Миң түркүн адам…

Накен Касиев

"Турмушуң эшек араба" деген ушул белем, убагында Жогорку Кеңештин депутаты, саламаттыкты сактоо министри, мамлекеттик катчы, Ош облусунун губернатору болуп иштеген Накен Касиев 2005-жылкы парламенттик шайлоодон "сынгандан кийин", оппозициянын катарынан көрүнбөй калгандай болгон.
Эми минтип Муратбек Иманалиевдей болуп, "тагдырына" моюн сундубу, Улуттук анкология жана радиология борборунун башкы директору эмес, башкы директордун милдетин аткаруучу болуп барды.

Дамир Өскөмбаев

Шайлоо алдында Т.Сариевдин кичи мекени болгон Сокулуктан "сонун добуш алып берем" деп "соодалашканбы", же балким чындап эле өлкөнүн финансылык полициясы Өскөмбаев сыяктуу кадрларга өтө муктажбы айтор, өскөн жери Сокулуктук, эсеп палатасынын экс төрагасы, өткөн чакырылыштагы ЖКга депутат болгон Дамир Өскөмбаевди К.Бакиев өз буйругу менен КРнын финансылык полиция кызматынын төрагасынын орун басары кылып дайындады.

Роза Отунбаева

Өткөндө парламент отурумунда ЖК депутаты Роза Отунбаева момунтип дүң-ң дедирди: "Күч органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук кызматы 20 миллион долларга 173 даана аңдуучу жана тыңшоочу жабдууларды сатып алган. Аны болсо оппозициянын лидерлерин, эркин маалымат каражаттарынын жетекчилерин тыңшап, аңдууга багыттап жатат. Күч органдарынын эң башкы саясий багыттоочу органы бул-Мамлекеттик күзөт кызматы экен..."
Д-а-аа... деп биз калдык.

Айтибай Тагаев

Жогорку Кеңештин төрагасы А.Тагаев баш болгон өйдөкүлөр мурдагы күнү Нарын облусунда болушту. Дегенибиз, өлкөнүн бакыйган экинчи "лицосу" жөнөкөй эле элет трибунасында да эки сөзүн ээн айтып бере албай, кагазга жазылганын окуп, таңкалтырды. Эптеп окуган ал "докладында" баары сонун болот маанайында узун-узун убадалар айтылды. Ага караганда андан кийин сөз алган экс-спикер, азыркы каржы министри Марат Султанов кагаз-пагазы жок эле, "калп-чын" болсо да "өсүп-өнүгүп" баратканыбызды узун цифралар менен карапайым элдин мээсине куйду. Анан алар кетти. Шайлоонун алдындагы эле "шаан-шөкөттөр го" деп элет калды, этегин кагып.


Турсунбай Бакир уулу

Экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Нурлан Мотуев экөө тандемге келип, "мусулмандар биримдиги" деген уюмду түзүп, Кыргызстанды түрө кыдырып, "аягына чейин бирге болобуз" деп, куран кармап, "касам" ичкенге чейин барышып, эгер бири-бирибизди чанып кетсек, тозокко түшөлү" дегенге чейин сөздөр айтылган дейт, уккандар.
Бирок, Тукебиз пендечиликке алдырдыбы же "тойдум байдын кызына" дегениби, бийликтен түшкөн сунушка макул болуп, Малайзияга элчиликке аттанганы туру. Анан да "мусулмандар биримдигине" мыкты адамды көрсөтүш керек деп кетиптир, кыскасы тандемдешин кидать этип...

Мурат Жураев

Социал-демократтык партиянын башчысы Атамбаев аламанга аттанып жаткан маалда, партиянын Жогорку Кеңештеги депутаты Мурат Жураев момундай мыйзам токуду: Биринчи Май районун Чынгыз Айтматов атындагы, Октябрь районун Исхак Раззаков атындагы, ал эми Свердлов районун Төкөлдөш району деп атоо тууралуу. Депутаттын пикиринде райондордун атын өзгөртүү быйыл ишке ашууга тийиш.

Николай Бордюжа, Ричард Баучер

Жамааттык келишим уюмунун башкы катчысы (ОДБК) Николай Бордюжа Бишкекке болгон иш сапарында "Манас" аэропортундагы АКШнын авиабазасы жөнүндө: "Ганси авиабазасын чыгаруу Борбордук Азиянын коопсуздук абалына таасир бербейт" деген пикирин айтты. Ал эми "Кант" аэропортундагы россиялык база жөнүндө "Кыргызстандагы авиабазада россиялык согуштук учактардын саны көбөйтүлөт" деп билдирди. Ошол эле маалда Тажикстанда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Ричард Баучер төмөндөгүдөй оюн билдирди: "Биз "Манас" авиабазасынан чыгып кетсек, Орто Азиянын башка аймактарынан жаңы базанын ачылышын издейбиз. Ал эми Кыргызстандан чыгып кетүү үчүн 18-августка чейин убакыт али бар. Бирок, базанын андан аркы тагдыры жөнүндө Кыргызстан бийлиги менен жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деген үмүттөбүз."