Собол чак

Асел Аргымбаева, адвокат:
"Жекшенкуловду күнөөкөр деп айтууга азыр эч кимдин акысы жок"
"Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору, БЭКтин лидеринин бири, экс-тышкы иштер минстри Аликбек Жекшенкуловдун камалганынан бери бир жумага жакын убакыт аяк басып барат. Андан бери тергөө иши кандай болуп жатат? Абалы кандай жана башка ушул сыяктуу суроолор менен анын адвокаттарынын бири Асел Аргымбаевага суроо узаттык.

- Экс-министрге бүгүнкү күндө тергөө иштери кандай багытта жүрүп жатат? Ушул туурасында кеп кылып берсеңиз?
- ИИМ учурда А.Жекшенкулов сыйлыкка алган тапанчасын И.Абдыкадыровго берип, түрк бизнесмени Четин Сервет өлтүрүлдү деген кине тагууда. Бирок, ошол иликтөөчүлөрдүн Жекшенкулов өзүнүн сыйлыкка алган тапанчасын И.Абдыкадыровго берип, кайра алган дегени абсурд. Эч бир логикага да сыйбайт. Ал жана анын үйбүлө мүчөлөрүнүн бирөөсү дагы аты аталган адам менен тааныш болгон эмес. ИИМде каттоодо турганын билип туруп, анан өмүрү тааныбыган адамга киши өлтүрүү үчүн А.Жекшенкулов тапанчасын бермек беле? Куралы атайын кызматтардын көзөмөлүндө турган адам эле эмес, акыл калчап, ой жүгүрткөн кайсы адам ушуну жасай алат. Анан калса, И.Абдыкадыров мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү үчүн мурун соттолгондугу ММКлардан белгилүү болгон. 2008-жылы кармалганда андан тапанча октору менен табылган. Ушундай адам экс-министрден, болгондо да тышкы иштер министрилигинин башында турган адамдан курал сурап ала алабы?
Дагы бир жери И.Абдыкадыров окуя болгондон бир жыл өткөндөн кийин көрсөтмөсүн өзгөртүшү мүмкүнбү? Аталган окуяга катышы жок экенин билдирип, бул эпизод боюнча акталгандан бир жыл өткөн соң А.Жекшенкуловдон тапанча алып, түрк бизнесменинин көзүн тазаладым деп мойнуна алабы? Мейли, И.Абдыкадыров ушундай көргөзмө берди дейли, анда ИИМдин атайын шилтемесин күтүп отурбай тезарада кылмыш ишин кайтарып, кошумча иликтөө ишин жүргүзүү керек болчу да. Азыр баардык демилге ИИМден болуп, И.Абдыкадыровдун суракка алынган, алынбаганы табышмак болуп отурат. Албетте, эч бир тергөө амалдары А.Жекшенкуловду Четин Серветтин өлүмүнө шектүү делген далил таба албасы турулуу. Тергөөчү канчалык күнөөлөгөнү менен И.Абдыкадыров куралды кайсы убакта алган деген суроого жооп бералбай келет.
- Жүргүзүлгөн экспертизанын тыянагы не болот анда?
- Экспертиза жүргүзүү процесси жөнүндө бир бүтүмгө келүү да туура эмес. Биринчиден, ал так изилдендиби? Адилет министрлигинин кызматкерлери кол менен кураган экспертизадагы баардык тетиктер моралдык жактан эскирди. Ок менен гилзаны изилдөөдө жөнөкөй фотоапарат менен тартылган сүрөттөр каралган. Экинчиден, бир гилза менен бир ок кайдан келгени белгисиз болуп жатат. ИИМдин прес кызматынын бир жыл мурунку билдирүүсүндө болгону бир гилза гана табылган. Ал эми А.Жекшенкуловдун сыйлыкка алган тапанчасынын эспертизасы бүткөндөн кийин 2009-жылдын 9-мартында дагы комплектиси менен бир гилза жана ок табылды деген маалымат таратышты. Бул комплекстин огу гана туура келип, гилзасы башка чыкты. Үчүнчүдөн, А.Жекшенкуловдун сыйлыкка алган тапанчасын алгач эки кылмыш боюнча иликтеген. Бул куралды экспертизадан өткөрүп, эксперменттик 30 ок атылган да, ошол жерде жарымы жоголгон. Ушундан кийин эле ички иштер кызматы ал "ачылышты" Четин Серветтин өлүмүнүн жанынан таап чыгышты. Калган кылмыштар боюнча эксперт тескери жыйынтык берди. Экспертизанын жүрүшү начар болгондугунан улам А.Жекшенкулов жана аны коргоочулар көз карандысыз экспертизаны Россиянын борбору Москвада өтүшүн талап кылуудабыз. Россия дегенибиз жөн жеринен эмес: "Макаров" тапанчасын чыгарган завод ошол жерде болгондон кийин, ал жерде куралды, баллистиканы изилдөөчү жогорку квалификациялуу адистер бар. Албетте, Алибек Жекшенкулов алардын тактыгына, жогорку илимге ээ экендигине ишенет.
Акырында айтаарым, биздин укук коргоо органдар ММКлардан кылмыштын бетин ачканда Геббельстин: "Чем чудовищнее ложь, тем легче в нее верят" принцибин тутушат. Мыйзам баарына бирдей. Ошондуктан, күнөөлүү экени сотто далилденгенге чейин, Жекшенкуловду эч ким күнөөкөр деп жыйынтык чыгара албайт.

Нурдин Асанов




  Ал учурда

"Ата Мекен" Жекшенкуловдун өмүрүнө кабатыр болуп жатат
"Ата Мекен" партиясы кечээ Аликбек Жекшенкуловдун өмүрүнө тынчсызданган билдирүү таратты. Анда аталган партия такталбаган маалыматтарга таянып, тартип коргоо органдары А. Жекшенкуловду Улуттук Коопсуздук боюнча мамкомитеттин абагынан Бишкектеги убактылуу тергөө жайына которууну көздөп жатканын айткан. Бул жайда жакында эле Исмаил Кочкаровдун өлтүрүшү мисал кылынып, бийлик тергөө жайларын көзөмөлдөбөйт, ушундан улам оппозиция лидеринин өмүрүнө коркунуч туулушу ыктымал, дешет "Ата Мекенчилер".




Урматтуу мекендеш !!!
Бириккен Элдик Кыймыл (БЭК) 2009 - жылдын,27- мартында эл мүдөөсүнө каршы, өз көмөчүнө күл тарткан, өзүмчүл бийлик системасына, паракорлукка жана кылмыштуулукка, адилетсиздикке жана алдамчылыкка каршы нааразылык митингдерин бүткүл Кыргызстан боюнча өткөрөт.
Бишкек шаарындагы митинг Горький атындагы скверде (Кожомкул спорт сарайынын артында) саат 11. 00 дө башталат!
Өз турмушунузга, бала-чаканыздын келечегине, Кыргыз мамлекетинин тагдырына кайдыгер болбостон митингдерге катышып, өз пикиринизди билгизип кетиниз!!!
Биз Сизге үмүт артабыз, ишенебиз жана күтөбүз! Кыргызстандын тагдыры Сиздин колунузда!!!

БЭК уюштуруу тобу.





Мэру города Бишкек Тюлееву Н.
г.Бишкек
Пр.Чуй, 166

УВЕДОМЛЕНИЕ

В соответствии со статьей 25 Конституции Кыргызской Республики и статьями 5 и 6 Закона Кыргызской Республики "О праве граждан собираться мирно, без оружия, свободно проводить митинги и демонстрации" Объединенное Народное Движение в лице политических партий:
Социалистической партии "Ата Мекен";
Партии СДС "Акшумкар";
Партии Национального возрождения "Асаба";
Социал-демократической партии Кыргызстана;
Партии "Партия зеленых Кыргызстана";
Национал-демократической партии "Улуу Биримдик" ставит Вас в известность о том, что мы намерены 27 марта 2009 года провести мирный митинг в парке имени М.Горького города Бишкек.
При этом, так же ставим вас в известность о том, что целью мирного митинга является реализация участниками митинга своих конституционных прав, в том числе и обсуждение политико-экономической ситуации в Республике.
Время начало мирного митинга определено на 12:00 часов и завершение на 19:00 часов.
На митинге будут использованы звукоусиливающие оборудования мощностью 4 Квт.
Гарантируем приведение в порядок место проведения митинга после ее завершения, а так же оплату коммунальных услуг соответствующих структур Мэрии города Бишкек.





Социалистическая партия
"Ата Мекен" Текебаев О.Ч.
Партия СДС "Акшумкар" Сариев Т.А.
Партия Национального
возрождения "Асаба" Жамалдинов С.
Социал-демократическая
партия Кыргызстана Атамбаев А.Ш.
Партия
"Партия зеленых Кыргызстана"
Булекбаев Э.К.
Национал-демократическая
партия "Улуу Биримдик"
Каптагаев Э.


Кечээ Бишкек мэриясы борборубуздагы М.Горький атындагы скверде 27-мартта өткөрө турган БЭКтин акциясына расмий уруксат берди.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan