КҮН ЭРТЕҢ...

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Таза шайлоо болооруна ишенбейм"
- Жаңылануу жөнүндөгү Президенттин кайрылуусу боюнча сиздин пикирди билсек болобу?
- Бакиевдин кайрылуусу анын ишеними эмес. Эгер ал ишенип туруп ошол көз караштарды айтса, бүгүнкү практика башка болмок. А.Сасыкбаева менен эки кызды мыйзамдуу баракча тараткан жерден кармап кетти. Ошол эле маалда ондогон балдарды УККга апарып, коркутуп, акча беребиз деп ар кандай кысымга алып жатат. Бул келтирилген бирин, экин мисалдар Президенттин эркин диолог, эркин саясий системаны түзөбүз дегенине карама каршы келет.
Анан Бакиев: "Өткөн муундун укугун коргошубуз керек" дейт. Бул алардын бизге калтырган мурас, дөөлөт салттары. Мисалы, мына өткөндө И.Исаков айылына барып, куран окутуу максатында эт салып кафеге элди чыкыртса, кафени жаптырып, этин сыртка чыгарып салышты. Батага чакырган элди келтирбей жаткан салтты сиңирип жаткан адамдын ушул сөзүнө кантип ишенсе болот? Анвар Артыковдун үйүнө конок барса, көчөсүнө аялдарды алпарып, "эл бузарларды үйүңдөн чыгар" дедиртип кыйкыртышат. Кыргызда конокко душманы келсе да тийбейт. Конок деген ыйык. Конокко ушундай салтты көргөзүп жаткан бүгүнкү бийликке, Бакиевдин "салтты колдойлук" деген сөзүнө ишенсе болобу?
"Келечек муунду коргойлук. Таза аба, суу, кен байлыктар ошолорго калса экен" дейт. А биз былтыр референдум менен табигый байлык жеке менчикке берилсе болот деген чечимди өткөрбөдүкпү. Боливияда тескерисинче табигый байлык элдики деп, референдум менен элге кайтарып жатат. Европа, КМШ өлкөлөрүндө да так ошондой деп жазылган. Биз болсо теңирден тескери саясатты жүргүзүп жатабыз. Биз Бакиевди жакшы билебиз. Шайлоо алдындагы анын мындай тактикасына биз ишенбейбиз.
- Президент кайрылуусунда адамды эмес, системаны өзгөртүү керектигине токтолду го?
- Оппозиция "адамды эмес, системаны алмаштырыш керек" деп качантан бери айтып келет. Аны биз жазып, концепция түрүндө да сунуштап келе жатабыз. Эгер Бакиев системаны чындап эле алмаштырганга ниети болсо, төрт жылда алмаштырмак. Ушул кезге чейин эки, үч Конституцияга кол койуп эмнени өзгөрттү. Кыргызда "ууру ууруну карма деп баарыдан катуу кыйкырат" деген сөз бар. Ал жерде оппозиция айтып жүргөн дагы көп сөздөр жүрөт. Бирок, ал сөздөр анын ишениминдеги, чыныгы ниетиндеги документ болбогондуктан күчү жок.
- Тоскоолдуктар толтура деңизчи?
- Мен шайлоо жөнүндөгүсүн эле айтайын. Бийлик максаттуу түрдө бул шайлоого жарым жылдан бери даярданып келди. Анын алгачкы кадамы ММК өкүлдөрүнө чабуул жасашты. Мисал келтирбей эле койоюн. Ошого улай президентикке кандидат болчу саясатчыларга кысымын күчөттү. Буга мурунку Коргоо жана Тышкы иштер министрлери ж.б. атасак болот. Бир топ мыйзам долбоорлору даярдалган. Биринчиси, январь айында Шайлоо кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизип, шайлоо учурунда колдонулуп келген "маркировканы" алып салды. Бул бир эле адам бир нече жолу добуш бергенге жол ачат. Жашаган жери белгиленбеген "айдоочулук күбөлүк" менен добуш берүүнү киргизишти. Мунун өзү жыйынтыгында бир эле адам бир күн бою баардык жерден добуш бергенге шарт түзүлдү дегендик. Ошондой адамдар баардык участкаларга жазылат, аны текшергенге мүмкүнчүлүк болбойт. Анан да Президенттин мөөнөтүн да өзгөртүштү. Эми алар шайлоону каалаган учурда койо алышат. Шайлоо жайдын толуп турган учуруна бекеринен коюлган жок. Бул учурда калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү ар кайда иштегени кетет. Мисалы, Баткен облусунда баарына белгилүү калктын жарымы Россия, Казакстан, Бишкек же Ошко кетет. Мындай "сынак" мурда өткөрүлгөн. Элдин ал учурда жарымы да жок экенине карабай, 2005-жылы Баткендин эли 99% шайлоого "катышып", баары Бакиевге добуш берген. Бул жылы дагы ошондой окуя кайталанаары турулуу. Ушинтип бийлик масштабдуу фальсификация кылганы турат. Биздин максат, мыйзамсыздыкка каршы туруу. Бизге, ал тургай криминалдык күчтөр дагы каршы иштейт.
- Демек, президенттик шайлоонун таза өтөөрүнө ишеним аз дегениңизби?
- Негизгиси биз Борбордук шайлоо комиссиясына ишеним артпайбыз. Ал жерде бүт "Ак жолчулар" жыйналып, шайлоону таза өткөрбөй, тескерисинче бурмалоого аракет жасайт деп эсептейбиз. Ошондуктан биз элдин пикирине, элдин күчүнө таянып, БШКнын курамын, жалпы эле шайлоо комиссиясынын курамын жаңы эреже менен түзүп чыгуусун талап кылабыз. Бул Бириккен оппозиция тарабынан 50 пайыз, бийлик тарабынан 50 пайыз. Мына ушундай комиссия менен гана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө мүмкүн.

Суроо салган Зулпукаар САПАНОВ




  В то ВРЕМЯ

На горизонте "ОБОН"
23-марта к дому председателя Социалистической партии "Ата Мекен" Омурбеку Текебаеву пришли неизвестные лица в количестве 20-30 человек, из женщин, мужчин, девушек и молодых людей. Некоторые из них были явно выпившие, люди стояли во дворе многоэтажки, где на 2 этаже проживает Омурбек Текебаев и требовали его выхода и выкрикивали угрозы в адрес оппозиционного политика. По сигналу автомобиля, через 5 минут они оперативно разошлись.
По приезду членов партии к дому О. Текебаева, группы уже не было на месте, но остались несколько человек, которые ждали машину и не смогли уехать с остальными. Стоит отметить, что представители группы митингующих разговаривали на кыргызском с сильным южным акцентом, и как выяснилось, прибыли с южных областей...

Пресс-служба Социалистической
партии "Ата Мекен"




  Ал. Айда. Бол

Марат Султанов мураскерби?
Президенттик шайлоого даярдык административдик ресурстар тарабынан ушунчалык тездик менен башталгандай эле ар кандай сөздөр, имиштер дагы ушунчалык тездик менен удургуп чыгууда.
Кечээ эле президент жөнүндө бир топ сөздөр сүйлөнүп, К.Салиевич кийинки мөөнөткө барбайт экен, анын ордуна үй-бүлөдөгү эң маданияттуусу, эң тартиптүүсү, эң жөнөкөйү болгон ажонун эң кичүү иниси, Германиядагы Кыргызстандын элчиси Марат Бакиев чыгат экен деген сөз коомчулук арасын куюндай каптап өткөн.
Ал кепти айрымдары угуп уга электе Ак үйдөн андан да башка айың агылып чыкты. Кызыгы, ал сөз Ак үйдө эле эмес, оппозициянын короосунда да айтылып жатканында. Ал, Ажо акыркы моментте өз чечимин чыгарып, негизги ставканы учурдагы каржы министри Марат Султановго коюптур дешүүдө. Антиши да мүмкүн. Эң негизгиси, "өз кишиси" эмеспи.
Кокус аталган "ставка" чын боло турган болсо, биз, "кызык оюн, кызгалдакка" күбө болоорубуз толук мүмкүн.
Биринчиден, аң-дөңүңдү карабаган административдик машине күрүлдөп ишке кирет, жолунан чыкканын "тебелеп".
Экинчиден, М.Султановдун үстүнкүлөргө салыштырмалуу коомчулук арасында кадыр-баркы анча төгүлүп бүтө элек.
Үчүнчүдөн, артындагы сүрөөнчүлөрү да жөн эмес, азыр да баштоого даяр тургандар. Мисалыбы? Мисалы, республиканын салык системасын мыкчып отурган кан досу Ахматбек Келдибеков Баткенин кошуп Ошту, "Бригаданын" акчалуу министрликте отурган дагы бир мүчөсү К.Ташиев Жалал-Абадды, Ысык-Көлдү болсо дагы бир кыйышпас досу, көл губернатору Кыдыкбек Исаев менен "бригадачы" комиссар С.Жапаровдор "арыдан бери кылып" бериши мүмкүн. Нарында болсо Наримандын "акчалары", акча демекчи, ар намысын эмес, байлыгын сактап калыш үчүн кайсы бийлик болсо да ошонун ырын кош колдоп ырдаган Теңир-Тоолук акчалуу олигархтар сүрөп бериши мүмкүн. Алар, албетте Ак үйдүн айтканын "аний" дебей аткарышат. Акыйкат деп айрыкча үн салган таластыктардын деле тамырын тартса болчудай. Себеби, кыргыз "күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр" деген сөздү сыйлаган эл. Анан калса Марат Таластын күйөө баласы...
Бирок, элден өткөн сынчы жок. Кимдин ким экенин көпчүлүктөн жашыра албайсың. Кандай болгон күндө да акыркы сөздү эл айтат. Анан калса көпчүлүктүн саясий көз карашы азыр 95-2000-2005 же кечээки эле парламенттик шайлоодо добуштарын тарттырып ийип отуруп калышкан 2007-жылдагыдай эмес.
Эл бул ирет өзгөчө активдүү. Баары башкача болушу да мүмкүн.

Нурдин АСАНОВ









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan