Кызыктуу кеп экен

Конок каадасы жана ал жердеги парапсихологиялык маанилер
Конок каадасы жана ал жердеги тамак-ашка азыр анча маани берилбей калды. Берилсе да ал жерде анын аш болумдуулугу, адамга карата жагымдуулугу күч-кубат берчү курамы гана эске алынып, ал эми андан башка маани издөө аракети жок болуп баратат. Бир караганда тамак-ашка мындай мамиленин өзү деле туура, анткени анын аткара турган милдети деле ошол эмеспи. Бирок, байыркы замандан бери жашап келаткан элдер, өзгөчө цивилизациясына жетишкен маалда алар башка нерселерге терең маани киргизип, ушул багытта дагы өз философиясын бералгандыгы менен баалуу.
Мындан тышкары тамак-аш адамдардын өз ара мамилесин аныктап берүүчү касиетке ээ экендигин ага терең маани берип иликтеген адам билет. Көңүл токтотуп байкаган адамга кыргыздын мейманына тамак берүүсүнүн туруктуу "салты" бар. Айрым гана жагдайда мына ушул туруктуу эрежеден чыгып кетпесе ал эреже билген адамга катуу сакталат. Демек, бул жерде да кыргыздардын башка "дүйнөлөрүндөй" ачылбай жаткан сыр болушу мүмкүнбү? Сырттан алып караганда эч кандай деле сыр жок. Болгону кыргыздар кадимки конок тосуу каадасын кылып жатканы көрүнөт. Ал эми үңүлүп кирген киши кыргыздардын мындай салты эмне үчүн туруктуу сактала турганына абдан кызыгат. Эмне себептен кыргыздар бул салтты катуу кармашат? Тамак берүү аракетин эч бир салтка багындырбай эле өзү каалагандай бере берсе болбойбу? Эмне үчүн болбойт? Кыргыздар бул эреже салтты ата-бабасы милдеттендирип койгондой эле, милдеттүү аткарууга көнүп алышкан. Балким, анын артында мааниси ачылбай жаткан мазмун бардыр?..
Бар, болгондо да терең маани бар. Ырас азыркы шарт менен алганда аны кайсы илим менен иликтөө керек экендигин айтуу кыйын. Анткени ал бир жагынан этнография менен байланышса, экинчи тарабынан тикелей психология менен карым-катыш түзүп турат. Кыргыздын тамак-ашынын жана ал жердеги иш-аракеттин мазмунун тигил же бул илим менен чектеп коюу ал жердеги маанини чектөө менен тим болбостон, тамак-ашты берүүнүн, конок күтүүнүн кыргыздарга гана таандык философиясын же тамак берүүнүн артында турган, меймандостукка катылган "кыргызча" касиети толук ачылбай кала берээрин да белгилеп коелу. Ошондуктан, бул багыттагы ойлорду эч бир илим менен чектебей туруп түшүндүрүүгө аракеттенили. Бирок биздин түшүндүрүү аракетибиз азырынча кыргыздар үчүн жаңылык болуп саналган парапсихология илимине белгилүү өлчөмдө катышы бар кырдаалдарга барып такалат. Тактай айтканда, бул жерде кыргыз тамак-аштары эмнеден туруп жана кантип жасалат деген мааниде эмес, ал кандай жолдор менен берилип жана ошол берилишинде кандай маанини туюндура тургандыгы тууралуу айтылат.
Кыргыздар конок тосуу каадасын дүр-дүйүм тамагын дасторконго жайнатып коюп, чай берүүдөн баштайт. Мындай салт бардык кыргыздарга таандык көрүнүш. Бир караганда, сырттан чарчап келген коноктор "тыныктыруу" маанисин туюндуруп турган бул кырдаалдын артында экинчи да мазмуну бар экендигин жокко чыгарууга болбойт. Ал келген коноктун "баш терисин" билүү, капыстан келген коноктун ким экендигин аныктоо аракетин да кучагына алып турган өзүнчө бир баарлашуунун формасы болгондугун да тана албайбыз. Анткени, чайга отурган конок өзүнүн кайдан, кайсы элден келе жатканын, эмне себептен бул жерге келип калганын, негизги жумушу эмне экендигин толугу менен баяндап бербесе да, белгилүү өлчөмдө маалымат берүүгө жетишкен. Себеби, чай ичип отурган конокту сыйлап, чай сунуу менен бирге ал жерде отургандар да жөн салды суроолорду узатып, мейманды сөзгө тартып, анын адамдык сапатына, тарбиясына, эл аралап көргөнбү же эл кыдырып көрбөгөнбү баа берип отурушкан.
Сырттан келген коноктун сыры чай ичип бүткөнчө аныкталбай калса, кыргыздар ал мейманын конуп, тамак жеп кетүүгө көндүргөн.
Кыргыздарда "конок күтүү" каадасынын экинчи баскычы "сорпо берүү" менен коштолот. Бул жерде көрүнүш коноктун үй ээсине карата канчалык сыйлуу экендигин көрсөтүү менен кошо бир нече мазмунду ичине алат, б.а., коноктун аныкталбай калган айрым сапаттарын кыргыздар мына ушул "сорпо берүү" аракети менен таап алышкан. Сыртынан алганда анча маанилүү эместей көрүнгөнү менен "сорпо берүү" салты коноктун өзүнүн канчалык сыйлай тургандыгын топуктуу же ачкөз экендигин, соргоктугун, ысык менен суукка карата мамилесин, темпераментин, өзүмчүл же андан башка кандай адамдык сапаты бардыгын да мына ушул "сорпо берүү" каадасы аркылуу билип коюшкан. Андан соң коноктун алдына жаңы бышкан, эч бир мүчөсү кемибеген койдун этин бир чарага толтура салып келип, мына эми дагы бир жолу өзүңдү өзүң сынап бер деген кыязда меймандын алдына койгон.
Бул тамакты кыргыздар "Бешбармак" дешкен. Чынында ал тууралып, "бешбармак" болгонго чейин бир нече этапты басып өтөт. Б.а., өзүнө арналып, эч бир мүчөсү кемибей бышкан койдун этинен конок өзүнө тиешелүү деп санаган бир гана бөлүктү алыш керек, эки бөлүк алганга салт жол бербейт. Ал эми конок бул жерде каалаганын эле ала албайт. Эгер салт билген болсо, анда ошол үйдөгү ордуна, коомчулуктагы ордуна, кызматына, кадырына, адамкерчилигине, сыпайчылыгына байланыштырып өзү тандайт. Ал өзү "каалаган" устуканды алгандан кийин ал өзүн ким деп эсептей турганына ал жерде отурган, салт билген, мына ошол кыймыл аракетти толук "окуй" ала тургандар ага баа коюшкан. Бирок, кыргыз келген коногун сыноону муну менен жыйынтыктап койгон эмес, анын колундагы этти кантип жей турганына да маани беришкен.
Ал эми устуканын алып кетеби же ошол жердеги бирөөнө берип коебу мына ушунусуна карап туруп да, ал элдик кишиби же өз кызыкчылыгын ойлогон көрпендеби, аны да билип алышкан.
Өз устуканынан ортодогу табакка кандай үлүш кошот, башкаларга эт туурап, "Бешбармакка" жардам береби, мына ушул сапаттары менен да анын өзүмчүл же элдик адам экендиги да ачык көрүнгөн. Ошондой эле дасторкондогу конок күтүү каадасын жыйынтыктап жаткан "Бешбармакка" карата кол салганына карап, анын туруктуулугу акыр жагын да ойлонуп, иш кыла тургандыгын да билишкен.
Андан ары тамак жеп бүткөндөн кийин бата берилет. Бул өзүнчө сөз кылууну талап кылат. Чынында эле Бата кыргызда өтө чоң мааниге ээ экендигин, ал жерде да азыркы "жаңы Кыргыздар" биле жүргөн терең маани жатканын танууга болбойт.
Демек, кыргыз өзүнүн тамак-ашын жөн эле курсагын тойгузуу үчүн эмес, ал жерден көп нерсени билип жана үйрөнүп, о.э., келген коногун баалап-билип калуу максатында уюштура турганын биле жүрөлү.

