Алмаз Атамбаев,
экс-Премьер-министр:
"Ажыдаарды" жеңиш үчүн чоң күч керек экен"
- Алмаз мырза, сиздин талапкерлигиңиз жөнүндө дале болсо эл арасында талкуулардын арасында сизди мурда Бакиев менен иштешип калган премьер катары, түзүн айтканда ошол убакта оппозицияны сатып кеткен, кантип ошол адам кайра оппозицияны жетектеп, бир талапкер катары баштап чыгалат деген пикирлер болуп атат?
- Мындай сөз эки жылдан бери абдан таратылды. Бирок кандай болгонун Азимбек Бекназаров дагы кайталабадыбы, пресс-конференцияда, "Атамбаев бизди сатпай эле, биз Атамбаевди сатканбыз" деп. Чындыгында иш башкача болгон, аны билем деген адам билгиси келсе, жакын арада документтер гезиттерге чыккан. Мен бийлик менен, Бакиев менен кызматташууга оппозициянын чечими менен баргам. Барганда дагы мени менен кошо бир топ оппозициядагы досторум бармак, бирок ошол чечимди аягында аткаралбай калды оппозиция. Бирок азыр кеңешсек, бир тобу айтып атат, ошондо ошол чечимди аткарып, сени менен барганда башка мамлекет болмок экен деп. Эгер бул чын болбогондо оппозиция тегеренип жүрүп, кайра мага келбейт эле го. Албетте мен да адаммын, мен да адашам, мүмкүн менден да ката кеткендир. Бирок, оппозициянын алдында менин жүзүм жарык.
- Премьер-министрлик кызмат Кыргызстанда чоң, таасирлүү кызматтардын бири, ошол убакта эмнеге жетиштим деп ойлойсуз, негизги жасаган иштериңизди айта аласызбы?
- Биринчиден, ошол убакта Кыргызстанда абдан татаал кырдаал болчу. Кыргызстан граждандык согушка бараткан, түндүк-түштүккө бөлүнүүгө бараткан, керек болсо парламентте дагы депутаттар эки тарапка бөлүнүп жакалашмай башталган. Билесиңер, ошондо чоң антимитингдерди уюштурабыз деп миңдеген жигиттер келген, түштүктөн керек болсо согушка даярданып келгендери да болгон. Ошондо биринчиден, Кыргызстанды согуштан, бөлүнүүдөн сактап калдык, ал кырдаал азыр артта калды. Анткени азыр азыркы бийлик үчүн түштүк деле төшүн тоспойт. Экинчиден, премьер-министр иштеп атканда бир эле мисал келтирейин, мен 8 ай премьер-министр болдум, 8 айдын ичинде бюджетти профицитивдүү кылып бердим, башкача айтканда бюджетте акчанын артыкчылыгы болуп калды. Азыр бюджетте эч нерсе жетишпейт, бүт тешик деп атышпайбы. 8 айда бюджеттик профицит 10 млрд. сомдон ашып кеткен. Бул Кыргызстандын тарыхында буга чейин бир эле жолу болду, мен премьер болуп турганда. Үчүнчүдөн, ИДПнын өсүшү 8 пайыздан ашкан, ага чейин 2-3 % гана болчу. Таза иштегенди, ууруларды ооздуктаганды көрсөтүп кеткенбиз, иштесе болот деп.
- Эгер сиз профицитти түзсөңүз, жанагыдай ички кан төгүүлөрдөн сактасаңыз, эмне себептен сизге узагыраак иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жок. Сизден өздөрү сураныштыбы, же сиз өзүңүз кеттиңизби?
- Мени кетиришти да ачык айтканда, билесиңер, абдан мактап, коюлган максаттарды аткарды деп, орден берип туруп, анан кетиришкен. Анткени, парламенттик шайлоонун алдында турганбыз. Жаңы түзүлүп аткан "Акжол" партиясына ачык эле каршы чыккам, бир топ ойлорумду президентке деле айткам, президент партия башчысы болгону туура эмес, президент журт башчысы болуш керек деп. Анын үстүнө бир топ ууруларды ооздуктап койгом, аппетиттерин токтотуп, "колго чаап" дегендей. Бир топ кишиге мен кекиртегиндеги сөөктөй эле болдум, өзгөчө президенттин жакындарына. Ошондуктан мени кетиришти. Ал киши дагы туруштук бере албай койду.
- Президент Бакиевдин кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?
- Президент тилекке каршы тегерегиндегилердин, жакындарынын таасиринен чыгалбай койду. Партия түзүлүп атканда деле айткам, Бакиевдин командасыбыз дегендер бүгүн Бакиевдин командасы деп атат, кечээ алардын көпчүлүгү Акаевдин командасында болсо, эртең шайтан президент болсо, шайтандын командасында болот деп айткам. Ал киши ошондо күлгөн, сеники туура деп. Бирок аягында болбой эле ошолордун таасиринен чыгалбай, аларды ээрчип кетти. Демек, ал киши мамлекеттин кызыкчылыгын жакындарынын кызыкчылыктарынан өйдө кое албай койду окшойт.
- Сиз бир учурда, 2006-жылы ноябрда болсо керек, айткансыз, президент Курманбек Бакиев "саясий өлүк" болуп калды, биз аны менен сүйлөшпөшүбүз керек деп, андан кийин бийликти жалпы ажыдаарга салыштыргансыз. Демек азыркы жагдай ошол калыбында калды деп айтсак болобу?
- Биринчи сөз боюнча мындай, адашпаган адам жок дегендей, пайгамбар айтпады беле мен дагы адаммын, адашам деп. Мен пайгамбар эмесмин. Албетте сөздөн дагы адашкан, жаңылышкан учурлар болгон. Ал эми экинчи сөз боюнча азыркы бийлик "ажыдаар" экенин баары көрүп турат менимче. Мен дагы өзүмдүн тажрыйбаман көрдүм, ал ажыдаарды бир адам албетте жеңе албайт экен. Мен дагы ойлогом, ажыдаардын арасына кирип, ажыдаарды колу-бутунан кармап байлап жеңе аламбы деп. Андай эмес экен, чоң күч керек экен. Азыр ошондой күч бар - Бириккен элдик кыймыл.
- Кыргызстан кандай жол менен өнүгүшү керек деген ойдосуз, оор абалдан чыгыш үчүн эмнелерди жасаш керек?
- Эң негизиси - кеп Бакиев, Атамбаев же Назаралиевдин шайланганында эмес, системаны алмаштырыш керек. Биздин оюбуз адамды эмес, системаны алмаштыралы деп атабыз. Бийлик системасы ачык-айкын болуп, бийлик элдин алдында жоопкерчиликтүү болуш керек.
- Мындай пикирлер бар, президенттик шайлоону тышкы күчтөр, айрым бир улуу мамлекеттер, державалар Кыргызстанга таасир көргөзүүнүн куралы катары пайдаланып калышы ыктымал, ошондой куралдын бири оппозиция болушу мүмкүн деген сөздөр. Ушундан улам оппозициянын артында кайсы мамлекет турат деген да кеп бар. Кыргызстан кайсы мамлекеттер менен иштешүүгө басым жасаш керек деген ойдосуз?
- Биринчиден, оппозициянын артында эл, кудай турат. Ким менен иштешиш керек? Албетте биринчи ирет биздин кошуналар бар - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан. Албетте, биринчи ирет Орусияны унутпашыбыз керек, ал биздин стратегиялык партнерубуз. Орусияда азыр 300-400 миң жигиттерибиз иштеп атат. Орусия менен биздин тарыхыбыз да бир. Азыр Кыргызстанда да жарым миллиондой орус тилдүү жарандарыбыз бар. Муну унутпашыбыз керек. Албетте башка мамлекеттер менен дагы мамилени бузбашыбыз керек, эч кимди душман кылбаш керек, Америка болобу... Кытай болобу... Бул мамлекеттер абдан чоң - таасирдүү мамлекеттер. Колдон келсе баары менен тил табышыш керек. Баары менен мамиле таап, баарынын пайдасын көрүш керек.
- Кыргыз бийлиги АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аба базасын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Жакында болсо президент Бакиев Кыргызстан ушул чечимди кабыл алуу менен дүйнөнүн тең ата оюнчуларынын катарына кошулду деп айтты. Базаны чыгаруу туура болдубу, сиздин оюңузда?
- Базаны чыгаруу чечимин биз көрбөдүкпү, ал Кыргызстандын азыркы бийлигинин кыйындыгынан болгон жок. Азыркы бийлик уурдап атып, бюджетти тешип бүткөнүнөн, акча керек болгонунан кор болуп, акча сурап алып, базаны чыгарбадыбы. Керек болсо орус саясатчылары деле ачык айтты, башка мамлекеттердин деле саясатчылары айтып атат, кыргыздын бийлигин сатып алса болот экен деп. Мындай чечимге эч качан барбаш керек эле. Кыргызстан өзүн сыйлап, баалашы керек. Эгерде база боюнча конкреттүү сүйлөшсөк, бул базанын кетишин да, калышын дагы азыркы президент чечет. Анткени билесиңер, базанын чыгарылыш мөөнөтү 18-август, шайлоо 23-июлда өтөт, анан Конституциялык Сот деген бар 7 күн, анан БШКнын 4-5 күнү бар, анан президент өз милдетин аткарууга киришүү дегени бар. Ошону менен жаңы президент база маселесине кайрылганга да үлгүрбөйт. Бул базанын тагдыры азыркы бийликтин колунда, сөзүнө турса кетирет, айнып кетсе калтырат. Бир нерсе кошуп кетейин, мен жакында Москвада болгондо орус саясатчыларына да айттым, негизи Ооганстан тынчтык өкүм сүргөн мамлекет болсо, бул биринчи ирет Орто Азияга жана Орусияга керек. Америка эртең чыгып кетсе, ошол эле Орусия ошол жака каражатын сарптайт, ошол эле Орто Азия, анын ичинде Кыргызстан биз дагы кыйналып калышыбыз мүмкүн, ал жакта радикалдар бийликке келсе. Ошондуктан бардык нерсени саясий оюнга айландырбай ойлонуп иш кылышыбыз керек. Менимче, Ооганстандагы стабилдүүлүк биринчи ирет Орто Азия менен Орусияга керек, анан кийин Америкага.
- Премьер-министрлигиңизге байланыштуу дагы бир суроо, ошол кезде сизди ууландыргандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Ал иш кандай иликтенди, эмне жыйынтыктар болду, азыр ден соолугуңуз кандай, анын үстүнө негизги талапкерлердин бири болуп атасыз?
- Расмий жыйынтыгы "кокустуктан ууланды" деген сөз болгон, УКМК ушундай тыянак чыгарган. Эми кыңыр иш кырк жылда билинет дейт, эртели-кеч бир күнү билинет го кимдер себепкер болгону, баардыгы... Тилекке каршы ал менин ден-соолугума зыян келтирди, уулангандан кийин үч күнчө күнү-түнү кускам. Ошондо ашказаныма доо кетиптир. Өткөн жылы декабрда Түркияда операция жасаттым, жакында барып, дагы бир жолу текшерилип келдим, азыр баардыгы жайында.
- Бул жолу президент Бакиев сизди кайрадан чоң кызматка сунуштап, премьер-министр бол Алмаз, кел, кайра чогуу иштешели, оппозиция менен чогуу бир коалициялык өкмөт түзөлү десе, сиздердин жообуңуздар кандай болот?
- Мен айттым го, эгерде мага кызмат эле керек болсо, буга чейин бир кызматты алмакмын. Анткени президент экөөбүздүн мамилебиз жаман эмес, саясатта пикирлерибиз карама-каршы, эки карама-каршы күчтү да башкарып атабыз. Бирок бирибиз-бирибизге душман эмеспиз. Мага кызмат кереги жок, мага Кыргызстандын келечеги керек. Анын үстүнө пресс-конференцияда Өмүрбек Текебаев айтпадыбы, биз Атамбаевге кызмат берген жокпуз, Атамбаевге тобокелдикти берип атабыз, Атамбаевге жоопкерчиликти берип атабыз деп. Башыбызды канжыгага байлап чыгып атабыз, чоң казатка. Анткени, бул бийлик коркунучтуу бийлик. Ушул бийликти тазалаш керек.

("Азаттыктан" айрым
кыскартуулар менен алынды)