Чыдоонун чегине жеткенде

Замирбек Парманкулов, ЖКнын экс-депутаты:
"Бүгүндөн тарта бийликке каршы ачык аттанам"
Биздин маектешибиз кечээги Парламент депутаты, өз ишин билген бүгүнкү ишкерлердин бири. Замир көпчүлүктүн алдына жулунуп чыкпаганы менен заадисинде эл деген азаматтардын бири. Эң негизгиси кечээ "тюльпан революционерлери" менен жүрүп, Бакиевди такка отургузган адамдардан бүгүн минтип өзү, колдогон бийлиги өзүнө муш болуп, темир тордун артына киргизилди. Мунун себебин ал саясий негизде деп божурап отурат. Биз ак же көк дебейли, өзүң бүтүм чыгар урматтуу окурман!

Эрте аттанган
саясий жол

- 2000-жылы 29 жашымда саясатка аттандым. Шайлоодон утсам дагы бийликтин ошол кездеги адилетсиздигинен парламентке келбей калдым. 2002-жылы биздин округдан шайланган депутат кызмат алып кеткенде, кайра шайлоо болуп жарыштан утуп, Парламентке келип 2005-жылга чейин иштедим. Депутат кезимде элге керектүү мыйзамдарды жаздым. Эл деген максаттан тайган жокмун. Ошол кезде Кытайга оголе көп заводдор темир катары сатылып кетти. Курал, жарак, танкалар сатылганын далилдеген документтер да бар. Токтотуп калууга аракеттерди көрүп, мыйзам да жаздык. Бирок, бийликтен колдоо тапкан жок. Ушуга байланыштуу куугунтукка алышып, артымдан аңдып, жок жерден кылмыш иштерин ачканга чейин барышты. Бирок, ал бийликтин акыры эмне менен бүткөнүн элдин баары көрдү. Адилетсиздик эмнеге алып бараарын турмуш көрсөттү.

Төңкөрүш, жаңы бийликтин орношу

- Жаңы бийликтин орношуна салым коштум. Д.Чотонов, А.Бекназаров, И.Исаков, К.Бакиев, Э.Булекбаев ж.б. катарында жүрүп, түштүк региондорунда эл арасында болдум. Ысыгына күйүп, суугуна тоңдук. Революция жасадык. Жаңы бийлик орноду. Ал бийликтен үмүтүбүз чоң болду. Себеби, элдин колдоосу менен келген бийлик элдин тилегин аткарат деген ишеним бар эле. Төңкөрүштүн эртеси К.Бакиев эл алдына чыгып: "Мен эч качан үйбүлөлүк бийликтин орношуна жол бербейм. Аялыма башкартпайм" деп айтканда жанында турганбыз, ишенгенбиз. Акжол тилеп, бийликтин иштешине мүмкүнчүлүк бердик. Элге окшоп жумуш сурап, алдына барган жокмун. Өз ишимди улантып, туугандарга жардам берип иштеп кеттим. Тилекке каршы биз күткөн иштер аткарылган жок. Баары тескери кетти. Ушундан улам революцияны жасаган адамдын бири катары азыркы саясатка макул эместигимди чакан чөйрөлөрдө билдирген учурларым болду. Акыры ошол чындыгым үчүн бийлик кастарын тигип, куугунтугун баштады.

Бийликтин күтүүсүз "капканына"
кабылган күн

- Ушул жылдын 27-февраль күнү "Арзу" кафесине досторум менен кирип калдым. Кирип бир чыныдан чай ичип, жанымдагы столду карасам, Жогорку Кеңеште журналист болуп жүргөн Бакыт деген бала отуруптур. Учурашып, биз менен отуруп калды. Андан-мындан кеп болуп, азыркы саясат жөнүндө сөз башталып кетти. Мен журналисттер туура эмес чагылдырып жатканын айтып, бийликтин кылып жатканы болбой калганын, коррупция көбөйгөнүн, биздин үмүт акталбаганын айттым. Анан сөз бүтүп чыгып кетти. Бир аздан кийин кайра кирип: "машинамдын ачкычын бер" дей баштады. Мен анын ачкычын көргөн да эмесмин. Билбейм десем, мойнумдан алып кысып кирди. Мен мыйзамды сыйлаган адам катары кол көтөрбөдүм. Кызуу кандуулукка алдырбай, кафенин кызматкерлерине кайрылып, милиция чакыргыла десем, алар телефонун гана беришти. Милицияны мен өзүм чакырдым. Милиция келгенде болгон иш боюнча арыз жаздым. Анан эле милициялар да көбөйүп кетти. Түшүнбөй калдым. 1-май районунун ИИМ бөлүмүнө алып жөнөштү. Ал жерге баргандан кийин эле баары тигил баланы колдоп, бир жактуу маалымат беришке баштады. Тигил баланы болсо ошол жерден президентти "сөктү, каралады" деген мааниде арыз жаздырып алышып, аны кое берип жиберишти. Милиция кызматкерлери "эмне үчүн коомдук жерде президентти жамандайсың, бийликти сындайсың" деп, кечке чейин кармап, анан араң дегенде кое беришти. Чыгып баратып биздин арыз кайда десек, "сенин арызыңды көргөн жокпуз" дейт. Мен кайра "повторный" арыз жазып бердим. Аны дагы каттабай жатып, араң катташты.
Эртеси барсак, менин биринчи да, экинчи да жазган арызым жок болуп чыкты. Бир саатта ишибизди тактап, сотко алып барды. Жабырлануучу Бакыт келген жок. Эки милициянын көрсөтмөсү менен 15 сутка камалсын деген чечим чыгарып, камап коюшту. Муну укуктук зомбулук катары бааладым.

Абактагы күн, ачкачылык акциясы

- Абакта эки күн аябай кыйнашты. Маскаралап, шылдыңдашты. Мен ал жерде жатып, бийликтин зомбулугуна каршы ачкачылык акциясын баштадым. Муну УВДнын начальнигине 28-февралда расмий түрдө билдирип, алты күн ачка жаттым. Жүрөгүм ооруп, абалым аябай начар болду, сурап койгон жан жок. Өтө начарлаганда тез жардам келип, врачтар жардам көрсөтүштү. Бирок, ооруканага алып кеткенге уруксат беришпеди. Ошол учурда Кыргызстанда адамдын укугу иттикинен да төмөн экенин сездим. Өлгөнү жатсаң дагы эч ким сурабаганына күбө болдум. Саясатта жүрүп өз укугун билген адамды ушунчалык кылышса, жөнөкөй атуул, карапайым элдин укугун тооктукундай да көрбөстүгүнө толук ишендим. Анткени, ошол жерде паспорту жоктугунан күнүгө эки жүз, үч жүз баланы апкелип камашат экен. "Айылда иш жок. Кичинеден иштеп, үйгө акча жөнөтөбүз, анан милициялар кармап, 500-1000 сомдон айып салышат" дейт. Өз жарандарын өзү тоногон эмне деген мамлекет?

Суусаткан адилеттик

- Туугандарым, "ушундай иш менен 15 күнгө камап койду, туурабы?" деп юристтерден сурашса, бул саясий заказ экени анык көрүнүп турат, камаганы мыйзамсыз дешиптир. Мен апелляциялык арыз менен кайрылып, 4-мартта экинчи сот болгондо бул саясий иш экен дешип, баары жалтанышты. Ошондо сот бүтөлекте менин жүрөгүмдүн оорусу кармап, эч нерсени билбей калыпмын. Көзүмдү ачсам, Фучиктеги кардиология ооруканасында жатам.
Ооруканада мамлекеттик террористти кайтаргансып, милиционерлер жаныман чыгышпайт. 15-мартта мага коюлган админстративдик чаранын мөөнөтү бүтүш керек болчу. Мөөнөтү бүттү го деп кайрылсам, "сенин ооруканада жаткан күндөрүң камалган эсебине кирбейт" деп жооп беришти. Мен Кылмыш жаза кодексин көрсөтүп, милиция кызматкерлери кайтарып жатканы эсептелинет деген жобону көрсөтсөм, эмне кылышты билбей отурушуп, 15инде Ош шаарынын сотунун токтомун токуп келишти. Ош шаарынын соту 2004-жылдын 20-февралында мага карата козголгон кылмыш ишти негиз кылып, камалсын деген бүтүмүн чыгарып бериптир.

Эмне болгон
кылмыш иш?

- Депутат болуп турган кезимде, 2004-жылы Каракулжадагы шайлоочуларым менен жолукканы барганмын. Жанымда Парламенттин журналисттери бар болчу. Ошко жетип тамактаналы деп "Ричман" кафесине кирдик. Тамак үстүндө бийликтин терс иштери жөнүндө сүйлөшүп калдык. Аны жаныбызда отургандар угуп, "силер бийликти жамандабагыла" деп бизге тил кезеп киришти. Кыйкырышып кеттик. Бармен жигит "менин бизнесим жабылат" деп күчкө салып түртүп чыгарды. Ошол учурда кафенин ичиндеги түртүшүүдөн улам, барный түркүктөн бир кружка кулап сынды. Сыртта милиция кызматкерлери жүргөн экен, аларга депутат катары арызымды жазып, округума кеттим. Ошол боюнча анын артынан түшкөнүм жок, унутулуп калды. Бир жыл өткөндөн кийин 2005-жылы Парламенттик шайлоо башталып, үгүт иштери менен жүргөнүмдө Оштон тергөөчү чалып: "Сиз бир кружка сындырган экенсиз, хулигандык кылды деген пункт менен кылмыш иши ачылды" деп чалды. Таң калдым. Менин укугум тебеленип, мен арыз жазып берген иште өзүм күнөөлүү болуп чыгыпмын. Мейли, Ошко барганда жолугалы дедим. Анан эл толкуп, төңкөрүш болду. Ал тергөөчү ошол бойдон чалган жок. Мен качып же бекинип алган жокмун, бийликтин жанында жүрдүм. Бул боюнча сөз болгон жок, бирөө келип сурабады. Эми саясый кырдаал курчуганда ошол ишти кайра козгоп отурушат. Күлкүң келе турган окуя бекен?
Мен юрист катары, мыйзам чыгарган адам катары бул боюнча карап көрдүм. Мейли, ошол административдик чара колдоно турган кылмыш ишин мага таңууласа: 1) 2004-жылдын 9-марттагы амнистиянын негизинде кылмыш иши жок болуп кетмек. 2) 2005-жылдын 28-июнунда дагы бир амнистия болуптур. 3) 2007-жылы 11-январда дагы бир амнистия чыгыптыр. Бирөөсүндө дагы кантип илинбесин? Мыйзам жок, өздөрү каалагандай бүтүм чыгарышууда.

"Оппозициядан кеткен жокмун, алардын катарындамын"

Акыркы парламенттик шайлоодо "Жашылдар" партиясынын тизмесинде биринчи катарда туруп катышкам. Биздин партияны мыйзамсыз чыгарып койду. Аны баары билет. Шайлоонун кандай өткөнүнө дагы эл тараза. Ал учурда оппозиция лидерлери Текебаев, Исаков, Бекназаров, Чотоновдордун катарында жүрдүм. Балким, бийлик үчүн бул менин "күнөөмдүр". Мындан ары дагы жүрөм. Күз айында курултайга катышып, бийлике барбайбыз, мартта акция баштайбыз дегендердин катарында да болдум. Жогорку мен жөнүндө теменедей ишти төөдөй көрсөтүп, мени каралап жаткан аракеттердин өзөгү ушул. Бирок, баары бир акыйкат пикиримден кайтпайм. Бул эмне 37-жылбы?

Саясий кысым,
террор башталды

Кысым эмес, мага карата жасалып жаткан ишти саясий террор деп эсептейм. Адам укугун көз көрүнөө тебелеп, тепсөө деп эсептейм. Өмүрүмдө, эски бийлик учурунда да мындай митайымдарды көргөн эмесмин. Биз ушундай адилетсиз мамлекет куралы деп революция жасаган эмеспиз. Кечээ башыбызды өлүмгө байлап жасаган мээнетибиз акталбады. Бирок, биз жок болгон жокпуз, барбыз. Бизди эч качан сындыра албайт! Эл үчүн, журт үчүн биздин башыбыз ар дайым канжыгада байлануу! Бүгүндөн баштап бийликке каршы ачык аттанам!

Даярдаган
Зулпукаар САПАНОВ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan