Жазуучулар жаңжал жасайбы?

Акмын деп айтпа, сакмын деп айт
Бир канча жылдан бери жымжырт болуп, ар кими өз оокатын кылдыратып жүргөн калем ээлери эми ээлигип алгандай түрү бар. Биринчиден, эч качан китеп окубаган, адабияттын ак-карасын тааныбаган алагүү бийлик ар качандан бир качан алабарман сыйлык берип, дардактатып наам берип, ал эмес Баатыр деген наамдарды сакалга карата тарата баштагандан бери жазуучулар ичи гүү-гүү. Бу бийлик сабатсыз, билимсиз, критерийсиз деп күңкүлдөшөт. Бир даары бу бийлик убадага март, аткарганга келгенде унутчаак деп наалышат.

Бирок бир канча мезгилден бери жазуучулар ичи уламдан-улам чыңалып бараткандай. Жазуучулар союзу деген уюмга убагында Аскар Акаев "улуттук" деген статусту берип кеткен. Азыр ал улуттук эмес эле, утурумдук союз болуп калгандай түрү бар. Жазуучулардын башын кошкон бир киши жок. Омор Султанов агабыз төрагалык үстөлүнө омоктуу отуруш үчүн эч кимди жыйналышка же талкууга чакырбай (чыгармачылык талкуусуз союз-кагаз бетиндеги союз эмей эмне?), өзү менен өзү кеңешип, же жармалаштары менен ушак тыңшап, кайран союздун акмагын анык чыгаргандай кебетеси бар.
Экинчи бүйүр кызыткан интрига-бир кезде кадимки Чынгыз Айтматов куруп берген "Арашан" чыгармачылык үйүнүн тагдыры, анан дагы ошол эле Чыкебиз башын ажыратып берген, шаарыбыздын так ортосунда жайгашкан "Норус" деген кафе-ресторандын тагдыры болууда. Балким, бул эки кыймылсыз мүлк жазуучулардын оюна деле келмек эмес, эгерде…
Көрсө, ал эки мүлк тең азыр ак уруп төшүн кагып, акмын эле акмын деп жүргөн бакандай бир "лидердин" алкымына ап деп жутулуп кеткен имиш… Калемге тың, бирок жашоо турмушта маңыроо жазуучулар: "Чакалайдын чак түшүндө чогула турган жерибизден, жылуу чай иче турган жайыбыздан ким ажыраткан?" -деген суроону кабыргасынан коюуга даярданып жатышыптыр. "Норуска" кирмек тургай, жакындай албай калгандарын айтышып, удургушкан кези экен. Мамлекетке лидер болом деген эргулдун эпчилдигине, калемдештерине кара санап, акыры кыймылсыз мүлктү камырдан кыл сууругандай кымырып, менчигине айлантканына кыжыры келип жатышыптыр… Айрымдары Президент К.Бакиевге чейин жетип, чындык издейбиз, гезиттерге жазабыз, керек болсо соттошобуз дегендери да бар экен. Мына мыктымын, мына акмын деген аксым "лидерлердин" абийирин айрандай төгүп, элге-журтка жеткиребиз дегендер чыгууда…
Ой багып, сөз гүлүн терип, эл наркын, жер шартын кастарлаган калемгерлердин кадимки ачуусу келсе кимди болсо да оңколото тургандыгына шек жок дечи. Бирок ал чатактын алдын-ала чоо-жайын териштиргенди туура көрбөдүк. Даярдалган материалдарын да жарыкка чыгарууну туура таппадык. Себеби өздөрү териштирсин деген ой. Кийлигишпейли деген ой.
Бирок суроо туулат. Чын-чынына келгенде, саясат деген ары жооптуу, ары ардактуу "профессия" го. Ага адатта адал ниети бар, колу таза, ою таза инсандар келсе, максатка ылайык болмок. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай болбой жатканы кейиштүү. Биздин мамлекетте колу таза киши эч качан миллионер боло албасын баарыбыз жакшы билебиз. Биздин мамлекетте колу таза эмес бизнесмен-саясатчылар ошол улуп-жулуп тапкан байлыгын гана арттыруу үчүн саясатка жулунганын ар бир кыргыз азыр жадыбалдай жат билет. Байлыгын толтурат да, кокус бирдеме болсо же Америкага, же Казакстанга урган бойдон кетип калат. Биз калабыз эки колубузду бир мурдубузга салып. Муну да тарых көрсөтүүдө.
Деги качан алданбаганга, жөө жомокторго ишенбегенге, актан караны ажыратканга үйрөнөбүз? Дүйнөдө жомокко, айрыкча саясий жомокко ишенген биз эле калдык окшойт. Калган калктар прагматик болуп, кыраакы болуп, бул мага тиешеси жок деп четте турбай, чындыкты чыркырата кубалап, анан жакшы турмушка жетишүүдө. Бизчи?
Мына жакында жөө жомоктордун жаңы сериясы башталат. Сериясы эмес, ташкыны каптайт. Себеби президенттик шайлоо башталганы турат. Кадимден калган кайдыгерликтин айынан дагы шым болобузбу? Чындыктын бетине тике караганга чамабыз жетпей дагы куурайбызбы? Дагы отурабызбы шуу үшкүрүп, оозубуздан көк түтүн бурап онтоп. Качан оңолобуз деп кайгыланып…
Жок. Оңолобуз-эгер аксымдарды аксым деп, акылманды акылман деп айтканга кудуретибиз жетсе. Оңолобуз-эгер оппозициямын деп оозу менен орок оруп, тили менен тикенек алган ууруларды алыстан таанысак, аларды чыныгы азаматтардан бөлүп карасак. Андайларга биз шайлоо жакындаганда кана керекпиз. Шайлоо өткөн соң короодогу койдой, жайыттагы малдай, айдаса кете берген калың массабыз...
Ошондуктан жазуучулардын күбүр-шыбыры бекеринен эместей. Жазуучулар эле эмес, караламан калк да ошону түшүнө баштаса, элге гана жакшы болмок дечи…

