Манту жебей кал!

НАМЫСТАНСАҢ ЭЛСИҢ, БОЛБОСО, ҮЙЛӨП КОЙЧУ ЖЕЛСИҢ!
Бүгүн Кыргызстандагы абал башкатырмадай түшүнүксүз болуппу же түшүнүктүү болуп эле татаалданыппы алга жылуунун логикасы дааналанбай, айтор, экиге экини кошкондо төрт дегенге окшобой турат. Анан да ошол абалга бүтүндөй эл баш катырып турган убагы, элдир-селдир эс киргендин баары саясат маселесин ичкен ашындай, жуткан абасындай кылып алышты, саясатчы болуп кетишти. Бул бийликтегилердин да, оппозициядагылардын да чексиз саясатташкандыгынын үзүрү болду окшоду. Ушул азыр бийликте олтурган чиновниктер аткарар ишине көп деле мээси жете бербейт да саясатты семичкедей чагат, ага жеп-ичкен мастерлигин кошуп, түшүн жоруйт тимеле…
Кызыгың кур, кечээ жакында Бишкектин кайсы бир көчөсүндө кетип бараттым эле, бир килейген машинанын дөңгөлөгү жарылып, анысын башкасына алмаштырып жатыптыр тепейген экөө, бири - арыкчырай, экинчиси -сүткө тойгон күчүктөй болтойгон неме экен. Килейген дөңгөлөктү ордуна киргизе албай жатышат. Жардамымды сунуштасам, рахматын айтып, баш тартышты. Туруп калдым карап. Тили-тилине тийбей сүйлөшүп жатышат, кара баскырдыкы, жарылган дөңгөлөктүн сөзү эмес, баягы саясат. Бир маалда жанагы толугураагы дөгөлөктү өйдөлөтөм деп ычкынды эле, какый ай, "тыйт" деген үн чыгып кетти арт жагынан, ага деле болбойт, "баары бир Бакиев шайланат" дебатпайбы. "Анан кандай болмок эле" дейт шериги. Сөз уланат… дөңгөлөк салынып бүттү, саясаты бүтпөдү, колдорун жууп жатып, ошол маселени чагып жатышат. Саясатың бизди коррупциядан жаман чырмап алган турбайбы дедим ошондо…
Жанагы ананайын, курсагы ток бала "токчулук" чыгарган маалда бийлик кай маселеге баш катырып жаткан? Жерибиздин бүтүндүгүнөбү? Жок. Экономикабыздын өнүгүүсүнөбү? Жок. Коррупцияны жоебуз деппи? Балээнинби. Элдин биримдигин бекемдейли деппи? Кайдан. Тилибизди сактайлы деппи? Кайдагыны айтып турсуң… Алардын көңүлүнүн баары эле шайлоодо, "ышкында да эмес, ычкырда да эмес" - шайлоодо. Жөн эле шайлоо эмес, Бакиев 75 процент алчу шайлоодо. Бу Бакиевдүү бийлик кийинки он жылдыкта кетпейт. Аны бөркүңөрдөй көргүлө. Ага да макул дегендер барбыз, бирок, бир шарт менен, ошол кетпечү президент элдин, жердин биримдигин, бүтүндүгүн сактасын, тилибиз менен дилибизди таза сактасын, элин тентитпей жыргал деген турмушта багып алсын! Бу дүйнөдө Кыргыз деген эл жашарын, ал азганаттай эл намыстуу, салттуу, кайраттуу жана да көрүнгөндөн тиленбей өз оокатын өзү кылган, кылганда да мыкты кылган калк экенин билгендей болсун! Журттун Атасы болсун! Балээ басып, андай президентке туш болбой жатпайбызбы.
Акаев жаман дедик, аялы-бүлөсү башкарат дедик, жерди сатат дедик, элдин ырыс-кысынан жебатат дедик. Дедик да баарылап кууп салдык, Бакиевди шайлап алдык. Анан эмне өзгөрүү болду. Көрүп бүттүк, жон терибиз менен сезип бүттүк, абал алмашпай эле андан да жаман абалга кеттик дейм. Элинин абалы мурункудан да начар. Каркыраны, төрт пансионатты казактарга карматты, 49 жылга арендага демиш болуп тажиктерге жерин тарттырды, "бу жакшы чечим болду" деп Мадумарову адыраңдап, мактанып келбедиби…
Элди мыкты жашата албайбы, берсин бийликти башкага. Эки өмүргө жетчү каражаты бардыр жашай бербейби жыргап-куунап, Гавай, Багам же Канар аралдарына барып эс алып, негрлер менен шерине жеп, Кипрденби же Испания менен Италияданбы үй сатып алып, кези менен Көлүбүзгө келип чумуп дегендей, Сузакка барып учурашып дегендей… Жок, тырышат да турубатат. Ал аңгыча эли чилче тарап кетмей болду, калгандарынын жарымы ишсиз көчө таптап колоктойт, дагы башкалары саунада чардап жатат, дагы бир топтору кишини кийиктей атып, анан атылып жатат, "киргизи" жүрөт кыпкыргызын шылдыңдап… Манту жебей кал!
...Күйүп кете жаздадык эй, жанагы өзбектер дегениң Ноокендеги Чек айылына атасынын төрүнө өткөндөй эле кирип келип, биздин жер деп "басып" алыптыр. Кытайга, Казакстанга, Тажикстанга, ошол эле Өзбекстанга канча жерибизди алдырдык. Алдырдык деп чуу түшүп калсак, жанагы Аламанов деген немесинин жообу даяр экен, "ошолордун жери деген". Бу Аламановуң туулганда май менен эмес, "ошолордун жери" деген сөз менен оозанганбы деп калдым… "тигилердин жеринин" картасын да мыкчый түшкөнбү…
Эгерде Бакиев эли үчүн күйүп-жанып турган курч болсо, өзбектериң жакын жолой алмак эмес. Бу президентибиз башка мамлекеттин лидерлери менен законго негизделген шарт боюнча теңата мамилесин жасай албай жатпайбы. Карасаңар, Каримов өзбектин кенедей да жерин алдырбай эле турат го, оруска "тактеке" болгон жери жок, өзбек тили эли үчүн толук кандуу кызматын кылып, телеси менен радиосу күнү-түнү өзбекче шаңшып жатпайбы. Ал өзбек ырлары биздин Түштүктө андан бетер шаңшыйт. Музыкага чек жок дечи, бирок эли, мамлекети күчтүү музыка алсыздардан жаралган музыканы тебелеп-тепсеп эле коет экен!
Эпадам "Манасыбыз" өзбектики же казактыкы болуп калса, дүйнө элинин тең жарымын ошол эпоско жүгүнтүп салмак. Ал эми орустуку болсо, анда орусуң деле, немисиң менен англичаның деле, французуң менен испаның деле… "Манас" айтып ак уруп калмак. "Манастын" бир чакан темасындай болгон "Слово о полку Игорове" деген немесин орустар дегеле жерге-сууга батырбайт. Ал ал болсун. Кийинки күндөрү президентибиз популизмге да алдырып баратат окшоду. Жанагы орустардан карыз алып жаткан акчалар кийинки муундун канын сорорун ойлонбой, ойлонсо да айтпай, ошончо акчаны мен алып келдим деген кыязда айтып түгөтө албайт. Карыз кандай кирип, кандай чыгарын менден жакшы билесиңер…Экинчиден, ошол акчанын баары эл керегине жарап береби же эпчилдердин да ээн-эркин майкандайбы?
Эгемендик келди деп, калпак менен шляпалар көккө ыргытылып жаткан учурда, оо, кыргызың да оңой эмес, азга көөп, берки улуттарга үйдүн кожоюну ким экендигин чала-чарпый таанытып турган маалда орусуң баш болгон башка улуттардын көбү сестенип, көбү көчө качып калышкан. Аз өтүп, биздин былжырак экенибизди билди окшойт, азыр баягы токсонунчу жылдагы бүжүрөйгөн орусуң жок, илгеркидей эле тебелеп-тепсеп кирди, сортубуздун "экинчи" экенин эскертип турат, чечениң менен дуңганың, өзбегиң менен уйгуруң деле ошол жолдо. Ооба, орустун алып келген жакшылыгы биз үчүн биртоп эле бар. Бирок аны менен кыргызды кылымдар бою басынтабы?! Алдыны көрө билгендер айтып атпайбы, ушу кебетебиз менен, "кебетебиз" деп бийликтегилерди жымсалдап жатпайбы, эч качан орустун эзүүсүнөн кутула албайбыз деп. Чындыгы ушул, мурун орус орой эзсе, азыр "маданияттуу" эзип калган. Ага деле көнүп бүтпөдүкпү, бирок, кээде "Акжолдун" депутаты Карамушкина деген айымдын "деги силерде мамлекеттик тил барбы" деген сымал сөзүн укканда карапайым элдин итатайы тутулуп кетет экен. Бир эле орус катын ушинтип бүтүндөй бир элди шылдыңдап коет. Начардыгыбыздан ошентет. Ошондой сөздү грузин менен өзбектин, латыш менен эстондун орустары айтсынчы, энесин көрүп калар… Орус бизге алып келген жаман адаттар азыр кылгылыкты кылып, улутту жоголуу жолуна түртүп жатканын саймедиреген жокпуз го…
Аз мурун депутаттар кандай гана телекөрсөтүү жана радиоуктуруу болбосун анын тең жарымын кыргыз тилинде даярдагыла деп чечим кабыл алган. Бул чечимди башка улуттун өкүлөрү "энеңердин гана… бир жери" деп койду. Мына Кыргыз мамлекетинин жүзү. Ошол жүзүн таамай сүрөттөгөнгө бет да чыдабайт экен!
