Пресс-конференция

БЭК: "Бирөө бардыгы, бардыгы бирөө үчүн"
25-март күнү Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөлөрү 27-марттагы нааразычылык акциясы жана алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу маселе боюнча "Аки-пресс" агенствосунда журналисттерге пресс-конференция өткөрдү.
Аталган маалымат жыйынында СДПКнын лидери Алмаз Атамбаевдин орду бакыйып жазылып, көрсөтүлүп турса да "бороон алдындагы" пресс-конференцияга келбеди. Ошондой эле Коомдук парламенттин спикери Абдыганы Эркебаевдин да карааны көрүнгөн жок.


Азимбек Бекназаров,
БЭКтин штаб жетекчиси:
"Биздин ураан: Демократиялуу өлкө куруу"
- 27-марттагы митинг кандай негизде өтөт?
- Биринчиден, бүткүл республика боюнча өткөрүлө турган митингке бийлик тарабынан абдан катуу каршылык көрсөтүлүп жатат. Конституциянын негизинде митингге чыгып, нааразычылыгыбызды билдирүүгө укугубуз бар экенине карабай жер жерледе кысымга алуу күчөдү. Баракча тараткан активисттерди күндө кармап жатышат. Ошто активисттерди күч менен коркутуп-үркүтүп эле тим болбостон, токмоктогонго чейин барып жатат. Мындай ишке укук коргоо органдары эле эмес, депутат, министрлер да тартылды. Азыр ушу тапта "Акжолдун" депутаттары ар кайсы жерде. Мисалы, Аксы районуна И.Айдаралиев баштаган топ барса, аны менен кошо Парламенттин үч депутаты жүрөт. Алардын айтканы бир эле "обон": "булар журт бузарлар, 27-мартта митингке чыкпагыла" деген. Бирок, баары бир митинг болот. Негизги биздин ураан - "Бакиевдерсиз шайлоо". Шайлоо комиссиясынын курамын эки тараптын тең салмагын сактап, элүү-элүүдөн кылганга аракет кылабыз. Күрөшүбүздүн башкы максаты - үйбүлөлүк башкарууну сындырып, демократиялуу өлкө куруу.
- БЭК алдыдагы президенттик шайлоого бир күч катары бара алабы? Же амбициялардан улам бөлүнүп-жарылып кетиши мүмкүнбү?
- БЭКтин саясий бюросу чечим кабыл алды. Бийликтин бөлүп жарганына карабай мындан кийинки шайлоодо, саясий күрөштө бир күч катары аягына чейин чогуу турабыз.
- Азимбек Анаркулович, "Бакиевдерсиз шайлоо" дегенди чечмелеп бербейсизби? Катуу кеткен жоксузбу?
- Бакиев турганда эч качан адилет шайлоо болбойт, фальсификацияга жол берилет. Ага биз жол бербейбиз. Мунун жыйынтыгында 24-март кайталанып калышы мүмкүн деген чочулоо да бар. "Бакиевдерсиз" дегеним ошол.




Роза Отунбаева,
Жогорку Кеңештин депутаты:
"Баарыбызды балталап, камайлы дешет..."
- Президенттин кайрылуусунан эмне уга алдыңыз?
- Президенттин акыркы кайрылуусу башка бирөөгө жазылгандай түр калтырды. "Асмандан түшкөн адам" жазганга окшоп турат. Же тескерисинче... Анткени, ал айтканы менен жасаганы карама каршы чыгып жатпайбы. Бакиевдин айткандарынын баары "жомок" өңдүү. Алардын кылганын карап турган адам кайдагы сүйлөшүүгө барат. Бир эле көрүнүш, А.Жекшенкуловду УККнын изоляторундагы ремонтко шылтоолоп, СИЗОго жөнөтөбүз дешет, кылмышкерлердин арасына. Ошол жер анын орду дегенсип. Бийлик эми минтип кимдин орду кайсы жерде экенин көрсөтө баштады. Эгер колдору узун болсо, баарыбызга жетмек...
- Мурда өлкөдөгү көп чындыкты парламенттен угаар элек. Азыр такыр башка. Ушундан улам, мындай суроо сунгум келет. Кыргыз Парламентинде бир гана партия үстөмдүк кылып жатабы?
- Кыргызстанды бир партиялуулук басмырлаганы айныксыз чындык. Бир гана "Акжол" баарын ээлеп алган. Трибунада төртө отурат, комитеттердин дээрлик баарын ээлешкен. Эмне иш кылып жатканын түшүнбөйсүң. Өзүнчө эле бир "туристтик топ" болуп калгандай. Ар кайда учуп-конуп, бюджеттин акчасын чачышууда. Эмне иш бүтүргөнү белгисиз. Эмне кылып, кайда барышаары түшүнүксүз. Ал эми биз шайлоочулар менен жолугушууга барганда кудум Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрүнөн бетер мамиле жасашууда. Муну өзүңөр деле көрүп, угуп жатасыңар. Ошко КСДП фракциясынын лидери барганда алдын ала макулдашылган залды бербегенге аракеттеништи. Чогулган эл түртүп киргенде светти өчүрүп салышты.

Памир МАНАС




Аталган пресс-конференцияда Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаты Роза Отунбаева К.Бакиевдин ден соолугу жакшы эместиги тууралуу маалымат бар экендигин, ал дарт президенттик экинчи мөөнөткө барууга тоскоол болушу мүмкүн экендигин билдирди. "Биз билгендей, К.Бакиевдин президенттик экинчи мөөнөткө барышына олуттуу тоскоол болгон оорулары бар",-деди Роза Отунбаева.
Президенттин ден соолугунун айланасындагы суроолор мындан он күнчө мурун парламент трибунасында да айтылган. Анда, Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Досалы Эсеналиев өлкө башчысынын саламаттыгы жакшы экендигин билдирген.
Ал эми Роза Отунбаеванын пикиринен кийин президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси А.Турдумаматов ошол эле "АКИ-пресс" агенствосуна ошол эле күнү "президенттин ден соолугу чың. Учурда жумушчу ордунда олтурат. Өлкө башчысынын ден соолугу начар деген кептер-бул жөн гана ушак",- деп билдирди.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan