль, Даниэл Алвес жана Рафаель Маркес сындуу үч коргоочусу катыша албаганы менен "Барсанын" чеби солк этип койгон жок. Буга, албетте, атаандаштардын аяр, мокок аракети да көмөкчү болду. Бир жарым саат бою бир дагы курч чабуул уюштура албаганы үчүн ириде "кызыл шумпайлар" өздөрүн күнөөлөөгө тийиш.
Чындап келсе, ар кандай кулпуга каршы ачкыч табылат, амал жетишет. "Барсанын" өткүр чабуулдарын бир токтотсо, "Челси" токтото аларын көрдүк го өткөндө. Өз талаасында 0:0 эсебинде тең чыгып, мейманда 1:0 менен уттуруп жаткан испандар. Оюндун негизги 90 мүнөтү аяктап, англис фанаттары жеңишти тойлой баштаган. "Барсаны" ошол кошумча көз ирмемде, 93-мүнөттө гана ийгилик жылоолоп, А.Иньеста эсепти теңеп кетпедиби! Антпесе...
"Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап" дегендей, жарым финалдагы жагдайды эске салуунун эми зарылдыгы жок чыгаар. Римде Кубок тапшырылып жатканда кечээ өткөн ишке "өх!" дегенибиз жарашпас.
Бирок, Премьер лигада эч кимди караандатпаган "МЮ" бул ирет шалдайып, каталондуктарга оюндун бардык компоненттери боюнча толук жеңдиргени кандай? Берекеттин эмес, аракеттин аздыгы ойлондурбай койбойт. Кейпи, Англия чемпионатындагы узакка созулган жана айыгышкан кармаштар "кызыл шумпайлардын" кабыргасын кайыштырып, акыркы демин соруп салган шекилди.
Антейин десең, "Барселона" өз Примерасындагы ошондой эле узак таймашта чемпион атанып, ага кошумча өз өлкөсүнүн Кубогун да бөктөрүп келбедиби! Булар эмне чарчабайт?
Мына, эмесе, жаш бөрү Гвардиола баштаган бөлтүрүктөр мурда "Барсанын" тарыхында болуп көрбөгөн чекке жетип, бир сезондо үч трофейди толук ээлеп, үч башты тоголотуп ойноп отурат.
Баягыда, жарым финалдар башталаарда эле кыраакы насаатчы Жозе Моуриньюнун айтканы дал келди. Ал "Челси" менен "Барселонанын" беттешинде уткан команда финалда сөзсүз Европа Кубогун ээлейт" деп айткан эле.
Баракелде, каталондук "Барселона"! Бали дейли үч байгенин ээсине!

Акбар РЫСКУЛ




Кармаштын нагыз каарманы


Чемпиондор лигасынын финалдык таймашындагы негизги каарман ким? Албетте, Лионель Месси!
Оюндун 70-мүнөтүндө Месси башы менен киргизген чечүүчү топ Кубоктун тагдырын чечти.
Быйылкы сезондо Европада 11 матчка катышкан бул чабуулчу жалпысынан 9 гол киргизип, Чемпиондор лигасынын көзгө атаар мергени болуп калды. "Ливерпулдан" С.Джеррард, "Вердерден" М.Клозе жетиден топ салып, андан кийинки орундарда.
Турнирдин жалпы тарыхындагы эң мыкты бомбардир болуп 64 топтун автору айтылуу Рауль Гонзалес саналат. Рууд ван Нистельрой 60, Андрей Шевченко 56 топ киргизген деп эсептелет. Нистельрой 2002/03 сезондо өз атына 14 топ жазганын айта кетүү да ашыктык кылбайт.
Мындай рекорддук көрсөткүчтү жакынкы жылдарда "Барсанын" чабуулчусу багындырышы толук ыктымал. Анткени жогоруда аты аталган оюнчулар карт бөрүлөрдүн курагына кирип калса, Л.Месси азырынча 21 гана жашта.
Таланттуу аргентикалык жигитке көз тийгизип, сөз тийгизип албасак гана болгону!
Месси 1987-жылдын 24-июнунда Аргентинада туулган. Бою 169 сантиметр, салмагы 67 килограмм. Кыргызча айтканда бекене жигит.
"Грандом", "Нью Элл Олд Бойз" клубдарында ойногон. Азыр "Барселона" менен Аргентина курама кошуундарынын белдүү чабуулчусу. Испаниянын, 20 жаштагы уландар арасында дүйнөнүн, эми Европанын чемпиону атыгып турган чагы. "Европанын эң мыкты жаш футболчусу" деген дагы наамы бар.
Месси өзүнүн чебер оюну менен ошол эле "Барселонаны" дүңгүрөткөн Роналдиньону эске салат. Ошол эле позицияда ойноп, топту мыкты көзөмөлдөп, күтүүсүз финттерди жасай билет. Тепкен топтору дагы таамай, катуу кетет. Жеке кызыкчылыкты гана көздөбөй, башкаларга ыңгайлуу шарт түзүп бергени - анын артыкча касиеттеринин бири. "Команданын жеңиши баарынан кымбат" деген ойду нечен ирет кайталап келет көзгө атаар мерген.
Леонель Месси - дүйнөлөк футболдун жаркын таланттарынын бири. Ага алда нечен күбө болорбуз алдыда.