Биринчи Lady
Социализмден капитализмге кадам койгон постсоветтик өлкөлөрдө "биринчи леди" түшүнүгү эми араң калыптана баштады. Тактап айтсак, баары эле Батыш ледилерин үлгү тутушууда. Бирок, алар жасаган же алар чапчыган бийиктикке бирөөсү дагы жете электей. Анткени, Батыш ледилеринин көпчүлүгү кадимкидей эле саясий фигуралар. Ал эми КМШ курамындагы жаңы ледилер жөнөкөй аял, мээримдүү эне жана мыкты үй кызматкерлери. Ошонтсе да кээ бирлери бизнес-леди аталып, кай бирөөсү күйөөсүнүн бейформал кеңешчиси же өлкөдө өтө популярдуу "личность" катары таанылгандар да жок эмес. Кандай болгон күндө да баардык эле аялзатына буйрубаган бул бакытка чулгангандар саналуу гана. Мындайга жетүүнү самагандар дагы оголе арбын. Ага жетүү да кыйын. А биз болсо учурда КМШ айдыңындагы "биринчи ледилер" эмне менен шугулданаарын иликтеп көрдүк.


Мехрибан ханум Алиева - Азербайжан президенти Илхам Алиевдин жубайы
Азербайжан лидеринин жубайынын ысымы Мехрибан. Учурда саясат менен шугулданып жүргөн кези. Депутатыкка да ат салышкан. Далайдын шилекейин агызып, көз жоосун алган сулуу айым. Сулуугу менен Мехрибан айым, 2008-жылы "НАТОнун сулуусу" деп табылган.


Светлана Медведева - Россия президенти Дмитрий Медведевдин жубайы
1965-жылы Лениградда туулган. Светлананын кыз кезиндеги фамилиясы Линник. Күйөөсү менен мектеп партасынан бери тааныш. Дмитрий менен Светлана параллель класста окушкан. Орто мектептен кийин Ленинграддын каржы-экономикалык институтун бүтүрүп, экономикалык кесипке ээ болгон. Окуу жайын бүтүп, эки жыл айланбай Дмитрий Медведевге турмушка чыгат да, 1995-жылы Илья аттуу уулдуу болушат. Көп жылдар бою кайрымдуулук иши менен алектенип келген.
Жарашыктуу кийим кийгенди жактырат. Байлыгы жок. Күйөөсү Д.Медведев 2008-жылы Президенттикке кандидатурасын койгондо, БШКга мүлк жана кирешеси тууралуу маалыматында Светлана айымдын төрт жылдан бери эч кандай кирешеси болбогону көргөзүлгөн. Аны банктык эсеби да тастыктап турат. Ошол учурдагы эсебинде 380 рубль, 20 тыйыны бар экен. Наамына катталуу эски "volkswagen golf" машинеси жана эки машинелик орду бар гаражы айтылган.

Екатерина Ющенко - Украина президенти Виктор Ющенконун жубайы
"Американын шпиону" деген кличкасы бар Украинанын биринчи ледиси Екатерина Ющенко (турмушка чыкканга чейинки фамилиясы Чумаченко) Чикагодо туулган. Джорджтаун университетинин эларалык мамилелер факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Бүтөрү менен АКШнын каржы министрлигинин секретариятында жумуш карьерасын баштаган. Кийин конгрессте экономист болгон.
Океандан бери өткөндө кийин күйөөсүнүн саясий каршылаштары Украинанын белгилүү лидерин ЦРУнын агенти менен жолуктурду деп чуу көтөрүшкөн. Бирок, аны далилдеп бере алышкан эмес. Бул ушакты ал өзү да четке кагып, Украинанын атуулдугун алуу менен бекемдеген.
Учурда Катерина балдар үйлөрү менен алектенет. Украинанын музей жана театрларын колдойт. Бизнеси дагы бар. Декларацияга ылайык үй-бүлөгө күйөөсүнөн көп киреше киргизет.

Сандра Руловс - Грузия президенти Михаил Саакашвилинин Жубайы
Айтылуу Миша Саакашвилинин жубайы Сандра Руловс сулуу Голландиялык болот. Биринчи леди болгонго чейин славян динин кабыл алып, грузин тилин үйрөнгөн. Ошон үчүн грузиндер бул айымды абдан сыйлашат. Азыр анын эл арасындагы рейтинги күйөөсүнөн жогору болбосо, кем калбайт. Учурда кайрымдуулук иштери менен алектенет. Бир топ жылдардан бери грузин мектептери, карылар үйү, балдар интернаты, көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам берүү менен иш алпарган "Соко" фондун жетектеп келүүдө. Негизи жардамга муктаж баардык чөйрөнүн баарына колдоо көрсөтөт. Саясат менен иши да жок. Элге ал сулуулугу менен гана эмес, акылдуу жана чечкиндүүлүгү менен да жагат. Анын токтоо мүнөзү эмоцианалдуу күйөөсүнүн мүнөзүнө каршы келгени ачык байкалат. Жергиликтүү ММКлар "жолдошунун жүрүшүнөн" Сандра абдан тажап, мунун аягы ажырашууга чейин барат деген имиштерди таркатышкан. Имиштердин чыгышына биринчи леди Грузияда эмес, өзүнүн мекени Голландияда жашап жаткандыгы шарт түзгөн.

Сара Назарбаева - Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жубайы
Казак Президентинин жубайы Сара айым дагы кайрымдуулук иштери менен алектенет. Ал жетектеген "Бобек" фонду 10 жылдан ашуун убакыттан бери оор дарты бар казак балдарды дарылоо менен иш алып барып келет. Лыжа тебүү жана сууда сүзүүнү абдан жактырат. Казак ырларын келиштире ырдайт. Ал эми жергиликтүү ММКлар анын өмүр баянындагы башка нерселерин да айтып келишүүдө. Алардын айтымында Сара Назарбаева мамлекеттик портфелдерди бөлүштүрүүдө негизги ролду ойнойт. Ошондуктан, Башпрокурор, Ички иштер министри, бир катар облустардын губернаторлору жана бир топ башкаруу ведомстволордун жетекчилери биринчи лединин жакын туугандары же достору экени айтылат.

Таисия Воронина - Молдовиянын президенти Владимир Ворониндин жубайы
Белоруссиянын биринчи айымына бир топ жагынан дал келген дагы бир леди бар. Ал Молдован лидери В.Ворониндин жубайы Таисия Михайловна. Ал дагы эл көзүнөн оолак жүрөт. Бирок, протокол менен көрсөтүлгөн айрым иш чараларга катышып турат. Бирок, кайсы бир жолдор менен мамлекеттик саясатка кийлигишкени байкалбайт. Кесиби боюнча мугалим. Көп жылдар бою мектепке чейинки балдарды тарбиялап келген. Азыр белорустардын биринчи ледиси дагы кайрымдуулук иштери менен шугулданууда. Анын демилгеси менен Пырыта айылында үй-бүлөлүк тибиндеги балдар үйү салынууда. Буга эл абдан ыраазы.


Галина Лукашенко - Белоруссия президентти Александр Лукашенконун Жубайы
Эң аянычтуу тагдыр Белорус биринчи ледисине ыйгарылгандай көрүнөт. Анткени, белорустардын дээрлик көпчүлүгү Галина Лукашенконун жүзүн да көргөн эмес. Он жылдан ашуун Президенттик креслодо отурган А.Лукашенко жубайын бир дагы чет элдик сапарга ээрчиткен эмес жана бир дагы расмий салтанатка катыштырбаган. Ал турсун Александр менен Галина бөлөк жашайт. Александр Минскиде турса, Галина болсо Рыжкович аттуу айылда турат.
Бир саам оппозициячыл журналисттер менен чет элдик корреспонденттер Рыжкович айылына барып, Галина Радионовнадан интервью алышат. Эч нерсе оюнда жок айылдагы турмуш жана Милки аттуу өз уйун кантип саарын айтып берет. Бул маек учурунда Лукашенконун кыжырын өтө келтирген. Ошондон кийин жубайына журналисттер менен сүйлөшүүгө тыюу салган. Чарбагына бийик дубал тургузуп, кароол койдуруп койгон. Ошол учурдагы консервативдүү белорустардын Лукашенконун жашоосу тууралуу жасаганы анын имиджине өтө катуу тийди.
Ал эми "Жашыл" Интернет сайттары аны Белоруссиянын белгилүү ырчы жана моделдери менен "байланышаарын" жазышкан. Бирок, акыркы учурда Лукашенко өзүнүн жеке душманы менен бир жылдан бери "роман" болуп жүргөнү көп айтылууда. Имиштерге караганда алар эки балалуу да болушкан. Ушул айым белорус Президентинин иш сапарларында дагы коштоп жүрөт делет. Бирок, камерага бир да жолу түшө элек. Бул айымдын дагы белорус саясатына үлкөн таасири бар экени айтылат. Маселен, көпчүлүк чиновниктер расмий же бейрасмий иштерди аткарууда анын алдынан өтүп турушат.

Даярдаган Эльнура Дүйшеева









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!