"Кызгалдактуу талаалар, кызык сүйүү жаралаар..."

Мотуев Бакиевден кем бекен же...
Темир менен өмүрбек теминип чыгаар дечү элем
Дүйнөдөгү элдин баарынан кыргыз кыйын экенин далайдан бери какшап келаткан Айтымбетов агама ишене албай жүрчү элем, кийин ишене да баштадым. Мага окшогондор биртоп эле бар экен, сурамжыласам. Ошол кыйындыгынан бир-эки шилтем таштасам, айтканымды колдоп берер: Мамлекетибиздин экономикасы "итий" абалында болсо да 2млрд. ашык карызды тоотпой, дагы да андан көптү алганы турубуз, бу эрдикпи -эрдик; "эргежээл" мамлекеттердин тизмесинде турганыбыз менен дүйнөдөгү эбегейсиз зор эки мамлекеттин базасын батырып турабыз, бу эрдикпи - эрдик; кол тийгис Коституциябызды каалагандай оңдоп-түздөп салабыз, керек болсо "бир" айдын ичинде эки жолу, бу эрдикпи - эрдик… минтип санай берсек элибиздин "эрдиктери" саналып бүтпөс. Анан бүгүнкү күндө президент болом деп талпынгандарды көрүп, элимдин эрдигине эки эселеп ишенесиң, таң бересиң!
Ким билбейт экен: ушул азыр президенттик иштен өткөн оор иш жок. Кээ бирибизге Бакиев жыргап жаткандай сезилет. Жок ал жыргаган жери жок, азаптуу күндөрүн өткөзүп жаткан учуру, бийлик тизгинин толук тутамдай албай, эл турмушу күндөн-күнгө оорлоп... оңдой албай… оңдой алабы, ал башка маселе.
Ошентсе да, кыргызыңдын көбү президент болгондон эч коркпойт экен бул - "эрдик". Анан минтип ойлодум: а балким коркконго мээси жете бербейт го деп. Чын эле мээси болсо коркобу же жөн эле корко береби?
Президенттикке Өмүркулова, Нышанов, доктор Апас, Мотуев, Парманкулов, Назаралиев, Турсунбай Бакир уулу дегендер ат салышат экен деп жазган гезиттерди окудум, таң калган жокмун, бүгүнкү күнү бир нерсеге таң калсаң акылсыздыгың, биздин кыргыз турмушубузда турмушта кезиккен нерселер, окуялар менен бирге эле турмушта кезикпеген нерселер да боло берет, экөө чогуу жашайт.
Бу тизмени окуп, тизмеде Мотуев инимдин жүргөнүнө аябай сүйүндүм. Анткени, илгери "Асабада" чогуу иштеп жүргөнүмдө: "Баратбай байке, мен сизди Америкага алып кетем" деп көп айтчу. Бүгүнкү күнгө чейин күтүп келем. "Жаман айтпай жакшы жок"( ушул макал туура колдонулдубу, бүдөмүк калдым) дейт, эпадам Нурлан иним президент болуп берсе Америкага кетерим турулуу. Бул бир. Экинчиден, бу иним президенттикке ат салышса оюн-зоогу көп болот, боршайкомдун да, жөншайкомдордун да айласын алты кетирип, "этектерин түрүп жиберип", бүтүндөй элге эрмек болуп берет. Эмне, белет албай эле шоу көргөнгө болбойт бекен…
Дагы бир сөз кылчу кандидат бу Нышанов дегени. Бир ирет бу үкөм "өрттөнүп өлөм" деп эмдигиче өрттөнө элек, канча күттүк өрттөнбөдү, эл "үмүтүн" актабады. Анан, эпадам президент болуп шайланып калса, бир күнү "өрттөнүп өлөм" деп коюп дагы өрттөнүп өлбөсө, башка элдер айтпайбы "кыргыздардын президенти сөзүнө турбайт" деп. Ошондуктан ушул жигиттин шайланып кетишинен корком. Бирок, 0,1 процент добуш аларын билип, демди басам…
Кудай берип Турсунбай үкөм президент болуп калса, анда баарыбыз тоңкочук атып, чөнтөктөрдөн бөтөлкө ыргып беш маал намаз окуп, ишибиз калып, ит болобузбу деп, мындан бир корком…Назаралиев шайланып калып, баарыбызды тегиз дарылап салабасын деп андан бир корком… Булардын проценттерин билип туруп эле корко берем.
Ооба, президенттик шайлоо ойдо жок чукул чакырылып калды. Анын себебин билебиз, билип жатышат. Бу шайлоодо деле Бакиев керектүү добушун чогултуп алат дегендер көп. А шайлоо "шайтан сайып" таза өтсөчү. Оо, ошондо маселе башкача болмок, бир азаматыбыз шайланып тынмак.
Мен, мага окшогон биртоптору айтып келатабыз: Бакиев менен президенттикти талаша турган бир кандидатты тандабай оппозиция лагери "ит тытыш" абалына келип такалышы мүмкүн деп. Ошол "мүмкүн" дегени турмуш чындыгына айланганы тур. Эмдигиче бир кандидатын көрсөтө элек, көрсөтпөйт окшоду. Крылов атабыздын тамсилине келип такалмай болуп турат.
Бириккен Элдик Кыймылдын катарынан "Асаба" партиясынын чыгып кетиши ал тараптагы абалдын анча жакшы эместигин далилдегендей болуп турат. Албетте дечи,"Асаба" партиясы баштагыдай күчтүү партия эмес, анын лидери Жамалдинов дегени деле анча абройлуу эмес, жөнсалды эле адамдардан. "Биз Кыймылдан чыктык" деп турмуштун бир жагын чоюп жаткансып, чуу салган болот Жамалдинову. Бирок бу окуя саясий чоң окуя боло албайт, чыйт түкүрүм эле нерсе…
Ойлодум эле оппозиция тараптан Сариев менен Текебаев чыгып, кези келгенде бирине бири жол бошотуп берет деп. Андай болбой турган сыяктанды, Текебаев далай жылдан бери умтулуп келген, элин ошого көндүргөн багытынан тайыды да койду. Накта себеби не экенин билбей анын электораты турат элеңдеп…
Текебаев баш тартса, баарына бышып жетилген Темир Сариев турат. БЭК эмне үчүн аны сунуш кылып чыккан жок. Бу дагы ал тараптагы абалдын начардыгын, ынтымактын жоктугун айтып турат го, же дагы балекет тоскоол болуп жатабы?
Аталган эки азаматыбыз башкалардан сөөм болсо да алдыда. Бул экөөнөн башка Исаков, Өмүркулов, Бешимов, Каптагаев жана бу тизмеге сөзсүз кошула турган чыгаан айымыбыз Отунбаева (Жекшенкуловду санаттырбай салбадыбы) сыяктуу азаматтарыбыз бар. Баса, Атамбаевди президенттикке аттандырабыз дегендер да бар экен, мындайда менин энем айтчу эле: "Араң турган немени жөн койгулачы" деп.
Бу шайлоо эмнени алып келет? Биринчиден, башка муктаждыктарга керектелчү каражаттар шайлоого сарпталат, экинчиден, баягы эле Бакиевди президент кылып "шайлайбыз", үчүнчүдөн, демократия жолу дагы да "өйдөлөйт", төртүнчүдөн, коррупция менен кылмыштуулук өз жолу менен кете берет, бешинчиден, эл менен бийликтин ортосундагы жик дагы да чоңоет, алтынчыдан… тарт тизгинди дейин, өзүмдү өзүм токтотпосом болбойт, бу кыйчалыш заманда…

Баратбай АРАКЕЕВ





Аалам алкагында
Түндүк Корея

Түндүк Корея Йонбонгдогу өзөктүк реакторду иштен чыгаруу жараянын көзөмөлдөгөн америкалык адистерди өлкөдөн чыгара баштады. Буга чейин Түндүк Кореянын бийлиги Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) текшерүүчүлөрүнө да өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруган.

Иран

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр үчүн атайын план даярдаганын Жана АКШ менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирди. Бирок, өз талаптарынан баш тартпастыгын да баса белгиледи.

Тажикстан

Тажик президенти Эмомали Рахмон "биздин душмандарыбыз өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратуу үчүн интернетти колдонушууда" деп билдирди. Бул тууралуу президент Рахмон калкка жылдык кайрылуусунда айтты. Рейтер маалымат агенттигинин кабарлашынча, Рахмон "учурда эл аралык саясатта Тажикстандын аброюн түшүрүүгө багытталган маалымат согушу жүрүп жатат" деп белгилеген. Бирок Рахмон "душмандар" деп кимди эсептерин айткан жок.

Молдова

Ушул айдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан толкундоолордон кийин президент Владимир Воронин добуштарды кайра эсептеп чыгууга буйрук берген. 5-апрелдеги шайлоо бурмалоо менен өттү деп ырастаган оппозиция бул санакты көзөмөлдөөдөн баш тартып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Шайлоо комиссиясы кайра саноонун жыйынтыгы ушул жума күнү белгилүү болоорун билдирди. Шайлоодо бийликтеги Компартия жеңүүчү деп жарыяланган.

Пакистан

Пакистандын Сват өрөөнү шарият жолуна түштү. Бул боюнча Пакистан президенти Асиф Али Зардари Сват өрөөнүндө жана коңшулаш Малаканд регионунда шариятты колдонуу жөнүндөгү жарлыкка 13-апрелде кол койду. Бул чара талиптерге бийлигин каалагандай жүргүзүүсүнө өбөлгө түзөт деген кооптонууларды жаратты.

Грузия

Грузин оппозициясынын митинг уюштурганына бир жумадан ашты. Бирок, эч кандай жыйынтыкка жете алышпады.
Ага карабай демонстрация уланууда. Ал эми катышуучулардын саны күн санап азайууда. Бир апта мурда 60 миңдей киши демонстрацияга чыккан.
Эми славяндардын Пасха майрамынан кийин митингдин "чечүүчү этабын" баштаарын оппозиция убада кылышууда.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!