Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген...

Эгемендиктин алтынчы жылы:
Буюрса, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргыз Мамлекети өз тагдырын өзү чечип, азаттык алган күнүнө 18 жыл толот. Ушул он сегиз жыл ичинде өлкөбүз эмнелерге жетишти, кандай ийгилик болуп, не кемчиликтер кетти? Мунун баары эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында сакталып калды. Жаманы да, жакшысы да - биздин басып өткөн жолубуз. Андыктан, өз тарыхыбызды баалай билсек деген эле тилек. Анан калса, 18 жаш - бул адам өмүрүндөгү өз алдынча жоопкерчиликке укук алган мезгил. Дегенибиз, андан аркы сапарында өлкөбүздү ийгиликтер коштоп, жакшылыктар гана жылоолосо деген ниет.
Ушундан улам басып өткөн жолубузга дагы бир ирет саресеп салып өтүүнү эп көрүп отурабыз. Анда, эгемендиктин айрым элестерине чогуу күбө бололу, мекендеш!

Президенттикке киришти

1-январь. Акүйдүн чоң залында Аскар Акаевдин Президенттик инаугурациясы салтанаты өттү. Майрамдык салтанат Бишкекте, облустун борборлорунда элдик оюн-зоок менен уланды.

Ири саамалык

Кыргыз Республикасынын саясий-экономикалык турмушунда дагы бир жигердүү кадам ташталып, өлкөбүз бажы союзунун мүчөсү болду.

Базар баасы

18-январга карата базар баалары аныкталды. Бир килограм картошка 5 сом, эт 16-17 сом, сабиз 3,4 сомго бааланды.

Эл колдоп берди

10-февралда Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлуп, шайлоочулардын 94,5 пайызы колдоду.


Динди кайтарып…

Республикабыздагы биринчи диний жогорку окуу жайынын алгачкы 8 бүтүрүүчүсү дипломго ээ болушту.

Өлкөдө жеңиш

Орзубек Назаров Япониянын борбору Токио шаарында индонезиялык Ити Сухартону жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды.

"Кока-Кола" компаниясы Бишкекте ачылды.

Бул салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев катышып сөз сүйлөдү. Ал салтанат компаниянын 110 жылдыгына туш келди.

Демократия аралчасында

Кыргыз улуттук телерадио компаниясы менен дүйнөгө атагы угулган "Би-Би-Си" информациялык кызматы өз ара кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол койду.

Жаңы жумушчу орун

Түркиянын "Бета интернешнл" компаниясынын фабрикасы Бишкекте ачылды.
Фабрикада 300 Кыргызстандык жумушчу иштейт. Келечекте 3 миң жумушчу орун түзүлүп, 60 миң тонна пачке чай чыгарылмакчы.

Билим сыйлаган өлбөйт

Президент А.Акаевдин указы менен Нарында мамлекеттик университет ачылды. Теңиртоолуктар муну зор кубаныч менен кабыл алды.

Саамалык

Баш калаабыздагы Жаш Гвардия көчөсү менен Көкчөтоо көчөсүнүн кесилишинде "Баят" дүң соода комплекси иштей баштады.
Баатыр эскерилди

Байтик баатырдын 175 жылдык мааракеси өттү.

Кыргыздарга жардам

А.Акаевдин жетекчилиги астында Тажикстандын Жергетал районуна 15 тонна ун, 65 тонна таш - көмүр, миң нускадагы кыргыз китептери жеткирилди.

Инвесторлор агылып…

Азия Банкы ТЭЦти реконструкциялоо үчүн 30 миллион доллар берди.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!