Коргоодон кордоогобу?

Исмаил Исаков, генерал-лейтенант,
экс-коргоо министри:
"Баары бүтүп, армияны да коммерцияга айланттык..."
- Исмаил Исакович, К.Бакиев жакында "Аскер жана альтернативдик кызматы жөнүндө" мыйзамга кол койгонун уктук. Бирок, эч бир массалык маалыматтарына жарыяланган жок, ал тургай "Эркин-Тоо" гезитинде да басылбады го?
- Кандай болбосун мыйзам кабыл алынды, күчүнө кирди. Бирок, жеке мен мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршымын.
- Сиз аскер адамы катары ошол мыйзамдын негизги нормаларын чечмелеп бере аласызбы?
- Биринчиден, ал мыйзамда 18 жаштан 28 жашка чейинки жаштар (жарандар) кааласа чакырылган мобилизациялык резервде 12 миң сом төлөп, бир айлык аскердик сбордон өтүп, армиялык кызматты бүтүп, аскер билетин алганга мүмкүнчүлүгү бар экен. Эгерде билимиң жогору болсо, офицердик чин алам десең, анда мурункуга кошумча дагы 12 миң сом төлөп, "лейтенант" деген чин алсаң болот экен.
Экинчиси, жарандар аскердик жана альтернативдик кызматты кандайдыр бир негиздер менен өтөй албай калса, 27 жашка чыккандан кийин 15 миң сом төлөп, аскер билетин алат экенсиң, ал эми ошондой жарандар чет өлкөгө барып, иштеп келсе, мисалы Россия, Казакстан ж.б., анда алар 30 миң төлөп, аскер билетин алууга укугу бар дейт.
Үчүнчүдөн, альтернативдик кызматтын мөөнөтүн 2 жылдан үч жылга узартышыптыр. Анан да 3 жыл ичинде ал кызмат үчүн дагы 12 миң сом төлөш керек экен. Эгерде кимде ким кааласа, эртерээк 12 миң сом төлөп, альтернативдик кызматты мөөнөтүнөн мурда бүтүргөнгө да шарт түзүлүптүр.
Ушулардын бардыгы мыйзамдын 5, 17, 19, 32 жана 34 беренесинде бекитилген. Эми ойлоп көргүлө, мейли 12 миң сом төлөп, бир айлык аскер сборунан өтүп, армиядан кутулсун бирок, бир айда эмнеге үйрөнөт, кайсы мобилизациялык резервди түзөт? Деңгээли кандай болот? Өзгөчө офицер чин алган жарандар, кокустан Конституциялык укугун колдонуп, армияда калам десе, кимди, кантип аскер кызматына тарбиялайт? Карап турсаң, ушунчалык өкүнүчтүү. Армия деген бул - Ата-Мекенди коргоо. Мекен чегинде туруу. Аны минтип коммерциялык ишке айлантуу... сөз да жок айтууга.
- Бирок, биздин эл үчүн иштеген Жогорку Кеңеш ошол мыйзамды кабыл алып берди да. Ошентсе да бир нерсени тактап алгыбыз келет, андагы 12 миң сом дегенди?
- Туура суроо, ошол 12 миң сомду кайдан чыгарып алышкан? Кийимин, тамагын эсепке албаганда аларга даярдыктары үчүн кеткен октордун, снаряддардын баасын ошончо болот деп ким эсептеди? Анан да эгерде альтернативдик - 3 жылдык кызматтагылар, (алар социалдык жактан коргоого ала турган үй-бүлөлөрдүн балдары) эмне үчүн 12 миң сомду байдын балдарындай төлөш керек? Мисал үчүн үч айда, бир айда төлөп берип, аскердик милдетти өтөп бүттү деген документ алганга кандай түшүнсө болот? Анда эмне үчүн үч жылга узартышты? Эч кандай логика жок.
Ал мыйзамда офицерлердин кызматы жөнүндө да кызыктай нормалар киргизилиптир. Эгер жаңылбасам, капитанга чейинкилер - 40 жаштан, майор-подполковник - 45 жаштан, полковниктер - 50 жаштан, генерал - майорлор - 55 жаштан, пропорщиктер - 45 жаштан пенсияга чыгып кетиши керек экен. Мурунку мыйзамда министр жашы боюнча 5 жылга чейин узартканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Жаңы мыйзамда ал норманы да алып коюшуптур. Демек бүгүн ушул көрсөтүлгөн жашка чыккан адистер аскер кызматына тиешеси барлар сот, аскер прокуратура, улуттук гвардия, чегара кызматкерлери мага демектен өз ишинин прфессионалдары болсо да, кыскасы бардыгын пенсияга айдаш керек экен. Бул нонсенс. Ушул жерден башкы прокурорго, Аскер прокуроруна кайрылаар элем:
- Урматтуу башкы прокурор! Аскер прокурору, эмне үчүн мыйзамсыздыкты текшербейсиңер? Бул нормадагы квартира менен камсыз кылуу дегенди кантебиз? Эң коркунучтуусу, офицерлер дагы ар бир үч жылда контрактты оңдоп түзүп, жетекчилерден макулдук алышы керек деген норманын мыйзамдаштырылышы - бул коррупцияга жол ачкандык эмей эмне? Мисалы, Европа өлкөлөрүндө подполковник чининдеги офицерлер 56-57 жаштан пенсияга чыгышат. Ал эми бизде 45 жаштан кийин сенин керегиң жок деген маселени коюп жатабыз.
- Ушул жерден бир нерсе аргасыздан эске келет. "Офицерлер" деген көркөм фильм. Ошондо мындай бир жакшы фраза бар: "Биздин кесип - мекенди коргоо" деген. А бизде кеп кылып жаткан жаңы мыйзам ошол ыйык армияны да сиз айткандай коммерцияга айландыра тургандай болуп калганы негедир өкүнүчтүү. Аны депутаттар окубай эле кабыл алып койгон эмеспи?
- Армия өзгөчө кызмат, анын өзгөчөлүгү мамлекеттин колдоосунда, камкордугунда болуш керек. Бул - бүгүнкү баш аламандыктын кесепети. Кеп ушунда болуп жатат.
- А сиз кандай сунуш айтаар элеңиз?
- Менин армия жөнүндө ачык-айкын, түшүнүктүү программам бар эле. Аны биз убагында кылдаттык менен аткарып жаткан болчубуз. Алар: укуктук базаны түзүү, социалдык жактан камсыздоо, күжүрмөн даярдыктары, армиянын бөлүмдөрү, алардын материалдык базаларын жакшыртуу, келечекте кандай армияга токтолуу боюнча дегендей. Кыскача айтканда, 2015-2020-жылдарга чейин жарым профессионалдуу армияны кармап туруш, ага чейин профессионалдуу армиянын базасын толугу менен түзүш. Мисалы, аскер кызматчыларынын үйлөрү боюнча эки багыт менен иш алып баруу;
Биринчиси, кызмат өтөп жаткандарга кызматтык үй эмес, квартира менен штатта отурган кызматына жараша (эмеректери коюлган, холодильник, плиталары бар) камсыз кылуу;
Экинчи, пенсияга чыкканда үйү же квартирасы болушу;
Үчүнчүсү, бардык аскер кызматтагыларды бир министрликтин карамагына өткөрүп, бардыгына бирдей шарт түзүү. Айлык акысы, пенсиясы, турак-жай менен камсыз кылуусу ж.б. Биздин программада азыркыдай акча төлөп, бир айдын ичинде, бир жылдык кызмат өтөгөн жарандар менен бирдей укук алаары, офицерлер ар бир үч жылда жаңыдан контракт түзөт дегени. Менин пикиримде булардын бардыгы армиянын чиришине алып келет жана коррупциянын гүлдөшүнө жол ачат. Баса айтмакчы, бизде кокустан кырсык болуп же жумуш айынан ооруп же жөн эле жашы жетип, пенсияга чыккан аскер кызматчыларынын көзү өтүп кетсе, үй-бүлөлөрү оор акыбалда калаары эске алынган эле. Ошондуктан, биз жүргүзгөн реформанын бир жагы пенсияга чыккан аскер кызматчы "өтүп кетсе" пенсиясы аялы өткүчө же эң кичине баласы 18 жашка жеткиче күйөөсүнүн (атасынын) пенсиясын алып туруу каралган. Ошондо гана, офицер, прапорщиктердин үй-бүлөлөрүн колдоого алуу, кызмат кылгандарга өзгөчө мамлекеттик деңгээлде камкордук көрсөтө алабыз десек болот. Ошондо гана, чындап элин-жерин коргоо - ыйык милдет болот. Бүгүн кызмат өтөө үчүн, чин алуу үчүн акча төлөп жатса, кайдагы ыйык милдет?

Маектешкен
Мээрим Газинур кызы




  Экс-депутат камалып...

Алайкуу солк этсе...
Курманбек Салиевич, Сизден Каракулжанын чыгаан жигити, көрүнүктүү уулубуз Замирбек Парманкуловго карата бийлик тарабынан жасалып жаткан саясий куугунтукту токтотууңузду талап кылабыз. Бийликтегилер өз билемдигине салып, Кыргызстандагы көрүнүктүү саясий ишмерлерге кысым көрсөтүлүп жатканын көрүп, билип турабыз. Бийликке карата ачык пикирин билдирип, сын айтканы үчүн, биздин уулубузду дагы Сиздин кол алдыңыздагы билермандар жөн койгон жок. Эптеп илинчек таап, бейбаштык кылды деген шылтоо менен 15 күнгө камап, көп өткөрбөй 5 жыл мурунку ишти курал кылып алып чыгышты. Баш мыйзамдын кепили катары мамлекетибиздеги мыйзамдуулукту сактайт деген акыркы үмүт менен кайрылуу жолдоп отурабыз. Жасалып жаткан саясий куугунтук Каракулжа, Мырзаке элин тынчсыздандырып, чыдамын кетирүүдө. Эгерде жакын арада тийштүү жооп болбосо, Бириккен элдик кыймылдын талаптарын колдоо менен бүгүнкү бийликти кетирүүгө Каракулжа, Мырзаке эли түп көтөрүлө аттанат...

Каракулжа,
Мырзакенин
районунун 888
тургуну кол койгон.

(З.Парманкуловдун талапташтарынын өлкө президенти К.Бакиевге болгон кайрылуусунан)

P.S. Гезитибиздин өткөн санында З.Парманкулов менен болгон маекке орун бергенбиз. Бул жигит учурда ооруканада милициянын кайтаруусунда жатат. Бизге жеткен маалыматка караганда Парманкулов ооруканадан чыгаары менен бийлик аны Оштун СИЗОсуна алып кетүү үчүн камынышууда...
Көрсө, мунун бир себеби катары экс-депутат З.Парманкулов Президенттик жарышка түшөөрүн мурунтан билдирип жүргөн жайы бар экен. Бирок, мурунку эл өкүлү бийликтин кысымына мокобостон, учурда Президенттикке ат салышам деп белсенип турган кези.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan