Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген...

Эгемендиктин бешинчи жылы:
Буюрса, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргыз Мамлекети өз тагдырын өзү чечип, азаттык алган күнүнө 18 жыл толот. Ушул он сегиз жыл ичинде өлкөбүз эмнелерге жетишти, кандай ийгилик болуп, не кемчиликтер кетти? Мунун баары эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында сакталып калды. Жаманы да, жакшысы да - биздин басып өткөн жолубуз. Андыктан, өз тарыхыбызды баалай билсек деген эле тилек. Анан калса, 18 жаш - бул адам өмүрүндөгү өз алдынча жоопкерчиликке укук алган мезгил. Дегенибиз, андан аркы сапарында өлкөбүздү ийгиликтер коштоп, жакшылыктар гана жылоолосо деген ниет.
Ушундан улам басып өткөн жолубузга дагы бир ирет саресеп салып өтүүнү эп көрүп отурабыз. Анда, эгемендиктин айрым элестерине чогуу күбө бололу, мекендеш!

Жаңы паспорт

1995-жылдын 17-январында эгемендүү Кыргызстанда жаңы паспорт чыгарылды. Кыргыз эли жаңы паспорт ала баштады.

Эки палаталуу парламент

Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында 1995-жылдын 5-февралында жаңы эки палаталуу Парламент- ке шайлоо болуп, эл өз өкүлдөрүн шайлашты.

Баш мыйзамга өзгөртүү

КРнын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө жумушчу тобу түзүлүп, 1995-жылдын 25-февралына чейин граждандардын сунуштарын, эксперттердин рекомендацияларын эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгуу Президент тарабынан тапшырылган.
МАНАС-1000

"Манас-1000" маарекеси Таласта өткөнгө чейин бул юбилей республикабыздын ар бир облусунда белгиленет. Мына ушуга байланыштуу 22-июлда Көкөтөй хандын ашы өткөн Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунда облустун маарекеси өткөрүлмөкчү. Ага Казакстандын президенти Н.Назарбаев баш болгон боордош казактардын делегациясынын келээри күтүлүүдө.

* * *
1995-жылдын 25-августунда "Манас-1000" маарекеси өткөрүлдү. Маарекелик салтанатта Турциянын Президенти Сулейман Демирель, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов, Азербайжандын Президенти Гейдар Алиев, Түркмөнстандын Президенти Сапармурат Ниязов, ЮНЕСКОнун башкы директору Федрико Майор, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов сөз сүйлөштү.

Референдумга карай жол

Жогорку Кеңештин депутаттары Президенттин полномочиесин экинчи Конституциялык мөөнөткө узартуу жөнүндө референдум өткөрүү сунушун киргизди.
Жайында эмес, кышында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасы Президенттик шайлоо күнүн белгиледи. Шайлоо 1995-жылдын 24-декабрында өткөрүлмөй болду. Тийиштүү жарлыкка Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы М.Чолпонбаев кол койгон.

Ийгилик

Таш-Көмүр шаарында иштебей турган тигелдерди чыгаруучу завод ишке киргизилип, алгачкы продукциялар алынды.
Демилге

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасында Президенттин полномочиесин узартуу маселеси каралып, депутат Д.Үсөнов бир миллион эки жүз миң адамдын демилгесин жокко чыгарууга болбостугун белгилеп, абийир алдында добуш берээрин ачык билдирди.

Кант өндүрүү

Аксакал Т.Усубалиевдин республика кант сырьесу менен өзүн өзү камсыз кыла алаары тууралуу айтканын кыргыз бийлиги кабыл алып, жигердүү ишин баштаган.

Акаев үчүн
71,59% "макул"

Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгарылды. Шайлоочулардын 86 %ы катышып, 71,59% Аскар Акаевге добуш берди. Апсамат Масалиев үчүн 24, 42%, Медеткан Шеримкулов үчүн 1,72% шайлоочу добуш берген.




  Тарыхтан тактоо салып...

Экинчиби, үчүнчүбү?
2000-жылы жалпы элдик шайлоодо А.Акаев Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган. Аталган президенттик шайлоого А.Акаевдин катышканы боюнча ар-кандай пикирлер күнү бүгүнкүдөй айтылып келет: кээ-бирлери бул А.Акаевдин үчүнчү жолу шайланышы дешет. Кээ бири тескерисинче бул пикирди четке кагып, ал шайлоодо А.Акаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде экинчи мөөнөткө шайланды деп жүрүшөт. Анан калса редакция эгемен мамлекет болгонубуздун алдыдагы келе жаткан 18 жылдыгына карата ар бир саныбызда ошол эгемендигибиздин басып өткөн ар бир жылынан көрүнүктүү учурларды чагылдырып келебиз. Бул жолкусунда эгемендигибиздин бешинчи жылы туш келип, ошол 1995-жылы президенттик шайлоо болуп, анда экс-президент биринчи мөөнөткө барган деп айтылып келет. Ушундан улам тактоо иретинде юрист, укук коргоочу Акин Токталиевге кайрылдык.
- Бул маселе боюнча убагында Консот өз чечимин чыгарган. Ошондой болсо да өз пикиримди билдирип коеюн.
А.Акаев 1990-жылы 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз ССРнин президенти болуп шайланган. Ал убакта Кыргызстан СССРдин курамында болчу, Кыргыз ССРнин Конституциясы иштеп турган. 1991-жылы 31-августта Кыргыз ССРи көз карандысыз, эгемендүү мамлекет деген декларация кабыл алып, ал эми жылдын аягында СССР жоюлган.

Эгемендүү Кргыз Республикасынын биринчи Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Баш-мыйзамда Кыргыз Республикасынын президенти түз, жалпы элдик шайлоо аркылуу шайланат деп жазылган. Ушул берененин негизинде 1995-жылы 24-декабрда А.Акаев жалпы элдик шайлоодо биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө эгемендүү Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.

2000-жылдагы шайлооого А.Акаевдин катышышы мыйзам ченемдүү, анын Конституциялык укугу.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan