көк асаба көтөрүп...

"Асаба" Улуттук Кайра Жаралуу Партиясынын
төрагасы Советбек Жамалдинов:
"Улуттун кызыкчылыгын ойлогон күчтөрдү биригүүгө чакырат элем"
- Улуттук партиянын төрагасы катары айтсаңыз? Улуттун бүгүнкү көйгөйү эмнеде?
- Сөздүн ток этер жерин айтсам, бүгүн биздин мамлекетте бир гана улуттук кризисти айтаар элем. Албетте, социалдык, саясый маселелер да жок эмес. Мен улуттук партиянын төрагасы катары, бул багытта партия жүргүзүп келе жаткан иштер тууралуу айтсам албетте узак сөз. Партиянын бөлөк саясый партиялардан айырмаланган, өзгөчөлөнгөн алдыга койгон максат, тилектери бар. Биз ошон үчүн Улуттук партия деген атты алып жүрөбүз.
- Улуттук кризис деп кайсыларды айта аласыз?
- Албетте, алар улутка тиешелүү маселелер. Биринчиден мамлекеттик тил. Кыргыз тилинин тагдыры эмне болуп жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Республикабыз эгемендүүлүк алган 20 жылдан бери мамлекеттик тилде байкарлык өсүш болгон жок. Быйыл мамлекеттик тилдин 20 жылдыгын белгилейбиз деп жатабыз. Өкмөт эч болбоду дегенде 20 жыл мурда жазылган тил мыйзамынын ишке ашуусуна кам көрүүсү керек эле. Мыйзамдык кам көрүүлөр болгон менен иштебей келет. Мындай жол менен кыргыз тили эч качан өспөйт. Ошон үчүн тилди өстүрүүгө комплекстүү түрдө мамиле кылуу керек. Буюрса, бул багытта бир топ иштерди жасайлы деген максаттарыбыз бар. Мына улуттук максатта иш алып барышкан (партиялардан сырткары да) бир топ кыймылдар, жаштар, ар кандай уюмдар бар. Ушул күчтөрдү бириктирип, иш алып баруу - негизги максаттарыбыздын бири. Балким улуттук проблемалар анын ичинде мамлекеттик тил маселесине арналган кандайдыр бир форумдарды өткөрөбүз. Улуттук идеологияны анын кызыкчылыгын ойлогон, ошол багытта коомдук иш алып барышкан адамдар иштеп чыгышат. Ушундан пайдаланып, мен улуттун кызыкчылыгын ойлогон күчтөрдү биригүүгө чакырат элем. Буга чейин да мындай максатта иш баштаганбыз. Биз менен пикирлеш болгон топторду чакырып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз.Алар биздин мындай аракеттерге макул. Элибизде жалгыз дарак-бак болбойт дейт эмеспи. Анын сыңары биз саясый партия болгондон кийин социалдык катмарда жаралган ар кандай пикирлерди угуп, ошолор менен иш алып баруубуз керек. Ошондо гана баштаган ишибиздин аягына чыга алабыз. 27-марттагы жалпы нааразычылык акциясын өткөзүп алгандан кийин ушул багытта иштерди күчөтөбүз деп турабыз.
- Улуттук деген ат сиздерди чоочутпайбы?
- Албетте улуттук партия десе эле ашынган улутчулдар катары айрымдар кабыл алары да чындык. Ал турсун кээ бир чет өлкөлүк өнөктөштөр, элчиликтин өкүлдөрү, илимдин адамдары улутчул турбайсыңарбы дегендей таасир калтырган учурлар да жок эмес. Эл аралык мамилелерден, түшүнүктөн алып караганда ушундай сезилип кетиши мүмкүн. Баш мыйзамда (Конституция) ар улут, жеке адам болобу укугу бирдей. Мыйзамдын негизинде башка улуттар менен бирге иштешебиз. Ал турсун бул мамлекетте негизги улут катары республикабыздын өсүп-өнүгүүсүнө кыргыз эли жоопкер деп эсептейм. Ошон үчүн майда улуттардын укугун коргошубуз керек.
Улуттук маселеге жооп издегенде өзүбүздүн жергиликтүү улуттун абалынын "топурагынан", тактап айтканда жерибиздеги, мекенибиздеги улуттук маданий, тарыхый, саясый абалыбызды эске алып анан ой жүгүртүшүбүз керек. Кыргыз элинин кечээги 70 жылдык тарыхый өнүгүү жолу кандай болгон? Мындай абал баардык эле союздук республикалардын башынан өтпөй койгон жок. Ар бир элдин тил, маданият, тарыхы тебеленип- тепселип келди. Ал учурдун мамлекеттик идеологиясына жараша Кыргыз эли мал чарбачылык менен алектенип, жок дегенде элибиздин шаардык маданиятын оңгулуктуу өнүктүрө алган жокпуз.
Союздук республикаларды эч качан батыштын же чыгыштын эгемендүүлүктө жашап келе жаткан мамлекеттерине теңебешибиз керек. Мына Малайзия мамлекети жаңы куралганда түпкү улут 30 пайыздын тегерегинде болсо да Малай тилин мамлекеттик кылып алышкан. Мамлекеттик кызматта иштеген ар бир адам мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон. Азыр аларда болуп жаткан өнүгүүнү салыштырып болбойт. Кайсы мамлекетте болбосун майда улуттар Мамлекеттин атын алып жүргөн элдин тилин, маданиятын, тарыхын сыйлоо менен мамиле кылуусу зарыл. Мектептерде балдар кайсы тилде окубасын улуттун тарыхы сөссүз окутулушу керек. Баардык мамлекетте ушундай болуп келген. Ар элде, мамлекетте ошол мамлекеттин өнүгүп өсүшүнө негизги таяныч болгон, күч берип "локомотив" болуп турган улут болот. Ошол "локомотив" Кыргызстанда кыргыз эли. Эртеңки келечек, жаңы муун бул кыргыз эли. Мына алыс барбай эле борборубуздагы "Кыргыз-Түрк Манас" университетинин имаратынын ичине киргендерге түркчө сүйлөшүң керек.
Биздин "Асаба" партиясынын дагы бир башкы урааны "өзүн сыйлабаган-өзгөдөн кордук көрөт". Бизде бара бара мамлекеттик кызматкерсиңби анда, кызматта жүргөндө башыңда ак калпак улуттук баш кийим болушу зарыл. Ал сенин кыргыз экениңди айырмалап, Кыргыз мамлекети экенин бөлөк жерге барганда көргөзүп турат.
Элиңе, жериңе болгон патриоттук сезимдин бир белгиси да ушул. Улуттук идеологиянын өзөгү бул сен эң биринчиден Кыргызсың. Кыргыз болуп жарык дүйнөгө келгенсиң. 90-жылдардан кийин сырттан болгон ар кандай диний агымдардын да кыргыз элинин маданиятына, салтына абдан чоң таасири болбой койгон жок. Мындай көрүнүш азыр да уланып жатат. Улуттук партия болгондон кийин бул багытта да иш алып баруубуз керек. Японияда мамлекеттик идеология - япон болгонунда. Америкада ар бир атуул америкалык болгонунда. Мен америкалыкмын - дейт, бүттү. Корей-корей. Кытай-кытай.
- Учурда партиянын мүчөлөрү арбын элеби? Жер-жерлерде бөлүмдөрүңүздөр иш алып барып жатышабы?
- Саясый абалы өнүккөн мамлекеттердин көз карашынан алып караганда аларда партиялардын мүчөлөрү эмес жактоочулары болот. Ошол адамдар шайлоодо жактаган партияларына добуш беришет. Биздин коомчулук да ушуга үйрөнүшүбүз керек. Бизде да партиялар сандан сапатка карай иштей баштайт деп ойлойм. Болбосо азыр карап көрсөк, 5млн. элибизде канча партия бар? Алардын катары 100дөн ашат. Бул көрүнүш да мыйзам ченемдүү. Мындан ары булардын ичинен социалдык болобу улуттук болобу элди тарта алышкандары утушка ээ боло баштайт. Маселен, азыр бир жерде бир жума свет өчүп калса, эл саясый партияларга арызданып барбайт. Себеби, байланыш жок.
- Партиянын мүчөлөрү дейбизби же жактоочулары канча? Жергиликтүү кеңештерде депутаттарыңар барбы?
- Баткен, Кадамжай, Карасуу,Өзгөн, Талас, Нарын, Жумгал,Чүй-Токмок, Ысык-Ата, Ысык-Көл, Түп, Каракол, Жети-Өгүздө жана башка жерлерде бөлүмдөрүбүз бар. Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен, Жалал-Абат областтарынын жергиликтүү кеңештеринде депутаттарыбыз бар.
- 27-мартта БЭКтин чечими боюнча өткөнү жаткан бүткүл элдик нааразычылык акциясында сиздердин партияга кандай милдеттер жүктөлдү? Сиздин оюңузча, акцияга канча киши келет? Кандай жыйынтык күтүлөт?
- Буга чейин митинг, пикетке карапайым адамдар катышып келишсе, мында майда, орто бизнестин өкүлдөрү кошо чыгат деп ойлойм. Учурда жалпы эле бизнес тармагына кыйын болуп калды. БЭКтин аткарган иштерине караганда көп эле киши жер жерлерде жыйылат. Ал адамдардын койгон талаптарына расмий бийлик кандай жооп берет, ошого жараша болот.

Суроо салган
Алмаз Ташиев





 "Асаба" партиясынын кайрылуусу

"Маңкурттукка жол жок"
Массалык куугунтуктоолорду санап отурсак кагаз бети түтпөй кетээри анык. Бул иштерди ансыз да саясый куугунтукка дуушар болушкан адамдар өздөрү билдирүүлөрдү таратуу менен, кээ бир эркин басылмаларда жазып келе жатышат. Тилекке каршы мындай аракеттер токтомок турсун күндөн күнгө күч алып, саясый көз карашын өзгөрткөн, бийлик жүргүзүп жаткан саясат менен пикир келишпей кызматтан кеткен адамдардын тагдыры кыйчалыш мезгилге туш келип жатканы менен коркунучтуу болуп барат.
Мындайлардын өмүрүнө кол салуу, түрмөгө камоо менен коштолуп, коркутуп-үркүтүү иштери активдешүүдө. Рас- мий бийлик тарабынан куугунтуктоолорго кандай мамиледе экендиги да жеке эле саясатчыларга эмес, карапайым элге да дайын болуп калды. Өзгөчө мындай көрүнүш оппозиция өкүлдөрү менен мамлекетттик күч структураларынын жетекчилеринин жолугушуусунда дайын болду. Ошон үчүн оппозиция тарап бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушуудан баш тартууга аргасыз болушту. Расмий бийликтин мындан ары күч "бийлигине" гана таянып, иш алып бараары да эч кимди таң калтырбай калды. Бийликтин бул жолду тандап алгандыгы бир, жарым жыл мурда эле пайда болгондугу оппозиция өкүлдөрүнө, саясый партияларга маа- лым болчу.
Мындай аракеттин уланып жаткандыгы жакында Баткен жергесине алып барып жайгаштырылган аскердик бөлүк ушундай эле бөлүктөрдүн жергебиздин Ташкөмүр жана башка майда шаарларга жайгаштырылууга болуп жаткан аракеттер ачык далил. Диний - экстремисттик топтор, сырттан киришкен террористтердин алдын алууга болгон аракеттер деген шылтоого жамынышкан өз аскерлерибиз куралдарын өз ага - туугандарына карата колдонушбаса деген эле тилек. Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармасындагы маңкуртка окшоп, өз энесин тааныбай кол салбаса экен деген жаман ой ар бир жараныбыздын жүрөгүн козгобой койбосо керек.
Расмий бийликтин элдин социалдык-саясый маселесин чечкендин, жергиликтүү бийликте ушул күнгө чейин гүлдөп-өсүп келе жаткан коррупцияны төмөндөтүүнүн ордуна жарандарды күч менен коркутуп, башкаруу жолуна түшкөндүгүбүз кабатырлантат. Мындай аракет акыры барып социалдык чыңалууларга алып келээри кимибизге жашыруун. Дасыккан укук коргоочу, өлкөнүн Акыйкатчысы Турсунбек Акун да бир жума мурда Жогорку Кеңештин депутаттарына берген бир жылдык отчётунда мурдагы жылдарга караганда анын ичинде быйыл өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстанда адам укугун басмырлоо өсүп кеткендигин моюнга алууга аргасыз болду. "Асаба" Улуттук Кайра Жаралуу Партиясы мамлекетибизде болуп жаткан жогорудагы терс көрүнүштөрдөн жана жакында болуп өткөн М. Садыркуловдун кайгылуу окуясынан улам тынчызданганыбызды калайык калкка билдиребиз.
1. "Асаба" Улуттук Кайра Жаралуу Партиясынын төрагасы Советбек Жамалдиновго карата каржы, укук коргоо мекемелеринин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөрдү;
2. "Асаба" партиясынын мүчөсү, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун баласы Эрнис Бекназаровго козголгон кылмышты мыйзамсыз деп белгилейбиз.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan