ЭПИЦЕНТР
Борборлордо борбордук аянттар жабык
Бириккен элдик кыймылдын нааразылык акцияларынан уламбы, Кыргызстандын ири шаарлары аталган Бишкек менен Оштун борбордук аянттары жабылды.
Мисалы, Бишкек шаарынын "Ала Тоо" аянты "кереметтү фонтанды" куруу үчүн август айынын аягына чейин ачылбайт. Мэрия ушундай чечим чыгарды.
Ал эми Ош шаарынын борбордук аянты 28-мартка чейин жабык. Ал аянтка азыр балдардын сүрөт боюнча конкурсу башталып, учурда 300гө жакын бөбөктөр аянтка чыгарылып, бактылуу жашообуздун бакубат сүрөттөрүн тартып жатышат.

Ошол эле учурда
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалымат боюнча Бишкек-Ош жолунда кар көчкү болуп, көлөмү 2 миң куб метрлик кар жолду бууп салыптыр.
Ушуну менен бирге эле аталган министрлик 21-марттан бери Ош-Бишкек жолундагы көчкү басчу жерлерди атайын жардыруу иштерин жүргүзүүдө. Бул деген, өлкөнүн түндүк менен түштүгүн байланыштырып турчу жол каттамы убактылуу жабык дегендик.

Ыңкылап саптары
Мындан үч күн мурун Ош шаарынын жетекчилиги ыңкылап күнүнө карата "Кашкар" кафесинде салтанат уюштуруп, айрымдар акчалай сыйлык алып, төрт жыл ичинде элдин турмушу кыйла жакшыргандыгын эске салып, ушундай жыргал турмушту жараткан К.Бакиевди дагы бир мөөнөткө шайлоого үндөдү.

* * *
Ал эми борборубуздагы опера жана балет театрында өткөн ыңкылап төрт жылдыгына арналган салтанатту жыйында мамкатчы Нур уулу Досбол: "Кыргызстан акыркы төрт жыл ичинде өнүгүүгө багыт алып, президент Курманбек Бакиев мамлекетти чыныгы демократиянын негизинде башкарып жатат",-деп билдирди.

* * *
Ошол эле күнү "Улуу Биримдик" саясий партиясынын төрагасы Э.Каптагаев ал күндү "Азаттык" радиосу аркылуу: "...Талап-тоноо жана уурдалган үмүттөр менен уурдалган тилектердин күнү", - деп белгиледи.




Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевге
Чакыруу
Урматтуу Курманбек Салиевич!

Сиз 2009-жылдын акыркы үч айында эки жолу расмий кайрылуу жасап, оппозиция өкүлдөрү менен диологго даяр экениңизди билдирдиңиз. Ошого таянып, бул кайрылуу чын эле өзүңүздүкү болсо, Бириккен оппозиция күчтөрү Сизди 27-март 2009-жылы саат 11.00дө Бишкек шаарындагы Горький атындагы скверде башталуучу митингде диалогко чакырабыз.
Ал эми аким, губернаторлорду бүткүл Кыргызстан боюнча жер-жерлерде өтүүчү нааразычылык акцияларына катышууга милдеттендирүүңүздү суранабыз.

Бириккен элдик кыймылынын
штаб жетекчиси
А.Бекназаров




укурук
24-март күнү Бириккен Элдик Кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаровду ИИМдин 9-чу башкармалыгы суракка чакырды.

* * *
25-март күнү БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков шаардык прокуратурага чакырылды. Баса, айтмакчы И.Исаковго байланыштуу сот иши эртең, 28-мартта, ишемби күнү улантылуусу күтүлүүдө.

* * *
"Жашылдар" партиясынын 17 мүчөсүнө прокурордук эскертүү берилгенин аталган партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев билдирди. Анын айтымында, Биринчи Май райондук прокуратурасы Кылмыш кодексинин 127-беренеси "Ушактоо", 128-беренеси "Акарат кылуу" боюнча өзүнө жана партиянын 17 мүчөсүнө эскертүү берген.




Талапкер жыйын
15-апрелге чейин Социал демократиялык партиясынын курултайы өтүп, анда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууланып, ошол эле учурда президенттикке талапкерлер тууралуу маселелер каралмакчы.

* * *
Ал эми 11-апрелде бийликтин "Ак жол" партиясынын да кезектеги курултайы өтүп, алдыдагы президенттик шайлоого учурдагы өлкө башчысы К.Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүүсү күтүлүүдө.

* * *
Ошол эле күнү оппозициялык Бирдиктүү Элдик Кыймылы дагы бирдиктүү талапкер боюнча маселесин аныкташмакчы.




Ички иштер министрлиги билдирет:
Митингде укук сакчылары тарабынан
эч кандай курал колдонулбайт
Ички иштер министринин орун басары Талант Исаев бүгүнкү белгиленген оппозициянын акциясында курал-жарак жана кошумча күч колдонулбай тургандыгын билдирди. "Бүгүн ИИМ кызматкерлери адаттагыдай режимде иштейбиз. Биздин негизги максат - митингди уюштуруп жаткандардын да жана ага катышкан элдин да коопсуздугун камсыз кылуу. Бирок ошого уюштуруучулар өздөрү да милдеттенме алышы керек. Ал эми тартип бузгандарга жана мастарга чара колдонулат", - дейт Т.Исаев. Анын айтымында, эл арасында 24-марттагыдай талап-тоноонун болушуна жол берилбейт. "Митингди криминалдык элементтер өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн. Ошондой эле эгер тартип чектен ашса дубинка, резина палка, газ пайдаланылып жана кайгул күзөт полкунун кызматкерлери ишке киргизиле турганын маалымдады.

Бүгүнкү митингди эларалык каналдарга чагылдырууда эларалык массалык маалымат каражаттары да иштеп жатат. Айта кетсек, "Би-Би-Си", "СНН", "Аль-Жазира" сыяктуу дүйнөлүк телекомпаниялар да бар.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan