Биздин күндүн астында

Азимбек Бекназаров,
Бириккен Элдик кыймылдын штаб жетекчиси:
"БЭК бир талапкерге токтолду"
Мурда күнү БЭКтин саясий кеңешинин жыйыны болду. Ал жыйын туурасында ММКлар божурап эле жатып калышты. Биз БЭКтин штаб башчысы Азимбек Анаркуловичти Аксыдагы табийгый кырсык болгон жерден кабар алуу үчүн жердештерине аттанып жаткан жеринен табып, шашылыш маек курууга үлгүрдүк.

- Мурда күнү өткөн БЭКтин саясий кеңешинин жыйынында президенттикке талапкер катары Алмазбек Атамбаев көрсөтүлүптүр деген кеп тарады. Ошол отурумда кабыл алынган чечим жөнүндө айта кетсеңиз?
- БЭКтин саясий бюросу кечээ чечим кабыл алды. Негизинен бир талапкерге токтолдук. Бирок ал талапкердин аты-жөнү, ким экендиги 20-апрелдеги маалымат жыйынында расмий түрдө жарыяланат.
- Акыры коомчулукка бир талапкерди жарыялай турган соң анын аты-жөнүн бир-эки күнгө жашыруун сактоонун кажети неде?
- Эмне үчүн дегенде биз 27-марттагы митингде 20-апрелге чейин президентке бир нече талаптарды койгонбуз. Ошол талаптарды аткарбаса, андан кийин көп саясий акцияларды өткөрөбүз деп жарыяладык эле. Ошондуктан биз 20-апрелге чейин күтүп турабыз, анан 20-апрелге чейин президент тарабынан, бийлик тарабынан биздин койгон талаптар аткарылбаса, биз президенттикке талапкерди расмий түрдө жарыялап, ошол биздин талапкер өзү мындан кийинки кыла турган иштерди кошо айтып чыгышы керек. "Мына, 20-апрелге чейин биз президентке мындай талаптарды койдук эле, аткарган жок. Эми биз бир талапкер менен чыгып жатабыз. Момундай иштерди жасайбыз" деп, элге чыкканы туурарак болобу деп чечтик. Ошого чейин талапкердин аты-жөнүн атабай турган болдук.
- Президенттикке бирдиктүү талапкерге БЭК тарабынан шарт коюлат дедиңиздер эле, ага кандай шарттар коюлду?
- Биздин шарт, эгерде президент БЭКтин талаптарын аткарбаса, талапкер саясий акцияларды баштап алып кетиши керек. Анткени, 20-апрелге чейин президент талаптарды аткарбаса, "Бакиевдерсиз таза шайлоо" деген ураан алдында акциялар башталат. Мына ошону көтөрө алабы? Ошол максатта кандай иштерди алып бара алат? Андан башка келечекте кура турган биздин заманыбыз кандай болот? Мамлекеттик башкаруу системасы кандай болот? Ушуга окшогон шарттарды койдук. Ошолордун бардыгын 20-апрелге чейин анализдеп, талдап туруп, биздин талапкерибиз ушуларды айтып чыгышы керек. Ошондуктан биз 20-апрелге чейин ага мөөнөт бердик.
- Демек, 20-апрелге чейин бийлик 27-мартта коюлган талаптарды аткарбаса мөөнөтсүз митингдер башталат деп түшүнсөк болобу?
- Ооба. 20-апрелге чейин биздин көрсөтө турган талапкерибиз дагы бул маселени ойлонушу керек. Ошону көтөрө алабы, көтөрө албайбы? Эгер көтөрө албаса мүмкүн ага чейин бирдиктүү талапкерге башка адамдын аты аталып калышы мүмкүн. Анткени бизде бул маселе негизинен чечилгени менен ал кишиге 20-апрелге чейин ушул шарттарды ойлонуп туруп, чечүүгө мүмкүнчүлүк бердик. Бирдиктүү талапкерди 20-апрелде айталы дегенибиз дагы ушундан улам болууда. Митинг-акциялар сөзсүз болот. Анткени, азыр БШКнын курамынын жарымын "Акжол" партиясы, жарымын президент бекиткен. "Акжол" президенттин партиясы. Жыйынтыгында 100 пайыз президенттики болуп жатат. Алар каалаганын "жасап" берет. Буга биз каршыбыз, эгер талаптарды аткарбаса мөөнөтсүз митингдерди баштайбыз.
- БЭКтин саясий кеңешинде президенттикке талапкер көрсөтүүдө талаш-тартыш болуп, Өмүрбек Текебаевдин парламенттик республика кылабыз дегенине Исмаил Исаков каршы болуптур деген кеп тарады. Ушундан улам БЭКтин ичинде талаш-тартыш катуу го деген ой келүүдө?
- Мунун баары ушак-айың. Туура, бизде талаш-тартыш болду. Бирок, жанагыдай бөлүнүп-жарылуу деген нерсе болгон жок. Эгерде силерге кимдир бирөө ушинтип айтып бара турган болсо, бул атайын бизди ыдыратуу максатында айтылып жатат деп эсептейбиз.
Биз башынан эле үй-бүлөлүк системаны сындырып, демократиялуу өлкө куруу идеясы менен келүүдөбүз. Бир лидер тандап, ал эл алдына чыкканда, эл: "Кандай башкаруу системасын курасыңар, кандай заман алып келесиңер" деген суроону шак эле коет. Ошондуктан, биз бул маселеде абдан талашып-тартыштык. Американын башкаруу системасындай Президент баарынын жоопкерчилигин өз мойнуна алсын деген бир сунуш жана оппозиция кабыл алган концепциядагы системаны бир аз өзгөртүп, парламенттик башкаруу кылсак деген экинчи сунуш болду. Ал эми Ревкомдогулар парламенттик башкаруу кылсак деген эле ойдобуз. Исмаил Исакович гана таза президенттик башкаруу болсо деген оюн билдирүүдө. Бул талкуу 20-апрелге чейин уланат. Ошол күнү бир пикирге келип, баарын тактайбыз. Негизинен бизге Президенттик орундун кереги жок. Биздеги талаш келечекте кандай мамлекет курабыз дегенде болуп жатат. Бул жакшы көрүнүш, муну колдошубуз керек. 2005-жылдагыдай жаңылып калбай, конкреттүү идеялар менен чыкканыбыз жакшы. Кыргызстандын келечегин курууда сөзсүз талаш-тартыш болушу керек, жөн эле "хоп-майли" менен иш бүтпөйт.
- Бир документке кол койордо Өмүрбек Текебаев чыгып кетиптир...
- 20-апрелге чейин концепция кабыл алабыз деген маселеде, жумуштары бар экен үйүнө кетти. Анан аны көбүртүп жабыртып жаткандар бийликтегилер. Алар кылдан кыйкым таап, бөлүп-жарууга аракеттенишүүдө. Бирок, андайларга карабай биз 20сында сөзсүз бир концепция менен чыгабыз.
- Концепция күзүндө эле кабыл алынбадыбы?
- Күзүндө кабыл алынган концепцияга азыркылардын бир тобу кол койгон эмес.
- Бир талапкерди аныктоо үчүн добуш берилгенде Темир Сариев эмне үчүн калыс добуш берди. Же өзү талапкер болууну көздөп жүрөбү?
- Жок. Темир Сариев "өзүмдүн партиялаштарым менен кеңешейин. Мүмкүнчүлүк бергиле, өзүм чечкендей болуп калбайын. Анткени, мени колдогон аксакалдар, коомдук уюмдар бар" деген оюн билдирди.
- Сиздин баамыңызда оппозиция кайсы башкаруу системасын тандашы мүмкүн?
- Бүгүн кыргыз эли бир адамдын, бир үй-бүлөнүн башкаруусунан жадап-жүдөп бүттү. Кыргыздар байыртадан чогулуп, кеңешип маселе чечип келген. Ошондуктан кыргыз улутуна парламенттик башкаруу туура келет. Муну мен бир топтон бери айтып келе жатам. Бирок, азыркыдай 100 % партиялык тизме менен деген туура болбойт. Кыргыз элинин көпчүлүгү айыл жеринде тургандан кийин, алардын кызыкчылыгын ойлоп бир мандаттуу округ кылышыбыз кажет.
- Парламенттик башкарууда Жогорку Кеңешти байлар ээлеп албайбы?
- Андай болбойт. Азия, Европа болобу парламенттик башкаруудагы өлкөлөр ыкчам өнүгүп жатат. Өнүгүп жаткан чыгыш өлкөлөрүнөн Кытай, Турцияда дагы жеке адамга бийлик берилген эмес. Бул кыргыз элинин менталитетине дагы туура келет. Парламенттик өлкөнүн табияты талаш-тартыш. Бирок, ошол талаш-тартыштын жыйынтыгында өлкө өнүгөт. Аны турмуш далилдөөдө.
- Мындай саясий иш чараны өткөрүүгө ири көлөмдөгү каражат талап кылынары жашыруун эмес, алдыдагы саясий акцияларды өткөрүүгө оппозициянын каражаты барбы?
- Ири каражат талап кылынбайт. Бул жерде Кыргызстан элинин абдан чоң саясий патриоттук духу бар. Бүгүнкү үй-бүлөлүк башкарууга баш ийбөөчүлүк маанайы бар. Негизги каражат, негизги күч ушул. Элдин бүгүнкү бийликке болгон нааразычылыгы. Бүгүнкү бийликте болуп жаткан мыйзамсыздык, саясий куугунтук, адамдарды атып өлтүрүү, ушул маселелер негизги күч болуп эсептелет. Каражат маселеси - экинчи маселе. Кыргыз эли өзүнүн каражатын өзү түзүп келген. Жакшылык болобу, жамандык болобу ар дайым ашар жолу менен көп маселелерди чечип келген.

Маектешкен Зулпукаар САПАНОВ




 "Парламент пахмелдеринен"

"Мыйзам токусак, тоготпой койду..."
Кайсы бир чыгармада мындай бир каарман бар, колуна күрөк алып, башын көтөрбөй жер каза берет. Бир кезде күрөгү ташка тийип, карс этип сынганда гана эсине келет. Эки жагын караса эч ким жок. Өзү аңдын ичинде калган. Биздин азыркы парламентти кудум ошол каарманга окшоштуруп кеттим. Электен өткөрүп да, өткөрбөй да Акүйдөн агылып келген мыйзам долбоорлоруна оптом "ооба" дей беришип, апрель айында жер сыйпалап калышты.
Спикер Тагаев тезинен долбоор жөнөткүлө деп уялбай-этпей эле парламент жыйынында жар салды, өкмөттүн өкүлүнө. Анан кантсин, И.Масалиев айткандай "биринчи класстын окуучуларындай" болуп отурушса. Арасында саанчысы да, казапчы-эт чапкычы, базаркому баары бар. Анткен менен дымактары күчтүү, өткөндө бирөөсү сессияда бир министрди "жакалап" атат, "мен аэропортто турсам, замың учурашпай койду" деп. Кандай болсо да ошолор сен, мен төккөн салыктан айлык алып, мамлекеттик "маанилүү" мыйзамдарды жазып, "Тойота-Камри" минип, кофеси бар, кофе кайнаткан жардамчысын кошуп, бапестелип келишет. Көпчүлүгү үйү жок "байкуштар". Ага да өлкө чөнтөгүнөн оңбогондой акчалар короп, батир таап берген, мамлекет.
Анысы ал болсун, айтайын дегеним ошол эл өкүлдөрү тээ ала күздө күпүлдөшүп, телевидение жөнүндө мыйзам кабыл алышкан. Анысы "телеберүү, радиоуктуруулар жөнүндөгү мыйзам" деп аталса керек. Ошонун 8-беренесинде "мамлекеттик тилдеги телеберүүлөр жана радиоуктуруулар 50%дан кем болбосун" - деп дердеңдешкен. Кабыл аларын кабыл алышып, алты ай айланбай, ал мыйзамды кайра карайлы деп чыгышты. Көрсө, кыргыз мамлекетиндеги орус тилдүү өкүлдөр өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийлиги болгон Жогорку Кеңештин кабыл алынган мыйзамын "тоготпой" коюшуптур, мунуңар болбойт, пайызын 50 эмес, 20 кылгыла деп...
АКШнын конгрессин же Англиянын лорддор палатасын кой, бул эле турган Өзбекстандын же Казакстандын мажилисине ушинтип көрчү... Бирок, арасында ардангандары да бар экен, чыркырап ийди. "Өзбекстанда эч бир мыйзамы жок эле телерадио берүүлөрдүн 90%ы мамлекеттик өзбек тилинде берилет. Биз, өз алдынча өлкө катары мамлекеттик тилди качан сыйлайбыз. Ошол эне тилге анын Жогорку Кеңеши ушундай мамиле кылып жатса, бул деген өлкө" - деген маанайда депутат Ибрагим Жунусов чырылдады. "Пайызын азайталы дегенибиз туура эмес. Өзүбүздү өзүбүз сыйлаганды билели" деп депутат Иса Өмүркулов коштоду. Калгандары кайратына келе албай койду. Натыйжада "бул мыйзам телеберүүлөр менен радиоуктурууларга кепил болуп бере албайт экен" дешип, кайра комитеттердин кароосуна жөнөтүштү, өздөрүнүн добуштарын өздөрү "жок" кылып... Ушундай.

Нурдин Асанов









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!