Кырсыкпы же кылмышпы?

Садыркуловду ким өлтүрдү?
М. Садыркуловдун кайгылуу өлүмү боюнча Бириккен Элдик
Кыймылдын

Б И Л Д И Р Ү Ү С Ү

Коомдук ишмер, мурдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси М.Садыркулов белгисиз себептердин негизинде кайгылуу өлүмгө дуушар болду. Ал Алма-Атадан түшүп келаткан автомобиль түнкү саат 2де Кыргызстандын аймагына өтүп, таң калыштуу себептер менен түнкү 4тө Бишкектен 20 чакырым аралыктагы Аламүдүн капчыгайында болуп калган. Автомашинада болушкан Садыркулов менен Слепченко чек арадан өтүп жатышып, түнкү саат 2де "жакында үйдө болобуз" деп үйлөрүнө телефон чалышкан.
Ички иштер органдарынын билдирүүсүнө караганда, ал автомашина Аламүдүн капчыгайында турган жеринен ал жерден өтүп бараткан "Ауди" автомашинасы сүзүп кеткенден кийин эки машина тең күйүп кеткен. "Аудинин" айдоочусу тирүү калып, жакынкы айылга жардам сурап чуркап кеткен. Көргөндөрдүн айтуусунда М.Садыркуловдун автомашинасынын кузову бүтүн бойдон калып, бүт ичи үч жүргүнчү менен кошо өрттөнүп кеткен.
Бириккен оппозиция саясий тапшырма менен адам өлтүрүү болду деп эсептейт.
Эгер, ага Администрация жетекчиси болуп турган учурдагы коркутууларды эске алсак - ага "посылка" кылынып жиберилген кесилген кулакты, аны уюштуруп "посылканы" жиберген милиция кызматкерлеринин кармалып, кайра кое берилиши, алардын мурда ээлеген кызматтарына орношконун эске алсак, анын күтүүсүз өлүмүнө түздөн-түз саясий ишмердиги жана Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунун ички "кухнясын" терең билгендиги себеп болду деп айта алабыз.
Мына ошол себептен биз - М.Садыркуловдун кайгылуу өлүмү тууралуу Парламенттик угууну уюштурууну, Кыргызстандын укук коргоо органдарын телевидениеден түз, ачык эфир аркылуу суроону талап кылабыз.
Бириккен Элдик Кыймылы болуп өткөн кайгылуу окуяга Кыргызстанды башкарган Бакиевдердин үй-бүлөлүк кландык бийлиги күнөөлүү деп эсептейт жана республика ченемсиз ылдамдык менен криминалдык-коррупция жарына кулап баратканын билдирет.
Бириккен Элдик Кыймылы Кыргызстандын элине кайрылат:
Бийлик элге таандык болууга тийиш, бир гана эл өз өлкөсүнүн патриоттору менен бирге эл башына түшө турган кайгылуу кырсыктан сактап, өзүнүн атуулдарына татыктуу жашоо тартуулай алат.

Бириккен Элдик Кыймылы




"Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук-саясий кыймылынын кайрылуусу
Өмүрүнүн алга-күчкө толуп турган кезинде, көрүнүктүү коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов кайгылуу түрдө дүйнөдөн кайтты. Ички иштер министрлигинин атайын билдирүүсүнө караганда, М.Садыркуловдун, анын жанындагы С.Слепченко жана айдоочунун өлүмү кокустуктан болгон автоавариянын кесепетинен келип чыккан. Жолдун жээгинде токтоп турган, ичинде М.Садыркулов, С.Слепченконун жана айдоочу отурган "Тойота-Лексус-570" Джип автомашинасын каршы тараптан келе жаткан "Ауди-100" автомашинасы сүзүп алган. Жол кырсыгынын жыйынтыгында автомашиналар өрттөнүп кеткен. "Ауди-100" автомашинасынын айдоочусу О.М.Осмонов аман калып, автомашинадан чыгып кетүүгө үлгүргөн.
Бул билдирүүнү окуп, талдап, жалпы эл сыяктуу эле "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылын тынчсыздандырган бир топ суроо пайда болуп жатат.
1. Авария болуп, автомашиналар өрттөнө баштаганда кандайча "Ауди-100"дүн айдоочусу автомашинадан чыга качат, а джиптеги отурган үчөөнүн бирөө да качалбайт? Анан калса, техникалык бекемдикти эске алсак, "Ауди" маркасына караганда "Тойота-Лексус-570" коопсуздук жагынан алда канча жогору эмеспи.
2. Авариянын жыйынтыгында автомашиналар өрттөнүш үчүн бензобак жарылып, май тутаныш керек. Мындай кырдаал автомашиналар эң катуу урулганда гана болушу мүмкүн. Бирок, машиналардын авариядан кийинки техникалык абалы андай жыйынтык чыгарууга негизсиз.


3. Машина өрттөнө баштаганда ичиндеги адам жандалбастан сыртка чыгууга аракет кылат. Бирок, бул окуя боюнча билдирүүлөргө караганда үч адамдын тең күйгөн калдыктары отурган орундарында калган, бири дагы аракет жасаган эмес.
Эмне үчүн , эмне себептен мындай болушу мүмкүн?
Жогоруда көрсөтүлгөн жана дагы көптөгөн таңкалычтуу суроолор, фактылар бул кайгылуу, сырдуу өлүм жалаң гана автоавариянын кесепетинен эмес, криминалдык мүнөздө болушу мүмкүн деген ойду жаратат. Биз бир тескей бүтүм чыгаруудан алыспыз, ал тийиштүү мамлекеттик органдардын иши.
Акыркы үч-төрт жылдын ичинде болуп келген жарандардын сырдуу өлүмдөрү, дайынсыз жоголуп кетүүлөрү, денесине катуу залал келтирүүлөр жана алардын жагдайларынын билинбей калгандыгы өтө кооптонууну жаратат.


Элдин, ар бир адамдын өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу - мамлекеттик бийликтин эң негизги милдети. Бул милдет кыйшаюусуз аткарылышы керек.




Аналитиктин көзү менен
Аркадий Дубнов,
Борбордук Азия боюнча эксперт:
Я бы не спешил утверждать, что это было убийство, а не несчастный случай. Но меня настораживает уже другое, как-то странно началось расследование этой трагедии, предложенные киргизскими силовиками версии случившегося выглядят весьма сомнительно. И вместо того, чтобы развеять эти сомнения, создать государственную комиссию, куда могли бы войти представители оппозиции, независимые эксперты, возможно даже, из-за границы, - ведь существует огромное количество вопросов, связанных в частности, с тем, как могло произойти возгорание новой, в высшей степени безопасной модели "Лексуса" или почему сидевшие в нем не смогли выбраться из машины. Вместо этого президент Киргизии поручает Генпрокурору создать межведомственную комиссию, куда войдут представители силовых структур, среди которых были те, кого погибший Медет Садыркулов считал своим недругами...




  Адис не дейт?

Касымбек Райымкул уулу, Бишкек шаардык МАИ
башкармалыгынын мурдагы жетекчиси:
- Дүйнө авто индустриясы эң коопсуз деп тааныган унаалардын бири "Лексус 570" сүзүшкөндө дароо өрттөнүп кетиши, акылга сыйбаган көрүнүш. Бул мүмкүн да эмес. Эгер мотор жагынан зымдар тийишип, өрт чыга турган болсо, ичиндеги тирүү эркек адамдар кантип жок дегенде терезени тээп чыгып кете албасын? Токтоп турган машинени сүзгөндө мынчалык өрт чыгып, ичиндеги адамдар таанылгыс болуп өрттөнүп кетмек эмес.
-

-

Турсунбек Акун, акыйкатчы:
"Сиздин убактылуу кармоочу жайга киргенде укугуңуз, мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ошол жакка барып жанагы автокырсыкка тиешеси бар делген айдоочу менен жолугушуп сүйлөшсөңүз деп" Медет Садыркуловдун эң жакын адамдары келип суранышты. Мен барып ал жигит менен жолугуштум. Ал "менин атым Өмүрбек, фамилиям Осмонов" деп айтты. 1985-жылы туулган экен. "Байке Ноокаттан 6-мартта келгем. Бишкекте эжем, жездем бар. Жездемдин аты Улан, эжемдин аты-жөнү Рахат Осмонова. Алар бир машина сатып беребиз. Быякка кел деп айтышкан", - дейт. Мен "Алардын машина алып бергенге акчалары жетет бекен?", - деп сурасам, "Жок, Москвада дагы бир эжем бар, ал акча салып жиберип, анан үчөө биригип мага "Ауди" деген машине сатып берди", - дейт.
"Анан, ошол машинени күбөлүгү жок айдап алып, болжол менен эртең менен саат төрттөрдө Ош базарынын жанынан чыккам",-дейт. "Ош базарында эмне кылып жүрдүң? Эмне батирде турасыңбы?" - десем, жакшы жооп бере алган жок. Андан кийин, "Бир кыз менен таанышкам. Үч-төрт күндөн бери чөнтөк телефону менен эч кандай жооп бере алган эмес, анан чөнтөк телефону менен чалып калды "12 камин" жакка келе кал деп. Ошол жакка барсам ал кызым жок экен. Кайра келатып жанагы кырсык болгон жерге келгенде уктап кетиптирмин", - дейт. "Сен кандайча уруп алдың? Ал машине жылып баратканда уруп алдыңбы же токтоп турганда урдурдуңбу? Машине чоң беле же кичине бекен?" - деп сурадым. "Эсимде жок. Мен уктап кетиптирмин. Уруп алганда ойгоно калып, машинеден чыга калып качтым. Машиненин капоту түтөй баштаптыр", - деди. Анан кырсык болгон жерге жакын жердеги "Дордойдогу" куруучу балдарга барып "Машинени койдруп алдым", - деп айтыптыр. Куруучулар жүрү өчүрөлү дегенде "Жок барбагыла, жарылып кетет деп айттым", - дейт.
Дагы бир нерсе, өңүндө кан болгон же айрылган жерлери жок экен.

Редакциядан: Ал эми расмий бийлик Садыркуловдун өлгөнү туурасында божомол катары гана карап жатканын эскерте кетмекчибиз.




Элдик
лидердин пикири:
Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы:

Убагында Медет Садыркулов Бакиевдин бийлигин түптөп, аны бекемдеп берген адам. "Улуу Биримдик" партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев билдирүү жасаганда "Садыркулов өлөөрүнө бир күн мурда мени менен сүйлөшкөн. Ал: "Мен Курманбек Бакиевдин жеке бийлигин түптөгөнгө эбегейсиз салым кошком. Бирок, ал эл үчүн эмес, жеке өзүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштей баштаганда нааразычылыгымды билдирип, отставкага кеттим. Эми эл алдындагы күнөөмдү акташ үчүн мен ачык күрөшкө чыгам. Мен оппозициялык БЭКке өзүм гана кошулбастан, бир нече орто звенодогу жетекчилерди кошо ала барамын. Бүткүл Кыргызстандагы конструктивдүү күчтөр жакын арада биригет" - деген оюн айткан" - дейт. Ошентип, Садыркулов көз-ачып жумганча, белгисиз адамдардын колунан оо дүйнөгө узап кетти...











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan