Күч бирдикте дейт...

Темир Сариев,
"Акшумкар" партиясынын лидери:
"Биздин эң негизги максат - өлкөнүн өнүгүшү"
- Темир мырза, Бириккен Элдик Кыймылдын уюштуруусунда өтүүчү жалпы республика боюнча нааразычылык акциясына саналуу күндөр калды. Бул жөнүндө коомчулукта ар кандай сөздөр да айтылууда. Негизи эле 27-марттагы белгиленген акция кандай негизде өткөрүлөт?
- Акциянын эң негизги белгиси көпчүлүктүн бүгүнкү бийликтин жүргүзүлүп жаткан саясатына нааразы экени. Биз ошол эле күнү баардык маселелерди чечип салабыз дегендин өзү да акыркы жыйынтык эмес. 27-марттагы боло турган акция башталышы гана. Ал эми андан ары кандай өңүттө улантылат, биз бул жөнүндө толук чечимди кабыл ала элекпиз. Бирок, бул иштин уландысы бар.
- 27-марттагы өткөрүлүүчү акция буга чейин болуп келген митинг- дерден эмнеси менен айырмаланат?
- Адегенде биз бир нерсени түшүнүп алышыбыз керек. Митинг - бул жөн эле көчөгө чыгып, кыйкырып алып кетип калган иш эмес. Бул - нааразычылыктын акыркы чеги. Өзүн-өзү сыйлаган мамлекеттерде митингдин саясий салмагы өтө чоң. Митингден митингди салыштыруунун өзү туура эмес. Ал эми анын андан аркы жыйынтыгы кандай болот, бул өзүнчө кеп.
Нааразылык жаатында алсак, бул митингде өткөндөн айырмаланып башка дагы лозунгдар менен толукталууда. Мисалы, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, карапайым адамдардын жашоо шартынын оорлоп баратышы. Мындай көрүнүш күн өткөн сайын калыңдап барат. Жаңы бийлик келгенине, башында айткан убадаларына төрт жылга жакын убакыт өттү. Кандай өзгөрүү болду, жашоо кай жаатына ооду? Бул суроонун жообун азыр өлкөнүн кайсы гана жараны болбосун жон терилери менен сезип жатат. Ал эми адам укугу боюнча эмнелер гана болуп жаткан жок. Эң өкүнүчтүүсү ошол илдет күн өткөн сайын күчөп баратканында. Дал ушул маселелер бизди 27-марттагы акцияга ээрчитип барат.
Кечээ Финансы министри айтып жатпайбы: "бюджеттин киреше бөлүмүнүн ажырымы азыр 5 миллиард сомду түздү" - деп. Бул эми эң оптимисттик "божомол". Андан да кейиштүүсү ал ажырым дагы 2-3 эсеге көп. Бул туурасында экономист катары өз оюмду айткам. Дагы да кайталайм, бүгүнкү темп менен кете берсек алдыда бизди өтө оор күндөр күтүп жатат. Анын алгачкы илебин апрель, май айларыда сезе баштайбыз. Ал эми 2010-жыл өтө эле кыйынга турушу мүмкүн. Дал ушундай көрүнүштөрдөн улам, өзгөчө акыркы учурларда бүгүнкү бийлик саясатына нааразы болгондордун катары уламдан-улам калыңдап барат. Анткени, өлкөдө эмне болуп жатканы сокурга деле көрүнүп жатпайбы.
- Бирок, ошол өткөрүлүүчү акцияда ар кандай провакациялар болуп, өз тилектештигин билдиргени чыккан жөнөкөй эле атуулдун, мисалы бийлик тараптан жабыркап же куугунтукталып калышы да мүмкүн. Бул жөнүндө не дейсиз?
- Биз, биринчиден Кыргызстандын баардык аймагындагы тийиштүү бийлик органдарына кат аркылуу кайрылдык. Качан, кай жерде, канчада өтөөрү, качан тараары баары көрсөтүлгөн. Демек, андай шартта укук сакчылары өз атуулдарынын коопсуздугун коргоп берүүгө акылуу. Экинчиден андагы коопсуздук ар бир кыргызстандыктын өз колунда. Бул деген, мисалы биз 27-мартта миң, он миң, балким, жүз миң болуп турсак, мындай шартта эч бир орган кызматкери келкелей албайт. А эгерде 100, 500 болуп турсак, анда баардыгы тетирисинче болушу мүмкүн. Ошондуктан, менин пикирим, жашоонун оорлоп баратканын жон териси менен сезип, бирок үйүнө олтуруп алып бийликти ашата сөгүп, оппозиция не кылаар экен деп терезеден карап, оңтойлуу болушса барып кошула калайын дегендер жаңылышып жаткандарын айткым келет.
- Чынында эле жашоо күндөн-күнгө оорлоп барат. Анан калса элдин дагы убагында оппозиция лидерлеринен да көңүлдөрү көк таштай калган. Күнөөсү жок жаш жигиттер алды түрмөгө, арты азыркыга чейин сурактан суракка сүйрөлүп жүрөт. Ал эми ошол элди алып чыккан далай "мырзалар" соодалашып, бүгүн бийликтин майлуу жерлеринде отурушкандар же бийликтен "устукан" алгандар бар. Мындай соодалашуулар болбойт деп айта аласызбы?
- Учурда бийлик тараптан эч кандай сунуштар да түшкөн жок. Мисалы, мен жеке өзүм үчүн жооп берсем.
Ал эми эки тараптын ар кандай форматтагы сүйлөшүүлөрү кокус болуп калса, бул "соодалашуу" дегендик эмес. Биз алдыбызга кандай милдеттерди койдук- багыт жалгыз ошол жол.

Суроо салган
Мээрим Газинур кызы




 "Ата-Мекен" коркунучтабы?

Текебаевге кол салуу болот деп...
"Ата-Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаевдин билдиргенине таянсак, учурда партия лидерин артынан аңдуу улам күч алып барат. Мурда аны милиция кызматкерлери ээрчип жүрсө, акыркы күндөрү айнектери чүмбөттөлгөн автоунаа менен спорттук келбеттүү, дене бою чымыр балдар ээрчип жүргөнү көбөйдү. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, акыркы мезгилде анын өмүрүнө "кол салуу болуптур" деген ушак сөздөр таратыла баштаган. Муну аталган партиянын лидеринин пикиринде, кызыкдар тарап атайын таратып, элдин реакциясын изилдөө жүрүп жаткандай.

  Ар, намыс ойгонуп...

Кулов курчуганда
"Адамдардын өз пикирин айтуусуна тоскоолдук жасалбаш керек". "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов акыркы учурда өлкөдөгү болуп жаткан адам укугунун айланасындагы окуяларга ушундай баасын берди. Анын айтымында "Өлкө атуулдары кайсы гана маселе болбосун оюн эркин айта алышы керек жана ага тоскоолдук жасоонун кереги жок". Ал эми бийлик тараптан учурдагы жасалып жаткан куугунтуктоолорду мамлекеттин саясаты катары карай албашын, кадрлардын алашем аракети экендигин белгиледи.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan