Алас-Алас…

Эртең - Нооруз
Нооруз майрамы эгемендикке ээ болгондон бери эскерилип, коомчулугубузда кеңири майрамдалып келет. "Восток-дело тонкое "дегендей даанышман чыгыш эли күн менен түндүн жазгы теңелүү мезгилине туштап, 21-мартты жаңы күн, жаңы жыл катары белгиленгени, жарыктык менен караңгылыктын, акыл менен күчтүн, ак менен каранын ортосундагы тең салмагын тептең сактоонун жарчы күнү катары санаганы бекеринен эместир.
Бул күндү кыргызым "жер айрылып чөп чыккан , желин айрылып сүт чыккан күн" - дейт. Анан калса жаз айын кыргыздар жылдын башы, жаңы жашоонун, кубанычтын, сулуулуктун, үмүттөрдүн ошол эле учурда жаңы түйшүктүн да башы деп келген.
Ошол жаз, ошол жаздын деми минтип жер бетине кирип келди. "Өлбөгөн жанга жаз келет" дегендей, жашоонун үмүтүн улап, талаасына бороз салып, катар-катар тизилип турналар учуп, тиричиликтин жаңы жылы кирип келди.
Мындайда улуу кыргыз:
"Алас-алас,
Ар балээден калас!
Жаңы жыл келди,
Эски жыл кетти.
Жаңы күндү тегиз берди,
Корообуз малга толсун,
Орообуз данга толсун.
Жаңы жыл жалга,
Эски жыл колдо,
Ишибиз алга!
Ар балээден колдо!",- колдо деп, арча түтөтүп, тилек кылышчу экен. Биз да ушул тилектерди кайталап, эртең кирип келчү Нооруз майрамына таазим кылып, жакшылыктан тилек кылалы. Өлкөбүздө арамдык эмес, адамдык өкүм сүрсүн. Карапайым элдин ойлогон тилеги ишке ашсын. Баарыбыз бар бололу! Эртеңки Нооруз майрамыңыздар менен!


"Айгай" гезитинин эмгек жамааты.





  Артка кылчайып...

Оо анда көктөм эле, көктөм эле...
(К.Бакиевдин бийликке келген алгачкы
күндөрүндөгү айткан сөздөрүнөн)
Турмуштун жакшырганын биздин жарандар 10 жылдан кийин эмес, 1-2 же ашып кетсе 2-3 жылдан кийин өз көздөрү менен көрүшөт, ал үчүн ички дүң продукциясынын өсүшүн жыл сайын 8-9, ал тургай 10-12 пайызга чейин көтөрүү;
салык саясатын түп тамырынан жакшыртуу жана Салык Кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу;
өлкөнүн экспорттук потенциалын, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла турган натыйжалуу айыл чарба өндүрүшүн түзүү;
токтоосуз конститутциялык реформа жүргүзүү жана анын негизги пункттары катары демократияны андан нары өнүктүрүү үчүн парламенттин, өкмөттүн жана сот бийлигинин статусун көтөрүү, көз карандысыздыгын камсыз кылуу, бул максатта бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын кайра бөлүштүрүү, Конститутциядан президенттин жана депутаттардын кол тийбестик укуктарын алып таштоо, элдин депутаттарды кайра - кайра чакырып алуусу жана президентке ишеним көрсөтпөө механизмдерин киргизүү;
мурдагы бийликтин кадрларды тез-тез алмаштырган башаламан саясатынын ордуна, стабилдүүлүктү камсыз кылыш үчүн ал өзүнүн конститутциялык мөөнөтү (5 жыл ) бүткөнгө чейин жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жана Ф.Куловдун өкмөтү менен кызматташтыкты сактайм;
үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик иштерге кийлигиштирбестен, коомду тазалыкка, ыйманга кайтарышыбыз керек. Өлкөнүн биринчи президентинин тагдыры бизге, барыбызга сабак болсун. Бул жалгыз эле анын эмес, биздин дагы проблемалар, ал бизге сабак". Тазалык, адилеттүүлүк-Кыргызстандыктар бийликтен мына ушуну күтөт.
Сот бийлиги саясый жана экономикалык жактан көз каранды болбош керек.
Демократиянын гарантиясы бул маалымат эркиндиги, сөз эркиндиги. Сөз эркиндигине кол салуу бул мамлекетке, элге каршы кылмыш жасоо...
Массалык маалымат каражаттары менен соттошуу укуктарына чек коюлушу керек.
Экинчи чоң маселе- коррупция системасынын тамырын кыркуу. Бизге эң биринчи чынчыл мамлекет зарыл.

Редакциядан: төрт күндөн кийин 24-март. Жаңы бийликтин келгенине жогорку айтылган улуу сөздөрдү укканыбызга төрт жыл толот. Ошол төрт жыл аралыгында карапайым элдин жашоосу кай жагына өзгөрдү? Аны ар бир адам өз жон териси менен туйаар... Дегенибиз, айтылган "Алтын убадалардын канчасы канчалык деңгээлде аткарылды, аны окурман өзүңүз таразалап алаарсыз...





