Аламанга 90 күн калды

Мурда белгиленгендей, Бириккен оппозициянын кыймылы алдыдагы президенттик шайлоого Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин алып чыгышты. Ошентип, Атамбаев саясий оюндун кубигинде оппозиция үчүн бардык тараптан ыңгайлуу делинип, алдыдагы аламанда аркы жээктин негизги талапкери болуп аттанды. Бүгүн, эртең БШКга расмий арызын берүү алдында турат. Ушул туурасында оппозициянын үч көзүрүнө суроо салдык.

"поступок"

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Атамбаевдин оппоненттери менен тил табышабыз"
- Талапкерди аныктоо үчүн бир топ убакыт кетирдик. Бирок, баары артта калды. Президенттик шайлоого талапкерлигин койо тургандар БЭКтин ичинде көп болгон жок. Экөө гана, Алмаз Атамбаев менен Исмаил Исков чыкты. Биз экөөсүн тең колдойбуз. Алмаз Атамбаев негизги талапкер, ал эми Исмаил Исаков "дублер" катары коюлуп жатат. Бири түндүктөн, экинчиси түштүктөн.
- Эмне үчүн Сиз эмес, Алмаз Атамбаев?
- Атамбаев - биздин саясатты социал демократиялык жолго багыттоочулардан. Дүйнөдөгү акыркы эки кризистен кийин социал демократиялык идеялар актуалдуу болуп калды. Европа өлкөлөрү так ушул социалдык багытка көңүл бурууда. Ошондуктан, мен дагы социал демократиялык жолго багытталган партиянын жетекчиси катары аны колдойм. Социал демократиялык партия биздин өлкөдөгү узун тарыхы бар партиялардын бири. Түзүлгөн күндөн тартып, Парламенттин бардык чакырылышында орун алып келди. Бүгүн да Жогорку Кеңеште өз өкүлдөрү бар.
Талапкер болуп чыгыш үчүн адам элге таанымал болушу керек. Алмаз Атамбаевди баары билет. Кызуу колдоочулары жана кызуу опоненттери бар. Ал эми анын опоненттери менен тил табышабыз деген ишеним бар. Анткени, опоненттери Бакиевди андан да жаман көрүп, сындап келүүдө. Ошондуктан бизде электоратты өзүбүз тарапка оодурууга мүмкүнчүлүк бар.
- Бирок, Бириккен оппозициялык кыймылда башка деле азаматтар бар эле да?
- БЭКте ар кандай саясатчылар бар. Алардын баары элге таанымал, өз тарапкерлери бар. Жеңишке жетүүдө жеке популярдуулук рейтинг болуп эсептелбейт. Уюштуруучулук жөндөмү да болушу кажет. Ал эми элге жагуу бир жөн да, элитага жагуу бир жөн. Бирөөлөрдү эл колдошу ыктымал бирок, жанындагыларды ээрчитип кете албашы мүмкүн. Биз бардык жагын карадык. Элитаны, бизнес чөйрөсүн, саясатчыларды ээрчитип кетүүгө бүгүнкү күнү жөндөмү көбүрөөгү Алмаз Атамбаев деп таптык. Анын эл арасындагы "жакшы-жаман" пикирин да эске алдык. Ооба, Бакиев менен иштешкен деп нааразы болгон электорат бар. Биз алар менен сүйлөшүп, аларды ынандырабыз. Эгер биз чындыкты айта турган болсок, алар биз тарапка ооп, добушун берээрине ишенебиз.
Мен дагы саясатта 20 жылдан ашуун убакыттан бери жүрөм. Кашыктап жыйнаган репутацияны бирөөгө эле кармата бере турган адам эмеспиз. Эртеңки күнүбүздү ойлойбуз. Биздин партия чечим чыгараардан мурун өлкөнүн бардык аймактарынан иликтөө жүргүзүп, сурамжыладык. Оппозициядан президенттикке талапкер боло турган лидерлерге добуш бердирип, баарын кошуп келгенде Алмаз Атамбаевдин "реалдуу" шансы бар экендигине толук ынандык. Ошондуктан, биздин саясий кадыр-баркыбызды дагы, мүмкүнчүлүгүбүздү дагы, партиябыздын ресурстарын дагы азыркы бийликти алмаштыруу максатына багыштадык. Президенттикке ат салышууга даярданган бизден башка дагы талапкерлер бар. Эгер алардын ою дагы бүгүнкү системаны алмаштыруу болсо, кызматташууга даярбыз.
- Демек, талапкер тандоодо Бириккен оппозиция жаңылбаганына ишенесизби?
- Көпчүлүгү Алмаз Атамбаевге президенттик мандатты берип жаткандай сүйлөшүүдө. Алмаз Атамбаевдин тобокелге барып, күрөштүн башында турам дегенинин өзү орусча айтканда "поступок". Биз азыр Атамбаевге президенттик кызматты бергенибиз жок. Биз тобокелди берип жатабыз! Президент болууну самагандар көп, бирок, алар эмне үчүн Атамбаевдей болуп тобокелге барбайт? Өтпөй калсам күйгөн акчамды кантем, бийлик менен бузулган мамилемди кантип оңдойм дегендер ушуга барабы? Ошондуктан, алдыбызга чыккандан кийин колдойлу. Бул бир эле Атамбаевдин тобокели эмес, баарыбыздын тобокелибиз деген максатка биригишибиз керек.




