Шакирттери эскерет

Агай - иши, изи, сөзү менен тирүү
2009-жылдын 26-апрелинде белгилүү чыгаан окумуштуу-физик, төмөнкү температурадагы плазма тармагы боюнча Кыргызстанда илимий мектептин негиздөөчүсү, Кыргызстандагы физиктер коомунун уюштуруучусу жана анын алмаштырылгыс төрагасы, Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясын өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин 10 жыл Президент катары жетектеп келген академик Жаныбек Жээнбаевич Жээнбаевдин бул жарыкчылыктан жүз буруп, жаны жаннатка кеткенине 2 жылдын жүзү болот... Тирүү болгондо 78 жашка толмок, берекеси төгүлгөн күз айында. Арийне бул жарыкчылыкка келип, андан узаганга чейинки өмүр жолу, баскан изи өз тегерегиндегилердин гана арасында болуп, көпчүлүгүбүз көрөөр күнүбүз бүтүп, ичээр суубуз түгөнгөндө үзөнгүлөш жоро-жолдоштордун, тууган-туушкандардын, кесиптештердин гана эстутумунда калабыз. А бирок адамзат тарыхында жакындары, тууган-туушкандары гана эмес, жалпы элдин, коомчулуктун эсинен чыкпаган, алардын жүрөгүнөн түнөк тапкан адамдар да болот тура. Мындай инсандардын өмүр таржымалы бүтүндөй доордун, улуттун, мамлекеттин тарыхынын бир бөлүгү, ал эми кылган кызматы, жасаган иши, көргөн аракети башкалар үчүн багыт алуунун үлгүсү, чен-өлчөмү болуу менен, андай адамдардын аты муундан муунга айтылып, аңыз кепке айланат экен. Мына ушундай залкар, ушундай улуу адамдарыбыздын бири - академик Жаныбек Жээнбаевич Жээнбаев эле...
Россия педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясынын академиги, Монголия Илимдер академиясынын жана университетинин ардактуу доктору, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор - ушунун баары эмгегинин үзүрүн элине чачкан, жаш илимпоз-окумуштууларды тарбиялап өстүрүп-баккан, Кыргызстандын тарыхында түбөлүк оордун тапкан, өчпөс изин чапкан, дүйнөлүк илимпоздорго эмгеги менен жаккан, жөнөкөй эле кызматкерден Улуттук академиянын Президенттигине чейинки жолду баскан, эң негизгиси жашоодо, илимде, үй-бүлөдө өз бактысын өз колу менен жасап, аны балдарынан, неберелеринен тапкан Жаныбек Жээнбаевдин бейнесине сүртүлгөн гана айрым бир штрихтер.
Жаныбек агайдын өмүр-жолу сыдыргыга салгандай телегейи тегиз, тепкичтери эгиз боло койбоптур. 38-жылдын коо-калдалаңына кабылган үй-бүлөнүн тарткан азабы, көргөн күнү көкүрөккө кара так болуп кадалган. Чиедей болгон төрт бир тууган ата-энесинен эрте ажырап, тууган-туушкандын колунда томолой жетимдиктин көразабын тартышат...
"Жетим жүрүп жетилдим, кыл аркан болуп эшилдим" - деген ушу. Мезгил барактары ачылган сайын агайды так илимдер оп тарта кызыктырып, келечек тагдырын физика менен байланыштырат. 1950-жылы азыркы Караколдогу мугалимдер институтун артыкчылык диплому менен аяктап, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин бүтүрөт. В.М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде аспирантурада окуп, 1960-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт. Бул мезгил Советтик физика, инженерия, математика илимдеринин дүйнөнү өзгөртүп коюу мүмкүнчүлүгү бар фундаменталдуу илимдер экендигин аалам сезип-туюп, моюндап турган кез эле. Мына ушул тарыхый кырдаалга, талыкпаган мээнетке, тер агызган эмгекке шайкеш келген таш жарган талант агайдын Кыргыз элинин улуу физиги катары калыптанышын камсыз кылып, өз бактысын физика илиминен табышына жол чапты. Талыкпаган ак эмгектин үзүрү - 40тын кыраңына келе элек жашында докторлук диссертациясын коргоп, жыл өтпөй 1972-жылы профессор наамын алат. 1969-жылы физика-математика институтунун деректиринин орун басарлыгына бектилип, 1977-жылы ушул эле институттун деректирлигине шайланат. Бул - Жаныбек агайдын илимдеги лидерлик сапатынын башталышы эле.
1984-жылы Кыргыз илимдер академиясынын курамдык бир илимий мекемеси катары Физика институту ачылат. Бул институттун ачылышына жанүрөгөн демилгечи да, уюштуруучу да жана биринчи деректири да агай эле. Агайдын алдын көрө билүү, келечекке туура багыт бере билүү жөндөмү Кыргызстанда физика, инженерия илиминин өнүгүшүнө, жаш кадрлардын өсүп чыгышына, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Агайдын жеке илимий кызыкчылыгы менен жаңы ачылган Физика институтунун жалпы илимий проблемалары төп келишип, фундаменталдык жана прикладдык мүнөздөгү изилдөөлөргө кеңири жол ачылды. Атомдук спектроскопия жана төмөнкү жылуулуктагы плазманын физикасы багытында иштелген изилдөөлөр агайдын атын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимпоздоруна таанытып, дүйнөлүк масштабдагы окумуштуу-физиктердин катарына кошту. Төмөнкү жылуулуктагы плазма багытындагы агайдын теориялык жана практикалык мүнөздөгү изилдөөлөрүнүн маанисинин жогору экендигин (30дан ашык автордук күбөлүк, 10го чукул патент, 300дөн ашык илимий эмгек) анын ушул эмгектеринин дүйнөлүк илимдин тарыхына кирген советтик окумуштуулардын жана конструкторлордун ири ийгиликтери деген тизмеге кошулушунун өзү эле ачык-айкын көрсөтүп турбайбы. Агайдын түздөн-түз илимий жетекчилиги менен иштелип чыккан плазмалык технологиялар Кыргызстандын, Швейцариянын, Франциянын, Малайзиянын, Советтер Союзунун ж.б. ишканаларына орнотулгандыгы, киргизилгендиги да кесиптештерине маалым.
Эгерде жогоруда сөз болгон жагдайлар, агайдын өзүнүн илимдеги жеке изи болсо, жеке изилдөөлөрүнүн жыйынтык-үзүрү болсо жана алар Жаныбек Жээнбаевичтин өмүрүнүн бир өңүрүн ачып берип жатса, агайдын даңктуу, барктуу өмүрүнүн экинчи өңүрүн анын илим-билими жуккан, таалим-тарбиясы жуккан, иштөө тажрыйбасы жуккан окуучуларынын эмгеги, "физик эмес, лирик" шакирттеринин эмгеги ачып турабы дейм. Илимдин 20дай кандидатын, 3-4 докторун даярдап чыгуунун өзү да чоң жоопкерчилик, түгөнбөгөн түйшүк, түмөндөгөн сыймык экендиги талашсыз.
Академик агайыбыз улуу илимпоз окумуштуу, залкар физик гана болбостон, Кыргыз илими үчүн, анын илимийлиги, тазалыгы үчүн башын сайып койгон чоң уюштургуч, чоң жетекчи да эле. Жакшы заманда баары эле жакшы жетекчи болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми акылга сыйбаган чалкеш заманда этегиңден бучкактап, балтырыңа ак жармашып жулуп кетсем, булуп кетсем деп көздөрүн кызарткандар көбөйүп турган заманда мыкты жетекчи болуш көрүнгөндүн колунан келе берчү жумуш эмес. Баарыбыз, өзгөчө илим деп жүргөндөр, жакшы билебиз, СССР империясына кулашы илимдин, кээ бир Республикаларда академиянын да урашына, кыйрашына алып келди. Кыргыз академиялык илими үчүн да өтө оор мезгилде 1993-жылы агай Илимдер улуттук академиясынын вице-президенттигине, ал эми 1997-жылы - Президентикке шайланат.
Ушул мезгил агайдын Республикадагы илимий ой-пикирдин, илимий чоң мекеменин жетекчиси катары, илимий интеллигенциянын, академиктердин академиги катары жөндөмүн, мүнөзүн, талантын көрсөттү. Сөздүн түз маанисинде, кааласак да, каалабасак да, көрө алсак да, көрө албасак да жапайы капитализмдин ташкыны менен келген оор кырдаал күчөп турганда, агай Кыргыз элинин Илимдер улуттук академиясынын илимий потенциалын, статусун жана имараттарын сактап кала алды. Ошол кезде илим эмне экендигин түшүнбөгөн мамкатчынын кордугун, Кыргыз эли үчүн Илимдер академиясынын статусу, орду кандай зарыл экендигин билбеген Вице-премьер айымдын зордугун четке кагып, академияны талоондон сактап кала албадыбы. Муну академиктер да жазып чыгышты, баса белгилеп да жүрүшөт. Бул - ак кеп, акыйкат сөз.
Бүгүнкү күндө агайдын ушул зор эмгегинин, эч кимден коркпогон, тууралыктан, чындыктан кайра тартпаган көйкашка-көктүгүнүн натыйжасында Кыргыз элинин Илимдер улуттук академиясынын аброюн КМШ, Азия, Европа, Американын эл аралык илимий борборлоруна теңөөгө жаңүрөп чоң иш кыла албадыбы. Кыргыз Академиясынын илимий изилдөөлөрү НАТО, ЮНЕСКО, МНТЦ тарабынан каржылана баштабадыбы. Оор мезгилде Академиянын 50 жылдык юбилейин өткөрүп, ага кимдер гана келген жок. Мунун баары агайдын улуттук илимий лидер экендигинин айныгыс көрүнүшү...
Агай, биз билген, баарыдан мурда, адегил, жөнөкөй адамкерчиликтүү адам, андан кийин чыгаан адис, мыкты жетекчи эле. Жаныбек Жээнбаевич - бизге ушундай элес калтырган адам, өзү жок болсо да иши, изи, сөзү менен түбөлүк тирүү адам...

Мустафа Кидибаев,
Сыртбай Мусаев




  Экономист кеп айтат

Калькулятор менен жасалган "реформа" же салык кодекси кимге пайда алып келди?
Кыргызстанда орто эсеп менен салык төлөөчүлөрдү үч топко бөлсө болот:
Биринчиси, 5 миң киши иштеп жаткан ишкана-фирмалар (завод, фабрика, компаниялар ж.б.)
Экинчиси, 50 миңдей жеке ишкерлер (патент төлөөчүлөр)
Үчүнчүсү, 5 миллион эл - бул жалпы калк.
Жаңы кодекстеги НДС салыгын төмөндөтүү, кээ бир салыктарды жоюу дегени ортосунан айтканда, жалпы эл үчүн эмес, 5 миңдей киши иштеген ишканага гана пайдасы тийген реформа болду.
Патенттин баасын көбөйтүп, натыйжада "подоходный" деген салыгы не болсоң да 610 сом төлө деп койгону (ага татый турган маяна албасаң да), жана да мал башына салык төлөтүп жатканы - бул жалпы элге каршы жүргүзгөн саясат эмей эмне. Мындай "реформанын" жыйынтыгы: байлар байыйт, кедейлер кедейленет деген түшүнүк болуп жатпайбы. Акыры жүрүп мындай "кайыш" алууга болгон кадамдар элди салык төлөөдөн баш тартууга алып келбейт деп ким кепил болот. Тескерисинче, коррупция күчөп, ал ортодо салыкчылар салыкты чогулта албай калышы да мүмкүн. Салыкты төлөбөй коюу жолдору көп. "Өйдөкү акылдуулар" ушуну эске алып , реформа кылыш керек эле. Себеби, элди кысымга алуудан эч жыйынтык чыкпайт. А, ааламда болсо экономикалык кризистин азуусу улам оркоюп өсүп келүүдө. Андай шартта, макул биз быйыл Россия бере турган 150 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит менен бюджеттин тешигин жабалы. Эмки жылы эмне кылабыз? Каржы министри Султанов эсептеген 5 миллиард сом казынадагы бюджеттин дефицити дүйнөлүк кризистин таасиринен келип чыккан дефицит эмес. Бул реформа туура эмес жүргүзүлгөндөн келип чыккан майнап. Биз муну менен каратып туруп эле элди кыйнап жатабыз.
Эгер салык саясаты туура жүрсө, анчалык акча коротпой эле, акча жасаса болот. Мисалы, "Дордой", "Кара-Суу" базарлары күргүштөп иштеп жатат. Челноктордун аркасы менен тигүүчү цехтер пайда болду. "Дордойдун" товарын Россияга алып барып сатабыз деп, кыргыздар эң соодагер калк болду, 10 жылдын ичинде эле. Канча атуулубуз Россияга барып байыды, бизнесмен болушту. Демек, эмгек мигранттары "Дордой", "Кара-Суу" базарлары тигүүчүлөр ушул үч "кит" биздин учурдагы экономиканы кармап турат. Булардан жылына 1,5-2млрд. доллар акча түшөт. Кыргызстанда эң бай киши ким? Соодага шарт түзүп берген киши. Эл билбеген өтө бай соодагерлер көп. Демек, ушул маселени неге дагы тереңирээк ойлонбойбуз?
Ал эми жер жайнаган акчалар сорулуп, ал курулса эле "кой үстүндө торгой жумурткалачудай" туюлган Камбар-Атадан финансылык пайданы эң жакшы болгондо 30 жылдан кийин көрөбүз. Аны куруу үчүн алган карыздан кутулгуча 20-30 жыл "оомийин болот". Албетте, Камбар-Ата курулганы жакшы, бирок аны карап отура бербей, башка жолдорду да издешибиз керек бейм.
Ал эми ага салыштырмалуу Өкмөт "Дордойго" же тигүүчүлөргө эч нерсе берген жок. Болгону шарт түзүп берди, токтом чыгарып берип. Мындан өкмөттүн бир тыйыны корогон жок, болгону бир барак кагаз короду.
Бизге так ушундай кадамдар керек. Андай жолдор, аны ишке ашыра турган идеялар бар. Ага ылайык токтомдорду токуш үчүн Гарвардды бүтүш же дүйнөлүк деңгээлдеги экономист болуунун деле кереги жок. Болгону көпчүлүктү "жаңы салык" сыяктуу нерселер менен муунтпай, жогоркудай шарт түзүп бере алган гана токтом керек.

Дастан Касымов,
экономист