жаңы чыгарма

"Кабылан"
Кыргыздын кыраан жигиттерине арнайм
САНДАН - САНГА
Баратбай АРАКЕЕВ
(повесть)
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Өмүраалынын башы жакшы иштечү эле, мектепти жакшы бүттү. Анан өзү эле борборго барып окууга өтүп, беш жылдан кийин зоотехник дегендин окуусун бүтүп, аскерине да барып келди. Колхоздо зоотехник болду, башкы зоотехник болду, анан башкарма болот экен деп кеп тарап калганда текшерип келген райондук чоң дайны жок жерден жер-жеберине жетсе, шылкыйып угуп туруштун ордуна энесинен келип тилдеп жиберип, башкарма болмок турсун соттолуп кете жаздады. Кийин дагы бир өзүн жакшы көргөн райондук жетекчинин жардамы менен кой ферма болду. Анан уй ферма, уй фермага эсепчи деңгээлине түштү.. Көп өтпөй актип катарынан биротоло чийилип тынды. Сугатка чегилди. Ошонун баарына күнөөлүү өз башы менен кетчү кыялы болду. "Кызматсыз калгандар, эмне кырылып калат бекен" деп бир ирет айтканы бар.
Чоң деген чоң. Аларга аздап бел ийип койгондо иши өөдөлөп кетмек. Районго чейин, а балким облуска чейин иштеп кетмек. Жок, андай болбоду. "Мээси да жакшы иштейт, ишин да мыкты билет, таза да иштейт эле, атаңдын көрү де, анча-мынча кошоматы болгондо…" деп жакшы санаалаштары айтса, "сооп гана болду, деле асманды карап басчу эле…" деп душмандары жыргайт. Асманды карап деле басчу адаты жок эле.
Актиптен чийилгенден аз өткөндө Өмүраалы арак менен биротоло дос болду. Дос болгондо да эч кимге алмашкыс акыреттик дос болду. Эми бүттү, адамдыгы күн сайын короп, акыры андан эч нерсе калбады окшоду. Адамдыгы менен кошо мал-салы кемиди, мал-салы да мейли эле, жакшы санаалаштары да четинен кемип жатпайбы. Арак…арак…арак деп сокту окшоду жүрөгү.
Анын алкаш аталып, бети-башы биротоло көгала, сыйрылып жүргөнүнө аялы да, бир туугандары да, тууган, жоро-жолдоштору да биротоло көндү. Адам баласы көнбөгөн эч нерсе жок эмеспи. Балдары да көндү, бир гана Жаманкулу көнбөдү. Ошол кезде ал бешинчи класста окуп калган. Атасын "алкаш" деп атаган адамга ылаачындай тийчү болду. "Сен өзүң алкашсың!" дейт түз эле, эзели оозуна арак алып көрбөгөндөрдү ошентет, анан эмне атасын "алкаш" дейт. "Атаң алкаш" деп уруша кеткен балдар айтса, муштуму түйүлүп, тигинин бетине орной түшөт. Өзүнөн улуу болсо да тике качырат. Таяк жейт.
Күн аттап, Жаманкул атасын көчөдөн таап, жетелеп келет. Далай ыр-чырдан сууруп чыгат. Алкаш болсо да намысы элдир-селдир ойноп турган Өмүраалынын мушташы көп, арагы алтымышка чыга жаздаганына карамакпы. Кызыгы, Өмүраалы кандай мас болбосун ушул көкүрөк күчүгүн көргөндө эсине келе калгандай болот. Ал жетелеген жагына басат. Тили сүйлөй албай калса, булдуруктап, ишаараты менен эркелетет. Баласына болгон чексиз мээримин арагы да баса албайт… Өмүраалы кандай мас болсо да бутуна турганы турган.
Жаманкул атасын үйгө жетелеп келип, шашпай чечиндирип, тамагын ичирет, тамак жасалбаса чайын берет. Ой-боюна койбой ичирет. Атасы аздап соолуга баштайт. Экөө кадимкидей сүйлөшөт, чоң адамдардай сүйлөшөт. Кептен да кемтик боло баштаган Өмүраалы ушул баласы менен сүйлөшкөндө аздап акылына келе калгандай болот. Анан уулунун сөзүн айт- па, алтымыштагы абышкаларың быякта калсын. Мектептеги окуялардан айтып берет, окуган китептерин айтат. Эртеңден баштап атасынын ичпесин сурайт, ичпе деп буйрук бере да айтат, "ичпейм" дегенди айттырат, кол алышат, каргантат. Жакшы турмушту айтышат. Жаманкул кийин чоң окууну бүтөт, чоң болуп иштейт. Машина сатып алып атасы менен энесин курортторго алпарат, бүт кыргыз жерин көрсөтөт. Аларды көрүп бүткөндөн кийин чет элдин жерин кыдыра башташат… Баланын ушул кыялдарын угуп олтуруп, Өмүраалы отурган жеринен коңурук тартат. Жаманкул эптеп жатып, аны ойготуп, темтеңдете жетелеп барып, төшөгүнө жаткызат, Өзүнүн төшөгү да атасынын жанында. Кээде атасы менен эле жатып алат. Тиги азга соороок болсо. Сөз кайра уланат. Оо далайга чейин уланат, жакшылык кууй беришет, жакшылык жолунан чыгышпайт. Сонун окуялардан айтышат. Жомокко кирип кеткен күндөрү болот. Кези менен каткырып калышат, шыбыраша кетишет…
Башка бүлөсү болсо, Өмүраалынын бар-жогуна эсеп бербей, карабай калышкан…Кандай мас болсо да Өмүраалы бүлөсүнө чыр салбайт. Азыркы болгон жакшы сапаты ошол.
Бир күнү атасы жоголуп кетти, анда Жаманкул жетинчи класска көчкөн эле.



* * *
Кабыландын көзү илинди. Аны ойлоп жатып уктагандан го, атасы түшүнө кирди. Кучактап эркелетип жатат. Бети-башы көгала, мас экен. Атасын кучактап, өпкүлөй берди. "Кайда жоголуп жүрөсүң, мен сени аябай сагынбадымбы, ата. Экинчи жоголчу болбо. Ичкениңди да токтото элек турбайсыңбы. Эми менин жаныман чыкпай жашайсың. Кааласаң айылга жаша. Мал баккың келсе, мал бак. Баарын даярдап берем, алдыңда машина болот, жигиттер кызматыңды жасайт. А сен каалаган жагыңа барып жүрө бер. Бирок мага кайда барарыңды айтып, телефон чалып коюп турсаң. Сөзсүз ошент. Жок, жигиттер эле чалып турсун. Мен сенин кайда экениңди билип тургандай болоюн. Жакшы эле жоголуп жүрбөдүңбү, эми сени таптакыр жоготпойм, уктуңбу, ата. Эгерде аябай эле ичкиң келип жатса, аздан иче бер… мейлиң, канча ичкиң келсе деле иче бер. Жигиттер көтөрүп барып, жаткызып коет. Эртеси баш жазып аласың". Ушул жерден түшү да үзүлдү…
Бүгүн Кабыландын жигиттери түн кирери менен аны башка бир үйгө апкелишти. Бул бир жигитинин жашырын үйү. Улам бир үйдү которуп турмай болгон жигиттерине Кабылан макулдугун берип турду.
Кабыландын жомок сындуу өз үйү бар ушул борбор шаарда. Тегереги үч метр чамалуу дубал менен курчалган, бак-шактуу. Короонун ичинде түнкүсүн килейген эки дөбөт кез-кези менен арсылдай үрүп, наркы-терки жүрө беришет. Кайтарган адамдар да бар, куралчан. Үй он- он беш бөлмөлүү. Ичинде ванналары, саунасы бар. Бильярд, теннис ойноочу бөлмөлөрү бар. Сөз кыскасы эмкинин байынын үйү, каалагандын баары бар дегендей.
Мындан сырткары көл жээгинде ушул сыяктуу бир үйү бар. Бул эки үйдө тең Кабыландын бүлөсү жок, үйлөнгөн эмес.
Ал үйлөргө азыр барууга болбойт. Анткени, жигиттери тапкан маалымат боюнча эгер Кабылан ошол үйлөрдүн бирине барса, дегеле кай жерге барбасын, билишсе, беш - алты кримавторитеттин баш кесерлери биригип, чабуул жасап, ташын-талкан кылышмай болуптур. Коргонууга Кабыландын күчү жетет. Бирок, бул чоң согуштун арты жакшы болбойт, элди да, мамлекетти да эске алыш керек. Эгерде мамлекет чындап киришсе, бүтүндөй кримдүйнөнү бир түндүн ичинде тындым кылууга кудурети кенен жетет эмеспи. А эмнеге антпейт, ал өзүнчө чоң сөз.
Туура, Кабылан эч кимге баш бербейм дегендердин бири болгону менен азыр ага каршы бардык улуттук да, аралаш да бандалар каршы туруп жатышат. Анын эки себеби бар эле: биринчиден, Кабылан бир дагы банда менен эсептешпей калган, экинчиден, кайдагы бир чечендер, өзбектер менен уйгурлар, орустар менен азербайжандар биздин жерде бандиттик кылууга акысы жок деген бүтүмү бар эле. Ушул ойлорун ачык эле айтып келатат. Ошондон улам Кабыланга канча кол салуулар болбоду, кийин эсептебей да калды. Ким кол салганы билинери менен алар жайланып турду. Албетте, табылбай калгандары да бар.
Өзүн болсо кудай сактап келатат. Жакшы сактап келатат. Ошол өзүнө болгон кол салууларда жан жигиттеринен ончактысы көз жумду, дагы ошончосу жарадар болуп айыгып кетишти. Үч жигити таптакыр мунжу болуп калган. Аларга Кабылан "пенсия" бөлүп берип, дурус жашатат. Дурусу да курусун дечи, бирок тирүүлүктүн өзү дурус го бир…

* * *
Министрдин кабинетине орто бойлуу, бети арыкчырай, бирок чымыр денелүү экени көрүнгөн полковник кирди:
- Жолдош генерал, полковник Жапаров Сиздин…
Министр анын сөзүн бүтүрткөн жок:
- Болду, болду, олтур. Чакыртканым, Кабыландын маселеси кай абалда билейин дедим. Чечендер бекен?
- Так кесе айталбай жатабыз, бирок…
Министр ачуулана кетти:
- Эй, так кесе качан айтасыңар, ыя?! Баары кырылып бүткөндөн кийинби.?!
Министринин ачуусуна жедеп бышып бүткөн полковник эч нерсе болбогондой жооп берип турду:
- Бирин кармап айттырып туруп, анан айтсак болот.
- А качан кармайсыңар? Эмне күчүңөр жетпей жатабы, кармашайынбы.
- Бүгүн апкелебиз, бир-экөөнү.
Министр дагы кекээрленди.:
- Бирөөнүбү же экөөнүбү?
- Экөөнү.
- Базарда олтурган катындардай болбой, ошентип даанасын айтпайсыңбы?!
Министр бүгүн эмнегедир туталанып турган эле. Бир аз ойлонуп туруп, анан айтты:
- Кабылан тирүү жүрүш керектигин билесиң да э?
- Билем.
- Ал элине керек.
- Билем.
- Экөөбүз эле билели бу сөздү, түшүндүңбү?
- Түшүндүм… Жолдош генерал, биз сыяктуу ойлогондор толтура.
- Алардын өз иши. Мен сага министрдин ойлогонун билбесин деп жатам.
- Менден сөз кетпейт.
- Бара бер. Бул жер Чеченстан же Кытайдын Уйгурстаны эмес, түшүндүңбү?
- Түшүндүм… Жолдош генерал, Аюуга кол салынат деген кеп чыкты.
- Салса, көрөлү. - Бул "тим кой" деген сөзү эле.
"Аюу" деген атты дагы бир банданын ана башы алып жүрөт, өзү депутат. Өлкөдөгү наркотик менен бизнес жасаган эки-үч топтун биринин ана башы, чоң куу. Аюудай үксүйө баскан, олбурлуу неме. Трибунадан ыймандуу сөздү көп сүйлөгөн бу бандитти министр жаман көрчү. Аюу миллион сом тапса, анын жарымынан көбүн чоңдорго берет деп жүрүшөт. Ал эми наркотиктен түшкөн акча миллиард сомго чейин кете берет, долларын сомго которуп салса…
Жапаров кабинеттен чыкты. Сыртта олтурган министрдин жардамчысы капитан наамындагы жигитке айтты:
- Шефтин кебетеси жаман го.
Капитан жооп берген жок. Ал полковникти жаман көрчү. Бир ирет андан катуу каккы жеген, каккы гана жеп тим болбостон, мойнун капшырта карматып да койгон…
Жапаров кабинетине келип, креслосуна чалкалады да ойлоно кетти. Министринин эмнеге туталанып олтурганын ойлоду. Жакында кызматтан алынат экен деген сөз тараган кечээ жакында, ошого туталанып жататбы? Бирок, бу киши кызматка тырышып жетип, жабышып жатып калчулардан эмес. Кайраттуу, намыстуу анан да чынчыл неме. Экөөнүн мамилеси жакшы, жыйырма жылдай чогуу иштешет. Өзүнөн беш-алты жаштай улуу бу генерал эч кимге айтпачу сөздөрүн ушул Жапаровго айтат. Маанилүү чечим чыгарарда ушул Жапаров менен кеңешкенге аракет кылат. Баарын өзү чечет дечи, бирок кеңешкени кеңешкен. Барыдан дагы өз улутуна тил тийгизгиси жок, кыргыз дегенде жанын берүүгө даяр. Өмүр бою бандиттерге каршы күрөшүп келатат. Далай жолу өлүмдөн калган. Азыр ага эч ким батынбайт сыяктуу.
Жапаровдун орун басары майор кирди:
- Биз даярбыз.
- Кеттик анда. - Жапаров ордунан шарт турду.
Түн кирип калган.

* * *


Жапаровдор жөнөкөй эле эки "Жигулиге" олтуруп, жолго чыгышты. Эки машинада өзү менен сегиз киши. Баары гражданча кийинген. "Тигилер кутуруп кетсе, алыбыз жетпей калышы мүмкүн, жолдош полковник, тиги атайын карышкырлардан үч-төртөөнү алып албайлыбы" деген орун басарын кагып койгон: "Сен эмне каракчысыңбы?!" деп.
Жапаров оперлери менен чечен тобунун эки тыңчыкмасын кармаганы баратышат. Алынган маалымат боюнча ал бирисиз бири жүрбөгөн эки дос шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдыңкы этажындагы ресторанда кыздары менен шапар тепмекчи. Жанына калбай жүрчү беш-алты жигити айланасында сакташат.
Эки машина көчөдөн көчөгө өтүп, бир беш кабат үйдүн жанына токтоду. Бул үйдүн наркысында чечендер.

(Уландысы бар)









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan