Чет жердик кыргыздардан

"Манас Алманбетти кыргыздын салт-санаасы менен жашаткан"
Кытайдагы кыргыздардын ичинен өсүп чыккан чыгаан илимпоз, филология илимдеринин доктору, окумуштуу Макелек Өмүрбай агайыбыз Кыргызстанга келип калыптыр. Ушул келишинде дидар насип кылып, Макелек агай менен таанышып, бир топ пикирлешип калдык. Билимдүү деп мына ушундай адамды айтсаң эп келчүдөй. Кыргыздын кайсы таанымынан сөз баштаба ойлору так. Кулагыңдын моокуму канган жоопторду угуп, ыраазы болосуң. Агайдын сөздөрүн угуп отуруп, окурмандар үчүн бир эки суроо салайын десем макул болду. Шак эле жүрөктү өйүткөн соболдорду жая салдым.

- Макелек ага, эгемендик алган кыргыздын карапайымы жан багыштын айынан чачылып-тозуп, бийликтегиси магдырап байып, интелегенциясы орус идеологиясынан чыгалбай, жаштары батышты же арабты тууроо менен алек болуп, кыргыз кыргыз экендигин тааный албай келет. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- …Чыңгыз Айтматов эмне үчүн дүйнөгө таанылды дегенден баштайлы. Муну ар ким түрдүү айтып келди. Ч.Айтматов Батыштын идеясын жана формасын кабылдаганы үчүн дүйнөгө таанылды дегендер болду, мен аларга каршымын. Айтматов кыргыздын илгертеден келаткан оюн, атап айтканда Манастын оюн улаган киши. Баарыбыз эле чыгармаларын окуп чыкканбыз. Чыгармалардын суусу, абасы, топурагы баары кыргыздыкы. Кыргыздын салт-санаасы, табият жана дүйнө таануусу, жашоого болгон көз карашынын нак өзүн алып чыккан. Ошон үчүн нарктуу болуп жатат. Мисалы Жамийланын сүйүүсү эмнеси менен даңазалуу болду. Батышта чемоданын көтөрүп, башка бирөө менен кете берсе болот. Анын эрөөн-терөөнү жок. Бул салт-санаасы бийик кыргыздын ичинен чыгып жаткандыктан ошондой даңазалуу. Кулмурза менен Аксаткындын сүйүүсүн кара, атасына каяша берген учур бар. Ошолорду кыргыздар жаап-жашырбай, кайра барктуу кылган. Сүйүүнү даңазалоо мотиви кыргыз адабиятында илгертеден келе жатат. Бизди дүйнөгө таанытып, дүйнө элин кыргыз деп тамшандырып жаткан эки нерсебиз бар. Бирөөсү - Манас, экинчиси Айтматовдун чыгармалары. Экөөсү тең кыргыздын рухунан жаралган. Кыргыздын ой жүгүртүүсү ушунчалык бийитикке жеткендиктен бийик эпостор жаралган. Ошондуктан, биз кайсы жумушту аркалабайлы, өз нугубузда илгерки кыргыздын акылын баарыбыз так кармап иштей турган болсок чоң ийгиликтерге оңой эле жетебиз.
- Четтен келген маданият баарын тебелеп, тепсеп жатпайбы, муну кандай кылабыз?
- Албетте, кийинки маданиятты кабылдабаган улут жок. Кайсы гана өнүккөн мамлекетти карабайлы башка бир мамлекеттин маданиятын кабылдоо менен өскөн. Бирок, аны кантип кабылдоо керек деген маселе турат. Аны кайра эле Манастан тапсак болот. Манас маданиятты кантип кабылдаганын Алманбетти кошушу, Каныкейди алышы, Кырк чорону кураш маселесинде так жазылып турат. Маселен, Алманбет 72 өнөр билген, акылы жетик адам болгон. Ал кээ бирөөлөр айткандай кытайдын чыккынчысы эмес, акыйкатты издеген адам. Алманбет акыйкатты өз жериндеги атасынан, Коңурбайдан, казак досу Көкчөдөн таппай келип, Манастан жолуктурду. Ал эми Манас Алманбетти жөн эле кабыл алган эмес. Кайра өз ою менен, кыргыздын салт-санаасы менен жашатты. Азыр Алманбеттин урпактарын таап чыгууга болобу, таба албайсың. Четтен келген нерсени кабыл кылуу илгертен мына ушундай болгон. Аны кабыл кылып, кызыкчылыгын кыргыз үчүн жуурулуштуруп жиберген. Каныкей дагы мына ушуга окшош. Улуту башка болсо да, кыргыздын салтын өөрчүтүп, өнүктүргөн. Ушул эки нерсени кабылдоо ошол доордогу кыргыздын эң алдыңкы идеялары болгонунан кабар берет. Кыргыздын качан болсун кабылдоосу даяр экендигин билдирет. Маданият кабыл алуу өзүңө апкелип, өздөштүрүп алуу. Азыр болсо кабыл алдым деп ошолорго кирип кетип, өзүбүздөгүдөн кол жууп жатабыз.
- Тил маселесичи..?
- Тил дагы ушуга окшош нерсе. Мисалы, башка тилден өздөштүрүлгөн сөздөрдү ошондой жазабыз дейт. Биздин тыбыштык курпатыбыз, көмөкөйүбүз өз мыйзамы менен келсе дагы башкача айтканга мажбурлайбыз. Бир нерсени алгандан кийин сеники болуп, сага кызмат кылышы керек. Мисалы, кровать дебей - керебет, стол дебей - үстөл эле деп жатпайбызбы. Азыр кыргыздын бир кемпиринен керебет деген кимдин сөзү десең кыргыздыкы дейт. Дал ушундай өздөштүрүү учурдун талабы. Эгер сенин тилиңди, маданиятыңды байытыш үчүн керек болсо кабылда. Эртең сенин маданиятың, сенин тилиң чоочун болуп чыкпай тургандай кылып кабылда.
Кыскасын айтканда, биздин эмне кылып, кантип жашаарыбыз Манаста жазылып турат, биз ошону үйрөнө албай эле жүрөбүз. Бир туруп эле Манас тигини, муну кабылдаган деп айтып калабыз. Ал эмне үчүн кабылдаганы менен ишибиз жок. Манас Ислам динин дагы керек болгон үчүн кабыл алган. Бирок, Манас Ислам динин кабыл алдым деп эле селде оронуп, мечитте отуруп алган эмес. Өз ишин уланта берген. Албетте, жүрөгүндө бир нерсеге ишенген. Кыргыздын жашоо, турмуш, кабыл алуу ж.б. тарыхынын баарын "Манас" эпосунан билип, ошого карай эле алдыга карай кадам койсок болоор эле...
- Азыр кыргыз кандай абалда турабыз, кантип элестетесиз?
- Азыр биз жогоруда айтылгандай нарк-туу нерселерибизди баалай албай турабыз. Жаман кой козусун жээригендей болуп тарыхыбызды, маданиятыбызды, жерибизди, тилибизди жээрип жатабыз. Ушундай кете берсек "бизде эч нерсе жок турбайбы" деген бүтүм менен жаштар бизден түңүлөт. Кыргызды караманча чануу башталат. Кыргызча сүйлөбөдү деп эле кыйкыра беребиз. Кыргызча сүйлөтүш үчүн ошол тилчилер, чыгармачыл адамдар кандай эмгек кылып жатат? Кыргыз тилин окубай калгандыгы үчүн жеке адамды күнөөлөгөнүбүз туура эмес да. Шартка жараша көп кишилер орус, кытай ж.б. тилдерде окуп калган. Биз аларды сүйлөбөйсүң деп жемелеп эле келе жатабыз. Аларды доор ошондойго апарганын билсек да, билмексен болобуз. Эми аны туйгандан кийин бир чара көрүшүбүз керек да. Ар кайсы кесиптеги адамдарга дароо кесиптик сөздүктөрүн камдап, чөнтөгүнө салып берүү тилчилердин парзы.
Ч.Айтматов дүйнө элине "маңкурт" деген түшүнүктү таап берди. Адам колдуу болгон маңкурттук оору бар экендигин баарыбыз билип жатабыз. Илдеттин диагнозун Чыңгыз койду. Эми биз маңкуртсуң деп кол кезей бербей, аларды айыктыруу, дарылоо жолун табышыбыз керек. Такыр өтүшүп кеткендерге арга жок. Калгандарын Манас менен, Чыңгыз менен, кыргыздын тили, маданияты, тарыхы менен айыктырып алуунун аргасы бар. Маңкурттардан түңүлбөй аны дарылоочу дарыгерлерден болуу биздин милдет.

Суроо салган Зулпукаар САПАНОВ



  Жетинчи асман

Өмүрбүбү Бегалиева:
"Өлкөбүз чоң нерсеге муктаж болуп турат"
Акын, философ бул айым өзүн саясий серепчимин деп да эсептейт. Асман, Кудай, Манас руху деген түшүнүктөр ал үчүн ыйыктын ыйыгы. Баса, айтмакчы 2005-жылдагы март ыңкылабынан бир жыл мурун эле Акаев кетип, бийликке Бакиев келерин алдын ала айтып, ал тууралуу поэма жазып жиберген да жайы бар. Андан кийин Бакиев-Кулов тирешинде Бегалиева Бакиевди катуу колдоп, "асмандын буйругу менен" деп ар кыл ойлорду айтып, К.Салиевичтин бийлигинин бекемделишине аянбай салымын кошкон. Ал тууралуу азыркы оппозициянын айрым лидерлери да жакшы билишет" деп айтышат, жакындан билгендери.
Өмүрбүбү айым болсо учурдагы президентти "Манас атанын буйругу менен келген. Ошондуктан ал бардык оппоненттерин жеңе алган" дейт. Эң кызыгы андан аркы сөзүндө: "Бирок, бүгүн жараткан азыркы Ажону колдобой калды. Анткени, ал киши түпкүлүгүндө жакшы жетекчи болгону менен Кудай тапшырган нерселерди аткара албады" дейт. Бегалиеванын ушул жана башка окуялар жөнүндө божомолдорун, өзү жана өзгөлөр жөнүндө ойлорун гезитибиздин жакынкы сандарында ортоктош боло аласыздар.




 "Окурмандар" рубрикасынан

Алмаз-Темир= эмне?
Ошентип,президент да дагы бир мөөнөткө шайланам деп бийлигинин бир жылын кыркып, так талаш 5 эмес, 4 жылдан кийин башталып отурат. Анан калса антпейин десе бийликтин да, элдин да чыдамы калбады окшойт. Кээ бирлеринин сөзүн угуп олтурсаң "отту суу ордуна бензин менен өчүрчүдөй бул шайлоонун аягы да шумдук менен бүтөт" дешет. Өйдөкүлөргө кулак төшөсөң жайбаракат. Баары ордунда. Өлкө өнүгүп барат. Оппозиция жактагылар болсо шайлоо мыйзам чегинде өтөөрүнө бир тамчы да ишенбейт. Эл болсо эки тарапты эмес, үч тарапты карап калды. Мисалы, "ошол эле оппозицияга өзүнөн оппозиция чыкты" - деген кептер да айтыла баштады. Мисалы, Бириккен Элдик Кыймыл бирдиктүү талапкер деп Алмаз Атамбаевди көрсөттү. Арадан көп өтпөй ошол БЭКтин белдүү мүчөлөрүнүн бири Темир Сариевди өзүнүн "Акшумкары" алып чыкты. Бул деген, Алмаздын да , Темирдин да туруктуу электораты бар, демек, оппозициянын добушу экиге бөлүндү эмей эмне. Атаңдын көрү ай, оо башында бир муштумдай түйүлүп, бир лидерди алып чыгабыз деп жүрүшпөдү беле. Эл деп сүйлөгөн азаматтардын эң чечүүчү мезгилде бул эмне эрегишкендериби? Аларды карап турган элден дагы, аларга ишенген элдин үмүтүнөн дагы амбициялары артыкпы? Күнөө кимисинде? Биз кимисине добуш беребиз?

Торок Момоконов
Балыкчы шаары




  Эмне үчүн

Ажобуз өгөйлөйт?
Эзелтен Кемин жергесинде Атаке баатыр баш болгон журт башы болуп келгендер болгон. Союз убагында мамлекеттин ар кандай деңгээлдеги кызматтарында иштеп, жетекчилик кылып келген Темирбек Кошоев, Арстанбек Дүйшеев, Садыбакасов, Сексеналы Жумагулов, Асанкул Сапиев, Малай Иманалиев, Курманбек Аташевге окшогон мыкты жигиттер чыккан. Камчы сапка жарагыдай кеминдик жигиттер азыр деле аз эмес. Эмне себептен азыркы учурда алар төөнүн коомуна бастырылып жатышат. Же бизди экс-президенттин өрөөнүнөн дегендериби? Эмне, Аскар Акаев барыбыз менен жатындаш беле? Биздин бар болгон айыбыбыз экс-президент төрөлгөн Кеминде төрөлүп калгандыгыбыз. Ушул үчүн Ажобуз бизди токол катындын балдарындай өгөйлөйбү?
Карып калган чагымда калыстыктан тайып, бир беткей бийликтин сөзүн тактап же бир беткей оппозициянын сөзүн жактап, экижүздүүлүк кылып сүйлөө менин карыялык абийириме сыйбайт. Кудайга күнөөкөр болуп баргым келбейт. Азыркы ажобуз Бакиев Курманбекти жакшы билем. 2000-жылы ал Чүй облусунун губернатору болуп турганда "Президентти да мугалим окуткан" деген китебимдин кол жазмасын алып барып көргөзгөнүмдө, көмөгүн аябай, "Учкун" басмаканасынан чыгартып берген. Ага айткан рахматымды китептин биринчи бетине жазгам. Анын бул жакшылыгы ар убак менин эсимде.
Бирок, чыны менен эле бүгүнкү күндө өзгөчө Кеминдиктер бийликпи, саясатпы, маданият айдыңында болобу өгөйлөнүп келет. Эмне үчүн?
Азат Тойчубаев ,
Кемин району