Болотбек Акматов




  Кыргыз "деми..."

Жапон өлкөсүндө
Жапониянын Кансай аймагында окуп, иштеп жаткан жаш мекендештерибиз Алмаз, Акшоокум, Мунара, Назгүл жана Назымды Нуржигит аттуу жигит кепке тарткан экен. Окуп көрүп, кыргыз жаштарынын биримдигине, ынтымактуулугуна ичиң жылыйт экен. Алардын ой-пикири, жашоо турмушу кимибизди болсо да кайдыгер калтырбайт да, көз жүгүртүп көрөлү. Чет жерде жүргөн замандаштарыбыз эмне дейт?

Жапониянын силерди эң таасирленткен жактары?
Мунара: Тазалыкты кармаганы, иштермандыгы, убакытка өтө тактыгы, баардык нерсени пландап алып баштагандыгы, мамлекеттен, башка бирөөдөн жардам күтпөстөн, ар ким өз арабасын өзү тартканга аракет кылгандыгы.
Назгүл: Мени таасирленткени - бул жактагы жашоонун агымы. Жаңы келгенимде элдер дайыма эле бир жакка шашылып жаткандай сезилчү. Кыргызстандагыдай жай баракат баскандарды дээрлик көрө албайсың. Эртең менен транспорттору толгон адамдар жумушка шашат. Кечинде болсо чарчап, уктап келе жаткандарды көрөсүң. Кээ бирөөлөрү чарчаганына карабай, транспорттун ичинде китеп, гезит-журналдарды окуп келишет, кыскасы, ар бир мүнөттү текке кетирбеген, убакытка аябай сарамжалдуу калк болушат экен. Анан дагы таң калтырганы алардын "кечирип коюңуз" деген сөздү көп айтканы болду. Кокусунан колу тийип кетсе да, беш жаштагы баласынан баштап токсон жаштагы улгайган кишисине чейин ийилип, кечирим сурашат.
Акшоокум: Жаратылышынын кооздугу, андан дагы жаратылышын ушунчалык таза сакташы абдан таасир калтырды. Карапайым эли жардам сурасаң, эч кайдыгер калтырбайт. Болгон күчү менен жардам бергенге аракет кылат. Болгон жумушту жакшы-жаман дебей, эч намыстанбай аябай тырышчаактык менен жасашат. Андан кийин эң эле таасир калтырган нерсе - өлкө боюнча транспорттун өнүгүшү. Метро, поезддери жапондун кычык-пычыгына чейин жеткирет. Ошондуктан каалаган жагыңа бир мүнөт кечикпестен жете аласың.
Назым: Жапонияга келип, өзүм үчүн көптөгөн ачылыштарды жасадым десем болот. Кыргызстанда окуп жүргөндө, келечекке көп көңүл бурбай, бүгүнкү күн менен жашачу экемин. Бул жакка келип, баардык нерсени алдын ала пландаштырууну үйрөндүм. Жапондордо жөндөн-жөн эле бир ишти баштоо же чогула берүү деген жок. Көпчүлүгү күндөлүк алып жүрүшөт жана ошого өзүнүн кайсы айда, кайсы күнү эмне кыларын белгилеп коюшат. Мисалы, досум менен бир жакка баргым келсе алдын ала бир жума мурун эскертип коюшум керек. Болбосо, ал башка ишти пландап, колу бошобой калышы мүмкүн.

Жапондордун кыргыздарга окшош жактары барбы?
Назгүл: Жапондор аябай ак көңүл, карапайым, меймандос калк болушат экен. Ушул сапаттары кыргыздарга окшошуп кетет го деп ойлойм.
Акшоокум: Жөнөкөйлүгү, адамдын сезимин, оюн терең кабыл алып таарынтпаганга аракет жасоосу го деп ойлойм.
Мунара: Кээде сырткы өң-келбети өтө эле кыргыздарга окшош жапондор кездешет. Ушул чын эле жапонбу деп карап калган учурлар болот. Бирок мүнөзү, иш алып баруу жагынан, менин оюмча, эч окшошпойбуз.
Назым: Жапондор дагы конок келгенде дастарконун жайып, коноктун көңүлүн калтырбайын деп турат жана үйгө келген конокко болгон жакшы нерселерин берүүгө даяр.

Жапондордун жумушка мамилеси кандай экен?
Назым: Жапондордун тартиптүүлүгүнө чоң баа бердим. Ылдый жактагылар же жапончо айтканда Коухайлар жогору жактагылардын - Семпайдардын айтканын эки кылбай аткарат. Жумушта семпайлар же башкаруучулар алгач жаңы кирген коухайларга иштин жайын түшүндүрүп, эмнени кандай кылыш керек экенин үйрөтүп, даярдап туруп анан, ишти аткарууну талап кылат. Эгер түшүнбөсөң же билбесең уялбай сура деп эскертип турушат. Эч нерсени билбеген кишиге ишти тапшырып коюп басып кетүү деген жок. Кийин өзүң Семпай болуп калганда жаңы киргендерге үйрөтүшүң керек экен. Ошондо бир да жапон мага чет өлкөлүксүң же сен ким элең деп баш ийбей басып кеткен жок. Кыргызстанда бирөөнү жумшап койсоң "мен сага малай белем" деп айтканыңды аткарбай кетиши мүмкүн.
Анан жапондордо жоопкерчилик сезими күчтүү экен. Табышталган иш болсо аны айтылган мөөнөтүнө чейин аткарганга болгон күчүн жумшайт жана орто жолдон таштап салбай аягына чейин чыкканга аракет кылат. Ушул пландаштыруу, тартиптүүлүк, үйрөтүп даярдоо жана жоопкерчилик деген сыяктуу жакшы сапаттары бар үчүн Жапония көптөгөн ийгиликтерге жетишти деп ойлойм.

Кыргыздар, өз ара каттооңор барбы?
Акшоокум: Ооба, бул жактагы кыргыздар баарыбыз, кимибиз иштеп кимибиз окуп, бошобой жүрсөк дагы, көбүрөөк жолукканга аракет жасайбыз. Ата Мекенди сагынганда чогулуп, манту, беш бармак жасап кусалыгыбызды таркатабыз. Өз эне тилибизде сүйлөшүп, чер жазышабыз. Анткенден кийин жаңы зарде (энергия) да пайда болуп, окуу жеңилдей түшөт.
Назгүл: Мындай жолугушуулар бир же эки айда бир жолу болуп турат. Бирок өзүбүздөн алыскы шаардагы кыргыздар менен көп катташа албайбыз.
Назым: Кээде каникулда чогулуп, бирге жер кыдырган күндөр болот. Андан тышкары Токиодо жыл сайын жаңы жылдык кече уюштурулат. Ал кечеге Жапониянын ар кайсы аймагынданда жашаган кыргыздар барышат. Ошол жерден башка шаарларда жашаган же жаңы келген мекендештерибиз менен таанышабыз.
Негизинен Жапониядагы кыргыздар ынтымактуу жашайбыз. Бири-бирибизди дайыма карап, жардам берип турабыз. Эгер жаңы келген студенттер болсо, өз кеңешибизди берип, жашоодогу кыйынчылыктары болсо жардам беребиз.
Азырынча Жапониядагы кыргыздардын баарын бириктирген расмий уюм жок. Андай уюм түзүү үчүн ар кандай аракеттерди көрдүк. Бирок иш жүзүндө аны аткаруу оңой иш эмес экен. Келечекте ушул максатыбызга жетебиз деп ишенем.
Нуржигит Кадырбеков