соболчак

- 23-июлда Президенттик шайлоо өтсүн деген Конституциялык Соттун чечимин кандай деп баалайсыз?

Темир Сариев,
"Акшумкар" партиясынын лидери:
- Конституциялык Соттун бул жолку чечиминин туура эмес жана мыйзамсыз экендигин катардагы карапайым адам деле түшүнүп турат. 2003-жылкы Конституциянын негизинде "Президенттик шайлоо октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек" деп ачыктан ачык жазылып турат. Бирок бул көрсөтмөнү одоно бузушуп, Конституциялык сот Конституцияны бурмалап, жаңы шайланган Президент 25-октябрдан кечиктирилбей ишке кириш керек деп чечип коюшту.
Бийлик шашкалактап, ушундай ой келди кадамдарды жасап жатат. 19-мартта Конституциялык Сот чечими чыгып, ошол эле күнү түштөн кийин Парламенттин комитети карап "сыясы кургай электе" эле "23-июлда Президенттик шайлоо өткөрүлсүн" деп чечим кабыл алды, мунун өзү өтө чоң саячсий катачылык.
Бийликтегилер, мындай мыйзамсыздыкты адатка айландырып алды. Эсиңерде болсо, Парламенттик шайлоону да ушинтип "бурчтан чыга калып", күтүлгүс жерден жарыялай коюшуп, жыйынтыктарын өздөрү каалагандай кылып бычып алышпадыбы беле. Албетте ушул аркылуу Бакиев өзүнүн оппоненттерин алсыраткысы келип жатат, аларга шайлоого даярданганга убакыт да мүмкүнчүлүк да бербестин амалы болуп жатат. Анан, шайлоону жайында өткөрүп жаткандыгынын дагы бир себеби, бул элдин жокутугунан пайдаланып, мыйзамсыз жол менен бийликте калыштын аракети. Негизи эле 4 жылдан бери Бакиев мамлекетти башкарбай эле, өзүнүн бийлигин бекемдөөнүн аракетин көрүп келген. Эми шайлоону бурмалай турган болсо анда мунун саясатынын аягы чоң жаңжаал менен бүтүшү толук мүмүкүн. Эң негизгиси өткөн шайлоонун жана анын жыйынтыгын жалпы эл тааныш керек.

Суроо салган
Эльнура Дүйшеева




  Тектир, тектир тектир саз...

"Чокой" ийлеген Чолпон эже жана "жаналар"
Кыргыз тарыхы жаманды да, жакшыны да билет. Эсте тутат. Мындан миң жылдай башта туулуп, кыргыздын кылым карыткан көйгөйүн ырга салып Кет Бука деген өткөн экен. Бетке айткандыгы, даанышман көрөгөчтүгү үчүн ошол замандын төбөлдөрүнөн нечен азап чегип, куулуп-сүрүлүп, бирок ошого карабастан оюндагысын так айтып, ачык сүйлөп, кыргыздарга өмүрүнүнүн аягына чейин эскертүү айтып жүрүп өтүп кеткен олуя киши болуптур. Мына анын бир эле жолку айтканы:

Кара тилин калп минип,
Карт бузулат сак болгун,
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат сак болгун...