  Айранды үйлөп

Азимбек Бекназаров,
БЭКтин штаб жетекчиси:
"Жети өлчөп, бир кестик"
- Ошентип, башчы тандадыңыздар?
- Бириккен Элдик кыймыл өзүбүздүн бирдиктүү талапкерди көрсөтөбүз деп жарыялаганыбызга бир ай болду. Ушул убакытта экиден же чогуу болуп, абдан катуу талкууларды жүргүздүк. Сүйлөшүүлөр жеңил болгон жок. Ар кандай сунуштарды карап отуруп, жыйынтыгында 23-июлда боло турган президенттик шайлоого Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин көрсөттүк.
- Эмне үчүн Атамбаевге токтолдуңуздар?
- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, оппозиция алдына койгон максаттары, бийликке койгон бир топ шарттары бар. Алардын эң негизгиси -үйбүлөлүк башкаруу системасын сындыруу. Биз бир талапкерди аныктоодо көп деле талашкан жокпуз. Негизигиси биз алып чыккан талапкер биздин талаптарды аткара алабы, элди алдап кетпейби, туруктуу туруп береби деген маселеде болду. Ушул жагдайларды карап, талдап отуруп Алмаз Атамбаевди бир добуштан колдодук. Ошондой эле Исмаил Исаков дагы БЭКтин атынан өз талапкерлигин көрсөттү. Бизден башка талапкер чыккан жок, эч кимиси мен талапкер болом деп чыкпады. Баарын сүйлөшүү жолу менен кеңешип отуруп, өзүбүздүн макулдугубуз менен бир чечимге келдик.
- Буга чейин БЭКтин талапкери түштүктөн тандалат деп келишкен. Эмне себептен андай болбой калды?
- Ооба, бизде ар кандай сөздөр болду. Бирок, биз үчүн бир маселе олуттуу болду. Биз эртең Кыргыз элине кантип жакшы, татыктуу жашоо алып келебиз. Канткенде үй-бүлөлүк системаны сындырабыз деген маселеде ой калчадык. Ал эми түштүк-түндүк деген маселени караган да, талашып-тартышкан да жокпуз.
- Маалымат жыйында Темир Сариевдин катышпагандыгын кантип түшүнсөк болот?
- Темир жеке иштерине байланыштуу келбей калды. Шек санабай эле койгула, ал биз менен.
- Атамбаев демекчи, Сиздерде ал кишиге болгон ишеним ошончолук эле чоңбу?
- Ооба. Биринчи кезекте Бакиев революция учурундагы айткан көп убадасына турган жок. Анда жалпы эл көтөрүлүп, Бакиевди президент кылган. 24-мартта Алмаз Атамбаев дагы эл менен чогуу аянтта жүргөн. Атамбаевди бийлик бир эмес, эки жолу алдады. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" деген сөз бар, анын сыңары Алмаз өзү "күйгөн" киши катары бул чоң тиреште элдин үмүтүн алдап кетпейт деген ишеним бар. Баса, "2006-жылы ноябрь митингинде Акүйдүн артынан кирип, бийлик менен соодалашып, өкмөт башчы болуп, элди сатып кеткен" дегендерге дагы бир жолу расмий айтып койоюн; Алмаз Шаршенович бизди сатып, өкмөткө кетип калган эмес. Ал учурда ошондой кырдаал түзүлгөн. Бир топ саясатчылар кол коюп, сен бар деп, биз жөнөткөнбүз. Жыйынтыгы, жогорку бийликтеги адамдын "...ылайдан өтсөм болду" деген саясатынын курмандыгы болду. Аягы эмне менен бүткөнүн жакшы билесиңер. Биз Алмаз Атамбаевди тандап алган жокпуз, биз жакшы заман курабыз, эртең демократиялуу өлкөдө жашайбыз деген максатты тандадык. Уюштуруу иштеринин башында туруп, концепцияны аткарганга макулмун дегенинен Алмазды тандадык.




  БЭК "көзүр"

Алмаз Атамбаев, Кыргызстан социал демократиялык партиясынын лидери:
"Балдарыбыз Кокон хандыгында жашабасын!"
- Чоң казатка аттануу алдында турасыз, Сиз ага макулсузбу?
- Бул жерден мен бир гана нерсени айтып кетейин, маалымат жыйында Өмүрбек Чиркешович Президенттик жарышка ат салышууну каалагандар аз болду деп айтты. Ачыгын айтсам, оппозициядан башкы талапкер болуп чыгууга менин деле көңүлүм жок болчу. Мен Өмүрбек Текебаевди, Бакыт Бешимовду сунуштагам. Бирок, Бириккен элдик кыймыл менин талапкерлигимди көрсөтүүнү чечишти. Акыры ойлонуп көрүп, бул чечимге макул болууга жана аны аткарууга туура келди.
- Бүгүнкү Бириккен оппозициянын күчү менен шайлоодо жеңип чыгаарыңызга ишенесизби?
- Оппозициянын ичинен кимиси чыкпасын шайлоодо жеңмек. Ошондуктан мен дагы жеңээриме ишенем. Кеп берилген добуштарды сактоодо. Анткени, Кыргызстандыктар шайлоонун таза өтөөрүнө БШКнын жетекчиси качып кеткенден кийин ого бетер ишенбей калган. Мен бул жолку шайлоодо эл добушун коргоп калганга күчү жетээрине толук ишенем.
- Бийликке келип калсаңыз, оппозиция койгон талаптарды аткарууга кепилдик бере аласызбы?
- Мен Кудай деген адаммын. Мага кызматтын кереги жок. Эгер кызмат керек болсо, өткөн жылы болобу, азыр болобу бу бийликтен кызмат ала алмакмын. Мага кызмат эмес, Кыргызстандын келечеги керек. Азыр биз келечекти тандап жатабыз. Ушул шайлоо менен биз алдыга жылабыз же артка, Кокон хандыгына кетебиз. Мен балдарымдын Кокон хандыгында жашашын каалабайм.
- Учурдагы саясаттын эмнеси жакпайт? Алдыдагы, келечекти кандай көрөсүз?
- Биринчиден, чындыкты жазган журналисттердин жок дегенде колун сындырбашын, саясий оппоненттерди өлтүрбөшүн жана күйгүзбөшүн, ар кандай шылтоолор менен түрмөгө киргизбешин каалайм. Мен демократиялуу өлкөдө жашагым келет. Менин балдарым дагы демократиялуу өлкөдө жашашын каалайм. Ал эми экономиканын өспөй жатышына бийликтегилер дүйнөлүк кризис жана башкаларды шылтоолошууда. Мен сегиз ай премьер-министр болуп иштеген адам катары айтарым; кризис бийликтин өзүндөгүдөй таасир этпейт. Кептин баары бийликтин өзүндө. Бизде коррупция, уурулук абдан көп. Кыргызстандын "биринчи" адамынын жакындары, тегерегиндегилер азыраак уурдаса, эч кандай иш деле талап кылынмак эмес. Өкмөттүн өзүндө эң жакшы программа бар. Тилекке каршы, аны эч ким аткарбайт. Анткени, алардын баары "чөнтөк" үчүн гана иштешүүдө. Мен өлкөгө кандай тартип орнотууну, мамлекеттин экономикасын кантип өстүрүүнү билем.
- Административдик ресурс, мамлекеттик машине деген бар. Аларга каршы тура аласызбы?
- Туура. Азыркы кадамым менен өзүмдү эң чоң күчкө каршы коюп жатам. Өзүмдүн өмүрүмдөн коркпоймун, жашаарымды жашадым дегендей... Бирок, жакындарымды, үй-бүлөмдү каршы коюу өтө кыйынга турду. Баарын ойлонуп, тандагандан кийин аткарууга тийшмин. Кыргыздар: "Иттин кожоюну болсо, кабыландын Кудайы бар" дейт. Биздин Кудайыбыз бар.
- Кандай мамлекет куруу тууралуу оюңуз бар?
- Биз былтыр меморандумга кол койгонбуз. Ошону карап көрсөңүз болот. Бийлик эл үчүн иштегендей, элге "отчет" бере тургандай система курабыз. Албетте, бир үй-бүлө башкара албай тургандай кылабыз. Өлкө бир үй-бүлөгө эмес, элине иштей тургандай болот.
- Жеңилип калсаңыздарчы?
- Мындай "вариантты" караган жокпуз. Биз жеңилсек эл жеңилет. Ал эми эл эч качан жеңилбейт.

P.S. А.Атамбаевдин кеңири маеги 9-бетте