"Акжол" партиясынын өткөндөгү курултайында президент айтыбатат: "Мен партиянын ( "Ак жол" - Б.А.) койгон талабын аткарууга тийишмин" деп. Айласыздан жылмайдым, ошол партиясы президентине талап кое алат бекен, ошого дарамети менен эрки жетет бекен?! Президент: "Менин талабымды партия кыңк этпей аткарууга тийиш" десе, бу маселедеги азыркы чындыктын төбөсүнөн түшмөк. Анан дагы, качан президент убадасын аткарды эле?!
Курултай демекчи, Ал КПССтин XXVII- сьездинен кем болгон жок, айырмасы, элдин ордуна чиновниктер болду, Брежневдин ордуна Бакиев болду… дүркүрөгөн кол чабуулар ошол эле бойдон экен…
Ооба, Курманбек Салиевич Бакиев колдон келишинче аракет кылды, бирок, президенттик иште эл үмүтүн актай алдыбы? Ошондон улам көпчүлүк эмдиги президентибиз кылып, Атамбаевди шайлап алалы деп жатышат го…

Баратбай АРАКЕЕВ




Кат куржундан
Карыядан кайрылуу
Кыргыз республикасынын Президенти
Бакиев Курманбек Салиевичке
Ачык кат
Алдыда Президенттик шайлоо күтүлүүдө.
Өткөндөгү бардык шайлоолор ыплас өттү. Фальсификациялар болду. Губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөрү кызмат абалдарын пайдалануу менен мыйзамдарды бузууга ачыктан-ачык катышты. Ал жөнүндө элдин нараазы пикирлери газета беттерине али күнгө чейин тынбай жазылып келет. Негизинен өткөндөгү шайлоолордун бардыгы акыйкатсыз, адилетсиз, калыссыз өттү деген көптөгөн сөздөрдү өзүңүз деле угуп келсеңиз керек.
Өз мезгилинде Өзбекстандын аксакалы Ахунабаев: "Жолдош Сталин иштериңиз (туура) тогру, жолдошторуңуз (ууру) огру" деп айткан деп жүрүшөт.
Муну айтканым, Сиздин аброюңуздан пайдаланып, Сизге жан тарткан болуп, чындыгында өздөрүнүн кызыкчылыгын пенделик кылып жаткандай сезилет айланаңыздагылар. Учурда бийлик менен карапайым элдин ажырымы арбып бара жаткандыгын ачык эле сезип турабыз.
Антпештин жалгыз жолу "Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген накыл сөзгө терең маани берип, так аткарганыңызда гана калың элден ажырабай, аброюңуз жогорулайт эле.
Шайлоо демекчи жер жердеги шайлоо комиссиялары, райондук, облустук шайлоо комиссияларынын курамы ар дайым айыл өкмөттөрүнүн, акимдердин, губернаторлордун айткандарын толук аткарган, кызмат жагынан көз каранды болгон адамдардан түзүлүп келгендиги чындык. Мына ушундай ыкмалар шайлоолорду ыпылас кылып келген. Калыстыктан, акыйкаттан, тазалыктан, айкындуулуктан алыстаткан.
Айталы дегенибиз "Карынын сөзүн капка салып" демекчи, аксакалдардын айткандарына маани берип кулак төшөсөңөр, шайлоо комиссияларынын бардык курамына 3-4төн тапан гезиттер атагандай "дүжүрлөрдү" эмес, катарына кадырлуу аксакалдарды кошуп койсоңор бир топ кемчиликтер жою-луп, шайлоо калыс, акыйкат, таза өтөт беле. Себеби андай уят-сыйытты тутунган аксакалдардын эч кандай кызматтар менен байланышы жок. Кызматтан айдап жиберет деген коркунучтары да жок. Бирөөлөргө көз каранды эмес адилет, калыс адамдар. Алар кудайдын, эл журттун алдында өз абийирлеринин тазалыгын гана сакташат. Бул дүйнөдө түбөлүк жашаган эч ким жок. Бардыгынын көзү өтөт. Эң негизгиси артта калган урпактар элден уялып, көзүн ала качып жер карагандай болбогондору улуу иш. Ушуну эске алар бекенсиз.