Миң жыл башта айтылган сөз, бирок күнү бүгүнкүдөй даана, жылаңач төөнү бучкакка чапкандай таамай сөз, чиркин. Анык Ата сөзү. Так бизге карата айтылган сөз. Мен бул сөз кечээ жакында эле биздин туулгандан туна чөккөн "Ак жолчу" парламент конституцияны дагы бир жолу калчап, каалагандай экчеп, мамлекет башчысын качан шайлоо керектигин тактаган учурга карата айтылган кеппи деп да ойлоп кеттим. Ошол талкууда адатынча конституциянын умай энеси, ак сүтүн берип баккан апакеси катары чоюла сүйлөгөн Чолпон Баековага карата айтылган накыл кеппи деп да ойлоп кеттим... Атаганат, чын эле ак сүтүн берип бөпөлөп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай баш мыйзамымыбызды башынан сактап бергенде, он жети жыл Конституциялык соттун төрайымы катары Чолпон эжебизге улутубуздун уңгулуу адамы, калкыбыздын кадырлуу айымы катары мамиле кылбай кайда барат элек… Президентке чейин көтөрсөк ким кой дейт эле?
Кечээ жакында адатынча Американы ачкандай айбаттанымыш этип, жогору жак кандай айтса, ошондой талапка баш мыйзамыбызды букача буйлалап көнгөн эжекебиз Конституцияны дагы бир жолу (ай, ким билет, акыркы жолу эмес го…) отличный кылып "чечмелеп" берди. Ийменген да жок. Тике карап сүйлөдү. "Ушул абдан туура болот" деди… Туура болсо жакшы болуптур деп парламент мүчөлөрү да унчукпай карап отурушту. Эриксизден эски замандарды, Акаев доорун, кийинки Бакиев заманын, атагы таш жарган эжекебиздин биздин улуттук тарыхтагы аткарган тымызын, бирок анык ролдорун бирден эстеп отурушту өңдөнөт. 24-март… Ошол күнкү бир күндүк президент… Учредителдик чогулуш… Андагы эжекебиздин "ак батасы"… "Ак жолго" аттап-буттап жеткен Чолпон эжебиз… Добуш берүүлөр кандай өткөнүн соп-сонун билип отуруп, унчукпай отурган-билмексендик… Кечээ деле депутаттар "Баягы Баекова да…" дегендей жер карап, айрым акжолчулар болсо "баракелде" дегендей кыязда бакырая карап, тымпыйып тим отурушту…
Чынында биздин конституцияны анык буйлалаган төөдөй жоош, пластилиндей ийилчээк, каалагандай томолоткон топко ким айлантып берди эле? Жок, андай, баш мыйзамды бузбагыла деп катуураак үн чыгарган киши болду беле? Жок. Биздин баш мыйзамга бирди жазышат да, экинчи кылып "түшүндүрүшөт". "Эки жолу гана…" деп жазылса, биздин закончулар, консотчулар "үчүнчү жолу да…" деп "окушат". Конституцияны бузса мүмкүнбү, мыйзамды тепсесе мүмкүнбү, бийликтин бир эмес, бардык бутактарын узурпация кылса мүмкүнбү?-деп сурасаң, "жүда мүмкүн, куп гана мүмкүн" деп кирпигин ирмебей туруп жооп берет. Биздин казынадан ошол үчүн айлык жейт, машине минет, минмек түгүл, эч качан андан чыккысы келбейт. Чыгып калбас үчүн баарына барат, караламан калкты каратып туруп карасанатайлык кылат. Бир эле жолу болсо кана… Көп жолу. Нечен жолу.
Деги биздин тарых кызык тарых, эй. Мен кээде туруп, ушул ажобуз Курманбек Бакиевге ушунчалык ыраазы да болуп кетем. Эмне үчүн дебейсиңерби? Акаев заманында бети ачылбагандырдын бет пардасын биротоло сыйрып, эл көзүнө энеден туума жыпжылаңач кылып көрсөтүп бергендиги үчүн. Кимдин ким экендигин кудум мода парадындагыдай чок ортого эшеңдетип бастырып, арсыздыгын элге-журт шардана кылып бергендиги үчүн. Эр экен,эй.
Баягы демократия үчүн кара башыбызды сайып, жаныбызды беребиз деген эргулдар азыр кайда отурушат, төө куштарча башын кумга тыгып? Бири отурат губернатор болумуш этип, дагы бири "кара жашикке" кара башын тыгып коюп… Укмаксан, көрмөксөн болуп… Дагы бири ГЭС курат имиш… Калгандары бизге бет эмес, депутаттык мандат керек деп коюшуп, отурушат Жокеде, көң чокуган каргадай кыдырата тизилишип.
Кечээ эле эмне деп жанымы сабап аттым эле, азыр кайдамын?-деген бири жок. Тфу…Же элдин баары өздүрүндөй манкурт болуп калышкан деп ойлошобу?
А конституция… Бизде аны чокой ултаргандай эле жамап-жаскап, Шаршенчесинен кайра-кайра жазып, кээде ай сайын оңдоп, ага биздин эң башкы закончулар каалаган учурда "ак батасын" берип, каалагандай "окуп", "түшүнүп" калышканына мына он беш жылга жакындап баратат го. Буюрса, дагы уланчудай. Көнгөн адат калчудай эмес да, уйга жүгөн салынчудай эмес…

Кара тилин калп минип
Карт бузулат сак болгун!

Муну Кет Бука олуя айтыптыр. Миң жыл башта. Жок, жаңылам, кечээ эле жакында. Теледен, парламентжыйынын карап отуруп. Таппасаң сыйпалап кал десе.
Кет Бука… Кет Бука?.. Кет, Бука!!!

Темирбек МУКТАРОВ
(Чолпон Баекова башында турган Конституциялык соттун 1995, 2000-жылдардагы президенттик шайлоо жөнүндөгү бүтүмү боюнча экинчи пикир 11-бетте)




Ал учурда
Президенттик шайлоо ушул жылдын октябрь айына чейин болуш керек деген Конституциялык соттун чечими чыгаар менен, ошону эле күтүп тургансып, административдик ресурс катуу даярдыкка киришти.
Консоттун бүтүмү түшкү саат экиде жарыяланса, бир саат өтпөй Жогорку Кеңештин "Акжол" фракциясы шашылыш жыйын өткөрүп, президенттик шайлоону ушул жылдын июль айына белгилеген сунушун сууруп чыгышты. Эртеси ал маселе парламенттик жалпы талкууга коюлуп, 23-июль 2009-жыл (иш күнү экенине карабай - ред.). Президенттик шайлоо күнү болуп белгиленди.
Эртесинин эртеси, майрам күнүнө туш келип, баары Нооруз майрамын майрамдап жатканда, Борбордук шайлоо коммиссиясы боркулдап иштеп жатты, шайлоо маселелерин чечип. Көп өтпөй Борбордук комиссиясынын курамы аныкталып, БШК тараптан шайлоого корочу акчанын да суммасын аныктаганга жетишти, 172,4 миллион сом дешип.
Ошентип, Ала Тоо койнундагы Кыргызстан кезектеги президенттик шайлоого бет алды. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 18-майга чейин жүргүзүлөт. Жаңылбасак, 17-июндан баштап, расмий үгүт иши башталат... Ал эми президент болчулар 2-июнга чейин өлкө боюнча 50 миң кишинин колун топтоп, БШКга өткөрүшү керек...
Анда, бириңерден бириң эр, президент болчу кимиңер?










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan