Рубиктин кубиги

"Оңдогуч"
Жакында М. Эшимкановдун кара жашигинен, кадимки КТРден, Кайрылуу окулду. Окуган беш жылды "төрт" деп санаткан, шашып-бушуп шайлоого аттанганы турган эл башчыбыз К.Бакиев болуп чыкты. Адегенде эч ким эч нерсе түшүнгөн жок. Дагы эмне болуп кетти деп, чочуп кеткендер да болду. Айтса-айтпаса, капыл-тапыл чыга калып эле Президент өзү кайрылуу окуп кирсе, эт жүрөк деген ушундай тура-баарыбыз башканы кое туруп, Курманбек Салиевичтин сөзүнө кулак төшөдүк. Анын үстүнө кебетеси да киртейгендей, иреңи супсак, санаасы да, ою да ордунда эместей…

Эмнени уктук да, эмнени түшүндүк? Чынын айтканда, эчтекени. Менин оюмча, Президентибиз өзү деле окуп аткан кагазын, андагы жазылган апыртмаларды аңдап-түшүнгөн жок окшойт. Эгер түшүнсө да, андагы улам-улам кайталана жазылган "жаңылануу", "кайра жаралуу", "кайра туулуу", "жаңыдан баштоо" сыяктуу сырты жылтырак, ооз көптүрмөйлөргө ныпым ишенген жери жок. Кантсе да көптү көргөн киши го. Эмне болгондо да бир нерсени көргөн, жаман менен жакшыга аралашкан, мындай нечен программаларды уккан, укмак тургай, ишке ашырганга да бир кездерде аракетин жасаган адам. Аскар Акаевдин заманында "Жаңыртып ийем", "Кайра жаратып таштайм" деген программалар болбосо да, "Аракет", "Социалдык мобилизация" сыяктуу итапкан көп проекттер иштелип, ошол проекттердин бир далайын премьер болуп, андан мурун губернатор болуп отурган замандарында ишке ашырууга дал ушул К.Бакиев да далай аракетин жасаган чыгар. Ошондуктан программаны жазыш оңой, бирок аткарыш кыйын экенин Ак үйдө отурган дардаңпоз аткаминерлердин далайынан жакшы билет.
Эми кайрылуунун маани-маңызына өтөлү. Президент мунусун Жаңылануунун программасы деп атады. Түшүнгөн кишиге анын шайлоо алдындагы платформасы сыяктуу угузулду. Кайра шайланып алса эле Кыргызстанды тез арада "оңдоп", кайра "жаратып", киши тааныгыс кылып "өзгөртүп" ийет имиш.
Ушуга ким ишенет эми? Суроо туулат: ошого жок дегенде өзү ишенеби? Жок, ишенбейт. Анткени жамандыр-жакшыдыр кат сабаты жоюлган киши. Тажрыйбасы бар киши. Такай болбосо да (Аскар Акаевчесинен карандаш менен чиймелеп), кээ-кээде гезит беттерин сөзсүз ачат. Окуйт. Окуганы чын болсо, бизге, Кыргызстанга кризис эми жакындап келатканын билбей кое албайт. Сырттан келип аткан акча каражаттар абдан азаюуда. Гастарбайтер болуп, Россия менен Казакстанда тырмалаңдап жүргөн жердештирибиз быйыл жылдагыдай 400 миллион долларга чейин акча салмак түгүл, ал жактарда легалдуу жан сактаганы кыйын болуп калганын билбей коюшу мүмкүн эмес. Базарларда эл суюлгандан суюлуп баратат. Дордой да, Карасуу базары да. Ырас, алып-сатарлар, чайкоочулар, арзанга алып, үч эсе кымбат саткан арамтамактар Ош базарында, Аламедин базарында келемиш чычкан сыяктуу көбөйүүдө. А КТР болсо, Кыргызстанда жыргализм башталып калды, проблемалар дээрлик чечилип калды деп, ар күнү талыкпай, кымындай уялып койбой сайроодо.
Жабыла көчүп баса берген оштук жана баткендик туугандарыбыздын ордун өзбек акелерибиз "ляпбай" деп ээлеп, арзанга сатылган кыргыздардын үйлөрүн шыпылдатып сатып алып, күн сайын санын арбытууда. Лейлек менен Баткенде тажиктер санын арттырууда. Ал эми биздин чоңдор улуттук коопсуздугубузду "сонун" чечкенине корстон болуп, Ак үйдө отурушат жыргап, көк чай ичип. Эртең эмне болоорун, Кыргызстан каякка жылмышып баратканын ойлоп да коюшпай. Ошолорбу бизди жаңылай турган? Же акчага жалданып иштеген москвалык пиарщиктер бирдеме чүргөп, аны Президент теледен окуп берсе эле ошо программалар өзүнөн-өзү аткарыла береби?
Баарынан да идеологияны жаңылап, административдик башкарууну жакшыртып, маданият саясатын күчөтүшөт имиш. Эми маң баштар десең таарынышат, бирок бу Кыргызстанда идеология деген ар бир жайда бирден алмаштырыла турган оюнчукпу? Же тамашабы? Бизде административдик башкаруу деген баш ооруганда оңдой берген Рубиктин кубигиби? Баса, баягында Мадумаров баарын түп көтөрө жаңыртам деп, бирдемени КМУнун профессорлоруна жаздыртып жүрбөдү беле? (Бирок аны өзү эле окубаса, башка эч ким карап да койгон жок-Адахамдын айтканы менен жашаган кыргыз Куршаб айылында эле чыкпаса, калган Кыргызстанда табылышы кыйын го). Же эки сөздүн башын кошо албаган азыркы мамкатчы жаңылайбы бизди? Ошол ишке ашырабы?
Кээде айласыз ойго кетесиң: деги биздин мамлекет башчыбыз: "Айлана-тегерегимде кимдер отурат, булардын колунан эмне келет?"-деп суроо койду бекен… Ооба, аны кекиртектери Кеминдей, апетиттери Алайдай болгон балта жутарлар куп тегеректеди, ал чындык. Аларга эмне, банктары жатат иштеп, кризис-призисиңди уруп ойноп койбой. Супермаркеттери турат иштеп, курулуп жатат кабат-кабат үйлөрү, биз эмес, Америкалыктардын көз жоосун алып. Бул да биз күн сайын көрүп-билип жүргөн иш. Ишенбесеңер Бишкекти тегеренип көргүлө, Ысык-Көлдүн майлуу деген жерлерин аралап чыккыла, таможня деген чектерди сурамжылагыла… Сурагыла ар бир КАМаз канча доллардан накталай акча төлөп, чек арадан өтүп жатканын.
Миллион эмес, миллиарддаган сомдор кетип атат, кетчү жактарга. Андай "оңдогуч" Президент экен, ошолорду оңдоп койбойбу, шайлоо-пайлоо деп, каражат коротуп отурбай, элди ысыктын күнүндө дүрбөтпөй.
Азыркы кыргыздарга бир эле идеология керек, ал идеология абдан жөнөкөй да, эки жерде эки төрт дегендей түшүнүктүү: "Бийликти балта жутарлардан тазалайлы, базарларды алып-сатарлар менен чайкоочулардан тазарталы, сөзгө турбаган, элдин ишенимине түкүргөн, калктын батасына балта чапкан, арам жашап, арам байлыкка дагы беш жыл туналы деген наалатыдан кутулалы!"
Кыргызстанда мындан өткөн идеология азыр жок. Адахамчик менен Досик канча программа жасам деп аракеттенип, он ойлонсо да, баары бир Осмонакундукуна окшоштура албайт. Неприятно черт побери, бирок ардансак да, күйсөк да бул чындык.
Айтор, тынч жашасак жакшы болмок. Бирок андай болбойт окшойт. Өлө албай жатып өлөң айтат болуп, кризис кычыган мезгилде кезексиз шайлоого аттандык. Батпай аткан акчабыз барсып. Бороондуу күнү бок кычайт болуп.
Экинчи жагынан, ажого добуш берем деген кишини издесең "таппайсың", бирок анын атаандашы, тизгин талашар татыктуу оппоненти көрүнбөйт. Жок, Президенттин креслосуна барып, оппа деп тура калсам деген кыялкечтер көп, бирок оппозиция дегенибиз оозангыча эле очорулуп, лидерлерибиз четтен кача баштады. Же Ак үйдүн арткы эшигинен кирип, акалар менен сүйлөшүп алганы, же эч ким билбеген стратегиясы бар экени белгисиз.
Албетте, бекер отургуча бетеге жулайын дегендей, кур бекер болсо да ат салышып койоюн дегендер огеле көп дечи. Атамбаев чыгат имиш жарышка. Биз көрбөй жүргөн, биз билбей жүргөн Алмаздан бетер. Же баягы апрелдеги аянтта дабыраган "койлор" менен мекиринген "эчкилер" (өзү койгон аты) эми керек болуп калганбы ага? Ким ага добуш берет? Эми "уйлар" берет го, сыягы…
Бакир уулу дайыма белен мындайда. Мотуев чыгат мотурайып. Апас агабыз айбат кылат, картон жолборстой атырылымыш этип. Дагы башка бекерпоздор жана чокон атчулар бизде жетишээрлик. Бирок чыныгы лидер жок. Азыркы Кыргызстандын трагедиясы жана азабы мына ушуда турат.
Элдин оючу? Элдин ою азыр бирөө-эч ким бул шайлоого барбайт. Себеби болсо экөө: урнага барган менен бир тыйын пайда жок, анткени баары бир алар үчүн добуш берип коюшат. Бул бир. Экинчиси: ысыктын күнүнө карабай акактап жүрүп, добушун бере турган татыктуу киши жок. Альтернатива болчу улуттук лидер жок. Бул эки.
Анан эмне болот? Легитимсиз шайлоо өтөт. "Ак жолдун" сценарийи тимеле копиялагандай кайталанат. Ал шайлоонун жыйынтыгын Батыш мылтык такасаң да тааныбайт. Элдин нааразылыгы ошондо барып күчөйт. Ошондо тиги киши бир жамбашы менен эмес, эки жамбашынан аксайт. Чыныгы ооруга, ооруга эмес дартка ошондо чалдыгат.
Анын тагдыры 2010-жылы эч кандай шайлоо-пайлоосуз чечилет. Аны эл чечет…
Ошондуктан бу бийлик менен 23-июльда эмес, келээрки жылдын жазы менен күзүндө күрөшкөнү да, көрүшкөнү да калдык го? Же башка да жол барбы?

Темирбек Муктаров




  Кайран сөздөр ай...

Президент ким болот?
Президент болуп шайланууга Аскар Акаевдин шансы чоң. Менимче, муну элдин баары эле билсе керек. Азыркы президентибиздин кадыр-баркы эл арасында бир топ жогору .
Азыр бизде ошондой болуп жатат. Эл башына түшкөн кыйынчылыктын баарына жалгыз эле президент күнөөлүү, ошол жооп бериш керек деп кыйнагандар көбөйдү. Коомдун табигый өнүгүшү менен эсептешүү керек да. Азыр баардык республикаларда абал ушундай. Аскар Акаевдин ордуна пайгамбарды койсок да аны дароо өзгөртүп жибере албайт. Элибизде: "Көч жүрө-жүрө түзөлөт" деген таасын кеп бар го.
Мен Аскар Акаевдин саясатын эмне үчүн колдойм? Себеби, ал ички жана тышкы саясатта бир топ жакшы иштерди баштап койду. Экономикалык жылыштардын базасы түптөлүүдө. Президентибиздин стратегиялык жолу, багыты туура деп эсептейм, ал жүргүзүп жаткан саясаттын мөмөсү жакшы болууда. Мисалы, демократияны кысмакка алынбай эркин өнүгүшү, басма сөз эркиндигине кенен жолдун ачылышы. Бул чынында чоң жетишкендик.
Буюрса, Президентти шайлап алсак, анан бир жаңсыл болуп калат элек, президенттик шайлооону келерки жылга калтырбай, ушул жылда өткөрүүнү жактап чыкканым да ошондон.
(Жолборс Жоробеков,
"Кыргыз Туусу" 2-ноябрь, 1-бет 1995-жыл)













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!