Хоккей: Дүйнө Чемпионаты

Россия чемпион!
Жакында кереметтүү жаратылышка бай Швейцарияда хоккей боюнча Дүйнөнүн чемпионаты болуп, финалда Россия-Канада тирешип, кереметтүү оюн көргөзө алды. Баса, айтмакчы бул чемпионатта орустар бир да командага уттурган жок.
Бир аз артка кайрылсак... Россиянын командасы СССР тарап, өлкөдө олку-солкулук болуп, хоккейде да бул көрүнүш өз таасирин тийгизбей койгон жок. Мен деген оюнчулар чет өлкөлөргө баса беришти. Ошол 1991-жылдан тарта орустар дүйнө чемпионатында эки жолу гана биринчиликке жете алышкан. Ал 1993, 2008-жылдар эле. Ал эми Канадалыктар бул мезгилдерде (1994, 1997, 2003, 2004 жана 2007-жылдары) 5 жолу Дүйнө кубогун өз мекенине алып кетишкен.
Азыр баягы маркум Ельцин башкарган Россия эмес. Россия азыр бардык жагынан өнүгүп бараткан өлкө, анын ичинде спортто дагы. Путин, Медведев сыяктуу жол башчыларына да "баракелде!" дегиң келет...
Ошентип, жаалы катуу, оюн ыкмасы да катуу канадалыктар өткөн жылы жеңиш кушун орустарга 5 : 4 эсебинде алдырып жиберишкен. Быйыл эмне болсо да реванш алабыз деп адатынча катуу чамынып келишти. Бирок, Россия бул ирет да ким кыйын экенин көрсөтө алды. Адегенде Канаданын мыкты чабуулчусу Доан өнөктөшү Спеццеге берген пасы эсепти 0 : 1 кылууга жетишти. Буга шыктанган канадалыктар чабуул артынан чабуулга өтө баштады. Бирок, оюндун биринчи бөлүгү аяктарына 7 мүнөт калганда Атюшовдун дарбазага узатылган шайбасын Сапрыкин кыйгач баратканында түзөй салып эсеп теңелди, 1 : 1.
Оюндун экинчи мезгили башталганда да канадалыктар жакшы эле жан үрөштү. Россиянын дарбазасына бир нече коркунучтар да жаралды. Экинчи мезгил ортолоп калганда канадалыктар дарбазачы Брызголовдун шаштысын бир топ эле кетиришти. Сокку артынан сокку. Орустардын ишенген оюнчусу Илья Ковалчук эс алууга дээрлик чыккан жок десек да болот. Ошентип, экинчи мезгил аяктарына 5 мүнөттөй калганда табло Россиянын пайдасына күйдү. 2 : 1! Азаматсың, Радулов!
Үчүнчү, чечүүчү мезгил. Канадалыктар болуп көрбөгөндөй солкулдай баштады. Чалуу, түртүү, бурчка кысуу. Чабуул артынан чабуул. Оюн бүтөөрүнө 10 секунд калды. Бул да хоккейде "чоң" убакыт. Канадалык машыктыруучу тайм-аут алды. Оюн бүтөөрүнө 7 секунд калды. Канадалык дарбазачынын ордуна машыктыруучусу алтынчы оюнчуну муз үстүнө чыгарды. Бардыгы Россиянын дарбазасынын жанында. Шайба канадалыктардын колунда. Бир сокку, дагы бир сокку, дагы, дагы... бирок, Россия да болушунча туруп берди. Укмуш. Судьянын ышкырыгы. Оюн бүттү. Россия чемпион!
Тамерлан КЫЛЫЧ




Президенттик шайлоо мыйзамсыз
Украинанын конституциялык соту президенттик шайлоону быйыл октябрда өткөрүү баш мыйзамга каршы келет деген бүтүмүн чыгарды. Сот шайлоо эмки жылдын башына чейин боло албайт деп ырастады. Буга чейин өнөктүктү 25-октябрда өткөрүүнү парламент чечип жиберген болчу. Азыркы президент Виктор Ющенко экинчи мөөнөт үчүн ат салышуу ниетин билдирүүдө. Учур президенттин оппозиция украиналыктардын 10 %ы гана колдойт дешүүдө.

Мунайдын баасы өстү
Бир баррел мунайдын баасы 60 доллар болду. Адистердин баамында, мунайдын баасынын өсүшүнө евронун долларга карата бекемдеши себепчи болгон. Турмушта доллар канчалык чабал болсо, мунайга талап ошончолук жогорулайт.

Президент болом дегендер 475
Ирандын президентигине талапкер 475 адам, анын ичинде 42 аял алдын ала каттоодон өтүштү. Алардын талапкерлигин эми ислам дин кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн жана юристерден турган Конституциянын сакчылар кеңеши карап чыкмакчы. Талапкерлердин кимиси шайлоого жибериле тургандыгы 20-21-майда белгилүү болот. Иранда 2005-жылы болгон президенттик шайлоодо бир миңден ашуун адам алдын ала каттоодон өтүшкөн, бирок, шайлоо бюллетенине жети адамдын гана ысымы киргизилген. Ирандагы президенттик шайлоо 12-июнда болот.

Грузия оппозиция митингдерин улантат
Грузия оппозициясы менен президент Михаил Саакашвили жолугушуусу жыйынтыксыз болду. Жолугушуу бүтөөрү менен оппозиция мөөнөтсүз нааразылык акциясын мындан ары улантаарын жар салды. Сыналгы аркылуу калкка кайрылуусунда президент Саакашвили болсо, бул жолугушуу алга карай ташталган маанилүү кадам болгонун белгилеген болчу. Оппозиция лидерлери парламенттин алдында чогулган миңдеген тарапкерлери алдында сөз сүйлөп, митингдер уланат дешти.

Чочко тумоосу 61 адамды жалмады
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, H1N1 вирусу дүйнөнүн 30 өлкөсүндө катталган. Чочконун тумоосунан 61 киши каза тапты. Алардын 56сы Мексикада. Кытайда вирустун жайылышын алдын-алуу үчүн 300дөн ашуун киши карантинде кармалууда. Жалпы чочко тумоосуна чалдыккандардын саны дүйнөдө 5 миң 200дөн ашты.

Италияга мыйзамсыз кире албайсың
Италия парламентинин төмөнкү палатасы өлкөгө мыйзамсыз кирүү же мыйзамсыз жашоо кылмыш болуп эсептелет деген жобону жактырды. Мыйзам бузуу үчүн 10 миң евро айып пул төлөө каралган. Ал эми мыйзамсыз мигранттарга турак жай берген адамдар 3 жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал.

Түркия чегин ачпайт
Азербайжан менен Тоолуу Карабак чатагына карата турумун өзгөртмөйүн, Түркия Армения менен чек араны ачпайт. Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Орусия ЕККУга каршы чыкты
Орусия ЕККУнун Грузиядагы байкоочулар миссиясынын мөөнөтүн узартууга жол берген планга каршы чыкты. ЕККУнун Грузиядагы миссиясынын мөөнөтү 30-июнда аяктайт. Кабарларга караганда, Орусия Греция сунуш кылган мунаса план менен макул болгон жок. Орусия талап кылган өзгөртүүлөрдүн бири - байкоочулар өз аракеттерин Түштүк Осетия менен макулдашышы керек. Орусиянын макулдугу болмоюн аймакта 16 жылдан бери иштеп келаткан ЕККУнун миссиясы кайра чакыртылып алмакчы.

Ооганстанда
Ооганстандагы америкалык базанын жанында автоунаага коюлган бомба жарылды. Полициянын маалыматына ылайык, андан бери дегенде 6 жайкын тургун каза болду, 16дан ашууну жараат алды. Жабыркагандардын бардыгы базада иштеген жумушчулар.