Талап

50x50
27-марттагы жалпы республика боюнча болуп өткөн митингде оппозиция бийликке 5 пункттан турган талаптарын коюшту.
Алар:
1. Шайлоонун ачыктыгын жана тазалыгын, анын жыйынтыгына элдин ишеничин камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын, ошондой эле округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарымын Бириккен Элдик Кыймылдын сунушу менен дайындоо.
2. Шайлоо процессинин жүрүшүнө, добуш берүүдө жана жыйынтыктарын чыгарууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик органдар тарабынан ар кандай кысымдардын жана мыйзамсыз кийлигишүүлөрдүн болбой тургандыгынына кепилдик кылуу максатында Башкы прокурор, Ички иштер министри, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы, Коргоо министри, Каржы полициясынын башчысы, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Ички иштер министрлигинин аскер күчтөрүнүн командири кирген 8 кызматордунун жарымы оппозициялык күчтөрдүн сунушу менен дайындалсын.
3. Улуттук теле-радио компаниясы менен ЭлТР теле каналынын Байкоочулар Кеңешинин жарымы Бириккен Элдик Кыймылдын сунушу менен дайындалсын, оппозициялык күчтөргө эфирге чыгуу, элге өз ой-пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгү берилсин.
4. Шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө, добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу процесстерине байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочулар кеңири чакырылсын, алардын келишине жана иштешине тоскоолдуктар болбосун.
5. Өлкөдө саясий куугунтуктар, мыйзамсыз камоолор жана айып тагуулар токтотулсун, эл ичинде үгүт иштерин жүргүзүүгө карата жарандык жана саясий укуктар чектелбесин.
Президент К.Бакиев өзүнүн акыркы Кайрылууларында айтып жаткандары чын сөз экендигин далилдейм десе, оппозициялык күчтөр менен сүйлөшүүгө даяр экендигин көрсөткүсү келсе, анда эл тарабынан коюлуп жаткан ушул талаптарды 2009-жылдын 20-апрелине чейин аткарууга милдеттүү.

Редакциядан: Эгерде талаптар аткарылбай жана бийлик тарабынан эч кандай конструктивдүү кадамдар жасалбаса, оппозиция өз укуктарын коргоо максатында "Бакиевдерсиз шайлоо!" урааны алдында мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын баштай турганын билдирди.




  Карагайын десем жалгызсың

Чий көбүк алындыбы?
Ошентиппи? Ошентип коомдун ак-карасын, жаман жакшысын ажыратып турат деген оппозициянын өткөн жаздан күзгө, күздөн кышка, кыштан кайрадан жазга сүйрөп келген узакка созулган дымактарынын буусу 27-мартта чыкты.
Албетте, коомубузда абал оорлогондон оорлоп барат. Алдым-жутумчулук, кылмышы да күч алды. Көпчүлүк тажады. Аны ооздуктоодо өлкөдө сөзсүз оппозиция чалыш эмес, чыныгы оппозициянын болушу зарыл. А, оппозициянын башында (буга чейин далай жолу жазып, санаалаштарыбызга жаман да көрүндүк) саясий жана идеологиялык күрөштү жүргүзүүдө от менен чокту кечип, элдин азап - тозогун мойнуна алган, тайманбас, эр жүрөк, намысты туу туткан чыныгы лидер сөзсүз керек эле. Антмейин, миң айла - амалды жаса, ийгилик коштоору да, оппозиция дегенди эл ээрчиши да күмөн. Бул менин сөзүм эмес, тарых тажрыйбасы.
А бизде эмне болду? Тилекке каршы оппозициянын арасында андай азматтар бар болсо да, башын тобокелге сайып суурулуп чыга алган жок. Экинчиден, (балким буга тоскоол болгон) ошол 11 адамдын бир максатка биригиши кыйынга турду бейм, же "мен", "мен" дегендин айынан жыйынтыгында келип бу саам реалдуу турмуш чындыгы жеңип кеткендей болду. Муну айтканым, ошол он бир "лидердин" баштары кагаз жүзүндө бириккен менен, турмуш жүзүндө биригиши кыйынга туруп, натыйжада саясий жана идеологиялык күрөш жүргүзүүнүн нугун таба албай калганын ачуу болсо да моюнга алышыбыз керек. Алардын айрымдары чечкиндүү позицияга өтүүнү талап кылса, айрымдары таптакыр башка нукка сүйрөп турду. Ушундан улам кээ бир серепчилер айткандай, "оппозиция өзү менен өзү күрөшүп калганын" аргасыз моюнга алууга туура келет.
Бул көрүнүштөр, ошол узак мөөнөткө сарпталган 27-марттагы нааразычылык акциясында даана эле байкалды. Аны кээ бир калемдештерим "бийликти сезтендирген митинг эмес эле, партиялардын парады болуп калды" деп да жазып чыгышты. Канчалык макул болгуң келбесе да, бул ачуу чындык. Өздөрү менен өздөрүн аңдып эмес, эл менен иштеп, эл алдында болуу, элди ээрчитүү деген чыныгы аракет жаралбай жатканы өтө өкүнүчтүү. Болбосо, айлананы карачы, кандай күндү өткөрүп жатат эл. Ошол 27-мартта он бири он бир жакта жүрсө да, кимди ээрчирин билбесе да, азбы - көппү эл чыкты, эл колдоп берди аларды. А, оппозиция башчылары алдында жатып алып, турсам өлөсүң дегендей баягы эски, барыбыз угуп бүткөн "пластинкасын" кайрадан коюп берди. Мисалы, "Бакиевди шайлоого чейин кетирүүгө чындап белсенебиз" (Ө.Текебаев) "К.Салиевич убадаңызга качан турасыз" (А.Эркебаев), "Бакиев кетсин, кетсин!" (Т.Тургуналиев) ж.б.ж.блар… Анан да коюлган беш талаптын бешөө тең саясий талаптар. Түптүз бийликке чуркоо.
Акырында келип "чечкиндүү аракеттерин" 20-апрелге жылдырып тынышты. Мындайча айтканда маселенин үстүнө маселе үйүлдү. Дегенибиз, К.Бакиев бийликке келген 4 жылдан бери канча кайрылуулар, талаптар коюлду. Канчасы аткарылды? Эртең эле 20-сы келет. Бул ирет да аткарылбасачы?..

* * *
… Шахмат оюнунун соңку жүрүштөрү. Эгерде ошол жыйырмасына чейин "лидермин" дегендердин, "мен", "мендердин" "чий көбүгү" алынбаса, бир муштумга түйүлбөсө, мат абалында калышы, ошону менен бирге көпчүлүктүн аларга болгон тилеги да "оомийин" болуп, "кур сөздөргө курсак тойгуза бербей", аларды үмүт менен карап турган эл ар кимиси өз арабаларын өз алдыларынча тартып кетиши мүмкүн, качан жаңы лидер, жаңы улуттук лидер пайда болмойун...

Кенжебек Арыкбаев




Баса, айтмакчы...
Кечээ Азимбек Бекназаров башында турган "ревкомчулар" өздөрүнчө жыйын курду. Анда "президенттик шайлоо баары бир адилет өткөрүлбөйт" деген пикирлер айтылды. 20-апрелге белгиленген митингди күтпөй эле, "Бакиевсиз шайлоо" деген ураан менен жер-жерлерде нааразылык акцияларын баштоону чечишти...









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!