Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген...

Эгемендиктин Он биринчи жылы:
2001-жыл
Буюрса, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргыз Мамлекети өз тагдырын өзү чечип, азаттык алган күнүнө 18 жыл толот. Ушул он сегиз жыл ичинде өлкөбүз эмнелерге жетишти, кандай ийгилик болуп, не кемчиликтер кетти? Мунун баары эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында сакталып калды. Жаманы да, жакшысы да - биздин басып өткөн жолубуз. Андыктан, өз тарыхыбызды баалай билсек деген эле тилек. Анан калса, 18 жаш - бул адам өмүрүндөгү өз алдынча жоопкерчиликке укук алган мезгил. Дегенибиз, андан аркы сапарында өлкөбүздү ийгиликтер коштоп, жакшылыктар гана жылоолосо деген ниет.
Ушундан улам басып өткөн жолубузга дагы бир ирет саресеп салып өтүүнү эп көрүп отурабыз. Анда, эгемендиктин айрым элестерине чогуу күбө бололу, мекендеш!

9-май - Жеңиш күнү
"Биздин жаркын жашообуз, эркиндигибиз жана көз- карандысыздыгыбыз үчүн сиздер жасаган кайратман эрдиктерди ыраазы болгон урпактар эч убакта эстен чыгарбайт. Сиздердин ал эрдигиңиздер Ата Мекенин кандайча сүйүү жана кандайча коргоо керек экендигинин татыктуу үлгүсү болот"

(Президент Аскар Акаевдин
куттуктоосунан.)

Кыргызстан революцияны көтөрө албайт
"Мен Өмүрбек Чиркешовичти саясатчы, депутат катары сыйлайм. Ал кандай билдирүү жасаса да партия лидери катары конституциялык укугу бар. Бирок, бүгүн революциялардын доору өткөн. Кыргызстан бүгүн эң кичинекей революцияны да көтөрө албайт. Биздин партия күч менен басым жасоону, ар кандай акыркы кадамдарга барууну колдобойт. Биз бардык маселени Конституциялык жолдор аркылуу, бийлик бутактары, парламент, партиялар аркылуу акыл-эстин чегинде чечсек болот. Ошондо да консенсус жок болуп, эч ким бири-бирин укпаса. Бүгүн антүүгө эч негиз жок. Төңкөрүштөр аркылуу бийликке келген коммунисттик партия да күч аркылуу маселелерди чечүүнү четке какканы тарыхта белгилүү. Ташты ташка ургандан от гана чачырайт" деп чачырады Зайнидин Курманов.
29-март

Осмонакун мамкатчы
Сүйлөгөнү тетик, ойлонгону жетик Осмонакун Ибраимовичти кимдер гана билбейт. Филология илимдеринин доктору, Улуттук Илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, таанымал адабиятчы, ташыркабаган саясатчы. Кыргыз адабиятынын кыйырын изилдеп, кыйла жылдар "кыл чайнашкан" адабий сынга аралашып жүрүп, аалымдыкка жетишкен Осокебиз "аким эмес, акын болсок дечү элек" дегендей, күтүүсүз жерден саясатка кирип, мамлекеттик иштерде да майнаптуу эмгек өтөдү. Айрыкча, азыркы басма сөздүн башында туруп, ак-караны ажырата билгендиги менен алыс-жуукка таанылды. Гезиттерди кемсинтип бөлбөй, кезек-кезеги менен калыс пикирин айтып, тунгуч Президентибиздин туура саясатын жарыя кылып келген пресс-катчы Осмонакун Ибримович орун которуп, мамткатчылык милдетти аркалоого киришти.

15-январь


Элдик фронт дейби?
Төкөмдүн кадимки "Сынган кылычындагы" элди биримдикке чакырган атактуу баатыр Бекназардын урпактарынан го деп өзүңдү ичимден урматтап жүрдүм эле. Анан эле "война" деген үрөй учурган (аны согушка кетип, набыт болгон аталарыбыздан, агаларыбыздан ажыраган, жетимдиктин азабын тарткан биз жакшы билебиз) суук сөз оозуңдан балп эткенде төбө чачым тик туруп, боюм дүркүрөдү. Кара кылды как жарган калыс баатыр Бекназардын бүгүнкү урпагынан угаар сөз ушул болсо, эртеңки күнүбүз эмне болот деген суроо кабыргага таштай батып, жанды кейитти.
Бекбай Алыкулов


Айкөлдүк
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы кечирим берүү маселелери боюнча комиссиянын өтүнүчүн карап, ошондой эле түзөтүү мекемесинин, бир катар коомдук уюмдардын, саясий партиялардын кайрылууларын, үй-бүлөлүк абалын жана улгайган курагын эске алып, гумандуулук жана боорукердик менен 2000-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаардык соту тарабынан соттолуп, темир тордун артына түшкөн Топчубек Тургуналиевге кечирим берилди. Аталган буйрукка президент Аскар Акаев 2001-жылдын 20-августунда кол койду.

Бакиев ал кезде
"Кезеги келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт" деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары мында президентибиз Аскар Акаевдин талыкпаган эмгегин, демилгелүүлүгүн белгилебей коюуга болбостур. Мамлекетибиз рынок мамилелерине тезирээк ыкталып, дүйнөлүк коомчулуктун катарына кошулушу үчүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын, билимин жумшап жатпайбы. Мына ошол алгылыктуу аракеттин аркасында он жылдын аралыгында Кыргызстан кескин өзгөрдү десек аша чаппайбыз..."
(Эгемендик майрамынын алдында КРнын Премьер-министри Курманбек
Бакиевдин сөзүнөн)
29-август


Маскөөдөн ыраазычылык
Урматтуу Аскар Акаевич, Кыргыз Республикасынын парламенти орус тилине расмий статус ыйгаруу жөнүндө Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу чечим кабыл алганын канааттануу менен уктум.
...Урматтуу Кыргыз Республикасынын преизденти, мыйзамды кабыл алуудагы жана конструктивдүү талкуулоодогу жеке салымыңызды жогору баалайм.
...Учурдан пайдаланып, Сизди, урматтуу Аскар Акаевич, Сиз аркылуу көп улуттуу Кыргызстандын калкын жакындап келаткан жаңы жылы менен куттуктайм.

Сизди терең урматтоо менен
В.Путин