Темирбек Муктаров




  Миң - Куштан кат

Балдардын ырыскысына да кол салдыңар
Бөрк ал десе баш алышкан жергиликтүү жетекчилер бир килем, бир телевизоруң жана чоң ата, чоң энеңдин пенсиясы бар дегендей, балдардын пособиесин кыркып салышты. Ата-эненин пенсиясы балдардын пособиесине эч кандай тиешеси жок болсо да, мындай аркеттерге барышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн айыптайбыз. Пенсионерлердин чеке терин тамчылатып тапкан акчасын шылтоолоп, балдарга жабдуу - бул бийлик өкүлдөрүнүн уятынын жоктугу деп эсептейбиз. "Балдар - биздин келечегибиз" - деп ооз көптүргөн өйдөкүлөр наристелердин ачка болуп ыйлаган үнүн чындап угушса, мындай иштерге барышпайт эле. Анда айткылачы, балдардын мыйзамдык негизде берилүүчү каражаттары кайда кетүүдө? Биз ушуга түшүнбөй келебиз.
Миң - Куш шаарчасы бир кезде өндүрүшү иштеп, өлкөнү дүңгүрөтүп келген болсо, учурда кароосуз калган. Бир кезде атагы Маскөөгө чейин жеткен Миң - Куш азыр "таш чайнап" отурат. Же үлүш жери жок. Мындай жашоого эл көпкө чыдап жашай албайт.

Алтын Түлөбаева
Миң - Куш шаарчасы




  Түтөгөн сайын түтөгөн...

Жашоонун миң түркүн жолдору ай...
Заманадан озуп келген ойчул, улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов жазган чыгармаларда не деген гана асыл сапаттар жазылбадыбы. "Саманчынын жолу" чыгармасында согуштагы улуу акыйкатты чагылдырганычы. Буларды жазган себебим, адам болгум келет? деген максаттуу суроону Айтматовдун чыгармасынан издей бергеним. Ошондуктан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан эң таасирлүү оң сапаттарды өзүбүзгө сиңирип алып, ошол жол аркылуу өмүр жолубузду улоону туура таап жана ошол жолду тандашыбыз керек дегим келет. Ошондо гана Илиястай болуп жаңылып калбай, Орозкулдай кара мүртөз мүнөздөн алыс болуп, Нургазыдай тунуктукту сактап, Толгонайдай кайраттуу болорубуз анык. Бирок, тилекке каршы, азыркы глобалдуу илим-техниканын болуп көрбөгөндөй өсүү мезгилинде жаштар жогоруда айтылган чыгармаларды окуунун ордуна, телевизор, компьютер, мобилдик телефон менен же болбосо, кыздарыбыз балдардан да ашып түшүп, көчөдө тамеки, арак ичип, басып калышпадыбы. Жаңы техниканы билүү учурдун талабы дечи бирок, жан дүйнөнүн байлыгы, дилинин тазалыгы адам баласына аба менен суудай керек да. Ар бир адам өз жашоосунда "мен аз билем, бирок көп билүүгө аракет кылышым керек! Эмне үчүн дилим бирди айтат, тилим башканы айтат!?" деп ойлонуулары зарыл. "Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо", "Жакшы жигит - асмандагы жылдыз, жакшы кыз - жакадагы кундуз" ж.у.с. толгон накыл кептерди биздин ата-бабаларыбыз жаштарга үлгү иретинде айтып кетишкен. Бирок биздин жаштар бул ылакаптарды билип, эсинде бекем тутуп, турмуш тиричилигинде колдоно жүрмөк түгүл, кээ бирлери аларды уккан да эмес. Мунун баары китепти аз окугандыктын себеби. Адамзат баласы өткөн тарыхын мыкты билип, учурда татыктуу жашап, келечегине кам көрүп жашоосу зарыл. Ал үчүн көркөм маданиятты, адабиятты көп окуп, таасирленип, тарбияланышы абзел!
Ооба, биз - адамбыз. Биз өз келечегибизди өзүбүз ойлобосок, анда аны ким ойлойт?!

Гульзана Эсеналиева,
Кыргыз экономикалык университетинин
менеджмент жана туризм
факультетинин студенти









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan