сандан-санга

Кыргыздын кыраан жигиттерине арнайм
Баратбай АРАКЕЕВ
Кабылан
(повесть)
Эки опер машинадан түшүп, жай жүргөн адамдардай шашпай сүйлөшө басып, тигил үйдүн тегерегин чалгындап келишти. Ресторандын тегереги толгон машиналар.
Бул ресторан шаардагы атактуу ресторандардын бири. Тамактары аябагандай кымбат болгону менен тейлегени мыкты. Атактуу артисттер ушул жерде ырдашат, Москвадан бери артисттерди чакыртышат. Бул ресторанга кириштин өзү эле ошол адамдын аябагандай кыйын экенин көрсөтөт. Ошондон улам бул ресторанда министрлер, депутаттар, алардын улууларынын көпкөн балдары гана күүлдөбөстөн, кримдүйнөнүн дөө-шаалары да баймабай жүрүшөт. Эки тараптан бирин-бири жакшы тааныгандары бар, а турсун достошуп кеткендер да бар, кызыгың кур десең, министр менен бандит же бандит менен депутат.
Бандит демекчи… Булардын аты эле коркунучтуу угулганы болбосо, зыңкыйган жигиттер, таптаза, модадан артта калбай кымбат кийинген, көбү көз жоосун алган галстук тагынган, сыртынан караганда бери дегенде министрге орун басар болуп иштегендей көрүнөт. Сүйлөгөндөрү да маданияттуу, сылык жүрүшөт. Бул сырткы көрүнүшү. Ичи болсо… алардан кудай сактасын, ичин аңтарчу болсоң жандан түңүлөрсүң!
Эки чечен эки кызы менен тамактан бели сына жаздай ийилген столдо чалчакташат. Булардан башка да адамдар бар экенин элес алчу түрлөрү жок. Чечендер орусча да, чеченче да бакылдаша кетип, акырын сүйлөйлү деген оюнда жок, кыйкыра жажалашат, калптан каткырышса зал жаңырат. Ойнолуп жаткан музыкадан, ырдалган ырдан алда-канча катуу чыгат. Көпкөндөрүнөн көздөрүнө жанындагы сурайылдай сулуу орус кыздардан башка жан көрүнбөйт. Төрт жигити коңшу столдо тамак ичкен болот.
Жапаров жигиттери менен ичкери кирди. Өз-өзүнчө бөтөндөрдөн болуп киришти. Азга көз чаптырып турушту, орун издеген сымал.
Саамдан соң Жапаров түз эле эки чечен олтурган столго келип, алардын биринин кулагына бир нерсе деп шыбырады эле, ал шыбырды угуп болуп тунжурай калды да, шеригине чеченче бирдеме деди. Тиги мостойду. Жапаров дагы шыбырап, мындай боло берди. Ошондо эки чечен ээрчише басты Жапаровдун артынан. Шыбыры сыйкыр го бир. Чечендердин жигиттери кошо чыгышты сыртка. Аларга Жапаров:
- Братандар, силер кала берсеңер болот. Көңүл ачып шашпай кеткиле, - деди.
Жигиттер эки чеченди карашты. Чечендин бири бурк этти:
- Калгыла!
Эки чечен эки машинага отургузулуп, зуу коюшту. Чечендерди кайтарган төртөө ооздору ачылып, жан чөнтөктөрүндөгү тапанчаларга колдору карышып, мындан ары кандай аракет кылышты билбей делдейишти. Булар буйрукка гана көнгөн немелер эле…овчарка десе окшошчу.
Тиги эки чечен Жапаровду жакшы билишчү.
Ресторанда Жапаров Мусага шыбыраган: "Азыр биз менен барасыңар. Моюн толгосоң, каршылык көрсөттү деп ушул эле жерден атып салабыз, тиги жерде олтурган айбандарыңды кошуп туруп" деп. Экинчи жолку шыбырда: "Дагы үч секунда кечиксең, Жапаров ойлонбойт" деген.

* * *
Кабылан ок жегенден бери ай чамалап, кадимкидей айыгып, соо кезиндегидей эле басып - туруп калды. Азырынча эл көзүнө көрүнө элек. Дагы бир жигитинин таанышынын шаарга чукул бир айылдагы килейген үйүндө бугуп жатат. Бул үй анча заңгыраган үй эмес. Бир кабат, алты бөлмөлүү үй. Бирок короо жайын айт! Жарым гектарга жакын багы бар, Анда алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, алча, итмурун, карагаттын түрү өсөт экен. Алар тегиз гүлдөй баштаган учур, ажайып кооздук.
Короосунун ичинде гүлдүн түрү, алар бажырайа элек, жоогазын мына-мына ачылайын теп "тултуюп" турган кези. Бактын бир капталындагы алты-жети сотуй жерге жер-жемиш айдашат экен. Кабылан ал ишке күбө болуп кези менен кол кабыш кылышты. Үй ээсинин аялы, кырктан өтүп калган кара торунун сулуусу колунан далай иш келет көрүнөт, огородуна баарын айдады: бадыраң, сабиз, пияз, укроп, кызылча, чамгыр, ашкабак. Анан помидордун, болгар мурчунун, капустанын, баклажандын көчөттөрүн олтургузду. Баары орду-орду менен, тим эле сүрөткө тартып койгондой. Булар базардан эч нерсе сатып албайт экен, өздөрүнөн ашканды тууган-туушкандарына таратышат экен.
Буларга аралашып көрүп, Кабыландын өмүр бою жер иштетип кеткиси бар, бак өстүрүп багбан болуп кекиси бар, мал багып, малчы болуп кеткиси бар… атасын таап алып ээрчитип. Кайдан, азыркы дүйнөсүнөн кутултса, бир өлүм гана кутултат. Башка жол жок!


* * *
Ачкөздүктүн арааны жүргөн, көралбастык ашынып турган, дүнүйөгө тойбогон көздөр "топурак самап калган" бу заманда Кабыландын байлыгы бир эмес, он өмүргө кенен жетерлик бар. Билгендер билет, билбегендерге Кабылан орто чарбага да, оокаты ортого да теңеле албайт. Анткени, өзүнүн "үрүп чыгар ити" жок. Келишкен эки супермаркет, дүкөндөр, эки шаардагы эки базар, жыйырмага чукул май куюучу жай, алты-жети кафе, көл жээгиндеги көз жоосун алган килейген пансионат, орустардан карагай, күйүүчү май, дагы башка товарларды ташыган килейген фирма, жөн эле алып койгон керемет жайлоосу… баары-баары башкаларга катталган. Өзүнө катталганы илгери алган "Жигулиси", анан ошол эле убакта жеткен эки бөлмө квартирасы бар. "Жигулиси" эстелик катарында шаардагы заңгыраган үйүндө турат, квартирасында алыскы туугандарынын баласы бүлөсү менен жашайт.
Чет элдик банктардагы Кабыландын акчасы канча экенин бир өзү билет, бир кудай билет…
Жок, өзү "сан жылкылуу Сарыбайга" окшобойт, аккөңүлдүгү бар. Атасынын туугандары менен өзүнүн бир туугандарына жакшы эле каралашат. Эки эжеси менен агасы өздөрү деле оокатка тың немелер болушту.
Ок жеп жаткандан бери ошол байлыктары жөнүндө көп ойлонду. Алар кандайдыр бир ашка жүк, башка жүк сыяктуу сезилди. Өзү көроокатты жаман көргөн адамдардай туюлду. Эмнеге андай деп чечмелебеди. Эми аларды эмне кылат? Каалаган тамагын ичет, каалаган кийимин кийет, мыкты курортторго барат, машинанын мыктысынан минет… анан эмне болду. Ошол элеби? Жашоо дегениң ошол элеби? Жыргал дегениң ошол элеби? Далайдын убалына калды, биртобун тиги дүйнөгө узатты. Анан эмне болду? Урду ошондой жашоону. Аялы кайда, балдары кайда? Аял алып, балалуу болгонго чамасы келбеди. Анын көп себеби бар… Атасы кайда? Дайны жок. Бир нерсе табам деп, түп орду менен жок болду. Атасынын жоголуп кеткенине мен күнөөлүмүн деп келет Кабылан… Бу дүйнөнүн кызыгы кай жерден башталып, кай жерден бүтөт,Кабыландын мээси жетпейт.

* * *
…Атасы жоголордон эки-үч күн мурун Жаманкул аны айылдагы сансыз комоктордун биринин жанына алып келди. Бир топ кызуу экен. Биринин үстүнө бири коюлган кирпичтин үстүндө олтуруп, өзүнө кебетеленген бирөөнү жумшап жатат, арак апкел деп. Тигиниси болсо үн катпай жер сүзөт, мас.
Жаманкул атасы издетпей эле оңой табылганына кубанып алды. Аны колтуктай тургузуп, үйүн көздөй жетеледи. Атасы ким тургузуп жатат деп бир карап, Жаманкулун көрдү да жетегине көндү. Дайым ошол, ким кармаганын бир карап алат да Жаманкулу болсо үн катпай көнөт. Башка бирөө болсо жетелетпей калсын, сөгүп берсе жанына туруп көр.
Экөө наркы-беркиден кобурашып, үйгө келишти. Энеси ашканада жүргөн экен, экөөнү көрүп төркү үйгө кирип кетти.
Ата-бала столго олтуруп, куурулган кортошкадан жеп, чай ичишти. Атасы эч нерсе таппай калганы менен энеси сарамжалдуу, кай убак болбосун стол үстү тамактан куру эмес. Жаралгандан пейили кенен жаралгандардын дасторкону, кандай каатчылык болбосун берекеси кетпейт экен. Майранын дасторкону кенен, май-чайы өксүбөйт. Өзү жасаган салаттары жайдыр-кыштыр стол үстүндө.
Тамактанган соң, Жаманкул атасын өздөрү жаткан бөлмөгө алып келди. Бул бөлмө экөөнүкү. Жаманкулдун сабак даярдачу столу, китеп салчы чакан шкафы, экөөнүн эки керебети бар. Столдун маңдайында Жаманкул менен атасы түшкөн чоң сүрөт, дагы башка сүрөттөр. Дубалда кооз килем илинген, пардасы жарашыктуу эки терезенин ортосунда орустун токою тартылган сүрөт бар, кооз рамкасы менен. Бөлмө кенен, жарык.
Баса, булардын үйү жети бөлмө, ашканасы менен сегиз. Короо жайы бу айылдагылардын асты десе болот. Багы толо алма, өрүк, карагат. Күзүндө, кышында жакшы акча болуп берет. Кампа, гараж, кой сарай, уй сарай баары тегиз тыпырайта салынган. Тоогу толо тоокканасы бар, каз-өрдөгү өзүнчө. Далай тонна картошка, алма батчу жертөлө да бар. Жайдын күнү тамактанчу өзүнчө кенен ашканасы да сонун салынган. Азыр аларды атасы карабай калган, антсе да энеси, бир туугандары жаны тынбай короо-жай менен алек, мурунку калыбынан жаза элек, Жаманкул деле колунан келгенин жасай берет…
Жаманкул атасынын жанына жатты. Бу бир кишилик керебетке экөө кенен батышат, кучакташа кетип дегендей.
- Ата, кечээ эле ичпейм дедиң эле го. "Кудай урсун!" деп карганбадың беле?
- Ооба, каргангам.
- Анан эмне ичтиң?
- Унутуп калыпмын…
- Эмнени унутуп калыпсың?
- Карганганды.
- Карганганды унутпаш керек. Карганганды унутса, ошондой болуп калат, билдиңби?
- Ии…
Азга үн катпай жатышты.
- Ата, дүкөнгө белесепет келиптир. Такендер алды, иниси экөө. Акча болсо мага деле алып бермексиң, э ата?
- Канча сом болот экен аның?
- Билбейм.
- Эртең шаарга барып, бир-эки күн иштеп келем да, айткан белесепетиңен алып берем. Ошол да кеп бекен.
- Акчаң жетпесе тим эле кой, ата. Күзүндө алма-салма сатсак алып берем дейт, энем.
- Күзгө чейин канча бар. Мен эле алып берем, шаардан иштеп келип. Жайлата тебесиң.
- Шаардан эмне иштейсиң?
- Толубатпайбы иш деген. Үй салышасың, шыбак шыбайсың дегендей… толуп жатат иш. - Өмүраалы айылдагылардын тигил, бу жумуштарын бүтүрүп, кээде аздап акча тапканы менен, атайылап шаарга барып иштеп көнө элек, кээ бир айылдаштарындай болуп.
- Бирок сен ичпей туруп иште. Ичип алсаң иштей албай каласың, уктуңбу?
- Уктум. - Өмүраалы уулун сыга кучактап, кумардан кана жыттап-жыттап алды. - Кулунум менин…
Бири акча табышты ойлоду, бири белесепет тээп зуулдап турду… Анан дагы биртопко чейин сүйлөшүп, бир согуш киного кирип кетишип, аны айтышты, атасы Чынгызхандын Батый деген небересин кошо айтты…
Атасы эртеси эле шаарга иштегени кетти, таң заардан ойгонуп. Жаманкул таң заардагы таттуу уйкуда эле.


* * *
Эки чеченди Жапаров өзү сурады:
- Кабылан менен эмне чырыңар бар эле?
Алгач суралып жатканы Муса дегени болчу, Жапаровдун суроосуна таң калгандай түр көрсөтүп, жообун эмес, кайра суроосун берди:
- Кайсы Кабылан?
Жапаров жооп берген жок. Мусаны тиктей калды эле, тиги жалтана кетти. Жапаровдун тиктешине туруштук берген бандиттер аз эле чыгар.
Жапаров сурай берди:
- Ал кимиңердин куйругуңарды басты эле?
- Ким? - деди Муса.
- Атаңдын башы! - деди Жапаров заардуу, - атаңдын башы дегенди түшүнөсүңбү?
Муса кыргызчаны суудай билчү:
- Түшүнөм.
- Эй, айбан, түшүнсөң айтпайсыңбы?
Муса эч нерсе айтпады. Дагы бирдеме деп келесоолонсо, Жапаровдон бирди көрүп калышы бар. Азырынча унчукпай кутулганы жакшы. Ойноктогон көзү айтып турат, Кабыланга кол салгандар ушулар болчу.
Мусанын досу Аслан да эч нерсе айтпады. Бу жерге эмнеге камалып жатканын да түшүнбөйт экен. Анын көздөрү да далайды айтып турду… Жапаровдон өпкөгө бирди жей жаздап барып, кутулуп кетти көрүнөт.
Эртеси Жапаров экөөнү кое берди. Кетерде Мусага айтты:
- Сага бир кеңеш, Муса абрек. Тезинен эл-жериңе кетип калганың жакшыдыр…
Муса эмнеге деп сураган жок, ал Жапаровдун сөздөрүн жакшы түшүнчү.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!