  Жебе жетип, үмүт өчүп...

Ыңкылапта ыраматылык болгондор
2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин буйуртма өлүм менен не деген азаматтарыбыз шейит кетти. Өлбөстөй көрүнчү алар.
Бир аз күндөн кийин биз мыйзамда жазылган боюнча "24-март элдик майрам күнүн" белгилейбиз. Ушундан улам ыңкылап жылдарынын ызгаар бороону соруп кеткен кыргызымдын кыраан жигиттерин да эскерип өтүүнү эп көрдүк. А чынында эле алар турмушунда кандай инсандардан болушса да, көкүрөктөрүндө жалы бар азаматтардан болгонун көпчүлүк тана албас...

Үсөн Кудайбергенов
2005-жылы 10- апрельдин кечинде дүйнөгө таанымал каскадер Үсөн Кудайбергеновду Ортосайдагы үйүнөн атып кетишкен. Ү. Кудайбергенов учурунда Кыргызстанда каскадерлордун мектебин негиздеген. Ат менен 30 метр бийик аскадан сууга секирип, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирген жалгыз кыргыз. Үсөн Кудайбергенов 24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тоноо учурунда элдик кошуун түзүп, мамлекеттик мекеме, банктарды сактап калууга чоң салым кошкон.

Жыргалбек Сурабалдиев
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, дзю-до күрөшү боюнча спорт чебери 2005-жылы 10-июнда чаламандын чак түшүндө Бишкекте белгисиз бирөөлөр тарабынан атылган кетишкен.


Баяман Эркинбаев
Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин президенти, дзю-до жана күрөш боюнча спорт чебери. 2005-жылдын 21-сентябрында, кечки саат 19 дун тегерегинде Бишкекте өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.
Баяман Эркинбаев "Алыш" күрөшү боюнча Азия федерациясынын президенти катары бул спортту дүйнөлүк аренада таанытууга аракет кылган. Ошондой эле 10 өлкө мүчө болгон дүйнөлүк "Алыш" федерациясынын вице-президенти болуп шайланган. Анын демилгеси менен өткөрүлгөн "Алыш" күрөшү боюнча Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык балбандар 5 алтын медалдын ээси болушкан.
Ош шаарында Баяман Эркинбаев өз каражатына 26 миллион сомго эл аралык талаптарга ылайык "Палван сарай" комплексин курган.

Раатбек Санатбаев
Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, даңазалуу балбан. Бишкектин 7-кичирайонунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Тынычбек Акматбаев
Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев 2005-жылдын 20 октябрында Бишкектен анча алыс эмес Молдованавкадагы №31-абакта кызматтык ишин аркалап жүргөн учурда эркинен ажыратылгандардын колунан өлтүрүлгөн.


Рысбек Акматбаев
2006-жылы 10-май күнү Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушундагы мечитте намаздан чыгып келе жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Карапайым калк арасында, өзгөчө көл калаасындагылар өздөрүнүн "Робин Гуду" катары санашкан Рысбек Акматбаевдин өлүмү да ыңкылаптан кийинки саясий айлампада табышмактуу бойдон калды.

Ошондой эле ..
ЖК депутаты, СДПК партиясынын мүчөсү, март ыңкылабында ак үйдүн коменданты болгон Руслан Шабатоевдин аман - соосу али күнгө чейин белгисиз. Мамлекеттеги үч бийлик бутагынын бири болгон мыйзам чыгаруу бийлигинин бакандай депутатынын жоголгонуна жарым жылга жакын убакыт өттү.
Аны менен бирге көп өтпөй ЖК депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу да али күнгө чейин дайынсыз жоголууда.
Кечээ жакында Сыргак Абдылдаев аттуу журналистти жапжарыкта, болгондо да ИИМ имараты жайгашкан жерден анча алыс эмес аралыктан белгисиз адамдар сабап, он чакты жерине бычак уруп, эки колун сындырып кетишти.
Ал эми аз күн мурун бир кезде президенттик администрациянын башчысы болуп, азыркы бийлик үчүн ат көтөргүс эмгегин жасаган коомдук ишмер Медет Садыркулов кайгылуу өлүмгө туш болду деген суук кабар Ала-Тоонун асманынан али тарай элек...
Укуктук мамлекетке ушинтип айланып жаткан кербезибиз. Тек, биз аларды эскергенибиз, адамдагы эң ыйык нерсе болгон адам өмүрүн жараткандан башка эч ким алууга акысы жок болсо да, жок кылынып кеткен жигиттердин арбактарын ыңкылап күндүн алдында эскерип коюуну эп көрдүк. Жоголгондор болсо табылаар дейли, үмүт үзбөй. Ал эми шейит кеткендердин жаткан жери жайлуу болсун!


Алмаз Ташиев









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan