аламан алдында:

Улут лидери ким болот?
Ой
Конституциялык сот өз бүтүмүн чыгарып, президентик шайлоонун күнү да аныкталды. Азыр алты эмес, эки кишинин башы кошулган жерде "ким президент болот?" деген сөз.
Эл оозун эч ким тыя албайт, эмитен эле тигил талапкерлигин коет экен, бул антип, тиги тигинтиптир... деген кептер көбүктөн да артык көбүрүп барат. Кээ бирлеринин "айдаганы беш эчки болсо да, ышкырыктары таш жарат", эй. Аяк-башын карабай эле президент болчумун дегендерди айтам. Өлкө башчысы болуу деген оор, жооптуу, анын артында бүтүн бир мамлекеттин тагдыры турганын тактабай жулунгандарына таң калам. А, чынында эле адилеттикке суусап турган бүгүнкү өлкөбүздө улуттук лидерибиз ким болоор экен?
Мына бул сүрөттөрдөгү он сегиз инсан "ошолор коет экен" деп эл оозунда күжү-күжү болгондору. Убакыт алдылаган сайын дагы далай ысымдар аталаар...
Кызык... бизде президент болчумун дегендер оголе көп экен. Анда эмне үчүн ушунчалык "умный" адамдарыбыз көп болуп туруп өлкөбүз жарды? Балким, анын себеби (сол жагыңыздагы) бабалар жолун, бабалар сөзүн унуткандан болуп жүрбөсүн...

Кенжебек Арыкбаев












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan